КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 26-январы № 30
Жайыттар жөнүндө
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254,
2016-жылдын 7-майындагы № 56 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2022-жылдын 5-августундагы № 85
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Кыргыз Республикасынын жайыттар жөнүндө мыйзамдары
Жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Мамлекеттик токой фондунун жайыттарынан тышкары жайыттарды башкаруу, аларды жакшыртуу жана пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин талаптарына жана ушул Мыйзамга ылайык келиши керек.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Жайыт - мал жайып оттотулуучу жана жерди эсепке алуу маалыматтарында чагылдырылган дагы башка максаттарга пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - жайыттарды башкаруу жагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган мамлекеттик орган.
Жайыттардын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссия - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен убактылуу түзүлгөн мамлекеттик комиссия.
Жайыт инфраструктурасынын объекттери - курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал айдап өтүүчү трассалар, мал туруучу жана сугаруучу аянттар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү бактар, жайылуучу мал жана анын мезгилдүү туруусу үчүн арналган кашарлар жана тосулган жерлер, малчылардын тиешелүү курулмалары, жайыттарды күтүү жана аларды иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк.
Оптималдуу жүк - малды жайыт чөбүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана экологиялык бүтүндүгүнө зыян тийгизбестен жаюуга мүмкүндүк берилүүчү аянтка бөлүнгөн мал башынын саны.
Жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары.
Жайыт пайдалануучулардын бирикмеси - жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймагындагы жайыттарды пайдаланууга карата тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жайыт пайдалануучуларынын таламдарын талашуучу коомдук уюм.
Жайыт комитети - жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин аткаруу органы.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы - мамлекеттик менчиктеги жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча 5 жылдык мөөнөттү камтыган план.
Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагындагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план.
Жайыт белети - жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу укугун бере турган жана жайыт пайдалануучуну жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөсүнүн жайыт пайдалануу статусуна ээ кылуучу документ.
Жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттар үчүн пайдалануу, аларга аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) байланыш курулмаларын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет, бирок ушуну менен эле чектелбейт.
Мал айдап өтмө жолдор - жайыттар ортосунда малды айдап өтүү же өткөрүү үчүн жайыт комитети тарабынан аныкталган жайыт участоктору.
Жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын системасы.
Шалбаалантуу - ар түрдүү чарбалык пайдалануудагы жайыт чөбүн өстүрүү максатында көп жылдык чөптөрдү айдоо.
Жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - чымды толук бузбастан, маданий жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Жайыттарды түп-тамырынан жакшыртуу - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар.
Маданий жайыттар - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз каралган, жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт участоктору.
Тоют өсүмдүктөрү - мал үчүн тоютка пайдалануу максатында өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрү.
Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн, чөп баскан айыл чарба жери.
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу - жайыт инфраструктура объекттерин реконструкциялоого, оңдоого, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар.
Асылдуулугу төмөн жайыттар - тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чабындылар жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жайыттар.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 107, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76, 2022-жылдын 5-августундагы № 85 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жайытка болгон менчик укугу жана анын чектерин аныктоо
1. Жайыттар Кыргыз Республикасынын менчигинде гана турат.
2. Жайыттардын чектери учурдагы администрациялык-аймактык бирдиктердин чектерин эске алуу менен мурдагы советтик жана коллективдик чарбалардын чектери боюнча бөлүштүрүүнүн негизинде белгилениши керек.
Ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилүүчү жайыт участокторунун чектерин белгилөө процессинде чектери талаш-тартыштарды пайда кылган учурда төмөнкүдөй белгиленет:
- колхоздорго жана совхоздорго мамлекеттик акт боюнча пайдаланууга берилген жерлердин чектеринде;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин чектерин аныктоо боюнча материалдарга ылайык колхоздор жана совхоздор узак убакытка пайдаланган мамлекеттик жер запастарынын курамына кирген жерлердин чектеринде.
Мамлекеттик токой фондусунун курамына 1997-жылдын 15-апрелинде кайтарылган токой фондусунун жерлерине ушул бөлүктүн төртүнчү абзацынын жоболору жайылтылбайт.
3. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4. Жайыттардын чектерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрация түзгөн жергиликтүү комиссия тарабынан жүргүзүлүшү керек. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш ар бир аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин өкүлдөрү, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чектеш аймактарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин өкүлдөрү, облустук мамлекеттик администрациянын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер жайгаштыруу боюнча адистери кирет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык түзүлгөн комиссиялар же облустук жумушчу топтордун комиссиялары чече албаган талаш-тартыштарды чечүүгө ыйгарым укуктуу, жайыттардын чектерин белгилөөгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жайыттын чектерине карата акыркы сунуштарды даярдоону камсыз кылуучу мамлекеттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Бул комиссия ар бир облуста жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда жайыттардын чектери боюнча талаш-тартыштарды жөнгө салууга ыйгарым укуктуу жумушчу топторду түзүүгө жана, жергиликтүү айылдык аймактардын администрациялык-аймактык бирдиктеринин учурдагы чектерин эске алуу менен, ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү комиссиялар менен аныкталган жайыттын чектерин бекитүүгө жана мамлекеттик комиссияга берүүгө укуктуу.
51. Өз убагында мамлекеттик актынын негизинде колдонууга өткөрүлүп берилген мамлекеттик жер запасынын курамына кирген жайыттар, жерлердин чектери жергиликтүү айылдык аймактардын ушул администрациялык-аймактык бирдиктерине ылайык тиешелүү айылдык аймактын карамагына кирет. Мамлекеттик актынын мөөнөттөрүнө ылайык жайыт белетин милдеттүү сатып алууда тиешелүү айылдык аймактардын жайыт пайдалануучуларына (жайыт комитеттерине) жайыттар пайдаланууга берилиши мүмкүн.
6. Жайыттардын чектерин бекитүү жайыттын чектерин белгилөө боюнча мамлекеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүргүзүлөт.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
31-берене. Жайыттарды пайдалануу
1. Жайыттарды пайдалануу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Жайыттарды мал жаюу үчүн пайдалануу жайыт белеттеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жайыттарды башка максаттарда пайдалануу тууралуу келишимдердин негизинде жүзөгө ашырылат.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктары
1. Тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүгө укуктуу.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, ошондой эле алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду бекитет.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды пайдалануу боюнча ишмердигине, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Жайыт пайдалануучулар бирикмеси
1. Жергиликтүү жамаат ушул аймактык бирдиктин мал ээлеринин жана башка жайыт пайдалануучулардын жайыттарды пайдалануу жана аларды жакшыртуу боюнча таламдарын талашууга жайыт пайдалануучулар бирикмесин түзөт.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмелери коомдук аймактык өзалдынча башкаруу органы катары уюштурулушу мүмкүн жана юстиция органдарында юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.
3. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү бирикмеден ушул Мыйзамдын жоболорунун аткарылышын, ошондой эле аларга бирикменин иши жөнүндө кандай гана болбосун маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.
4. Жайыт пайдалануучулар бирикменин алдында жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1. Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болуп жайыт комитети эсептелет.
2. Жайыт комитети жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнөн, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, курчап турган чөйрө жана токой чарба маселелери боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчыларынан турат.
Жайыт комитети жайыт пайдалануучулар бирикмесинин учурдагы иштерине жетекчиликти жүзөгө ашырат.
3. Жайыт комитетинин мүчөлөрү бирикменин жалпы чогулушунда жайыт пайдалануучулардын өкүлдөрүнүн ичинен үч жылга шайланат. Жайыт комитетинин төрагасы тиешелүү айылдык аймактын башчысынын сунушу боюнча жайыт пайдалануучулардын добуштарынын көпчүлүгү менен шайланат..
4. Жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн саны так эмес болушу керек.
5. Жайыт комитетинин ыйгарым укуктары:
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын иштеп чыгуу;
- жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгуу;
- жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча боюнча жамааттын планынын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын жоболорун ишке ашыруу;
- жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү;
- жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыт белеттерин берүү, ошондой эле жайыттарды башка максаттарда пайдалануу жөнүндө келишимдерди түзүү;
- жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмүн аныктоо, аларды жергиликтүү кеңеште милдеттүү бекитүү;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында жайыттарды пайдаланууга тийиштүү талаш-тартыштарды чечүү;
- жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу;
- бирикменин жалпы чогулушунун компетенциясына гана таандык маселелерди кошпогондо, бирикменин учурдагы ишин жетектөөнүн башка маселелери.
6. Жайыт комитетин түзүү тартиби жөнүндө, ишин уюштуруу жөнүндө, жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануу боюнча жылдык планды иштеп чыгуунун тартиби, жайыттарды пайдалануу үчүн жыйымды белгилөөнүн тартиби жөнүндө типтүү жоболор, Кыргыз Республикасынын жайыт жерлерине малды жаюу ченемин аныктоо тартиби, жайыттардын абалына жана сапатына мамлекеттик стандарттарды жана мониторингин баалоонун ыкмаларын аныктоо тартиби, ошондой эле жайыттарды башкаруу жана пайдалануу маселелери боюнча жоболор, нускамалар, эрежелер жана башка ченемдик укуктук актылар жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
7. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык планын иштеп чыгууда жана жүзөгө ашырууда жайыт комитети квалификациялуу адистерди, ошондой эле тиешелүү мекемелерди жана уюмдарды тартууга укуктуу.
8. Жайыт комитети өз ишинин бардык маселелери боюнча жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушуна отчет берет.
9. Бирикмеге кирген жайыт пайдалануучулардын чейрегинин талабы боюнча жайыт комитетинин компетенциясына таандык кандай гана маселе болбосун жайыт пайдалануучулардын жалпы чогулушунун кароосуна киргизилиши мүмкүн.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы
1. Жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын планында жайыттарды туруктуу пайдаланууну жана бардык пайдалануучуларды алардын укуктары жана милдеттери жөнүндө кабарлануусун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон негизги бардык маалымат камтылат.
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын түзүүдө жайыт комитеттери жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планын бекитүү учуруна бул органдардан келип түшкөн маалыматтарга ылайык курчап турган чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын пландарын эске алууга милдеттүү.
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына төмөнкүдөй компоненттер кирет:
- жайыттардын чектери, пайдалануудан чыгарылган аянттар жана корголуучу аянттар, мал айдап өтмө жолдор, сугаруучу жайлар жана жайыт инфраструктурасынын маанилүү башка объекттери, жайыттардын абалы жана жайыттын бардык участокторунун сапаты белгиленген карталар;
- оптималдуу жүк;
- жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү жана реконструкциялоо боюнча пландар;
- жайыттарды башкаруу, пайдалануу, аларды жакшыртуу жана 5 жылдык мөөнөткө чейин реабилитациялоо боюнча орто мөөнөттүү план;
- жылда жаңылануучу жайыттарды башкаруу жана пайдалануу планы;
- жайыттарды башка максаттарда башкаруу жана пайдалануу планы.
3. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планы, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин бардык жайыт пайдалануучулар тарабынан аткарылууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-берене. Жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы
1. Жайыт комитети жыл сайын жайыттарды пайдалануунун планын иштеп чыгат, ал жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планына тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- пландаштырылган жылга жайыт белеттери бар жайыт пайдалануучулардын тизмесин;
- пландаштырылган жылга жайыт белети берилген малдын тизмеси жана алардын ээлеринин-малчыларынын тизмесин;
- жаныбарлардын ылаңдуу, ылаңдуу эместигине (эмдөө, дары сууга чөмүлтүү ж.б.) карата чаралардын тизмегин, аларды жайыт пайдалануунун шарттары катары жайыт пайдалануучулар сактоого тийиш;
- жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган иш-чаралардын тизмеги;
- мал жаюунун мезгилдүү маршруттарын, жайыт жүгүртүүнү, малдын кыймылын, мал айдап өтмө жолдорду жана пайдаланылуучу кашааларды белгилөөчү картаны жана календардык графикти;
- ишмердиктин аларга уруксат берилген түрлөрүн, ошондой эле аларга аталган иш-чараларды жүргүзүүгө уруксат берилген жерлерди көрсөтүү менен жайытка чыгаруу максатынан тышкары пайдаланылуучу адамдардын тизмесин;
- жайыт пайдалануунун бардык түрлөрү боюнча акы төлөө графигин.
2. Жайыттарды пайдалануунун жылдык планы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы бекиткенден кийин аткарылууга милдеттүү.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Жайыт пайдалануучуларга салык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
10-берене. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым
1. (КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Жайыт белеттери жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тиешелүү жыйымдар төлөнгөндөн кийин жайыт комитети тарабынан берилет.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жайыт белети үчүн жыйымды бөлүп төлөөгө жол берилет, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын жалпы көлөмүнүн 50 пайызынан кем эмеси учурдагы жылдын 15-апрелинен кечиктирилбестен, ал эми калган бөлүгү - 1-ноябрынан кечиктирилбестен төлөнөт. Жыйым өз убагында төлөбөгөн учурда, мөөнөтү өткөрүлгөн ар бир күн үчүн Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине ылайык туум кошулуп эсептелет.
3. Жайыт жерлерин пайдаланууга укук алуу үчүн жыйымдын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуу жүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес аныкталып, жайыт пайдалануунун жылдык пландарына киргизилет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
4. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым малдын башына жана үй жаныбарлардын түрлөрүнө жараша белгиленет жана өзгөртүлөт.
5. Жайыттарды башка максаттарда пайдаланганы үчүн жыйым төмөнкүдөй аныкталат:
- иши жайыт кыртышын бузууга алып келген участоктордо - мыйзамдарда белгиленген айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын ченемдерине ылайык;
- иши мал жаюуну болтурбоочу, бирок жайыт кыртышын бузууга алып келбеген участоктордо - мал жаюу үчүн бул участокту пайдалануу үчүн жыйымга барабар өлчөмдө;
- иши мал жаюуну алып салбаган жана жайыт кыртышы бузулбаган участоктордо жыйым алынбайт.
6. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7. (КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
11-берене. Жайыт пайдалануу үчүн каражаттарды пайдалануу
Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт жана жайыт жерлерин пайдалануу үчүн келип түшкөн каражаттардын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү жайыттарды пайдалануунун жылдык планына ылайык жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртууга, ошондой эле жайыт комитетин күтүүгө пайдаланылат.
(КР 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Ижаралоо укугун жайыт белетине алмаштыруунун тартиби
1. Мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин ижаралоого катталган укугу бар, жайыт пайдалануунун белгиленген тартибин мурда сактаган жайыт пайдалануучуларга ушул Мыйзам колдонууга киргизилгенден кийин өзүнүн ижаралоо укугун ижарада камтылган жайыт аянттарынын оптималдуу жүгүнө ылайык малдын максималдуу санын жаюуну жабуучу жайыт белетине милдеттүү түрдө алмаштырылат.
2. Жайыттарды пайдаланууну жөнгө салуучу мурда белгиленген укуктук жол-жоболорго ылайык түзүлбөгөн же катталбаган жайыт ижаралоо жараксыз деп табылат.
3. Жайыт белети болбогон учурда жайыттар максаттуу багытта пайдаланылбаган катары алып коюулууга тийиш.
13-берене. Жайыттардын абалына баа берүү жана аларды башкарууну контролдоо
1. Жерлердин мониторингин жүргүзүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ар жыл сайын жайыт жерлеринин абалына баа берүүнү жүзөгө ашырат.
2. Баа берүүнүн натыйжалары жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилет.
2-1. Ыйгарым укуктуу орган жайыттардын табигый абалынын сакталышын контролдойт. Жайыттардын табигый абалынын бузулушуна жол берилген учурда (жаратылыш кырсыктарын эсепке албаганда) күнөөлүүлөр Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилигине тартылышат.
3. Алынган маалыматтарды кароонун натыйжалары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жайыттардын абалынын начарланышына алып келүүчү бузууларды четтетүү тууралуу эскертмелерди жиберет.
(КР 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2016-жылдын 7-майындагы № 56 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
14-берене. Жайыт жерлерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын менчигиндеги гана жайыт жерлерди пайдалануу маселелерин жөнгө салуу боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды аныктайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- жайыттарды пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын программаларын жана мыйзамдарын ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик стандарттарды жана жайыттардын мониторингин, абалын жана сапатын баалоо ыкмасын аныктоо;
- жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүүнүн программасынын ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
- жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча типтүү жоболорду, нускамаларды, эрежелерди жана башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле усулдук материалдарды иштеп чыгуу;
- жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын пландарын жана жайыттарды пайдалануунун жылдык пландарын колдонууга мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жайыт комитетине жайыттарды пайдаланууда техникалык жана башка жардам көрсөтүү;
- жайыт пайдалануучулардын бирикмелери тарабынан жайыттарды пайдаланууну контролдоонун жүзөгө ашырылышы.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254, 2020-жылдын 10-июлундагы № 76 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-берене. Жайыттарды ижаралоого тыюу салуу
Жайыттарды ижарага жана субижарага берүүгө жол берилбейт.
16-берене. Жайыттарды пайдалануу укугун мамлекеттик каттоо
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жайыттарды пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган чектердин алкагында белгиленген тартипте милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
2. Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылдан ашык пайдалануу укугу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында мамлекеттик каттоодон милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш.
Жайыт белетинин негизинде жайыттарды үч жылга жетпеген мөөнөткө пайдалануу укугу белет алуучунун каалоосу боюнча катталышы мүмкүн.
3. Чектери ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык белгиленүүчү жер участокторуна укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырууда мамлекеттик каттоо органы кошумча изилдөөлөрдү жүргүзбөстөн алынган көрсөткүчтөргө ылайык чектерди белгилөөнү жүзөгө ашырат.
(КР 2011-жылдын 11-июлундагы № 91, 2011-жылдын 28-декабрындагы № 254 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-берене. Талаш-тартыштарды чечүү
Талаш-тартышка тиешеси бар кандай тарап болбосун жайыт комитетинин чечими менен макул болбогон учурда талаш-тартыш ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аркылуу сүйлөшүү жолу менен чечет. Эгерде макулдашууга жетишилбесе, талаш сот тартибинде чечилет.
18-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
Кызмат адамдары, жайыт комитетинин мүчөлөрү жана жайыт пайдалануучулар ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
19-берене. Ушул Мыйзамды ишке киргизүү тартиби
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |