Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!
КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\860f90d0-5436-4f50-8fe8-26dba610a052\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2008-жылдын 4-августу № 188

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жагындагы мамилелерди жөнгө салуунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль, аба, суу, темиржол транспорту менен ташууда жабырлануучуларга келген зыянды төлөп берүү боюнча милдеттенменин ташуучулар тарабынан аткарылышына багытталган.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль, аба, суу, темиржол транспорт каражаттары менен ташылуучу кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу кооптуу жүктөрдү өндүрүүчү, кайра иштетүүчү, сактоочу, пайдалануучу жана (же) жок кылуучу ишканалардын, уюмдардын аймактарында жүктөрдү технологиялык ташууга, эгерде мындай ташуу жалпы пайдалануудагы жолдорго чыкпастан ишке ашырылса, таркатылбайт.

2-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат.

2. Эгерде Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамда төмөндөгүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

камсыздандырылуучу - камсыздандыруу уюму (камсыздандыруучу) менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жаран же юридикалык жак;

камсыздандыруучу - коммерциялык уюм болуп саналган жана камсыздандыруунун тиешелүү түрүн жүргүзүүгө лицензиясы бар юридикалык жак (камсыздандыруучу уюм);

камсыздандыруу сый акысы - келишимде шартталган акы, аны камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттө төлөп берүүгө милдеттүү;

камсыздандыруу тарифтери - камсыздандыруучу иштеп чыккан жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоодо ал тарабынан колдонулуучу тарифтер;

камсыздандыруу суммасы - кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу камсыздандыруу чыгымын төлөп берүүгө милдеттенген сумма;

камсыздандыруу төлөмү - камсыздандыруу окуясы болгон учурда зыянды жабуу үчүн камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча төлөп берүүчү сумма;

камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу келишиминде же мыйзамда каралган окуя, ал болгондо камсыздандырылуучуга, камсыздандырылган жакка же болбосо пайда табуучуга камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө камсыздандыруучунун милдеттүүлүгү келип чыгат;

камсыздандыруу тобокелчилиги - болушуна карата камсыздандыруу жүргүзүлүүчү болжолдонгон окуя;

камсыздандыруу акылары - камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга мезгил-мезгили менен төлөнүүчү камсыздандыруу сый акысы;

камсыздандыруу резервдери - камсыздандыруучулар тарабынан өздөрүнө алган камсыздандыруу милдеттерин аткарууну камсыздоо максатында камсыздандыруу түрлөрү боюнча алынган камсыздандыруу акыларынан түзүлүүчү атайын акчалай фонддор;

пайда табуучу - жабырлануучу жана (же) өлгөн учурда жабырлануучу жеке жактын мураскору же болбосо юридикалык жак кайра уюштурулган учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар анын мыйзамдуу укуктук мураскору болуп саналган жак;

кайра камсыздандыруу - камсыздандыруу төлөмүн төлөп калуу тобокелчилигин башка камсыздандыруучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча толук бойдон же жарым-жартылай камсыздандыруу. Мында кайра камсыздандыруу келишимин түзгөн, камсыздандыруу келишими (негизги келишим) боюнча камсыздандыруучу жак кайра камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучу жак болуп саналат;

кош камсыздандыруу - бир эле мүлктү эки же бир нече камсыздандыруучуда камсыздандыруу;

чогуу камсыздандыруу - бир объектини бир келишим боюнча бир нече камсыздандыруучу менен биргелешип камсыздандыруу;

жоопкерчиликтин лимити - камсыздандыруучу бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүчү камсыздандыруу төлөмүнүн эң жогорку өлчөмү;

кооптуу жүктөр - ташуу, жүктөө-түшүрүү жумуштарында жана сактаганда жарылууга, өрт чыгууга же транспорттук каражаттардын, кампалардын, жабдык-түзүлүштөрдүн, имараттардын жана курулмалардын зыянга учурашына, ошондой эле адамдардын жана жаныбарлардын өлүмүнө, жаракат алышына, ууланышына, күйүшүнө, нурга кабылуусуна же оору-илдеттерге чалдыгышына себеп болушу мүмкүн болгон заттар жана нерселер.

Кооптуу жүктөр төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:

1-класс - жарылгыч заттар;

2-класс - кысылган, суюлтулган жана басым астында эритилген газдар;

3-класс - жеңил күйүүчү суюктуктар;

4-класс - жеңил күйүүчү заттар жана металлдар;

5-класс - кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкылдыктар;

6-класс - ууландыруучу (токсикалык) заттар;

7-класс - радиоактивдүү жана инфекциялык заттар;

8-класс - оюп-жеп кетүүчү жана коррозиялык заттар;

9-класс - башка кооптуу заттар.

А) 1-класстагыга (жарылгыч заттар) төмөнкүлөр кирет:

Жарылгыч заттар, б. а. айлана-тегеректеги нерселердин бузулушуна алып келүүчү ургаалдуулукта, температурада жана басымда, газ бөлүп чыгаруу менен химиялык реакцияга кирүүгө жарамдуу катуу же суюк заттар же заттардын аралашмалары, аларга транспорт менен ташууга жол берилбеген (өзгөчө кооптуу, б.а. өтө эле сезгич же тез эле өзү бузулуп кетүүчү жарылгыч заттар) же болбосо кооптуулугунун артыкчылыктуу түрү башка класска туура келген заттар кошулбайт;

бир же бир нече жарылгыч затты камтыган нерселер, аларга транспортто ташууда кокустан күйгөндө же жарылганда өздөрү салынган кутуну бузуп сыртка чачырап, жалындап, түтөп, ысып же катуу добуш салып кетпегендей сандагы же сапаттагы жарылгыч заттарды камтыган жабдык-түзүлүштөр кошулбайт.

Б) 2-класстагыга (басым астында кысылган, эритилген жана суюлтулган газдар) төмөндөгү шарттардын эч болбогондо бирөөсүнө жооп берген заттар кирет:

Цельсия боюнча 20 градус температурада идиштеги артыкча басым 1 x 10(5) Па (1кг/кв.см) деген көрсөткүчкө барабар же андан ашык болсо;

Цельсия боюнча 50 градус температурада буунун абсолюттук басымы 3x10(5) Па (кг/кв.см) көрсөткүчкө барабар же андан ашык болсо; кооптуу чукул температура Цельсия боюнча 50 градустан кем болсо.

В) 3-класстагыга (жеңил күйүүчү суюктуктар) жалындап кетүү температурасы 12.1.044-84 ГОСТ стандарты боюнча жабык идиште Цельсия боюнча 61 градустан же жабык идиште Цельсия боюнча 60 градустан ашпаган суюктуктар, суюк аралашмалар, эритиндилер жана суспензиялар кирет. (мисалы, лак-боек материалдары).

Г) 4-класстагыга жеңил күйүүчү катуу заттар жана өзүнөн өзү күйүп кетүүчү заттар жана суу менен аралашканда бөлүп чыгарган газы жеңил күйүп кетүүчү заттар кирет.

Д) 5-класстагыга кычкылдандыруучу заттар жана органикалык кычкындылар кирет.

Е) 6-класстагыга (уулуу заттар), дем алганда (буу, чаң же аэрочарлар), ички органдарга тийгенде же териге жукканда ууландырууга жарамдуу, токсикалык көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй критерийлердин эч болбогондо бирине жооп берген заттар кирет:

өлүмгө алып келүүчү орточо дозасы (ЛД50):

катуу заттар ички органдарга киргенде - 20 мг/кг дан ашпаса;

суюк заттар ички органдарга киргенде - 500 мг/кг дан ашпаса;

териге жукканда - 1000 мг/кг дан ашпаса;

өлүмгө алып келүүчү орточо чогундусу (ЛК50):

чаңдардан жана аэрочарлардан дем алганда -10 мг/кг дан ашпаса;

токсикалуулук температура босогосу (ТТБ) - Цельсия боюнча 55 градустан ашпаса;

ыктымалдуу ингаляциялык уулануу коэффициенти (ЫИУК) - 0,2 ден кем эмес болсо.

Ж) 7-класстагыга салыштырма активдүүлүгү 7,4/10(3) Бк. кг-1 (0,002 мкКИ. г-1) көрсөткүчүнөн ашкан радиоактивдүү заттар жана адамдар же жаныбарлар үчүн кооптуу болгон, илдет-дарт жаратуучу микроорганизмдерди өзүндө камтыган инфекциялык заттар кирет.

З) 8-класстагыга кол менен кармап же өтө жакын туруп пайдаланганда же иштеткенде өзүнүн химиялык таасир этүүсү боюнча тирүү ткандарды олуттуу жабыркатышы мүмкүн болгон заттар; агып, чачырап кеткенде же сээп-чачыратканда башка жүктөрдү же ташып бараткан транспорт каражаттарын зыянга учуратышы же бузуп коюшу мүмкүн болгон заттар кирет. Ошондой эле мындай заттардын башка кошумча кооптуу сапаттары болушу мүмкүн.

И) 9-класстагыга өзүнүн касиет-сапаттары боюнча жогорудагы класстардын бирине да кирбеген, бирок аларды транспорттун айрым бир түрлөрү менен ташууда коопсуздук чараларын сактоону талап кылган заттар кирет. Аларга пиротехникалык заттар же аларды камтыган буюмдар, б.а. жардырууга алып келбөөчү экзотермикалык реакциянын натыйжасында сырткы эффекттерди (жалын, үн, газ же түтүн же болбосо алардын комбинациялары) жасоого арналган заттар кирет;

кооптуу жүктү ташуу - кооптуу жүктөрдү транспорттун автомобиль, аба, суу, темиржол жана башка түрлөрү менен же болбосо ушул транспорт түрлөрүн айкалыштырып ташуу боюнча уюштуруучулук жана технологиялык операциялардын жыйындысы, алар кооптуу жүктөрдү жөнөткөн учурдан тартып алар жиберилген пунктка келген учурга чейинки мезгилди камтыйт жана келишимдик негизде жана башка мыйзамдуу негиздерде аткарылат.

ташуучу - кооптуу жүктөрдү ташууну жүзөгө ашыруучу жана бул үчүн атайын транспорттук каражаттарды пайдалануучу юридикалык же жеке жак;

кооптуу жүк менен инцидент - кооптуу жүктөр жарылып, күйүп, агып, чачырап кеткенде, тара, кутулар бузулганда же бул жүктөргө байланышкан башка жагдайларда адамдардын курман болуусу же алардын ден-соолугуна, материалдык байлыктарга жана (же) айлана-чөйрөгө зыян келтирилиши;

залал болуп төмөнкүлөр эсептелет:

а) кооптуу жүк менен инциденттин натыйжасында, кооптуу жүктү ташыган транспорттук каражаттан сырткары жеке жактын өлүмгө учурашы же жаракат алышы;

б) кооптуу жүк менен инциденттин натыйжасында транспорттук каражаттан сырткары мүлккө келтирилген зыян же анын жок болушу;

в) кооптуу жүккө байланышта айлана-чөйрөнүн булганышынын натыйжасында болгон жоготуулар же зыяндар, мында аларды оңдоо, калыбына келтирүү боюнча көрүлгөн жана көрүлө турган акыл-эстүү чараларга кетүүчү чыгымдар менен чектелүү шарты сакталышы керек, бул чыгымдарга айлана-чөйрөгө келтирилген зыянга байланышкан пайда кошулбайт;

г) алдын алуучу чараларга кеткен чыгымдар жана алдын алуучу чаралардан улам келип чыккан залалдар же зыяндар;

алдын алуучу чаралар - инцидент болгондон кийин залалды болтурбоо же азайтуу үчүн ар кандай эле жактар тарабынан кабыл алынган ар кандай эле акыл-эстүү чаралар;

жабырлануучу - Кыргыз Республикасынын аймагында жөнөтүүчүдөн алуучуга кооптуу жүктү жеткирүү процессинде кооптуу жүк менен болгон инциденттин натыйжасында өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө зыян келтирилген (жеке же юридикалык) жак.

(КР 2016-жылдын 22-мартындагы № 24, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-берене. Камсыздандыруунун максаты

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун максаты болуп кооптуу жүктөрдү Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча жөнөтүүчүдөн кабыл алуучуга жеткирүү процессинде алар менен инцидент болгондо камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү аркылуу жабырлануучунун өмүрүн, денсоолугун, материалдык байлыгын жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу эсептелет.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Камсыздандыруу объектиси

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп ташуучунун адам өмүрүнө, ден-соолугуна, материалдык баалуулуктарга жана (же) айлана-чөйрөгө келген зыянды төлөп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген милдеттүүлүгүнө байланышкан мүлктүк кызыкчылыгы саналат.

6-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөл

1. Камсыздандыруу иш-аракетине мамлекеттик көзөмөл Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик башкаруу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Мамлекеттик контролдоо кооптуу жүктү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча компетенциясына жараша төмөндөгү органдарга жүктөлөт:

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;

темиржол, ички суу жана аба транспортторун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникация жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга.

7-берене. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөстөн кооптуу жүктөрдү ташууга жол берилбестиги

1. Ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзбөгөн ташуучунун кооптуу жүктөрдү ташуусуна тыюу салынат.

2. Эл аралык жүк ташууларды жүзөгө ашырган ташуучу Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүүгө милдеттүү.

3. Кооптуу жүктөр ташылган транспорт каражатын башкарган (айдаган) адам кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу полисин (ырасталган көчүрмөсүн) алып жүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык текшерүүгө ыйгарым укугу бар адамдарга көрсөтүүгө милдеттүү.

4. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы көзөмөл кылуу жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, темиржол, ички суу жана аба транспортторун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникация жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин камсыздандыруу келишими болгондо гана кооптуу жүктөрдү ташууга уруксат берүүсү (жол коюусу) керек.

8-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча укук мамилелеринин субъектилери

1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча укук мамилелеринин субъектилери катары: камсыздандыруучу, камсыздандырылуучулар, жабырлануучулар (пайда табуучулар) чыгышат.

2. Камсыздандыруучу болуп камсыздандыруунун ушул түрүн жүзөгө ашырууга белгиленген тартипте лицензия алган камсыздандыруу уюму эсептелет.

3. Камсыздандырылуучу катары камсыздандыруу уюму менен камсыздандыруу келишимин түзгөн жеке же юридикалык жак (ташуучу) чыгат.

Келишимдин шартына ылайык ташуучунун макулдугу боюнча экспедитор (ташуучунун ордуна) камсыздандырылуучу болушу мүмкүн.

4. Жабырлануучулар (пайда табуучулар) болуп камсыздандыруу келишиминин тарабы болбогон, кооптуу жүктөрдү ташуу учурунда камсыздандыруу окуясы болгондо камсыздандыруу төлөмү төлөнүп берилүүгө жаткан зыян келтирилген юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле алардын укугун мурастоочулар жана мураскорлору саналат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Камсыздандыруу окуялары

Камсыздандыруу окуялары деп камсыздандыруу келишимин көрсөтүлгөн, кооптуу жүккө байланышкан окуялар (инциденттер) эсептелет, алар болгондо камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат.

10-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими жана аны түзүүнүн тартиби

1. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу Граждандык кодекске жана ушул Мыйзамга ылайык, камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосунда түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин негизинде жүзөгө ашырылат.

2. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (мындан ары - камсыздандыруу келишими) жабырлануучуларга зыян келтирүүнүн натыйжасында келип чыккан милдеттенмелер боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнү жүзөгө ашыруу каралат, буга моралдык зыянды, алынбай калган пайданы жана үстөк төлөмдү төлөп берүү кошулбайт.

3. Камсыздандыруу келишими милдеттүү камсыздандыруунун ушул түрү боюнча ишаракетти жүзөгө ашыруу укугуна лицензиясы бар камсыздандыруучу менен гана түзүлүшү керек.

Камсыздандырылуучу камсыздандыруучуну тандоодо эркин болот.

Камсыздандыруучу ушул Мыйзамда каралган зарыл документтерди берген, милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн кайрылган кандай гана ташуучу болбосун келишимди түзүүдөн баш тартууга укуксуз.

Милдеттүү камсыздандыруу келишими ачык келишим болуп саналат.

4. Камсыздандыруу келишими конкреттүү рейске же белгилүү бир мезгил ичинде кооптуу жүктөрдү бардык ташууларга карата түзүлүшү мүмкүн.

5. Камсыздандыруу келишими жазуу жүзүндө, камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүү жолу менен түзүлөт. Камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн негиз болуп камсыздандырылуучунун арызы саналат. Камсыздандыруу келишиминин орчундуу шарттары болуп бир камсыздандыруу окуясы боюнча камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин лимити жана бардык камсыздандыруу окуялары боюнча жоопкерчиликтин жалпы лимити саналат.

6. Камсыздандыруу келишими төмөнкүдөй учурларда токтотулду деп эсептелет:

1) келишимдин колдонулуу мөөнөтү бүткөндө;

2) келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулганда;

3) камсыздандыруучу тарабынан камсыздандыруу төлөмүн (камсыздандыруу төлөмдөрүн) төлөп берүү камсыздандыруу келишиминдеги камсыздандыруу суммасынын өлчөмүндө жүзөгө ашырылганда;

4) камсыздандыруу төлөмдөрү камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн жоопкерчиликтин жалпы лимитинин чектеринде төлөнүп берилгенде.

101-берене. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери

1. Тараптардын ушул Мыйзамда аныкталган милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде белгиленет,

2. Милдеттүү камсыздандыруу эрежелери башка жоболор менен бирге төмөнкү жоболорду камтыйт:

1) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү, өзгөртүү, узартуу, бузуу, токтотуу тартибин;

2) милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн зарыл документтердин тизмегин;

3) камсыздандыруу сый акыларын төлөө тартибин;

4) милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда, анын ичинде камсыздандыруу окуясы болгондо адамдардын аракеттеринин тизмегин;

5) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жөнүндө талаптарды коюу тартибин жана аны төлөө, ошондой эле бир нече пайда табуучунун ортосунда камсыздандыруу төлөмдөрүн бөлүштүрүү тартибин;

6) жабырлануучунун өмүрүнө зыян келтирилген учурда камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга укугу бар адамдардын тизмегин;

7) милдеттүү камсыздандыруу боюнча талаштарды чечүү тартибин.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

11-берене. Камсыздандырылуучунун укуктары жана милдеттери

1. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун шарттарын, кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча өз укуктары менен милдеттерин түшүндүрүп берүүнү камсыздандыруучудан талап кылууга;

2) камсыздандыруу тобокелчилигине баа берүү үчүн көз карандысыз экспертти тартууга;

3) камсыздандыруу келишиминин колдонулуу мезгилинде камсыздандыруучунун макулдугу боюнча камсыздандыруу суммасын же камсыздандыруучунун жоопкерчилигинин көлөмүн көбөйтүүгө;

4) камсыздандыруу полиси жоголгон учурда анын дубликатын алууга;

5) жабырлануучунун ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө келген зыяндын өлчөмүн баалоо үчүн көз карандысыз эскперттин кызматынан пайдаланууга;

6) камсыздандыруучу жана (же) көз карандысыз эксперт тарабынан жүргүзүлгөн келтирилген зыяндын өлчөмүн баалоонун натыйжалары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

7) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууга;

8) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашууга;

9) кооптуу жүктөрдү ташууда камсыздандыруу тобокелчилигин (камсыздандыруу окуясынын болушунун ыктымалдыгын же ал болгондо келиши мүмкүн болгон зыяндын өлчөмүн) азайтууга алып келүүчү жагдайлар өзгөргөн учурда камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;

10) ушул Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга.

2. Камсыздандырылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн тиешелүү маалыматтарды камсыздандыруучуга берүүгө;

2) камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн өлчөмдө, тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруу сый акысын төлөп турууга;

3) камсыздандыруу окуясы болгондо түзүлгөн жагдайларга жараша зыянды болтурбоо жана анын өлчөмүн азайтуу боюнча, анын ичинде мүлктү сактап калуу жана жабыр тарткан адамдарга жардам көрсөтүү боюнча акыл-эстүү жана жеткиликтүү чараларды көрүүгө;

4) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө өзүнө белгилүү болгон учурдан тартып кечиктирбестен, бирок үч жумуш күнүнүн ичинде камсыздандыруучуга билдирүүгө;

5) камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыздандыруу окуясынын болгондугунун себептерин иликтөөнү жүргүзүү үчүн мүмкүндүк берүүгө;

6) камсыздандыруу окуясынын болушунун себептери, жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө, ошондой эле келтирилген зыяндын мүнөзү жана өлчөмү тууралуу ой жорууга мүмкүндүк берүүчү бардык болгон маалыматтарды (зарылдык болгондо - жазуу жүзүндө) жана зарыл документтерди камсыздандыруучуга берүүгө;

7) камсыздандыруу окуясы болушунун натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө талап коюлгандыгы же доо арызы берилгендиги тууралу белгилүү болгон учурдан тартып үч жумуш күнүнүн ичинде бул жөнүндө камсыздандыруучуну ага жеткиликтүү ар кандай каражат аркылуу кабардар кылууга;

8) зыяндын келтирилишине күнөөлүү жакка карата кайра талап коюу укугунун камсыздандыруучуга өтүүсүн камсыз кылууга.

9) кооптуу жүктү ташууга чейин камсыздандыруу келишимин түзүүгө.

3. Камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылуучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка милдеттери жана укуктары каралышы мүмкүн.

4. Камсыздандырылуучунун ушул Мыйзамдын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттери камсыздандыруу окуясы болгон учурда транспорт каражатын тикелей башкарган (айдаган) жакка жүктөлөт.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Камсыздандыруучунун укуктары жана милдеттери

1. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) тийиштүү мамлекеттик органдардан жана уюмдардан, алардын компетенциясына жараша камсыздандыруу окуясынын болгондугунун фактысын жана жабырлануучуга келген зыяндын өлчөмүн ырастаган документтерди суроого;

2) камсыздандыруу окуясы болгондо жабырлануучулардын ден-соолугуна жана (же) мүлкүнө келтирилген зыяндын өлчөмүнө жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн аныкталышына баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга. Көз карандысыз эксперт тарабынан зыянга баа берүүнүн мөөнөтү комиссиянын иштөө мөөнөтүнөн ашык болбоого тийиш;

3) зыяндын келтирилишине күнөөлүү адамга карата кайра талап коюу укугуна;

4) кооптуу жүктөрдү ташууда камсыздандыруу тобокелчилигин (камсыздандыруу окуясынын болушунун ыктымалдыгын же ал болгондо келиши мүмкүн болгон зыяндын өлчөмүн) көбөйтүүгө алып келүүчү жагдайлар өзгөргөн учурда камсыздандыруу келишиминин шарттарын өзгөртүүнү талап кылууга;

5) келтирилген зыянды төлөп берүүгө байланышкан мамилелерде камсыздандырылуучунун атынан жана анын тапшырмасы боюнча чыгууга;

6) пайда табуучулар койгон доо талаптарына карата сотто камсыздандырылуучунун тапшырмасы боюнча анын атынан ишти алып барууну өзүнө алууга. Бирок камсыздандыруучунун бул аракеттери камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү боюнча өз милдетин моюнга алуу катары бааланышы мүмкүн эмес.

2. Камсыздандыруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелери менен камсыздандырылуучуну тааныштырууга;

2) камсыздандыруу келишими түзүлгөндөн кийин камсыздандырылуучуга камсыздандыруу полисин берүүгө;

3) камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу билдирүүнү алгандан кийин кечиктирбестен аны белгиленген тартипте каттоого алууга;

4) камсыздандыруу актысын түзүүгө жана аны камсыздандырылуучуга (пайда көрүүчүгө) таанышууга берүүгө;

5) камсыздандыруу окуясынын болгондугу таанылганда, камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү жөнүндө арызды жана камсыздандыруу окуясы болгондугун далилдеген документтерди алгандан кийин отуз күндүн ичинде камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүгө. Тараптардын ортосунда пикир келишпестиктер болгондо камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү компетенттүү сот органынын чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат, бул чечимде зыяндын өлчөмү, аны төлөп берүүнүн мүнөзү жана формасы аныкталат.

6) камсыздандыруу окуясы болгондо чыгашаларды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандырылуучу жумшаган чыгымдарды төлөп берүүгө;

7) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга негиздер болгондо бул жөнүндө камсыздандырылуучуга жазуу жүзүндө отуз күндүн ичинде баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен кабардар кылууга;

8) камсыздандыруунун купуялуулугун сактоого.

3. Келишимде камсыздандыруучунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка дагы укуктары менен милдеттери каралышы мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Жабырлануучунун укуктары

1. Жабырлануучулар төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) камсыздандырылуучу тарабынан кооптуу жүктү ташууда камсыздандыруу окуясы болгондугу тууралуу камсыздандыруучуга кабарлоого;

2) камсыздандырылуучунун ордуна камсыздандыруу төлөмү үчүн зарыл болгон документтерди чогултууну жүзөгө ашырууга жана аларды камсыздандырылуучу менен камсыздандыруу келишимин түзгөн камсыздандыруучуга берүүгө;

3) ден-соолукка жана (же) мүлккө келген зыяндын өлчөмүнө баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттин кызматынан пайдаланууга;

4) келтирилген зыяндын өлчөмүнө баа берүүнүн натыйжалары жана камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүнүн эсептери менен таанышууга;

5) камсыздандыруу төлөмүн алууга;

6) камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу же анын өлчөмүн азайтуу жөнүндө камсыздандыруучунун чечимин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте талашууга;

7) келтирилген зыяндын суммасы алынган камсыздандыруу төлөмүнүн суммасынан ашып кеткенде бул айырманы төлөп берүү жөнүндө камсыздандыруучуга талап коюуга.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жабырлануучулардын ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген укуктары башка жактарга (пайда табуучуларга).

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

14-берене. Камсыздандыруу суммасы жана камсыздандыруу сый акысынын өлчөмү

1. Камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң төмөнкү өлчөмү жана камсыздандыруу сый акысынын тарифтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыгат жана аныкталат.

2. Конкреттүү жүк үчүн камсыздандыруу тарифинин өлчөмү кооптуу жүктүн классификациясына, ташуулардын көлөмүнө, аны ташыган транспорттун түрүнө жана потенциалдуу зыяндын өлчөмүнө жана анын келтирилишинин ыктымалдуулугуна таасир этүүчү башка факторлорго жараша аныкталат.

15-берене. Камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмүн аныктоо

1. Жабырлануучунун өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгени үчүн камсыздандыруу төлөмүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, жабырлануучунун ден соолугуна келтирилген зыяндын мүнөзүнө жана оордугуна жараша ченемдерге ылайык аныкталат.

2. Мүлк зыянга учураганда төлөмдүн өлчөмү аны калыбына келтирүүнүн наркынын эсебине таянып, камсыздандыруу окуясы болгонго чейинки мүлктүн эскирүүсүн эсепке алуу менен аныкталат.

Мүлктү калыбына келтирүүнүн наркы камсыздандыруу окуясы болгон учурга карата колдонууда болгон орточо рыноктук баалардын жана тарифтердин негизинде аныкталат.

3. Мүлк жок кылынган учурда төлөмдүн өлчөмү мүлктүн чыныгы баасына таянып, камсыздандыруу окуясы болгон күнгө карата мүлктүн эскирүүсүн эсепке алуу менен аныкталат.

Эгерде мүлктү калыбына келтирүү техникалык жактан мүмкүн эмес же экономикалык жактан негизсиз болсо жок кылынды деп эсептелет. Эгерде мүлктү калыбына келтирүүдө кетүүчү чыгымдар (калыбына келтирүүнүн наркы) камсыздандыруу окуясы болгон күнгө карата чегерилген амортизацияны эсепке алганда мүлктүн чыныгы наркынын 80 пайызынан ашса, мүлктү калыбына келтирүү экономикалык жактан негизсиз деп эсептелет.

4. Айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды төлөп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

5. Камсыздандыруу төлөмү жабырлануучуга келтирилген зыяндын (реалдуу зыяндын) өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

6. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу бир нече камсыздандыруучу тарабынан жүргүзүлгөндө (чогуу камсыздандырууда) ар бир камсыздандыруучу камсыздандырылуучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишиминин чегинде камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) жоопкерчиликтүү болот. Бирок, камсыздандырылуучу (пайда табуучу) бардык камсыздандыруучулардан алган камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы реалдуу зыяндын суммасынан ашууга тийиш эмес.

Кош камсыздандыруу учурунда камсыздандыруу төлөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте төлөнөт.

7. Келтирилген зыян башка жактар тарабынан төлөнүп берилген учурларда камсыздандыруучу камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасы менен башка жактар төлөгөн сумманын ортосундагы айырманы гана төлөп берет. Камсыздандырылуучу башка жактардын келтирилген зыянды жабырлануучуларга төлөп бергендигин билгенде бул жөнүндө камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.

8. Камсыздандыруу окуясынан улам келүүчү зыянды болтурбоо же азайтуу максатында камсыздандырылуучу жумшаган чыгымдар, эгерде алар зарылдык боюнча жана (же) камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн жумшалса, тийиштүү чаралар майнапсыз болуп чыккан учурда да камсыздандыруучу тарабынан милдеттүү түрдө төлөнүп берилет.

Камсыздандырылуучунун аталган чыгымдары иш жүзүндөгү өлчөмүндө, камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жана төлөнүп берилген чыгымдардын жалпы суммасы камсыздандыруу келишиминде көрсөтүлгөн камсыздандыруу суммасынан ашып кетпегендей түрдө төлөнүп берилет. Эгерде чыгымдар камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучунун көрсөтмөлөрүн аткаруунун натыйжасында келип чыкса, алар камсыздандыруу суммасына көз карандысыз түрдө толук өлчөмдө төлөнүп берилет.

9. Жабырлануучу өлүмгө учураганда, анын мураскорлору жок болсо, жабырлануучуну көмгөн адам тарткан зарыл чыгымдар мыйзамда каралган тартипте камсыздандыруучу тарабынан төлөнүп берилет.

10. Таберик же сейрек учуроочу нерселер, асыл металлдардан, асыл, жарым асыл таштардан жасалган буюмдар, диний ибадат буюмдары, коллекциялар, кол жазмалар, акча белгилери, баалуу кагаздар, документтер жана фотосүрөттөр жок кылынса же зыянга учураса төлөнүп берилүүгө жатпайт.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүнүн тартиби

1. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү тууралуу талап камсыздандырылуучу же болбосо пайда табуучу тарабынан жазуу жүзүндө, документтерди тиркөө менен камсыздандыруучуга берилет, документтердин толук тизмеги жана жол-жоболоштуруу тартиби Милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде аныкталат, анын ичинде:

1) камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;

2) камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүү тууралу арызы, арызга келтирилген зыянды жана анын өлчөмүн ырастаган документтер же кооптуу жүктөрдү ташуу учурундагы инциденттин натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими тиркелет;

3) зыянды болтурбоо же анын өлчөмүн азайтуу боюнча чараларды көрүүгө байланышкан чыгымдарды ырастоочу документтер (бар болсо).

2. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүү камсыздандыруучу тарабынан ушул берененин 1-пунктунда каралган документтер алынган күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен жүзөгө ашырылат.

3. Камсыздандыруучу тарабынан же соттун чечими боюнча камсыздандыруу окуясы болду деп табылганда ошол окуянын натыйжасында келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндөгү арыздарды канааттандыруу алардын түшүү тартибине жараша, ал эми бир нече арыз бир мезгилде түшкөн учурда төмөндөгүдөй кезекте жүзөгө ашырылат:

1) биринчи кезекте жеке жактардын өмүрүнө жана ден-соолугуна келтирилген зыянды төлөп берүү жөнүндөгү талаптар канаттандырылат;

2) экинчи кезекте жеке жактардын мүлкүнө келтирилген зыян төлөнүп берилет;

3) үчүнчү кезекте юридикалык жактын мүлкүнө келтирилген зыян төлөнүп берилет;

4) төртүнчү кезекте айлана-чөйрөгө келтирилген зыян төлөнүп берилет.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Зыян келтирген жакка карата кайра талап коюу укугу

1. Камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу төлөнүп берилген сумманын чегинде күнөөлүү жакка карата кайра талап коюуга төмөндөгү учурларда укуктуу:

1) камсыздандыруучунун камсыздандыруу окуясынын болушун көздөгөн, атайылап жасаган же болбосо мындай окуянын болушуна көмөк берген аракеттери болгондо;

2) камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышта турган, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте атайлаган кылмыш же болбосо администрациялык укук бузуу катары таанылган аракеттерди жасаганда;

3) камсыздандырылуучу тарабынан зыяндын өлчөмүн азайтуу боюнча акыл-эстүү жана жеткиликтүү чаралар атайылып көрүлбөгөндүктүн натыйжасында зыяндын өлчөмү көбөйгөндө;

4) камсыздандырылуучу тарабынан камсыздандыруучуга камсыздандыруу объектиси, камсыздандыруу тобокелчилиги, камсыздандыруу окуясы жана анын кесепеттери тууралу билип туруп жалган маалыматтар берилгенде;

5) камсыздандыруу окуясынын болушуна жоопкерчиликтүү жакка карата талап коюу боюнча өз укугунан камсыздандырылуучу баш тартканда, ошондой эле талап коюу укугунун өтүшү үчүн зарыл болгон документтерди камсыздандыруучуга берүүдөн баш тартканда.

2. Келтирилген жана камсыздандыруу келишими боюнча төлөнүп берилген зыян жоопкерчиликтүү жакка карата камсыздандыруучу ээ болгон кайра талап коюу укугу камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучуга ал төлөгөн сумманын чектеринде өтөт.

3. Камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берген камсыздандыруучу ташуучунун кызматтык, кызмат орундук же башка эмгектик милдеттерин бузган жана мунун натыйжасында кооптуу жүк менен инцидент болгон кызматкерлерине карата, алардын атайылап жасалган аракеттерин кошпогондо, кайра талап коюу укугуна ээ эмес.

18-берене. Камсыздандыруучуну камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотуунун негиздери

1. Камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн толугу менен же жарым-жартылай баш тартууга укуктуу:

1) зарыл коргонуу жана чукул зарылдык абалында жасалган аракеттерди кошпогондо, пайда табуучунун камсыздандыруу окуясынын келип чыгышына багытталган же болбосо анын болушуна көмөк көрсөткөн атайылаган аракеттеринин; эгерде зыян ал үчүн жоопкерчиликтүү жактын күнөөсү боюнча келтирилсе, камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими боюнча өмүргө жана ден-соолукка зыян келтиргендик үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн бошотулбайт.

2) пайда табуучунун камсыздандыруу окуясы менен себептик байланышта турган, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген тартипте кылмыш же администрациялык укук бузуу деп таанылган аракеттеринин.

2. Камсыздандыруу окуясы төмөндөгүлөрдүн натыйжасында келип чыкса камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн бошотулат:

1) ядролук жарылуунун, радиациянын же радиоактивдүү булгануунун таасиринин;

2) аскердик же ага окшогон аракеттердин (согуш жарыялангандыгына же жарыяланбагандыгына карабастан), террористтик актылардан, чет мамлекеттердин кол салуусунун, душмандык аракеттеринин, жарандык согуштун;

3) козголоңдун, иш таштоонун, локауттардын, элдик көтөрүлүшкө чейин жеткен жарандык тартипсиздиктердин, бунттардын, жарандык толкундоолордун, аскердик козголоңдун, революциянын, бийликти аскер күчү менен басып алуунун же узурпациялоонун, мүлктү конфискациялоонун, реквизизациялоонун жана мамлекеттештирүүнүн.

3. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуусуна төмөндөгүлөр да негиз болушу мүмкүн:

1) камсыздандыруу келишиминде каралган камсыздандыруу суммасынан ашкан зыянды төлөп берүү тууралуу ар кандай талаптар;

2) камсыздандырылуучунун (камсыздандырылган жактын) жана (же) пайда табуучу болуп эсептелген башка жактын зыян келтирилгендиги үчүн күнөөлүү жактан тийиштүү төлөмдү алуусу;

3) камсыздандыруу окуясынын болгондугу тууралу камсыздандыруучуну кабардар кылбай коюу.

31) камсыздандыруучу башка негиздер боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартууга укуксуз.

4. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечим камсыздандыруучу тарабынан кабыл алынат жана отуз күндүн ичинде камсыздандырылуучуга жана пайда табуучуга баш тартуунун жүйөлөнгөн негиздерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө билдирилет.

5. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу төлөмүн төлөп берүүдөн баш тартуусун камсыздандырылуучу жана (же) пайда табуучу болуп эсептелген башка жак сот тартибинде даттана алат.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Маалыматтык өз ара аракеттешүү

1. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен болгон инциденттин катышуучуларына камсыздандыруу окуясынын болгондугунун фактысын ырастаган документтерди, анын ичинде кырсыктын схемасы тиркелген протоколдун көчүрмөсүн бирден нускада акысыз берет.

2. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, прокуратура органдары, соттор, саламаттык сактоо уюмдары, кооптуу жүк менен инцидент жана анын кесепеттери тууралуу маалыматтарга ээ болгон башка мамлекеттик органдар жана уюмдар камсыздандыруучу кайрылганда бул маалыматтарды ага акысыз берүүгө милдеттүү.

3. Жол кыймылынын коопсуздугу жагында көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, темиржол, ички суу жана аба транспортун эксплуатациялоого карата транспорт жана коммуникациялар жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кооптуу жүк менен инцидент тууралу тийиштүү камсыздандыруучуну кабардар кылат.

Камсыздандыруу окуясы жөнүндө камсыздандыруучуга ар кандай жактар билдирүүгө укуктуу.

20-берене. Талаштарды кароонун тартиби

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишимине байланыштуу камсыздандырылуучулардын, камсыздандыруучулардын жана жабырлануучулардын ортосунда келип чыккан талаштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чечилет.

(КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 45 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик

Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы, ошондой эле камсыздандыруу окуясын атайылап түзгөндүгү жана камсыздандыруу төлөмүн мыйзамсыз алууга багытталган укукка каршы башка аракеттери үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

22-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап алты айдан кийин күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын;

өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К.Бакиев