Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

          КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык
                     2019-жылдын 1-январынан тартып
                            КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

Бишкек шаары

2008-жылдын 29-декабры № 274

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

             Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине

              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

        2008-жылдын 13-ноябрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

 

     Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-

нын Жогорку  Кењешинин Жарчысы, 1998-ж., № 7, 229-ст.) төмөндөгүдөй өз-

гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

     316-статьяда:

     1-бөлүмдүн биринчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

     "(1) Шалаакылык, башкача айтканда кызматка ак ниетсиз же көњүл кош

мамиле жасоонун  кесепетинен  кызмат адамы тарабынан өз милдеттерин ат-

карбоо же  ойдогудай  эмес аткаруу, эгерде бул жарандардын же уюмдардын

укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо коомдун же мамле-

кеттин мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарына ири зыян же олуттуу укук

бузууларды алып келсе,-";

     2-бөлүгүндөгү "ири зыян тартууга" деген сөздөр алып салынсын;

     статья төмөндөгүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:

     "Эскертүү. Ушул статьяда ири зыян деп кылмыш жасаган учурга карата

Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарында  белгиленген эсептик көрсөткүчтөн

мин эсе ашып кеткен зыян эсептелет.".

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев