Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                       Кыргыз Республикасынын
     2011-жылдын 13-июнундагы № 37 Конституциялык Мыйзамына ылайык
                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ
 
2009-жылдын 20-июлу № 235
 
                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
 
                 Кыргыз Республикасынын Конституциялык
                         сот ондурушу жонундо
 
     1-глава.   Жалпы жоболор
     2-глава.   Иштердин конституциялык сотко караштуулугу
     3-глава.   Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары, алардын
                укуктары жана милдеттери
     4-глава.   Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери
     5-глава.   Кайрылууну Конституциялык сот тарабынан өндүрүшкө кабыл
                алуу, ишти кароого даярдоо жана ишти кароо
     6-глава.   Конституциялык соттун актылары
 
       2009-жылдын 25-июнунда               Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                            Кењеши тарабынан кабыл алынган
 
                                1-глава
                             Жалпы жоболор
 
     1-берене. Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшүнүн
               милдеттери
 
     Конституциялык сот өндүрүшүнүн милдеттери болуп Кыргыз Республика-
сынын Конституциясынын улуктугун ырастоо жана конституциялык мыйзамдуу-
лукту камсыз  кылуу  максатында  Кыргыз  Республикасынын Конституциясын
коргоо боюнча  иштерди  ар тараптуу, толук жана объективдүү кароо сана-
лат. 
 
     2-берене. Кыргыз Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү
               жөнүндө мыйзамдар
 
     Кыргыз Республикасында  конституциялык сот өндүрүшү Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциялык Соту (мындан ары - Конституциялык сот) тарабы-
нан Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын (мындан ары - Конституция)
негизинде, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзам-
га жана ушул Мыйзамга ылайык жүргүзүлөт. 
 
     3-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн тили
 
     1. Конституциялык  сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
тилинде жүргүзүлөт.
     2. Сот  өндүрүшүнүн катышуучуларынын өтүнүчү боюнча конституциялык
сот өндүрүшүн расмий тилде жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынышы мүмкүн.
     3. Конституциялык  сот  сот өндүрүшүнүн тилин билбеген, жыйналышка
катышып жаткан  адамдарга  сот өндүрүшүнүн процессин алардын эне тилине
же алар билген тилге которуп берүүнү камсыз кылат.
     4. Сот өндүрүшүнүн тилин билбеген, ишке катышып жаткан жактар, кү-
бөлөр, адистер, эксперттер өз эне тилинде же алар билген тилде түшүнүк-
төрдү бере алат жана котормочунун кызматынан пайдалана алат. 
 
     4-берене. Көз карандысыздыгы
 
     1. Конституциялык  сот көз карандысыз жана Конституцияга жана мый-
замдарга баш иет.
     2. Конституциялык  соттун  чечимдери Конституцияга негизделет жана
судьялардын ар  кандай кызыкчылыктардан эркин болгон укуктук позициясын
билдирет.
     3. Конституциялык соттун судьялары өздөрүнүн эркин билдирүү эркин-
дигине сырттан  таасир  тийгизүүнү жокко чыгарган шарттарда чечим кабыл
алат.
     4. Конституциялык соттун иш-аракетине кандай болбосун кийлигишүүгө
жол берилбейт  жана  мындай кийлигишүү мыйзамда каралган жоопкерчиликке
алып келет. 
 
     5-берене. Иштерди кароонун коллегиялуулугу
 
     1. Конституциялык  сотто иштерди кароо жана алар боюнча чечимдерди
кабыл алуу  анын мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн экисинин курамында коллегия-
луу түрдө жүргүзүлөт.
     2. Судья конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте кызмат орду-
нан четтетилген  же  болбосо  анын ишке катышуудан баш тартуусу жөнүндө
арызы канааттандырылгандан  башка учурда Конституциялык соттун жыйналы-
шына катышуудан четтетилиши мүмкүн эмес. 
 
     6-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн ачыктыгы
 
     1. Мамлекеттик сырды сактоо, жарандардын коопсуздугун, алардын же-
ке турмушунун  купуялыгын камсыз кылуу жана коомдук адептүүлүктү коргоо
кызыкчылыктарына каршы келген учурларды кошпогондо, Конституциялык сот-
то ишти териштирүү ачык жүргүзүлөт. Жыйналыш элдин жана жалпыга маалым-
доо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн жеткиликтүү болгон соттук жыйналыш за-
лында өткөрүлөт. Катышып жаткандар отурган жеринде жазуу жүзүндө эскер-
тмелерин түшүрүүгө,  стенограмманы  жана үн жазууларды жүргүзүүгө укук-
туу.
     2. Конституциялык  сот катышуучуларга өзүнүн жыйналышынын убактысы
жана орду  жөнүндө  кат менен маалымдайт жана коомчулукту өзүнүн имара-
тында жарандар үчүн жеткиликтүү болгон атайын бөлүнгөн жерлерде илинүү-
чү жарыя,  ошондой  эле  жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кабардар
кылат.
     3. Конституциялык  соттун уруксаты менен жыйналыш учурун радио ук-
туруу жана  теле көрсөтүү боюнча алып берүүгө, киного тартууга, фотосү-
рөткө түшүрүүгө  жана видеого жаздырууга жол берилиши мүмкүн. Конститу-
циялык сот, эгерде катышып отургандар болуп жаткан окуяларды жактырган-
дыгын же  жактырбагандыгын ачык билдирүү жолу менен жыйналыштын нормал-
дуу жүрүшүнө  кийлигишсе, эскертүү жасагандан кийин аларды жыйналыш за-
лынан чыгара алат.
     4. Конституциялык  соттун чечимдери бардык учурда ачык жарыя кылы-
нат. 
 
     7-берене. Териштирүүнүн оозекилиги
 
     Конституциялык сот  соттук жыйналышта жыйналыштын катышуучуларынын
түшүндүрмөлөрүн угууга жана сотко тапшырылган документтерди жарыя кылып
окууга милдеттүү. 
 
     8-берене. Иштин түздөн-түз каралышы
 
     1. Конституциялык сот ишти ушул Мыйзамда белгиленген тартипте түз-
дөн-түз карабай туруп анын мањызы боюнча чечим кабыл алууга укуксуз.
     2. Конституциялык соттун судьялары жыйналыш ачылган учурдан тартып
жабылганга чейин ишти кароого жеке өздөрү катышат.
     3. Судьянын  жыйналышка  катышуусуна  тоскоолдук  кылган учурларды
кошпогондо, судьялардын эч кимиси ишти кароодон четтөөгө укуксуз.
     4. Жыйналышка  жањы  судьянын киришүүсү иш боюнча өндүрүштү соттук
териштирүүнүн башталышынан тартып кайрадан жањыртууга алып келет.
     5. Судьянын ишти андан ары кароого катышууга мүмкүн эместиги судь-
ялардын кворуму  болгондо өндүрүштү улантууга тоскоолдук кылбайт, бирок
катышпай калган  судьянын судьялардын кењешмесине жана чечимдерди кабыл
алууга катышуусун жокко чыгарат.
     6. Жыйналышка катышкан судьялардын эч кимиси Конституциялык соттун
кењешмесинде добуш  берүүдөн карманууга укуксуз; ар бир судья иш боюнча
өз пикирин чечим жарыя кылынганга чейин жеке өзү билдирүүгө милдеттүү. 
 
     9-берене. Ишти кароонун үзгүлтүксүздүгү
 
     1. Иштерди  кароодо Конституциялык соттун жыйналышы жана судьялар-
дын кењешмеси  эс  алуу  үчүн  мыйзамда берилген убакыттан, ошондой эле
жыйналыштын катышуучуларынын  сөз  сүйлөөгө  даярдык  көрүшү үчүн зарыл
болгон убакыттан тышкары үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
     2. Жыйналыш күбөлөрдү, адистерди, эксперттерди чакыртууга, экспер-
тиза дайындоого,  кошумча далилдерди талап кылууга, кворумдун жоктугуна
жана ишти кароого тоскоолдук кылган башка себептерге байланыштуу токто-
тулушу жана  кийинкиге  калтырылышы мүмкүн. Тоскоолдуктар жоюлганда иш-
терди кароо ал токтотулган учурдан баштап улантылат.
     3. Тыныгуу учурунда сот тарабынан тиешеси жок башка иштерди кароо-
го жол берилбейт.
     4. Эгерде ошол жыйналышта узак убакыт бою ишти кароого мүмкүн бол-
босо, Конституциялык сот ал боюнча өндүрүштү токтото турууга укуктуу. 
 
     10-берене. Тараптардын таймашуучулугу жана тењ укуктуулугу
 
     Тараптар Конституциялык соттун жыйналышында таймашуучулуктун неги-
зинде өз позицияларын коргоо боюнча бирдей укуктардан жана мүмкүнчүлүк-
төрдөн пайдаланат. 
 
                                2-глава
              Иштердин конституциялык сотко караштуулугу
 
     11-берене. Иштердин кароого таандык болушу
 
     1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн алкагында Конституциялык сот тө-
мөнкүлөр жөнүндө иштерди карайт:
     1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга ка-
рама-каршы келген учурда аларды конституциялык эмес деп табуу жөнүндө;
     2) Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берүү жөнүндө;
     3) Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу
жөнүндө корутунду берүү жөнүндө;
     4) Кыргыз  Республикасынын Президентин кызматынан четтетүүгө кору-
тунду берүү жөнүндө;
     5) Конституциянын  98-беренесинин  жоболоруна ылайык Конституцияга
өзгөртүүлөр жана  толуктоолор жөнүндө мыйзамдын долбооруна карата кору-
тунду берүү жөнүндө.
     2. Кээ  бирөөлөрү  Конституциялык соттун кароосуна таандык, ал эми
айрымдары башка  мамлекеттик бийлик органдарынын кароосуна таандык бол-
гон бир  нече өз ара байланышкан талаптарды бириктирүүдө Конституциялык
соттун компетенциясына  кирген маселелер боюнча талаптар гана каралууга
жатат. 
 
     12-берене. Иштерди чечүүнүн чектери
 
     1. Конституциялык сот укук маселелерин белгилейт жана чечет.
     2. Конституциялык сот кайрылууда ченемдик укуктук актынын  консти-
туциялуулугу күмөн саналган бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюн-
ча актыларды чыгарат. Конституциялык сот мындай учурда кайрылууда баян-
далган жүйөөлөргө жана пикирлерге көз каранды болбойт.
     3. Конституциялык сот ченемдик актынын конституциялуулугун текшер-
генден кийин,  сот актыларын кошпогондо, текшерилген ченемдик актыга же
аны калыбына  келтирүүчү жоболорго негизделген башка ченемдик актыларга
карата алар кайрылууда айтылбаса да бир эле учурда чечим чыгара алат.
     4. Конституциялык  эмес деп табылган, мыйзамдын ченемдерине негиз-
делген сот актылары андай актыны кабыл алган сот тарабынан, эркиндикте-
ри жана укуктары козголгон жарандын даттануусу боюнча ар бир конкреттүү
учур боюнча кайра каралат. 
 
                                3-глава
             Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары,
                   алардын укуктары жана милдеттери
 
     13-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары
 
     1. Конституциялык  сот  өндүрүшүнүн  катышуучулары  деп төмөнкүлөр
таанылат:
     1) тараптар  -  сунуштамалары жана өтүнүчтөрү сот өндүрүшүнө кабыл
алынган жактар  жана  органдар; ченемдик укуктук актысынын конституция-
луулугу жөнүндө маселе коюлуп жаткан орган;
     2) тараптардын өкүлдөрү - кызмат орду боюнча өкүлдөр, мыйзам боюн-
ча өкүлдөр, адвокаттар.
     2. Конституциялык сот өндүрүшүнүн бир эле маселе боюнча катышуучу-
лары ишти жүргүзүүнү алардын бирөөсүнө тапшырууга укуктуу.
     3. Конституциялык  сот  өндүрүшүнө  катышуучунун  өкүлүнүн ыйгарым
укуктары жарандык-процесстик мыйзамдарда каралган тартипте таризделет.
     4. Суроо-талабы  боюнча  конституциялык сот өндүрүшү козголгон сот
тарап деп таанылбайт, Конституциялык соттун жыйналышына чакырылбайт. 
 
     14-берене. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын
                укуктары жана милдеттери
 
     1. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары өз ыйгарым укукта-
рынын чегинде бирдей процесстик укуктардан пайдаланат.
     2. Конституциялык сот өндүрүшүнүн катышуучулары иштин материалдары
менен таанышууга,  алардан үзүндүлөрдү алууга, көчүрмөлөрдү алууга, да-
лилдерди берүүгө,  далилдерди иликтөөгө катышууга, процесстин жүрүшүндө
келип чыккан бардык маселелер боюнча өз жүйөөлөрүн жана пикирлерин бил-
дирүүгө, корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу.
     Тараптар дагы  өтүнүч билдирүүгө, судьяларга оозеки жана жазуу жү-
зүндө түшүнүктөрдү берүүгө, берилген сунуштамалар жана өтүнүчтөр боюнча
өз пикирин айтууга укуктуу.
     3. Демилгеси боюнча конституциялык сот өндүрүшү козголгон тарап өз
талаптарынын негизин же предметин өзгөртүүгө, алардын көлөмүн көбөйтүү-
гө же азайтууга, талаптардан баш тартууга укуктуу.
     4. Өзүнө каршы талаптар коюлган тарап аларды толук же жарым-жарты-
лай моюнга  алууга  же болбосо аларга каршы пикирлерин билдирүүгө укук-
туу.
     5. Ар бир тарап далилдерди берүүгө жана өз талаптарынын жана каршы
пикирлеринин негизи катары таянган жагдайларды далилдөөгө милдеттүү.
     6. Конституциялык  сот  өндүрүшүнүн  катышуучулары өз укуктарын ак
ниеттүү пайдаланууга милдеттүү. Алардын судьяларга атайын жалган маалы-
матты бериши  Конституциялык сотту урматтабагандык катары бааланат жана
мыйзам боюнча жоопкерчиликке алып келет. 
 
     15-берене. Күбөлөр
 
     1. Аныкталуусу Конституциялык соттун карамагына берилген иш жүзүн-
дөгү жагдайларды  изилдөөнүн  зарылчылыгы болгондо, андай жагдайлар жө-
нүндө маалыматтары  же  материалдары  бар жактар күбө катары чакырылышы
мүмкүн.
     2. Күбө  Конституциялык сотко каралып жаткан иштин мањызына тиеше-
лүү, жеке  өзүнө  белгилүү  жагдайларды  билдирүүгө жана Конституциялык
соттун судьяларынын  жана  тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө
милдеттүү. Зарыл болгондо ал жазуу жүзүндөгү эскертмелерин, ошондой эле
документтерди жана башка материалдарды пайдалана алат. 
 
     16-берене. Эксперт
 
     1. Каралып  жаткан ишке тиешелүү маселелер боюнча атайын билимдери
бар адам  Конституциялык  соттун  жыйналышына эксперт катары чакырылышы
мүмкүн. Эксперт  корутунду  берүүгө  тийиш  болгон  маселелер баяндама-
чы-судья же Конституциялык сот тарабынан аныкталат.
     2. Эксперт Конституциялык соттун уруксаты боюнча иштин материалда-
ры менен  таанышууга,  тараптарга жана күбөлөргө суроо берүүгө, ошондой
эле өзүнө  кошумча  материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укук-
туу.
     3. Корутундуну  баяндагандан  кийин  эксперт Конституциялык соттун
судьяларынын жана  тараптардын кошумча суроолоруна жооп берүүгө милдет-
түү. 
 
                                4-глава
             Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери
 
     17-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун субъекттери
 
     1. Конституциялык сотко кайрылуу укугу төмөнкүлөргө таандык:
     1) Кыргыз Республикасынын Президентине;
     2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине;
     3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына;
     4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө;
     5) Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине;
     6) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна;
     7) Кыргыз  Республикасынын  Шайлоо  жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясына;
     8) Кыргыз  Республикасынын  Омбудсменине  (Акыйкатчысына) - Кыргыз
Республикасынын адамдын  жана  жарандын  укуктарына жана эркиндиктерине
тиешеси бар  мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыр-
гыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү жөнүндө;
     9) жергиликтүү кењештерге;
     10) Кыргыз Республикасынын сотторуна;
     11) жарандарга  жана  юридикалык жактарга - алардын конституциялык
эркиндиктерине жана  укуктарына  тикелей  тиешеси бар маселелер боюнча,
эгерде булар башка сотторго таандык болбосо.
     2. Ушул  берененин 1-бөлүгүнүн 1-9-пункттарында көрсөтүлгөн орган-
дар жана  кызмат адамдары Конституциялык сотко өз сунуштамаларын, башка
жактар - өтүнүчтөрүн, ал эми соттор - суроо-талаптарын (мындан ары кай-
рылуулар) берет. 
 
     18-берене. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды
                конституциялык эмес деп табуу үчүн кайрылуу укугу
 
     Мыйзамдарды жана  башка  ченемдик укуктук актыларды конституциялык
эмес деп  табуу үчүн кайрылуу укугуна төмөнкүлөр ээ: Кыргыз Республика-
сынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши, Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү,
Кыргыз Республикасынын  Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын сотто-
ру, Кыргыз  Республикасынын Башкы прокурору, жергиликтүү кењештер; Кыр-
гыз Республикасынын  Омбудсмени  (Акыйкатчысы) - Кыргыз Республикасынын
адамдын жана  жарандын  укуктарына жана эркиндиктерине тиешеси бар мый-
замдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Кыргыз Республикасы-
нын Конституциясына  ылайык келүү маселелери боюнча; жарандар жана юри-
дикалык жактар  - алардын конституциялык эркиндиктерине жана укуктарына
тикелей тиешеси  бар маселелер боюнча, эгерде алар башка сотторго таан-
дык болбосо. 
 
     19-берене. Конституциянын ченемдерине расмий чечмелөө берүү үчүн
                кайрылуу укугу
 
     Конституциянын ченемдерине  расмий  чечмелөө  берүү  үчүн кайрылуу
укугуна төмөнкүлөр  ээ:  Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Рес-
публикасынын Жогорку  Кењеши,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
депутаттары жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү. 
 
     20-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун
                конституциялуулугу жөнүндө корутунду берүү үчүн
                кайрылуу укугу
 
     Кыргыз Республикасынын  Президентин  шайлоонун  конституциялуулугу
жөнүндө корутунду  берүү  үчүн  кайрылуу укугуна Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ээ болот. 
 
     21-берене. Кыргыз Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү
                жөнүндө корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу
 
     Кыргыз Республикасынын Президентин кызматынан четтетүү жөнүндө ко-
рутунду берүү  үчүн кайрылуу укугуна Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њеши ээ болот. 
 
     22-берене. Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө
                маселе боюнча корутунду берүү үчүн кайрылуу укугу
 
     Конституцияга өзгөртүүлөр  жана  толуктоолор жөнүндө маселе боюнча
корутунду берүү  үчүн  кайрылуу  укугуна Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары ээ болот. 
 
                                5-глава
                Кайрылууну Конституциялык сот тарабынан
              өндүрүшкө кабыл алуу, ишти кароого даярдоо
                            жана ишти кароо
 
     23-берене. Конституциялык сотто маселелерди кароонун мөөнөтү
 
     Конституциялык сотто  маселелерди кароо, эгерде ушул Мыйзамда баш-
кача каралбаса,  кайрылуу келип түшкөн учурдан тартып алты айдын ичинде
аяктоого тийиш. 
 
     24-берене. Конституциялык сотко кайрылуунун формасы жана мазмуну
 
     1. Конституциялык сотко кайрылуу жазуу жүзүндө берилет.
     2. Кайрылуу,  ошондой эле ага тиркелген материалдар мамлекеттик же
расмий тилдерде берилет.
     3. Кайрылууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
     1) Конституциялык соттун аталышы;
     2) кайрылуучунун аталышы, жайгашкан орду, дареги жөнүндө маалымат-
тар, ага тиешеси бар башка зарыл маалыматтар;
     3) кызмат орду боюнча өкүлчүлүктү кошпогондо, кайрылуучунун өкүлү-
нүн аталышы, дареги жана анын ыйгарым укуктары жөнүндө маалыматтар, ага
тиешеси бар башка маалыматтар;
     4) конституциялуулугу  текшерилүүгө жаткан ченемдик укуктук актыга
кол койгон же аны чыгарган мамлекеттик органдын, кызмат адамынын аталы-
шы, аты-жөнү, жайгашкан орду жана дареги;
     5) тарап  өзүнүн  талабын  негиздеген  жана  өзү берген фактыларды
ырастаган жагдайлар;
     6) талашылып  жаткан ченемдик актынын толук аталышы, номери, кабыл
алынган датасы, жарыяланган булактары жана башка реквизиттери;
     7) талашылып жаткан ченемдик актынын конституциялуулугу боюнча по-
зициянын конкреттүү негиздемеси;
     8) талаптын мањызы;
     9) Конституциялык сотко кайрылууга укук берген Конституциянын жана
ушул Мыйзамдын ченемдери;
     10) тиркелген документтердин тизмеги.
     4. Зарыл учурда кайрылууга Конституциялык сотко чакырылууга жаткан
жактардын тизмеси, алардын даректери тиркелет.
     5. Кайрылууга  ушул  Мыйзамдын 17-беренесинде көрсөтүлгөн тийиштүү
арыз берүүчү кол коет жана ага төмөнкүлөр тиркелет:
     1) кызыкдар  тарап конституциялуулугун толугу менен же айрым бөлү-
гүндө талашып жаткан ченемдик актынын текстинин көчүрмөсү;
     2) өкүлчүлүк  кызмат  орду  боюнча жүргүзүлүүчү учурлардан тышкары
учурда өкүлдүн ыйгарым укуктары жөнүндө документтер. 
 
     25-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу
 
     1. Келип түшкөн кайрылуу аны сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө ма-
селени чечүү  үчүн төрага тарабынан Конституциялык соттун судьясына бе-
рилет.
     2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерип, судья беш
күндүк мөөнөттө  кайрылууну  сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктама
чыгарат жана  ишти  Конституциялык соттун жыйналышында кароого даярдайт
же кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыга-
рат жана материалды арыз берүүчүгө кайтарат.
     3. Судья кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
     1) кайрылуу  формасы жана мазмуну боюнча ушул Мыйзамдын 24-берене-
синин талаптарына ылайык келбесе;
     2) кайрылуу  тийиштүү  эмес  органдан же жактан (субъекттен) келип
түшсө;
     3) кайрылуу  тараптын  Конституциялык  сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым
укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же өкүл ушул Мыйзамда ка-
ралбаган жак болсо;
     4) кайрылууда  билдирилген  талап  Конституциялык соттун кароосуна
таандык болбосо;
     5) сунуштамада же өтүнүчтө көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулу-
гу Конституциялык  сот  тарабынан текшерилсе жана Конституциялык соттун
өз күчүн сактаган актысы бар болсо;
     6) кайрылууда билдирилген талаптар Конституцияда чечилбесе.
     4. Конституциялуулугу  талашылып  жаткан  актыны  жокко чыгаруу же
анын күчүн жоготушу кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу-
га алып келет.
     5. Кайрылууну  сот  өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же
аны кабыл алуу жөнүндө аныктама тараптар тарабынан Конституциялык сотко
анын төрагасы  аркылуу даттанылышы мүмкүн. Конституциялык сот тарабынан
бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат. 
 
     26-берене. Ишти кароого даярдоо
 
     1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья эки айлык мөөнөт-
тө ишти кароого даярдоого милдеттүү, бул үчүн ал:
     1) иш  боюнча  тараптарды  аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралган
алардын процесстик укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт жана Кон-
ституциялык сотко берүү үчүн далилдерди алууга көмөк көрсөтөт;
     2) тараптарды сурайт;
     3) ишке  тиешеси  бар зарыл документтерди жана башка маалыматтарды
талап кылат;
     4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башка адамдарды сурайт;
     5) зарыл  болгондо  эксперт  катары  илимпоздорду жана практикалык
кызматкерлерди тартат;
     6) күбөлөрдүн, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт;
     7) ар кандай жактардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндү-
рүшүнө бириктирүү жөнүндө же болбосо бир кайрылууда билдирилген, соттун
кароосуна таандык эмес талаптарды өзүнчө бөлүп чыгаруу жөнүндө маселени
чечет;
     8) жыйналыш башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен иштин мате-
риалдарынын көчүрмөлөрүн  Конституциялык соттун судьяларына жана жыйна-
лыштын катышуучуларына тапшырууну камсыз кылат;
     9) ишти  жыйналышка карата дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, жый-
налыштын катышуучуларын  кабардар кылат жана зарыл жактардын катышуусун
камсыз кылат;
     10) болгон материалдар боюнча чечимдин долбоорун даярдайт;
     11) ишти  туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүр-
гүзөт.
     2. Билдирилген  талаптардын өзгөчө татаалдыгына же болбосо алардын
өтө маанилүүлүгүнө жараша ишти кароого даярдоо бир нече судьяларга тап-
шырылышы, ал эми даярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун төрагасы тарабы-
нан узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт бир айдан ашык эмес. 
 
     27-берене. Судьянын өзүнүн баш тартуусу
 
     1. Конституциялык соттун судьясы, эгерде ишти чечүүнүн жыйынтыгына
анын тикелей  же  кыйыр кызыкдар болушунан улам соттун курамында же сот
жыйналышынын катышуучуларында анын объективдүүлүгүнө шек саноо жаралышы
мүмкүн болсо, өзү ишти кароодон баш тартуусун билдирүүгө милдеттүү жана
ишти кароодон четтетилет.
     2. Конституциялык соттун судьясынын ишти кароого катышуудан четте-
тилиши четтетүү жөнүндө маселе чечиле турган судьяны уккандан кийин иш-
ти кароого  катышкан  судьялардын санынын көпчүлүгү менен кабыл алынган
Конституциялык соттун жүйөлөнгөн токтому боюнча жүргүзүлөт. 
 
     28-берене. Жыйналышты кийинкиге калтыруу
 
     1. Конституциялык  соттун жыйналышы төмөнкүдөй учурларда кийинкиге
калтырылышы мүмкүн:
     1) судьялардын  кимдир  бирөөсүнүн ооруп калгандыгына же башка се-
бептер менен келбей калгандыгына байланыштуу сот жыйналышында кворумдун
болбой калышынан улам;
     2) катышуусу  милдеттүү жана келбей калышы ишти туура чечүүгө таа-
сир тийгизиши  мүмкүн  деп табылган тараптардын же тараптардын биринин,
күбөнүн же эксперттин келбей калышынан улам;
     3) эгерде Конституциялык сот каралып жаткан ишти жетиштүү даражада
даярдалган эмес деп тапса;
     4) талап  кылынган материалдардын өз убагында тапшырылбагандыгынан
улам, эгерде алар ишти чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болсо;
     5) сот жыйналышынын нормалдуу жүрүшүнө же ишти ар тараптуу кароого
тоскоолдук кылган башка жагдайлар болсо, эгерде ал жагдайлар сот жыйна-
лышынын жүрүшүндө четтетилбесе.
     2. Конституциялык соттун жыйналышын кийинкиге калтыруу жөнүндө че-
чим сот  жыйналышына катышкан судьялардын санынын көпчүлүк добушу менен
кабыл алынат. 
 
     29-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтото туруу
 
     1. Ишти  ушул  Мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароо мүмкүн болбогон
учурларда Конституциялык  сот ал боюнча өндүрүштү келип чыккан тоскоол-
дуктарды жоюу үчүн зарыл болгон мөөнөткө токтото турууга укуктуу.
     2. Иш боюнча өндүрүш аны токтото туруу үчүн негиз болгон жагдайлар
жоюлганда кайра жањыртылат.
     3. Конституциялык  сот тарабынан иш боюнча өндүрүштү токтото туруу
башка иштерди кароого тоскоолдук кылбайт.
     4. Ишти  кароо  ал токтотулуп турган учурдан тартып кайра жањырты-
лат, ал эми мурда угулган эксперттерди, адистерди жана күбөлөрдү кайта-
лап чакыртуу зарыл учурларда гана жүргүзүлөт.
     5. Эгерде Конституциялык соттун жыйналышы судьялардын башка  кура-
мында кайра жањыртыла турган болсо, ишти кароо жањыдан башталат.
 
     30-берене. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу
 
     1. Конституциялык сот иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечимди
төмөнкүдөй учурларда кабыл алат:
     1) арыз  берүүчү  өз талаптарынан баш тартканда, мањызы боюнча сот
чечими кабыл  алынганга чейин тарап маселени өз ыктыяры менен алып сал-
ганда;
     2) эгерде ишти даярдоонун жана кароонун процессинде ал Конституци-
ялык соттун  кароосуна таандык эмес экендиги аныкталса. Мында иш кароо-
суна таандык болгон орган милдеттүү түрдө көрсөтүлөт;
     3) конституциялуулугу  талашылып  жаткан акт жокко чыгарылганда же
ал күчүн жоготкондо.
     2. Иш боюнча өндүрүштү токтотуу жөнүндө чечим сот тарабынан соттук
жыйналышка катышкан судьялардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
     3. Иш  боюнча  өндүрүштү  токтотуу  жөнүндө  Конституциялык соттун
аныктамасы тараптарды  Конституциялык сотко ошол эле талап жана ошондой
эле негиздер боюнча кайтадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат. 
 
     31-берене. Иштерди кароонун тартиби
 
     1. Конституциялык сотто иштерди кароо сот жыйналышында Конституци-
ялык соттун төрагасынын же анын милдетин аткарган Конституциялык соттун
төрагасынын орун басарынын төрагалыгында жүргүзүлөт.
     2. Ишти мањызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу:
     1) Конституциялык  соттун  жыйналышын ачат жана карала турган ишти
жарыялайт;
     2) судьялардын курамын жарыялайт;
     3) сот  жыйналышынын катчысына жыйналышка чакырылган катышуучулар-
дын, күбөлөрдүн,  эксперттердин,  зарыл  болгон учурда котормочунун бар
экендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүн
сөз берет;
     4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;
     5) тараптарга  алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырыл-
ган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт;
     6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, эксперт-
терди чакыртуу  жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө, жыйна-
лыштын жүрүшүндө  келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жок
экендигин сурайт же аларды соттун чечүүсүнө коет;
     7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат;
     8) ишти мањызы боюнча кароонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
     3. Ар бир ишти кароодо:
     1) судьянын - баяндамачынын сөзү угулат, ал иштин мањызын, аны ка-
роонун жүйөөлөрүн жана негиздерин, болгон материалдардын мазмунун баян-
дайт жана  Конституциялык  соттун  судьяларында келип чыккан суроолорго
жооп берет;
     2) ар бир тараптын түшүндүрмөлөрү угулат;
     3) тараптарга  бири-бирине  жана  процесстин башка катышуучуларына
суроо берүү  мүмкүнчүлүгү  берилет,  андан  кийин Конституциялык соттун
судьялары суроо  берет. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө коюлган маселелер-
дин жол берилүүчүлүгү сот тарабынан чечилет.
     4) күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда жыйналыш-
тын төрагалык  кылуучусу  алардын керт башын аныктайт жана көрсөтүү бе-
рүүдөн баш  тарткандык  жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бер-
гендик үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө аларды
жазуу жүзүндө  эскертет,  котормочу  атайылап  жалган которгондугу үчүн
жоопкерчилик жөнүндө эскертилет;
     5) сот жыйналышында сотко тапшырылган документтер жарыя кылынат;
     6) иштин  материалдарын  иликтөө  аяктагандан кийин Конституциялык
сот тараптардын  корутунду  сөздөрүн  угат, төрагалык кылуучу иш боюнча
териштирүү аяктагандыгы жана судьялардын кењешме бөлмөсүнө кете турган-
дыгы жөнүндө жарыя кылат. 
 
     32-берене. Конституциялык соттун жыйналышынын протоколу
 
     1. Конституциялык  соттун  жыйналышында  протокол түзүлөт, аны сот
жыйналышынын катчысы  жыйналыш  ачылгандан  баштап  ал толук аяктаганга
чейин үзгүлтүксүз жүргүзөт.
     2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга
тийиш:
     - сот жыйналышынын орду жана убактысы жөнүндө;
     - ишти караган судьялардын курамы жөнүндө;
     - жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;
     - иштин аталышы жөнүндө;
     - күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;
     - тараптардын түшүнүктөрү;
     - күбөлөрдүн көрсөтүмдөрү, эксперттердин корутундулары, аларга бе-
рилген суроолор жана аларга жооптор;
     - сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык аракеттер жөнүндө, алар
болуп өткөн иретте;
     - сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер  боюнча  судь-
ялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн на-
тыйжалары жөнүндө.
     3. Протоколдун  толуктугун  камсыз  кылуу  үчүн стенографияны жана
илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдону-
лушу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.
     4. Ишке  протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык
каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.
     5. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумушчу күндөн кечикти-
рилбестен таризделүүгө жана басып чыгарылууга тийиш.
     6. Протоколго  Конституциялык соттун жыйналышына төрагалык кылуучу
жана катчы-судья кол коет. 
 
     33-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу
 
     1. Конституциялык  соттун,  жыйналыштын  катышуучуларынын  беделин
коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүнүн нормалдуу жүрүшүн камсыз кы-
луу максатында  Конституциялык сот тарабынан төмөнкүдөй формалардын би-
ринде көрүнүүчү  ар  бир укук бузгандык үчүн адамдарды сот жыйналышынын
залынан чыгарууга, же болбосо аларга эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген
өлчөмүнө чейин айып салууга жол берилет:
     1) кандай  формада  болбосун конституциялык эмес ырастоолорду жана
чакырыктарды жарыя кылгандык;
     2) соттун  процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөт-
көндүк;
     3) ишти  даярдоо  жана кароо процессинде Конституциялык соттун та-
лаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбай койгондук же өз уба-
гында аткарбагандык;
     4) жүйөлүү себепсиз келбей  койгондук  же  келбей  коюунун  себеби
жөнүндө Конституциялык сотко билдирбегендик;
     5) Конституциялык  соттун жыйналышынын тартибин бузгандык, Консти-
туциялык соттун  судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык сотто кабыл
алынган жол-жоболорду жана этикет эрежелерин этибарга албагандык;
     6) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз
алдынча бузгандык;
     7) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.
     2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынын
процессинде айкындалса,  процесстик коргоо чаралары Конституциялык сот-
тун протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат.
     3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.
     4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө кабардаманы алган күндөн тартып
беш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттө
айыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык соттун айып
салуу жөнүндө  чечими  Конституциялык  соттун жыйналышынын протоколунун
көчүрмөсүнүн негизинде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер бо-
юнча өндүрүштүн эрежелерине ылайык мажбурлап аткартылат. 
 
                                6-глава
                    Конституциялык соттун актылары
 
     34-берене. Конституциялык соттун актыларынын түрлөрү
 
     1. Конституциялык  сот  актыларды чечим, корутунду, сунуштама жана
аныктама түрүндө кабыл алат.
     2. Конституциялык  сот кайрылууларды кароонун натыйжасында Консти-
туциянын 85-беренесинин  3-пунктунун  1  жана 2-пунктчаларында каралган
ыйгарым укуктар  боюнча  чечим,  ал  эми  аталган берененин 3-пунктунун
3-5-пунктчаларында каралган  ыйгарым  укуктар  боюнча  корутунду  кабыл
алат.
     3. Конституциялык соттун актылары Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын атынан  чыгарылат  жана аларга Конституциялык соттун төрагалык
кылуучусу жана судьялары кол коет.
     4. Конституциялык  соттун  башка  актылары  протоколдук  же өзүнчө
аныктама түрүндө кабыл алынат.
     5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын конкрет-
түү бузгандык  айкындалганда  Конституциялык сот буга жол берген компе-
тенттүү органдарга жана кызмат адамдарына сунуштама чыгарат, анда алар-
дын көњүлүн  айкындалган  укук  бузгандыкка жана бир айлык мөөнөттө аны
жоюунун жана  кабыл алынган чаралар жөнүндө билдирүүнүн зарылдыгына бу-
рат. 
 
     35-берене. Конституциялык соттун актыларын кабыл алуунун тартиби
 
     1. Конституциялык  соттун  актылары  кењешме бөлмөсүндө ачык добуш
берүү менен кабыл алынат.
     2. Кењешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз пози-
цияларын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз позицияларын так-
тоону өтүнө алат.
     3. Конституциялык  соттун иш мањызы боюнча чечилип жаткан кењешме-
синин мезгилинде башка жактардын катышуусуна жол берилбейт.
     4. Судья добуш берүүдөн карманууга же ага катышпай коюуга укуксуз.
Төрагалык кылуучу бардык учурларда өз добушун акыркы болуп берет.
     5. Конституциялык сот кайрылууда билдирилген талаптарды толугу ме-
нен же жарым-жартылай канааттандырганда же болбосо канааттандырбай кал-
тырганда иш мањызы боюнча чечилди деп эсептелет.
     6. Конституциялык соттун актысы, эгерде аны жактап сот жыйналышын-
да катышып  олтургандардын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды деп эсеп-
телет. Бир  дагы  сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда төрагалык кылуучу
добуштардын кыйла көбүрөөгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.
     7. Добуштар тењ чыгып калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген
акт кабыл алынат.
     8. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тий-
иш.
     9. Конституциялык соттун актылары дароо чыгарылат жана жарыя кылы-
нат. Өзгөчө  учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөөлөнгөн актыны түзүү
он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок резолюци-
ялык бөлүк ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.
     10. Конституциялык  соттун чечими акыркы болуп саналат жана датта-
нууга жатпайт. 
 
     36-берене. Конституциялык соттун актысынын мазмуну
 
     Конституциялык соттун  актысында каралып жаткан иштин мүнөзүнө жа-
раша төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
     1) актынын аталышы, чыгарылган датасы жана орду;
     2) Конституциялык соттун чечим чыгарган курамы, жыйналыштын катчы-
сы;
     3) тараптар жана алардын өкүлдөрү;
     4) талаптардын предмети, аны кароонун себептери жана негиздери;
     5) Конституциялык соттун бул маселени кароо укугун аныктаган Конс-
титуциянын жана Конституциялык сот жөнүндө мыйзамдын ченеми;
     6) тараптардын жүйөөлөрү;
     7) Конституциялык сот белгилеген жагдайлар;
     8) конституциялуулугу  текшерилип жаткан ченемдик актынын так ата-
лышы, аны жарыялоонун же алуунун булагын көрсөтүү менен;
     9) конституциялуулугу текшерилип жаткан органдын же кызмат  адамы-
нын чечими;
     10) Конституциялык сот чыгарган актынын пайдасындагы жүйөөлөр жана
башка пикирлерди четке кагуучу жүйөөлөр;
     11) Конституциялык сот жетекчиликке алган Конституция ченеми;
     12) соттун каралган иштин мањызы боюнча тыянагы;
     13) чечимдин акыркы экендигине жана аны аткаруунун милдеттүүлүгүнө
карата көрсөтмө. 
 
     37-берене. Конституциялык соттун судьясынын өзгөчө пикири
 
     Конституциялык соттун  актысы  менен макул болбогон Конституциялык
соттун судьясы өзүнүн пикирин жазуу жүзүндө баяндоого жана аны ишке ко-
шууга укуктуу. 
 
     38-берене. Кошумча чечим
 
     1. Конституциялык  сот өз демилгеси боюнча, жыйналыштын катышуучу-
ларынын өтүнүчү боюнча же чечимди аткарууга милдеттүү жактардын өтүнүч-
төрү боюнча кошумча чечим кабыл алат, эгерде:
     1) Конституциялык  соттун  чечимин түшүндүрүп берүү жөнүндө маселе
коюлса;
     2) Конституциялык соттун чечиминде аталыштарда жана белгилемелерде
кетирилген так эместиктерди, калып калууларды, эсептик жана редакциялык
мүнөздөгү башка айкын каталарды оњдоо зарыл болсо.
     2. Кошумча  чечим Конституциялык соттун чечиминин нагыз мазмунуна,
мањызына жана максатына карама-каршы келбөөгө тийиш.
 
     39-берене. Конституциялык соттун актыларын аткаруу
 
     1. Конституциялык  соттун  актылары  жарыя кылынган учурдан тартып
күчүнө кирет.
     2. Конституциялык соттун актысы - тараптарга, ченемдик укуктук ак-
тылары кароонун  предмети  болгон  мамлекеттик  органдарга  жана кызмат
адамдарына жиберилет  жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту-
нун Жарчысы" журналында жана расмий басылмаларда жарыяланат.
     3. Эгерде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун чечими ме-
нен ченемдик  акт  толук же жарым-жартылай түрдө Кыргыз Республикасынын
Конституциясына ылайык  келбейт деп табылса же болбосо Кыргыз Республи-
касынын Конституциялык  сотунун  чечиминен улам укуктук жөнгө салуудагы
боштукту четтетүүнүн зарылдыгы келип чыкса:
     1) Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Конститу-
циялык сотунун чечими жарыялангандан кийин үч айдан кечиктирбестен Кыр-
гыз Республикасынын Жогорку Кењешине жањы конституциялык мыйзамдын дол-
боорун же  мыйзамдын долбоорун же өз ара байланыштагы бир катар мыйзам-
дардын долбоорлорун,  же  болбосо конституциялык эмес деп табылган мый-
замдын айрым бөлүктөрүнө өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизүү жө-
нүндө мыйзамдын  долбоорун  киргизет. Аталган мыйзам долбоорлору Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кезексиз тартипте каралат;
     2) Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Өкмө-
тү Кыргыз  Республикасынын Конституциялык сотунун чечими жарыялангандан
кийин эки  айдан кечиктирбестен жањы ченемдик актыны кабыл алат же бол-
босо айрым  бөлүгүндө  конституциялык эмес деп табылган ченемдик актыга
өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизет. 
 
     40-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө
 
     1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
     2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
     - "Кыргыз  Республикасынын  конституциялык  сот  өндүрүшү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын  Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-
нин Ведомосттору, 1994-ж., N 2, 48-ст.);
     - "Кыргыз  Республикасынын  конституциялык  сот  өндүрүшү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын  Мыйзамын ишке киргизүү тууралуу" Кыргыз Респуб-
ликасынын Жогорку Кењешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке-
њешинин Ведомосттору, 1994-ж., N 2, 49-ст.). 
 
     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев