Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 28-июлу № 181

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                 "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз
                 Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
                  жана толуктоолор киргизүү тууралуу

     2008-жылдын 27-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     "Акционердик коомдор  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын  Жогорку  Кењешинин Ведомосттору, 2003-ж., № 6,
240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
     1. 38-статьяда:
     1-пунктунун 18-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "18) акционердик  коомдун жылдык бюджетин, коомдун жылдык отчетто-
рун, баланстарын, киреше жана чыгаша эсептерин бекитүү, анын киреше ме-
нен чыгашаларын бөлүштүрүү;";
     3-пунктунун экинчи  абзацы "органдарынын" деген сөздөн кийин "жыл-
дык бюджетин," деген сөздөр менен толукталсын.
     2. 55-статьянын  1-пунктунун  биринчи абзацындагы "1 жылдык мөөнөт
менен" деген  сөздөр "үч жылдык мөөнөт менен" деген сөздөр менен алмаш-
тырылсын.
     3. 65-статьянын 2-пунктунун:
     - биринчи абзацында:
     - "кийлигишүүгө" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын мыйза-
мында белгиленгенден  тышкаркы  учурларда" деген сөздөр менен толуктал-
сын;
     - "төмөндөгүдөй жолдорду кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
     - экинчи жана үчүнчү абзацтар алып салынсын.

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүмүн  ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев