Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-октябры № 228

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

     "Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды
          мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
                  Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу

     2008-жылдын 12-сентябрында          Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     "Кыймылсыз мүлккө  жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-
лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз  Рес-
публикасынын   Жогорку   Кењешинин  Жарчысы,  1999-ж.,  № 4,  193-ст.)
төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
     24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
     "6. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен  болгон  бүтүмдөргө  укуктарды
мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган "Терроризмди каржылоого жана
кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) кар-
шы  аракеттер  жөнүндө"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык терро-
ризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди  легализа-
циялоого  (адалдоого)  каршы  аракеттер  боюнча ыйгарым укуктуу органга
кыймылсыз мүлк менен болгон  бүтүмдөр  жөнүндө  маалымат  берүүгө  мил-
деттүү.".

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев