Бишкек шаары
2009-жылдын 15-июлу № 207
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (окулчулукторду)
мамлекеттик каттоо жонундо" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына озгортуу киргизуу тууралуу
2009-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик
каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы,
2009-жыл, 3-март, № 15) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баян-
далсын:
"Юридикалык жакты түзүү жөнүндө чечимге уюштуруучу (уюштуруучулар)
кол коет. Ушул статьянын 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтер түздөн-түз
уюштуруучу (уюштуруучулар) тарабынан берилген учурда уюштуруучунун
(уюштуруучулардын) - жеке жактын (жеке жактардын) кол тамгасын милдет-
түү түрдө нотариалдык түрдө күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
Юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы юридикалык
жактын мөөрү менен бекитилүүгө же нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлүүгө
тийиш.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга
ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев