Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

        КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык
                            КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары

2008-жылдын 3-ноябры № 236

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"

             Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр

                    жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

     2008-жылдын 18-сентябрында          Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын  Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1997-жыл, № 10, 470-береке) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо кирги-

зилсин:

     9-статьяда:

     - 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

     "1. Кыргызстандын Банкы өткөргөн тендердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз

Республикасынын Жогорку  Кењеши,  Кыргыз Банкынын финансы жылы бүткөнгө

алты ай  калгандан  кечиктирбестен  борбордук (улуттук) банктарда аудит

жүргүзүү боюнча беш жылдан кем эмес тажрыйбасы болгон, эларалык абройго

ээ аудитордук уюмду карайт жана бекитет.

     Бир эле аудитордук уюм Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тара-

бынан экиден көп жолу катары менен  каралууга  жана  бекитилүүгө  тийиш

эмес";

     - статья төмөнкү мазмундагы 2-пункт менен толукталсын:

     "2. Кыргыз  Банкына  аудит аудиттин эларалык стандарттарына ылайык

жүзөгө ашырылууга тийиш жана Кыргыз Республикасында катталган, тиешелүү

лицензияга ээ  аудитордук уюм сыяктуу эле, Кыргыз Республикасынын айма-

гында аудитордук  ишти  жүргүзүүгө лицензиясы жок, бирок ушул статьянын

1-пунктунда көрсөтүлгөн  талаптарга  жооп берген чет өлкөлүк аудитордук

уюм тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

     Мына ушундай  чет өлкөлүк уюмдардын лицензиясы, мындай лицензиянын

укуктук мүмкүнчүлүгүн  тастыктоо  бар  учурунда, Кыргыз Республикасынын

аймагында да таанылат.";

     - 2-пункт  3-пункт деп эсептелсин жана "фирма" жана "фирманын" де-

ген сөздөр "уюм" жана "уюмдун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев