Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

      КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык
                       КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2008-жылдын 7-июлу № 140

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары

               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

             толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

 

     2008-жылдын 5-июнунда               Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик  сыйлыктары  жөнүндө"  Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-

домосттору,   1996-ж.,   №  7,  104-ст.)  төмөнкүдөй  толуктоолор  жана

өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1. 1-статьянын 2-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын граждандары,  Кыр-

гыз Республикасынын юридикалык жактары  жана  администрациялык-аймактык

бирдиктери," деген сөздөр менен башталып андан ары текст боюнча кетсин.

     2. 9-статьяда:

     1-бөлүктө:

     - экинчи абзацтагы "Жогорку Кењешинин  депутаттары"  деген  сөздөр

"Жогорку Кењешинин комитеттери жана фракциялары" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын;

     - бешинчи абзацтагы "Бишкек шаарынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу

органы" деген сөздөр "Бишкек жана Ош шаарларынын  жергиликтүү  өзүн-өзү

башкаруу органдары,  жергиликтүү кењештер," деген сөздөр менен алмашты-

рылсын;

     2-бөлүк "Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарын жана админист-

рациялык-аймактык бирдиктерин," деген сөздөр менен башталып  андан  ары

текст боюнча кетсин.

     3. 12-статья "көрсөткөндүгү үчүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой

эле өндүрүш тармактарында жана социалдык-маданий чөйрөдө көрүнүктүү эм-

гек сињиргендиги,  жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн" деген сөздөр

менен толукталсын.

 

     2-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын

ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

     3-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     "Эркинтоо" гезитинде 2008-жылдын 22-июлунда N 53 жарыяланды

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                         К.Бакиев