Бишкек шаары
2008-жылдын 8-октябры № 208
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын ички иштер
органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
2008-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1- берене.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин ведо-
мосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички
иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Премьер-минист-
ринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.";
4-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен кењештик-
те" деген сөздөр алып салынсын.
2. 7-статьянын 1-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын.
3. 10-статьянын 3-бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген
сөздөр "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөргө алмаштырыл-
сын.
4. 21-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ички иштер органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарт-
тарын Кыргыз Республикасынын Президенти аныктайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев