Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\e57191d2-5481-4465-b895-81083ec08354\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 26-январы № 25

Ички аудит жөнүндө

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Бул Мыйзам мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудит жүргүзүүгө байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана аны түзүүнүн жана иштешинин принциптерин белгилейт.

 

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын ички аудит тармагындагы мыйзамдары

 

1. Ички аудит жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделинет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

2. (КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. (КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулуу чөйрөсү жана максаты

 

1. Ушул Мыйзам өзүнүн аракетин министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге. администрациялык ведомстволорго, башка мамлекеттик органдарга, башка аткаруу бийлик органдарына, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын ведомстволук уюмдарына, мамлекеттик ишканаларга жайылтат.

Бул Мыйзамдын колдонулуусу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жайылтылбайт.

2. Бул Мыйзамдын максаты төмөнкүдөй:

1) мамлекеттик органдарда жана мекемелерде ички аудиттин принциптерин аныктоо;

2) мамлекеттик органдардын жана мекемелердин ички аудит тармагындагы компетенцияларын аныктоо;

3) ички аудиттин стандарттарын жана методологиясын иштеп чыгуу боюнча жоопкерчиликти жана ыйгарым укуктарды аныктоо.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулчу түшүнүктөр

 

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:

1) Ички аудит - ички контроль системасынын анализин, баа берилишин, туура жүргүзүлүшүнө жана натыйжалуулугуна мониторингди; финансылык жана башкаруучулук маалыматтын ишеничтүүлүгүн жана тууралыгын; иштин жана башкаруунун акыбеттүүлүгүнө, үнөмдүүлүгүнө жана натыйжалуулугуна; активдердин сакталышына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын аткарылышына мониторингди өзүнө камтыган көз каранды эмес жана объективдүү функция.

2) Башкаруучулук маалымат - ички аудиттин объектисинин операциялык иштерине тиешелүү маалыматтар.

3) ички аудитор - ушул Мыйзамга ылайык ички аудитти жүргүзүүчү ички аудит кызматынын кызмат адамы;

4) Кызыкчылыктардын кагылышы - ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ички аудит кызматтарынын, алардын кызматчыларынын объективдүүлүгүн жана көз карандысыздыгын чектөөчү иштер же мамилелер.

5) ички аудиттин объектилери - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, башка мамлекеттик органдар, башка аткаруу бийлик органдары, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо системасынын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук уюмдары, мамлекеттик ишканалар;

6) Ички аудит объектисинин жетекчиси - ички аудит объектисин жетектеген жана туура жана майнаптуу иштөөчү ички контроль системасынын уюштурулушу жана иштөөсү үчүн ички аудиттин адекваттуу иштешин ишке ашыруу жана камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ички аудит боюнча отчеттуулукту пландоодо, жүргүзүүдө жана даярдоодо ички аудиторлордун көз карандысыздыгын камсыз кылуу, жооптуу кызмат адамы.

7) Ички контроль системасы - ички аудит объектисинин жетекчилиги аудиттин объектисин майнаптуу, үнөмдүү жана натыйжалуу башкарууга жетишүү үчүн колдонуучу чаралардан жана жол-жоболордон турган система, ага бухгалтердик эсеп, финансылык отчеттуулук, ченемдик укуктук актылардын, аудит объектисинин ички актыларынын сакталышы, активдердин сакталышын камсыздоо, мыйзамга каршы аракеттердин алдын алуу жана аныктоо, финансылык жана башкаруучулук отчеттордун жана маалыматтардын ишеничтүүлүгү, тууралыгы жана тактыгы, ошондой эле алардын даярдалышы кирет.

8) Ички аудит кызматы - ички аудит объектисинин жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын структуралык бөлүмү, ал ушул Мыйзамга ылайык ички аудити ишке ашырат.

9) Ички аудитордун квалификациялык сертификаты - ички аудит жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, ички аудитти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон, ички аудитордун билим деңгээлин бышыктоочу документ.

 (КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29, 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

 

4-берене. Ички контроль системасын түзүү

 

Ички контролдоо системасын түзүү жана иштетүү ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан төмөнкү максаттарда камсыз кылынат:

1) финансылык жана башкаруу маалыматтарынын тууралыгы жана толуктугу;

2) ички аудит объектисинин ишинин натыйжалуулугу, үнөмдүүлүгү жана таасирдүүлүгү;

3) ички аудит объектисинин активдеринин сакталышы;

4) ченемдик укуктук актылардын сакталышы.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава
Ички аудиттин принциптери жана стандарттары

 

5-берене. Ички аудиттин ролу жана милдеттери

 

Ички аудиттин ролу төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткаруу менен ички аудит объектисинин жетекчилигине ички контроль системасын сактоого жана өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет:

1) ички аудит объектисинде ички контроль системасына серептөө жана баа берүү жана ички аудит объектисинин жетекчилигине отчетторду жана анын ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды берүү;

2) тобокелчиликке баа берүүгө ылайык өнүктүрүүнүн стратегиялык, узак мөөнөттүк жана жылдык пландарын, ошондой эле ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын иштеп чыгуу жана ички аудит объектисинин жетекчисине бекитүүгө берүү;

3) жүргүзүлгөн ар бир аудит боюнча отчетторду даярдоо жана аларды ички аудит объектисинин жетекчиси менен макулдашуу;

4) ички аудит объектисинин жетекчисине аудитордук отчет жана сунуштарды берүү.

 

6-берене. Ички аудиттин принциптери

 

Ички аудит төмөнкүдөй принциптерди сөзсүз сактоо менен ишке ашырылат:

1) көз каранды эместик жана объективдүүлүк принциби - ички аудит кызматынын иши ички аудит объектисинин башка структуралык бөлүмдөрүнө уюштуруу жана функциялык жагынан көз карандысыз болууга тийиш жана башкаруучулук ишке тартылууга тийиш эмес; ички аудит кызматынын жетекчиси ички аудит объектисинин жетекчисине гана отчет берүүгө тийиш;

2) компетенттүүлүк (иш билгилик) принциби - ички аудит кызматынын кызматкерлеринин ички аудиттин стандарттарына ылайык сапаттуу аудит жүргүзүү үчүн керектүү кесиптик билимдеринин жана тажрыйбаларынын жыйындысы;

3) конфиденциалдуулук принциби - аудит жүргүзүү учурунда алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда ачыкка чыгарууга болбостугу.

 

7-берене. Ички аудиттин стандарттары

 

1. Ички аудиттин стандарттары - ички аудит боюнча ишти пландоого, жүргүзүүгө, даярдоого, отчетуна жана мониторингине карата милдеттүү бирдей талаптар.

2. Ички аудиттин стандарттарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

 

8-берене. Ички аудит боюнча Кеңеш

 

Ички аудит системасынын натыйжалуу иштөөсүнүн максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ички аудит боюнча Кеңешти түзөт жана ал жөнүндө жобону бекитет.

Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча маселелерди кошкондо, иш-милдеттери, ыйгарым укуктары жана башка маселелери жободо аныкталат.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

3-глава
Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

 

9-берене. Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

 

1. Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу мамлекеттик орган эсептелет.

2. Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.

 

10-берене. Ички аудиттин ишин координациялоо

 

Ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:

1) ички аудиторлордун Эл аралык институтунун стандарттарын эске алуу менен ички аудиттин стандарттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө бекитүүгө берет;

2) ички аудит кызматтары ички аудиттин стандарттарынын сакталышына мониторинг жүргүзөт жана эки жылда бир жолу ички аудит кызматтарына баалоо жүргүзөт;

3) ички аудиттин сунушталчу методологиясын иштеп чыгат;

4) алардын табыштамасына ылайык аудит объектилеринен ички аудит кызматтарына консультациялык жардамды камсыздайт;

5) ички аудит кызматы жок болгон ички аудит объектилеринде ички аудит жүргүзүүнү камсыз кылат жана ички аудит жүргүзүү мөөнөтү боюнча Кеңеш менен макулдашат;

6) жыл сайын, 1-марттан кечиктирбестен, ички аудит кызматтарынын мурунку жылдагы иштери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет даярдайт жана берет;

7) ички аудиторлорду окутуу жана адистигин өнүктүрүү боюнча ишти координациялайт.

8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ички аудиторлорду сертификаттоону жүргүзөт.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

11-берене. Ички аудит тармагындагы отчеттуулук

 

Ички аудит кызматтары 1-февралдан кечиктирбестен ички аудит тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ички аудит кызматы киргизген сунуштардын аткарылышы жана аларды ишке ашыруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат менен кошо өткөн жылдагы аудит боюнча пландын аткарылышы жөнүндө отчет берет.

 

12-берене. Ички аудит объектилеринде ички аудит кызматтарын түзүү

 

1. Ички аудит кызматы милдеттүү болууга тийиш болгон ички аудит объектилеринин тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

2. Ички аудит кызматы жок ички аудит объектилеринде ички аудит жүргүзүү ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында аныкталган мөөнөттөрдө жана тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава
Ички аудит кызматы

 

13-берене. Ички аудит кызматы

 

1. Ички аудит кызматы ички аудит объектисинин жетекчисине отчет берет жана өзүнүн ишин пландоодо, ички аудит жүргүзүүдө жана отчетторду даярдоодо ички аудит объектисинин башка структуралык бөлүктөрүнө көз каранды болбоого тийиш.

2. Ички аудит кызматы ички аудит объектисинин ички контроль системасын түзүүгө консультациялык жардам берет жана өз ишинин стратегиялык, узак мөөнөттүк жана жылдык пландарын, анын ичинде ички аудиторлорду кесиптик окутуу пландарын иштеп чыгат.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. Ички аудит кызматынын негизги милдеттери жана укуктары

 

1. Ички аудит кызматы төмөндөгүдөй негизги милдеттерге ээ:

1) ички аудит объектисинин жетекчисинин пикирин эске алуу менен тобокелдикти баалоонун негизинде ички аудит жүргүзүүнүн стратегиялык жана жылдык пландарын иштеп чыгуу;

2) ички аудит объектисинин жетекчиси үчүн жылдык пландарды аткаруунун мониторинги жөнүндө кварталдык отчетторду түзүү;

3) ички аудит объектисинин жетекчисинин алдында план боюнча аткарылган иштер жөнүндө жыл сайын отчет берүү;

4) ички контроль системасынын натыйжалуулугуна жана анын ички аудит объектисинин максаттарына ылайыктуулугуна баа берүү;

5) финансылык, бухгалтердик, башкаруучулук жана башка маалыматтардын тууралыгын жана жетиштүүлүгүн баалоо;

6) ички аудит объектисинин структуралык бөлүктөрүнүн иштери ченемдик укуктук актыларга, көрсөтүлгөн функцияларга жана иштин бекитилген пландарына ылайыктыгын баалоо;

7) ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жана ресурстарды пайдалануу боюнча талаптарга шайкештикти, ресурстарды пайдаланууга жана коромжулуктардан сактанууга контролдун жетиштүүлүгүн баалоо;

8) аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет берүү;

9) ички аудит объектисинин ишин жакшыртуу үчүн зарыл сунуштарды киргизүү;

10) ички аудит объектисинин ведомствого таандык уюмдарынын ички аудит кызматтарынын иштерин координациялоо;

11) ведомствого таандык уюмдардын ички аудит кызматтарына ички аудиттин стандарттарына жана сунушталчу методологияга ылайык консультациялык жана методологиялык жардамдарды берүү;

12) мамлекеттик же башка мыйзам менен корголуучу сырларга тиешелүү маалыматтарды ачыкка чыгарбоо.

2. Ички аудит кызматы жашыруун маалыматты кошкондо, колдонуудагы мыйзамдарга ылайык алар үчүн белгиленген жетүү деңгээлине жараша бардык маалыматты жана уюмдарда турган электрондук түрдөгү жазылмаларды кошкондо, бардык жазылмаларды жана аудит жүргүзүү үчүн зарыл маалыматтарды алууга укугу бар.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

15-берене. Ички аудит кызматынын жетекчиси

 

Ички аудит кызматынын жетекчиси:

1) ички аудит кызматынын ишинин уюштурулушу жана ага тапшырылган милдеттердин аткарылышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик болот;

2) ички аудиттин бекитилген стандарттарына жана сунушталган методологиясына ылайык ички аудиттин жол-жоболорун аныктайт;

3) ички аудиттин сапатына мониторинг жүргүзөт;

4) ички аудит объектисинин жетекчисине ички контроль системасын баалоо менен кошо кызматтын иши жөнүндө жылдык отчет берет;

5) ички аудит объектисинин жетекчисине ички аудит объектисиндеги мыйзамсыз ишке байланышы бар аныкталган ар кандай фактылар жөнүндө маалымат берет;

6) ички жана тышкы баалоону кошкондо, сапатты камсыз кылуунун программасын иштеп чыгат жана ишке киргизет;

7) ар бир аудитордук тапшырманы аткаруу үчүн аудиттин максаттарын, камтылышын, мезгилдүүлүгүн жана ресурстарын аныктайт;

8) төмөндөгүлөргө укуксуз:

а) мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, иштин жүрүшүндө же ага байланыштуу белгилүү болгон маалыматтарды жарыя кылууга жана берүүгө;

б) аудит жүргүзүлгөн адамга зыян келтирүү максатында өзүнүн укуктарын пайдаланууга, ошондой эле өз ишин аткарган учурда ошол укуктары менен кыянатчылык жасоого.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-глава
Ички аудиторлор

 

16-берене. Ички аудиторлордун укуктары жана милдеттери

 

1. Ички аудитор ички аудит жүргүзүүдө ички аудиттин стандарттарын жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.

2. Ички аудитор төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) аудит жүргүзүү үчүн керектүү бардык документтерди (анын ичинде электрондук форматта) жана түшүндүрмөлөрдү алууга жана текшерүүгө;

2) ички аудит объектисинин кызматкерлеринен ички аудитке тиешелүү бардык керектүү документтердин көчүрмөлөрүн алууга.

 

17-берене. Ички аудиторду дайындоого карата чектөө

 

1. Ички аудиторлорду кызматка дайындоо жана бошотуу ички аудит кызматы түзүлгөн ички аудит объектисинин жетекчиси тарабынан ушул Мыйзамга, "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

2. Атайын жасаган кылмышы үчүн жазыктык жоопко тартылган, соттуулугу алына элек же жоюла элек адам ички аудитор болуп дайындалышы мүмкүн эмес.

(КР 2018-жылдын 26-майындагы N 55 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

18-берене. Кызыкчылыктардын кагылышы

 

1. Ички аудиторлор кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш. Ички аудит кызматынын кызматкерлерине төмөнкүдөй учурларда аудит жүргүзүүгө тыюу салынат:

1) объектинин аудит жүргүзүлүүчү бөлүгүндө жеке жана/же мүлктүк кызыкчылыгы барларга;

2) ички аудит объектисинин аудит жүргүзүлүүчү бөлүгүндө текшерүүгө алына турган мезгилде же акыркы он эки айда иштегендерге;

3) ички аудитордун тууралыгына жана калыстыгына таасир этүүчү, ички аудиттин стандарттарында белгиленген башка шарттар болсо.

2. Кызыкчылыктардын кагылышуусу пайда болгон учурда ички аудит кызматынын кызматкерлери бул жөнүндө ички аудит кызматынын жетекчисине, же кызыкчылыктардын кагылышуусу ички аудит кызматынын жетекчисинин катышуусу менен болгон учурда ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө тийиш.

 

6-глава
Ички аудит объектисинин жетекчисинин укуктары жана милдеттери

 

19-берене. Ички аудит кызматы бар аудит объектисинин жетекчисинин милдеттери

 

Ички аудит кызматы бар ички аудит объектисинин жетекчиси:

1) ички аудит кызматынын жылдык жана узак мөөнөттүк иш пландарын, текшерүүлөрдүн жана ички аудит кызматы үчүн окутуунун пландарын бекитет;

2) ички аудит боюнча отчеттордо камтылган рекомендацияларды ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алат;

3) ички аудит жүргүзүү жөнүндө жылдык отчетту карайт;

4) тийиштүү органдарга аныкталган мыйзамсыз иштер жөнүндө билдирет. Аныкталган мыйзамсыз иштер жөнүндө маалымат алган мамлекеттик органдар тийиштүү текшерүүлөр (тергөө, ревизия, экспертиза ж.б.у.с.) аяктагандан кийин зарыл чараларды көрүүгө жана жыйынтыгы жөнүндө ички аудит объектисинин жетекчисине билдирүүгө милдеттүү.

 

20-берене. Ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчисинин милдеттери

 

Ички аудит кызматы жок ички аудит объектисинин жетекчиси ага карата сырттан ички аудит жүргүзүлгөндө төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ички аудитти өткөрүү үчүн шарттарды түзүүгө;

2) иш-аракеттердин планын бекитүүгө жана аудитордук отчетто каралган сунуштарды аткаруу боюнча зарыл чечимдерди кабыл алууга.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

7-глава
Ички аудит тармагында башка уюмдар менен өз ара мамиле

 

21-берене. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен өз ара мамиле

 

1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы ички аудит объектилеринде ички аудитти пландоо боюнча ички аудит кызматтарынын ишине кийлигишүүгө укугу жок.

2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы кандайдыр бир санкцияны колдонуу максатында ички аудиттин жыйынтыгын пайдаланууга укуксуз.

(КР 2014-жылдын 7-февралындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

8-глава
Башка жоболор

 

22-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттүн ичинде:

1) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;

2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышын камсыздасын;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуш киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев