Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 12-февралы N 48

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору
               жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
              толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу

     1-берене.

     "Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  символдору  жөнүндө"  Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин
Жарчысы, 2004-ж., N 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү
киргизилсин:
     1. 4-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
     "Ушул статьянын 1-бөлүгүндө  көрсөтүлгөн  мекемелерде  көрсөтүлгөн
мамлекеттик желек сутканын карањгы учурларында жарык кылынышы керек.".
     2. 5-статьянын 2-бөлүгүндөгү "турак үйлөрдү" деген сөздөр "жайлар-
да, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана сал-
танаттуу иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюн-
ча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
     3. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 9-1-статья менен толукталсын:
     "9-1-статья.

     Жол берилбейт:
     - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желегинин сүрөтүн геральдика-
лык негиз катарында пайдаланууга;
     - тытылган же өњү өчүп калган Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик
желегин пайдаланууга;
     - менчигинин  түрүнө  карабастан коомдук бирикмелердин, ишканалар-
дын, мекемелердин  жана уюмдардын желектери Кыргыз Республикасынын Мам-
лекеттик желегине окшош болушуна.
     Ушул статьянын 1-бөлүгүн бузууга күнөөлүү адамдар Кыргыз Республи-
касынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.".

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
расмий  жарыяланган күндөн тартып бир айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

     2009-жылдын 16-январында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган