Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 21-июлу № 161

 

Кыргыз Республикасынын
айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 23-январындагы № 24, 2009-жылдын 17-июлундагы № 224, 2010-жылдын 25-январындагы № 9  
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын бажы органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 12, 502-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

7-статьянын 1-пунктундагы "алардын соттолгону алына элек же тындырыла элек болсо" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин катардагы жана жетекчи курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 1, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

6-статьянын 1-пунктундагы "алардын акталбаган соттуулугу болгон, же соттуулугу жоюлбаган" деген сөздөр "соттуулугу жоюлгандыгы же алып салынгандыгына карабастан, кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

17-статьянын 3-бөлүгү төмөндөгүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Улуттук коопсуздук органдарына соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон адамдар кызматка турушу мүмкүн эмес".

 

4-берене. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

    

5-берене. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 224 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене. (КР 2010-жылдын 25-январындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

7-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:

7-статьяда:

статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан кылмыш кылгандыгы үчүн соттуулугу бар же болгон адамдар ички иштер органдарынын кызматкерлери боло алышпайт.";

тиешелүүлүгүнө жараша 2 жана 3-бөлүктөр 3 жана 4-бөлүктөр деп эсептелсин.

 

8-берене. 

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам кабыл алынгандан кийин өзүнүн ченемдик укуктук актыларын бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев