КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 217
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор
жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Жарчысы, 1997-ж., № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү
киргизилсин:
1. 25-2-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Банк терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-
решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жана милдеттүү
контролго алынуучу операциялар жана терроризмди каржылоого жана кылмыш
жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) менен байланыш-
кан шектүү операциялар жөнүндө ыйгарым укуктуу органга маалымат берүүгө
багытталган ички контроль тутумуна ээ болууга тийиш.
Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган ки-
решелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча чара-
ларды жүзөгө ашыруу жана шектүү бүтүмдөр боюнча контролду күчөтүү мак-
сатында, терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган киреше-
лерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укук-
туу органдан террордук (экстремисттик) ишке жана кылмыш жолу менен
алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) катышы бар жактардын
тизмеси жөнүндө маалыматты алышат.".
2. 45-1-статьянын 1-пункту "банк мыйзамдарын," деген сөздөрдөн ки-
йин "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди
легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамын, " деген сөздөр менен толукталсын.
3. 53-статьядагы "арам акчаны "актоо" менен байланышкан" деген
сөздөр "терроризмди каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди
легализациялоо (адалдоо) менен байланышкан" деген сөздөр менен алмашты-
рылсын.
4. 54-статьяда:
2-пунктун 2-пунктчасы "Кыргыз банкына" деген сөздөрдөн кийин ",
терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди лега-
лизациялоого (адалдоого) каршы аракеттер боюнча ыйгарым укуктуу орган-
га" деген сөздөр менен толукталсын.
статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Банктар терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган
кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракет кылуу боюнча ый-
гарым укуктуу органдын расмий суроо-талабынын негизинде "Терроризмди
каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого
(адалдоого) каршы аракеттер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык кошумча маалымат беришет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2008-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган