Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\99da25c9-a269-48d1-9cfb-52efd9023315\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 20-марты № 35

Соттук өзалдынча башкаруу органдары жөнүндө

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89, 2016-жылдын 5-августундагы № 165,
2017-жылдын 28-июлундагы № 149
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Ушул Мыйзам соттук өзалдынча башкаруу органдарын уюштуруунун жана анын ишинин негизги принциптерин аныктайт, алардын укуктук статусун белгилейт.

1-берене. Соттук өзалдынча башкаруу

1. Соттук өзалдынча башкаруу - бул өзүнүн органдары аркылуу соттордун ички иштеринин маселелерин чечүүчү судьялар коомдоштугунун уюму.

2. Соттук өзалдынча башкаруу сот бийлигинин коллегиялдуулук, соттордун статусунун биримдүүлүгү, ачык-айкындуулук, көз каранды эместик принциптерине; соттук өз алдынча башкаруу органдарына шайланган адамдардын шайлануучулук, алмашуучулук жана отчеттуулук принциптерине негизделет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Сот коомдоштугу

1. Сот коомдоштугу Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынан турат. Судьялар алар тарабынан судьянын антын берген учурдан тартып, судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү болуп саналат.

2. Отставкада жүргөн судья өзүнүн сот коомдоштугуна таандык экендигин сактап калат жана анын макулдугу менен отставка аяктаганга чейин сот коомдоштугунун органдарындагы ишке тартылышы мүмкүн.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Соттук өзалдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдар

Кыргыз Республикасындагы соттук өзалдынча башкаруу органдарынын уюштурулушу, компетенциясы жана иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам жана ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен аныкталат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Соттук өзалдынча башкаруу органдары

1. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот бийлигин жүргүзүүчү катары судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо үчүн ушул Мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде иш милдеттерин жүзөгө ашырышат.

2. Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдары болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы (мындан ары судьялардын курултайы);

2) Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кеңеши (мындан ары - Судьялар кеңеши);

3) Кыргыз Республикасынын судьяларынын чогулушу (мындан ары судьялардын чогулушу).

3. Соттук өзалдынча башкаруу органдарын түзүүнүн жана иштешинин жана алардын өзара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайы тарабынан аныкталат.

4. Соттук өзалдынча башкаруу органдарына шайланган адамдар өз ишин коомдук башталышта аткарышат.

5. Судьялардын курултайынын жана Судьялар кеңешинин иши алардын регламенти менен жөнгө салынат.

6. Талкууланган маселелер боюнча соттук өзалдынча башкаруу органдары чечимдерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге жана кызмат адамдарына бир айлык мөөнөттө каралууга тийиш болгон кайрылууларды кабыл алышат.

7. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганы менен, анын ыйгарым укуктары судьялардын кезектеги курултайы өткөрүлгөнгө чейин сакталат.

8. Соттук өзалдынча башкаруу органдары сот адилеттигин аткаруу боюнча иштерге кийлигише албайт.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери

Төмөндөгүлөр соттук өзалдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:

- судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

- сот системасын жана сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;

- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер жана эларалык уюмдар менен болгон мамилелерде судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү;

- судьялар тарабынан судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Судьялардын курултайы

1. Судьяларынын курултайы соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат.

2. Судьяларынын курултайы Судьялар кеңешинин чечими боюнча үч жылда бир жолу чакырылат, ал курултайды өткөрүү датасын, убактысын жана жерин белгилейт. Судьялардын кезексиз курултайы Судьялардын кеңешинин чечими боюнча же Кыргыз Республикасынын бардык судьяларынын кеминде үчтөн биринин демилгеси боюнча чакырылат.

(Экинчи абзац КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Судьяларынын курултайы, эгерде анын ишине Кыргыз Республикасынын судьяларынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп эсептелинет.

4. Судьялардын курултайына Судьялар кеңешинин Төрагасы, ал эми ал жокто Төраганын орун басары төрагалык кылат.

5. Эгерде курултай тарабынан чечим кабыл алуунун башкача тартиби белгиленбесе, курултайдын чечими катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары

1. Судьяларынын курултайы:

- Судьяларынын курултайынын Регламентин жана Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өзалдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу дагы башка актыларды бекитет;

- бийликтин сот бутагынын саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз каранды эместигин камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коет;

- сот реформасынын концепциясынын долбоорун жактырат;

- судьялардын ар-намысы Кодексин бекитет;

- сот практикасынын проблемаларын жана мыйзамдарды өркүндөтүүнү талкуулайт;

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерине жана жарандарына судьялар коомдоштугунун атынан кайрылууларды кабыл алат;

- Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;

- Судьялар кеңешинин отчетун угат;

- сот коомдоштугунун башка маселелерин чечет.

2. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Судьялар курултайынын чечимдери сот коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Судьялар кеңешин уюштуруу

1. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын судьяларынын курултайынын аралыгындагы мезгилде иштеген, соттук өзалдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзгөн соттук өзалдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат. Судьялар кеңеши судьялардын курултайына отчет берип турат.

2. Судьялар кеңеши судьялардын курултайы тарабынан курултайга катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен шайланат.

3. Судьялар кеңеши бир жыныстагы адамдардын жетимиш пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эсепке алуу менен, судьялар коомдоштугунун ичинен, үч жылдык мөөнөткө шайланган он беш мүчөдөн турган курамда түзүлөт.

Судьялар кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер боюнча сунуштар судьялар чогулушу тарабынан судьялардын курултайынын кароосуна киргизилет. Талапкерлердин курамына жергиликтүү соттордун судьялары менен катар Жогорку соттун үчтөн ашпаган судьясы жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын бир судьясы киргизилиши мүмкүн.

Судьялар кеңешинин жаңы курамын түзүүдө судьялардын курултайы Судьялар кеңешинин ишинин жолун жолдоочулугун камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен кабыл алат.

4. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу, техникалык, материалдык, финансы жана усулдук жактан камсыз кылуу жергиликтүү соттордун ишин камсыз кылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) ишке ашырылат.

5. Судьялар кеңешине жетекчиликти Төрага, ал эми ал жокто - Төраганын орун басары жүзөгө ашырат. Судьялар кеңешинин мүчөсү эки мөөнөттөн ашык катары менен Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына шайлана албайт.

6. Судьялар кеңешине Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттордун төрагалары жана төрагаларынын орун басарлары, ошондой эле Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамына кирген судьялар кире алышпайт.

7. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. (Бөлүк КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. Судьялар кеңеши зарылдыгына жараша, бирок жылына төрт жолудан кем эмес чакырылат.

10. Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунуштамасына ылайык, Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинде аткарган иштеринин көлөмүнө жараша тиешелүү соттогу негизги иш орду боюнча тагылган милдеттери азаят.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

9-берене. Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктары

1. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана Судьялар кеңешинин Регламентинин негизинде жүзөгө ашырат.

2. Судьялар кеңеши:

- Кыргыз Республикасынын судьяларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган чараларды жүзөгө ашырат;

- соттордун бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына контролду жүзөгө ашырат;

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Судьяларынын курултайын чакырат;

- сот реформасын иш жүзүндө ишке ашыруу боюнча ишти координациялоону жүзөгө ашырат;

- соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иш тажрыйбасын иликтейт, жалпылайт жана жайылтат, алардын ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат;

- мыйзамдардын долбоорлорун, соттордун жана судьялардын иштерине тиешелүү болгон башка ченемдик жана ченемдик эмес актыларды экспертизадан өткөрүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик башка органдар жана коомдук бирикмелер менен мамилелерде судьялардын кызыкчылыгын билдирет;

- башка мамлекеттердин сот коомдоштугунун органдары, эларалык уюмдар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттары менен өзара иштешүүнү жүзөгө ашырат;

- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан алардын иши үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суратып алат;

- судьялардын, соттордун аппараттарынын жана ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууну, жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлерди окутууну уюштурууну жүзөгө ашырат;

- сот коомдоштугунун өнүгүшүнө багытталган дагы башка маселелерди карайт.

- тиешелүү бөлүктөгү сот тутумунун бюджетинин аткарылышы боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетун угат;

- ыйгарым укуктуу органдын жана Сот адилеттигинин жогорку мектебинин иштери тууралуу ыйгарым укуктуу органдын жетекчилеринин жылдык отчетторун угат;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулар курамынын эмгек акы төлөө ченемдерин бекитет;

- Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуу процессинин сапатын контролдоону жүзөгө ашырат;

- Судьялар кеңешинин комиссиясынын курамын бекитет, алар тууралуу жобону иштеп чыгат жана бекитет;

- Кыргыз Республикасынын судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу тууралуу Президентке сунуштама киргизет;

- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин шайлайт;

- "Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын эске алуу менен Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамынын үчтөн бирин түзөт;

- судьялардын жүрүм-турумунун кынтыктуулугу жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалыматтарды милдеттүү тартипте текшерүүдөн өткөрөт;

- судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу андан ары Жогорку Кеңешке сунуштама берүү үчүн Президентке сунуш киргизет;

- жергиликтүү соттордун судьяларын кызматынан четтетүү жана бошотуу боюнча сунушту Президентке киргизет;

- судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдарда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттордун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын мүчөлөрүн шайлайт жана анын иши жөнүндө жобону бекитет;

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

- жергиликтүү соттордун судьяларын которуу (ротациялоо) тууралуу сунушту Президентке киргизет;

- Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда же мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда, Президенттин, Жогорку Кеңештин депутатынын, Премьер-министрдин жана Өкмөт мүчөлөрүнүн, жогору турган соттордун, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин, Жогорку Кеңештин, Президенттин жана Өкмөттүн аппараттарынын жетекчилеринин судьянын ишине кийлигишкендигинин фактылары, ошондой эле мыйзамда каралбаган кандай болбосун башка кийлигишүүлөр тууралуу судьянын маалыматын Башкы прокуратурага, ал эми мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка кызмат адамдары кийлигишкенде - тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтөт;

- судьяларга ардак наамдарды жана атайын (илимий жана спорттук наамдарды кошпогондо) наамдарды, сыйлыктарды жана чет мамлекеттердин жана саясий партиялардын башка артыкчылык белгилерин алууга уруксат берет.

Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган дагы башка ыйгарым укуктарга ээ.

3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмес курамдагы Судьялар кеңешинин жалпы санынын добушу менен коллегиалдуу түрдө чечим кабыл алууга укуктуу.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89, 2016-жылдын 5-августундагы № 165, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

10-берене. Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орунбасары

1. Судьялар кеңеши өз курамынын ичинен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орунбасарын бир жылдык мөөнөткө шайлайт.

2. Судьялар кеңешинин төрагасы:

1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишине жетекчилик кылат;

2) Судьялар кеңешинин орунбасарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коет;

4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыңда, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эларалык кызматташууну жүзөгө ашырган учурда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;

5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүп берет жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.

6) Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын биринчи жыйналышын чакырат.

3. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аякталышына жараша токтотулат.

Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орунбасарынын ыйгарым укуктары кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.

4. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын төраганын орунбасары аткарат, ал эми төраганын орунбасары да жок болгон учурда Судьялар кеңеши өзүнүн чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткарып турууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.

5. Судьялар кеңешинин компетенциясына кирбеген маселелер боюнча кайрылуулар, андан ары тиешелүү сот инстанцияларына, Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясына жана мамлекеттик органдарга кайрылуу тартибин түшүндүрүү менен, арыз берүүчүгө кайтарылып берилет. Бир эле адамдан бир эле маселе боюнча кайталанып түшкөн, жаңы жагдайларды камтыбаган кайрылуулар каралбастан арыз берүүчүгө кайтарылып берилет.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

101-берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары

1. Жогорку соттогу, Жогорку соттун Конституциялык палатасындагы жана жергиликтүү соттогу судьялардын чогулушу соттук өзалдынча башкаруунун баштапкы органы болуп эсептелет.

2. Судьялардын чогулушу жылына бир жолудан кем эмес чакырылат.

3. Судьялардын чогулушу:

- судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт;

- тиешелүү курамдан Жогорку соттун төрагасын, төраганын орун басарларын, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасын, төраганын орун басарын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарларын шайлайт;

- өз каалоосу боюнча, ошондой эле судьялардын ыйгарым укуктары токтогон же судьялар кызматынан бошогон учурларда Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын жана жергиликтүү соттун төрагасын, төраганын орун басарын ээлеген кызматынан бошотот;

- соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуш киргизет;

- судьяларды жана соттордун аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуш киргизет;

- Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамын түзүү үчүн судьялар коомдоштугунун ичинен талапкерлерди Судьялар кеңешине сунуштайт.

4. Соттордун чогулушу ага соттордун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу деп эсептелет.

Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

(КР 2011-жылдын 13-июнундагы № 38, 2016-жылдын 25-июнундагы № 89, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

11-берене. Каржылоо

1. Соттук өзалдынча башкаруу органдарынын иши республикалык бюджеттен каржыланат.

2. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө бюджет маселелери боюнча соттук өзалдынча башкаруу органынын атынан чыгат.

12-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүү тартиби

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев