КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КР 2019-жылдын 8-июлунда N 82
Мыйзамынын 37-берененин 5-пунктуна
ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
Бишкек шаары
2009-жылдын 27-марты № 85
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2007-ж., № 3,
237-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
17-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын статистикалык бирдиктеринин Бирдиктүү мам-
лекеттик каттоо маалыматтар базасына жетүү мүмкүнчүлүгү терроризмди
каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого
(адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу органга Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте берилет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев