Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2008-жылдын 17-декабры № 265

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

           "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                     өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

  2008-жылдын 13-ноябрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган
     1-берене.

     "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,  2005-ж.,  № 6,  337-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 3-статьянын жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Күрөөгө коюлган  кыймылдуу  мүлккө  укуктарды  каттоо - милдеттүү
жол-жобо,  анын жардамы менен 250 эсептик көрсөткүчтөн жогорку  суммага
милдеттенмени  камсыз кылуучу күрөө берүүчү менен күрөө кармоочунун ор-
тосундагы күрөө жөнүндө келишим Күрөө каттоо конторасында катталат.".
     2. 21-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. 250 эсептик көрсөткүчтөн ашык суммада милдеттенмени камсыз кы-
луучу, күрөөгө коюуну жана күрөөлөрдү кошпогондо, кыймылдуу мүлккө бар-
дык күрөөлөр Күрөө каттоо конторасында милдеттүү катталууга тийиш.
     250 эсептик көрсөткүчкө чейинки суммада милдеттенмени камсыз кылу-
учу күрөөлөр күрөө бүтүмдөрүнүн катышуучусунун  каалоосу  боюнча  Күрөө
каттоо конторасында катталышы мүмкүн.
     Күрөөнү каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган күрөөсү  болбогон
башка  кредиторлордун  алдында өзүнүн талаптарын күбөлөндүргөн артыкчы-
лыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында жүргүзүлөт.".
     3. 83-статьянын  2-пунктунун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда ба-
яндалсын:
     "3) 3  күндүн ичинде күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө Күрөө каттоо
конторасына билдирсин;".

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев