Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 215

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

              Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине
                     толуктоолор киргизүү жөнүндө

     2008-жылдын 12-сентябрында          Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Граждандык  кодексинин  I бөлүгүнө (Кыргыз
Республикасынын Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.)
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
     182-статьянын 2-пункту  төмөндөгүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен
толукталсын:
     "Мында, "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-
решелерди легализациялоого  (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына  ылайык  берилген маалыматтарды алууда тарап-
тардын макулдашуусу талап кылынбайт.". 

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Граждандык  кодексинин II бөлүгүнө (Кыргыз
Республикасынын Жогорку  Кењешинин  Жарчысы, 1998-ж., № 6, 226-ст.) тө-
мөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
     1. 773-статьянын 3-пункту "келтирилген зыяндардын" деген сөздөрдөн
кийин ", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамында  каралган  учурлардан башка" деген сөздөр менен
толукталсын;
     2. 933-статьянын  биринчи абзацы "алардын ден соолугунун абалы жө-
нүндө" деген сөздөрдөн кийин ", "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жо-
лу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет-
тер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурлардан баш-
ка" деген сөздөр менен толукталсын. 

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев