Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

       КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык
                          КҮЧҮН ЖОГОТОТ

 

 

Бишкек шаары

2009-жылдын 28-марты № 94

 

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

            "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө"

            Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду

                           киргизүү тууралу

 

   2009-жылдын 13-февралында           Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                       Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

 

     "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз  Республика-

сынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,

1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

     1. 4-статьянын  5-пунктчасы  "банк  операцияларын" деген сөздөрдөн

кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери-

нин негизинде" деген сөздөр менен толукталсын.

     2. 7-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи  абзац  менен

толукталсын:

     "Кыргыз банкы банк ишинин жана каржылоонун исламдык  принциптерине

ылайык  операцияларды  жүргүзүүчү банктар тарабынан аткарууга милдеттүү

болгон нормативдик актыларды чыгарууга, капиталдын адекваттуулугуна ко-

шумча стандарттарды,  бухгалтердик эсепке жана финансылык отчеттуулукка

карата кошумча талаптарды, ошондой эле Шарияттык кењештин мүчөлөрү үчүн

талаптарды белгилөөгө укуктуу.".

     3. 20-статьянын 6-пунктчасы "эл аралык практикада" деген сөздөрдөн

кийин ", анын ичинде банк ишинин жана каржылоонун исламдык принциптери-

не ылайык" деген сөздөр менен толукталсын.

     4. 21-статья "эл аралык практикага" деген сөздөрдөн кийин ",  анын

ичинде банк  ишинин  жана  каржылоонун  исламдык  принциптерине"  деген

сөздөр менен толукталсын.

     5. 28-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен

толукталсын:

     "Кыргыз банкы келишимдик негизде  исламдык  банкына  каражат  бере

алат.".

     6. 32-статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:

     "7. Кыргыз банкы исламдык банктарды жана "исламдык терезелери" бар

банктарды тейлөөнүн тартибин жана эрежелерин аныктайт жана банк  ишинин

жана каржылоонун исламдык принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүчү

банктар банк ишин жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды  бузушкан

учурда чара көрөт.".

 

     2-берене.

 

     Ушул Мыйзам  расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин күчүнө

кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                         К.Бакиев