Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 29-майы № 175

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
                     өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

     1-берене.

     "Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү,  "Кыргызалтын"  ачык  акционердик коому, "Центерра
Голд Инк."  канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык ак-
ционердик коому,  "Кумтөр  Голд  Компани"  жабык акционердик коому жана
"Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы "Кумтөр" долбоору боюнча
жањы шарттар  жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2009-жылдын 8-майы, N 33)
төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     4-беренедеги "Кумтөр"  долбоору боюнча жањы шарттар жөнүндө Макул-
дашууда көрсөтүлгөн"  деген  сөздөр "макулдашууларда көрсөтүлгөн" деген
сөздөр менен алмаштырылсын. 

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  Салык  кодексине  ("Эркин  Тоо"  газетасы,
2008-жылдын 22-октябры, № 78-81) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     3-берененин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешин-
де бекитилсе" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши рати-
фикациялаган болсо" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

     3-берене.

     "Кыргыз Республикасынын  Салык  кодексине  өзгөртүү  жана толуктоо
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газета-
сы, 2009-жылдын 8-майы, N 33) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     1-берененин 1-пунктунун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку  Кењешинде  бекитилсе" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењеши  ратификациялаган  болсо" деген сөздөр менен алмаштырыл-
сын. 

     4-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев

     2009-жылдын 22-майында              Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган