КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы №
207 Мыйзамына
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2008-жылдын 20-ноябры N 243
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр
жана толуктоолор киргизүү тууралуу
2008-жылдын 10-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-
домосттору, 1997-жыл, № 10, 471-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толук-
тоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Банк акционердик коом түрүндө түзүлүүчү жана өз ишин Кыргыз
Республикасынын Улуттук (Борбордук) банкы (мындан ары - Кыргызстан Бан-
кы) тарабынан берилген лицензиянын негизинде Кыргыз Республикасынын
мыйзам актыларына ылайык жүргүзүүчү юридикалык жак болуп саналат.".
2. 45-1-статьяда:
1-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
2-пункттун биринчи абзацы "банк мыйзамдарын" деген сөздөрдөн кийин
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республика-
сынын Мыйзамынын" деген сөздөр менен толукталсын;
4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:
"12) "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамында каралган учурда".
3. 48-статьянын 5-пунктунун 6-пунктчасындагы "кылуу камтылууга
тийиш" деген сөздөр "кылууну караган талаптардын бири же бир нечеси
камтылышы мүмкүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкы өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтириш-
син.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев