Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-марты № 105

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                  Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам
                актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

     2009-жылдын 19-февралында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору,  1996-ж., №6, 80-ст.) I бөлугунө
төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 130-статьяда:
     1-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Уставдык капитал кредиторлорунун кызыкчылыктарын кепилдикке алган
коомдун мүлкүнүн  өлчөмүн аныктайт. Коомдун уставдык капиталынын өлчөмү
катышуучулар тарабынан анын уюштуруу документтеринде аныкталат.".
     3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Катышуучулар тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган устав-
дык капиталдын  өлчөмү мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып коом-
дун ишмердүүлүгүнүн  биринчи жылы ичинде анын катышуучуларына толук кө-
лөмүндө төлөнүп  берилет. Ушул милдет бузулган учурда коом өзүнүн капи-
талынын азайгандыгын белгиленген тартипте каттатышы же өзүнүн ишин жоюу
жолу менен токтотушу керек.";
     4-пункттун экинчи   сүйлөмү   төмөндөгүдөй  редакцияда баяндалсын:
"Эгерде коомдун  көрсөтүлгөн  активдеринин баасы катышуучулар тарабынын
уюштуруу документтеринде  аныкталган  уставдык  капиталдын өлчөмүнөн аз
болсо, коом жоюлууга тийиш.". 

     2-берене.

     "Чарбалык шериктиктер  жана  коомдор жөнүндө" 1996-жылдын 15-нояб-
рындагы № 60 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     1. 4-статьянын 6-пункту алып салынсын.
     2. 38-статьяда:
     1 жана 2-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
     "1. Жоопкерчилиги  чектелген  коомдун катышуучулары уставдык капи-
талды түзүшөт,  анын өлчөмү катышуучулар тарабынан уюштуруу документте-
ринде аныкталат.
     2. Катышуучулар  тарабынан уюштуруу документтеринде аныкталган ус-
тавдык капиталдын  өлчөмү  мамлекеттик  каттоодон  өткөн учурдан тартып
коомдун ишмердүүлүгүнүн  биринчи жылы ичинде анын катышуучулары тарабы-
нан толук көлөмүндө төлөнүп берилет.
     Бул милдеттер  бузулган учурда коом же өзүнүн уставдык капиталынын
азайгандыгы жөнүндө кулактандырууга жана анын азайышын белгиленген тар-
типте каттоодон  өткөрүүгө,  же өз ишмердүүлүгүн жоюу жолу менен токто-
тууга тийиш.". 

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өз чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык
келтирсин. 

     3-берене.

     Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев