Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\b32ab187-3f4e-4c68-95c7-98470634d08f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 17-июлу № 224

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302, 2012-жылдын 29-февралындагы № 9,
2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2013-жылдын 3-августундагы № 182
2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 14-ноябрындагы 152,
2015-жылдын 28-июлундагы № 201, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын прокуратурасын уюштуруунун жана ишинин тартибин аныктайт.

 

I бөлүм
Жалпы жоболор

 

1-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы

 

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин укуктук негиздери

1. Прокуратура органдарынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун (мындан ары - Башкы прокурор) укуктук актылары түзөт.

2. Прокуратурага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган функцияларды аткаруу жүктөлүшү мүмкүн эмес.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ишинин максаты жана негизги багыттары

1. Мыйзамдын үстөмдүгүн, мыйзамдуулуктун биримдүүлүгүн жана чыңдалышын, ошондой эле коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын прокуратурасы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) аткаруу бийлигинин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамдардын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү;

2) изин суутпай издөө ишин, тергөөнү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;

3) жазык иштери боюнча соттордун чечимдерин аткарууда, ошондой эле жарандардын жеке эркиндигин чектөөгө байланышкан мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды колдонууда мыйзамдардын сакталышы үчүн көзөмөлдү;

4) мыйзам менен аныкталган учурларда сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүл болууну;

5) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;

6) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону.

2. Прокурорлор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык соттордун иштерди кароосуна катышат, соттордун мыйзамга карама-каршы келген чечимдерине, өкүмдөрүнө, аныктамаларына жана токтомдоруна карата сунуш киргизишет.

3. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы укук жаратуучу ишке катышат.

4. Кыргыз Республикасынын прокуратурасы атайын басылмаларды чыгарат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Прокуратураны уюштуруунун жана ишинин принциптери

1. Прокуратура төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурорго жана Башкы прокурорго баш ийген органдар менен мекемелердин бирдиктүү системасын түзөт.

2. Прокурорлордун баш ийиши төмөндөгүлөрдү камтыйт:

1) жогору турган прокурорлордун уюштуруу жана иш маселелери боюнча көрсөтмөлөрүнүн төмөн турган прокурорлор үчүн милдеттүүлүгүн;

2) кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн төмөн турган прокурорлордун жогору турган прокурордун алдында жоопкерчиликтүүлүгүн;

3) жогору турган прокурорлордун төмөн турган прокурорлордун аракеттерине жана актыларына даттанууларды чечүүсүн;

4) төмөн турган прокурорлордун актыларын жогору турган прокурорлордун жокко чыгаруусун, кайра чакыртып алуусун же өзгөртүүсүн.

3. Прокуратура органдары:

1) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарга көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ченемдик укуктук актыларга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге так ылайык келген ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат;

2) кимдер тарабынан болбосун мыйзамды бузууларга бөгөт коюу, бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана мындай бузууларга жол берген адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча чара көрөт;

3) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо жөнүндө мыйзамдардын, ошондой эле мамлекеттик жашыруун сырларды жана мыйзам менен корголуучу атайын жашыруун сырларды коргоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына карама-каршы келбеген өлчөмдө ачык айкын иштейт;

4) мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле калкка белгиленген тартипте маалымат берет.

4. Прокурордук чара көрүү актылары, прокурордун жана тергөөчүнүн мыйзамда белгиленген негизде жана тартипте коюлган талаптары мамлекеттик бийликтин бардык органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле жарандардын аткарышы үчүн милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Прокуратура органдарынын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

1. Прокуратура органдарынын ишине кийлигишүүгө тыюу салынат.

Прокурорго анын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырышына же анын мыйзамсыз чечим кабын алышына кандай формада болбосун тоскоолдук келтирүү максатында таасир этүү, ошондой эле прокурорлордун сунуштарын, көрсөтмөлөрүн, эскертүүлөрүн аткарбоо мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.

2. Прокурор, прокуратура органдарынын тергөөчүсү, эгерде андай учурлар жана тартиби мыйзамда белгиленбесе, өзүнүн өндүрүшүндөгү иштердин жана материалдардын маңызы боюнча кандайдыр-бир түшүндүрмөлөрдү берүүгө, ошондой эле тааныштыруу үчүн ким болбосун аларды көрсөтүүгө милдеттүү эмес. Прокурордун уруксатысыз өндүрүштө турган текшерүүлөрдүн жана иштердин материалдарын алар аяктаганга чейин жарыялоого эч ким укуктуу эмес.

6-берене. Прокуратура органдарында кайрылууларды кароо жана чечүү

1. Прокуратура органдарында алардын ыйгарым укуктарына ылайык мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузуулар жөнүндө маалыматтарды камтыган кайрылуулар чечилет. Прокурор кабыл алган чечим жогору турган прокурорго даттанылышы мүмкүн жана өзүнүн укуктарын коргоо үчүн адамдын сотко кайрылуусуна тоскоолдук келтирбейт.

2. Прокуратура органдарына келип түшкөн кайрылуулар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттө каралат. Кайрылууга берилген жооп жүйөлүү болууга тийиш. Эгерде арызды же даттанууну канааттандыруудан баш тартылса, арыз ээсине кабыл алынган чечимге даттануунун тартиби, ошондой эле сотко кайрылуу укугу түшүндүрүлүүгө тийиш.

3. Кайрылууларды чечимдерине же болбосо аракеттерине даттанылган органга же кызмат адамына кайра жөнөтүүгө тыюу салынат.

4. Анонимдүү кайрылуулар прокуратура органдарында каралбайт.

7-берене. Прокурордун аракеттерине жана прокурордук чара көрүү актыларына даттануу

1. Прокурордун аракеттери жана прокурордун чара көрүү актылары жогору турган прокурорго же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн. Прокурордук чара көрүүнүн талаптарына жана актыларына даттануу алардын аткарылышын токтотпойт.

2. Сот же болбосо жогору турган прокурор прокурордук чара көрүү аракеттерине же актыларына даттануу боюнча чечим чыгарууга чейин алардын аткарылышын токтото турушу мүмкүн.

3. Жогору турган прокурор жарандардын жана (же) юридикалык жактардын кайрылуулары боюнча же болбосо өзүнүн демилгеси менен төмөн турган прокурордун прокурордук чара көрүү актысын жокко чыгарышы же болбосо кайра чакыртып алышы мүмкүн.

8-берене. Прокурорлордун мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышуусу

1. Башкы прокурор, анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, алардын комитеттеринин жана комиссияларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

2. Областтын, шаардын, райондун прокурору, ага теңештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары жана алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын коллегиясынын жыйналыштарына, тийиштүү жана төмөнкү деңгээлдеги жергиликтүү кеңештердин жыйналыштарына катышууга укуктуу.

3. Прокурор, анын орун басары, ошондой эле алардын тапшырмасы боюнча башка прокурорлор алар киргизген сунуштарды жана каршылык билдирүүлөрдү соттордун, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын кароосуна катышууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

9-берене. Эл аралык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы өзүнүн компетенциясынын чегинде:

1) башка мамлекеттердин тийиштүү органдары жана эл аралык уюмдар менен түздөн-түз байланышты жүзөгө ашырат, алар менен кызматташат;

2) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин иштеп чыгууга катышат;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге (макулдашууларга) ылайык укуктук жардам көрсөтүүгө байланышкан маселелерди чечет.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

II бөлүм
Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы жана уюштурулушу

 

10-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасы

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы (мындан ары - Башкы прокуратура);

2) Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы (мындан ары - Аскер прокуратурасы);

3) областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратурасы;

4) райондук (шаардык) жана аларга теңештирилген: адистештирилген прокуратуралар, гарнизондордун аскердик прокуратуралары;

5) илимий жана билим берүү мекемелери, басылмалардын редакциялары.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын органдары менен мекемелери социалдык-тиричилик жана чарбалык багыттагы оперативдүү башкаруу объекттерине ээ болушат.

3. Адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскердик прокуратураларын, райондук (шаардык) прокуратураларды түзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен макулдашуу боюнча Башкы прокурор тарабынан чечилет.

4. Адистештирилген прокуратураларды, гарнизондордун аскер прокуратураларын, райондук (шаардык) прокуратураларды кайра уюштуруу жана жоюу Башкы прокурор тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Аскер прокуратурасын, областтык прокуратураларды, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратураларын түзүү же жоюу жөнүндө маселе Башкы прокурордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечилет.

11-берене. Башкы прокуратура

1. Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын жогорку органы болуп саналат, ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу Башкы прокурор башчылык кылат.

Башкы прокурор ушул Мыйзам менен каралган учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин макулдугу менен же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын үчтөн экисинин жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматынан бошотулат.

Эгерде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Башкы прокурордун кызматына сунуш кылынган талапкер добуштардын талап кылынган санын албаса, анда Кыргыз Республикасынын Президенти 14 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жаңы талапкерди сунуштайт.

2. Башкы прокурордун биринчи орун басары, орун басарлары болот, аларды Кыргыз Республикасынын Президенти Башкы прокурордун сунушу боюнча кызматка дайындайт жана андан бошотот.

3. Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы жана жардамчысы болот.

4. Башкы прокуратуранын түзүмүн башкармалыктар, бөлүмдөр түзөт, аларда начальниктердин, алардын орун басарларынын, улук прокурорлордун жана прокурорлордун, прокурор-криминалисттердин, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдүн жана тергөөчүлөрдүн, ошондой эле башкы, жетектөөчү адистердин жана адистердин кызмат орундары бекитилет.

5. Башкы прокуратурада прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишине байланышкан маселелерди кароо үчүн илимий-методикалык кеңеш уюштурулушу мүмкүн. Илимий-методикалык кеңеш жөнүндө жобо Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

12-берене. Башкы прокурордун ыйгарым укуктары жана укуктары

1. Башкы прокурор прокуратуранын толук түрдөгү бүткүл ыйгарым укуктарына ээ болот:

1) Кыргыз Республикасынын прокуратура системасын жетектейт жана анын ишине контролдоону жүзөгө ашырат;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдүктү уюштурат жана жүргүзөт;

3) мыйзам менен белгиленген тартипте сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана укуктук жардам жана кылмыштуулук менен күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине кол коет;

4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатына, судьяларга, башка адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык ишин козгоо боюнча өзгөчө компетенцияга ээ;

5) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кылмыш жасады деп айыптоо коюлган учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин иш-аракеттеринде кылмыштын белгилери бар экендиги жөнүндө корутунду берет;

6) Кыргыз Республикасынын прокуратура системасынын уюштуруу жана ишинин маселелерин жана прокуратура органдарынын жана мекемелеринин бардык кызматкерлерин социалдык жана материалдык жактан камсыз кылуу чараларын ишке ашыруу тартибин жөнгө салуучу, көрсөтүлгөн кызматкерлер милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди жана нускамаларды чыгарат;

7) Прокуратура, эмгек жана мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдарга ылайык прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жумуш убагынын режимин жана эс алуусун аныктайт.

2. Башкы прокурор төмөнкүлөрдү кызматка дайындайт жана кызматынан бошотот:

1) Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн начальниктерин, алардын орун басарларын; Башкы прокурордун улук жардамчысын жана жардамчысын; улук прокурорлорду, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн прокурорлорун, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү; криминалист-прокурорлорду; башкы, жетектөөчү адистерди жана адистерди;

2) Аскер прокурорунун сунушу боюнча Аскер прокурорунун орун басарларын, улук жардамчыларын жана аскер прокуратурасынын бөлүмдөрүнүн начальниктерин, ошондой эле аскер гарнизондорунун прокурорлорун;

3) областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлорун; алардын сунушу боюнча - аталган прокуратуралардын орун басарларын, улук жардамчыларын жана бөлүмдөрүнүн начальниктерин;

4) райондордун (шаарлардын) прокурорлорун, ошондой эле жогору турган прокурорлордун сунушу боюнча гарнизондордун аскер прокурорлорун, ошондой эле адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун.

3. Башкы прокурор мыйзамдарда белгиленген тартипте:

1) прокуратуранын кызматкерлерине атайын класстык чендерди, класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгарат;

2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;

3) аларга жогорку класстык чендерди жана аскердик наамдарды ыйгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерлерди сунуштайт;

4) прокуратура органдарынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарууга көрсөтөт.

4. Башкы прокурор төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбеген маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылууга;

2) мыйзам чыгаруучу органдарга жана мыйзам чыгарууга демилге укугуна ээ болгон органдарга мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды толуктоо, өзгөртүү, жокко чыгаруу же аларды кабыл алуу жөнүндө сунуш киргизүүгө.

5. Мыйзам тарабынан ага берилген башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

6. Башкы прокурор ушул Мыйзам тарабынан Кыргыз Республикасынын прокуратурасына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жооп берет.

7. Башкы прокурор ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин макулдугусуз камакка алынышы, сот тартибинде салынуучу администрациялык жаза чараларына тартылышы, жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13-берене. Башкы прокурордун отчеттуулугу

1. Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

2. Башкы прокурор Кыргыз Республикасындагы мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жыл сайын Президентке жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине отчет берет.

14-берене. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратуралары

1. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларын тийиштүү прокурорлор башкарат, алардын орун басарлары жана улук жардамчылары болот.

2. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокуратураларынын түзүмүн бөлүмдөр түзөт. Бөлүмдөрдө начальниктердин, алардын орун басарларынын, улук прокурорлордун жана прокурорлордун, криминалист-прокурорлордун, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдүн жана тергөөчүлөрдүн, улук тергөөчүлөрдүн жана тергөөчүлөрдүн, ошондой эле башкы адистердин, жетектөөчү адистердин жана адистердин кызмат орундары белгиленет.

15-берене. Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлорунун прокуратурага баш ийген органдарга жетекчилик кылуу боюнча ыйгарым укуктары

Областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлору:

1) өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде укук колдонуучу субъекттердин мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды, Башкы прокурордун укуктук актыларынын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырышат; ушул Мыйзамда, Башкы прокурор белгилеген тартипте өзүнүн компетенциясынын чектеринде прокуратуранын башка милдеттерин жүзөгө ашырат;

2) прокурордук көзөмөлдүктү жана башка милдеттерди жүзөгө ашыруу боюнча тийиштүү прокуратуранын ишин жетектешет;

3) өздөрүнө баш ийген кызматкерлер аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды, көрсөтмөлөрдү, тескемелерди чыгарышат;

4) бөлүмдөрдүн начальниктеринин орун басарларын, бөлүмдөрдүн улук прокурорлорун жана прокурорлорун, криминалист-прокурорлорду, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү, ошондой эле тийиштүү прокуратуралардын башкы, жетектөөчү адистерин жана адистерди; шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орун басарларын, улук жардамчыларын, жардамчыларын, улук тергөөчүлөрдү, тергөөчүлөрдү кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

5) өздөрүнүн аппараттарынын жана прокуратурага баш ийген прокуратуралардын штаттык тизмесине Башкы прокуратуранын макулдугу боюнча алардын санынын жана эмгек акы фондунун чектеринде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

16-берене. Райондордун (шаарлардын) прокуратуралары жана аларга теңештирилген прокуратуралар

Райондордун (шаарлардын) прокуратураларын жана аларга теңештирилген прокуратураларды тийиштүү прокурорлор жетектейт. Аталган прокуратураларда прокурорлордун орун басарларынын, прокурорлордун улук жардамчыларынын жана жардамчыларынын, ошондой эле улук тергөөчүлөрдүн жана тергөөчүлөрдүн, жетектөөчү адистердин жана адистердин кызмат орундары белгиленет.

17-берене. Райондордун (шаарлардын) прокурорлорунун жана аларга теңештирилген прокурорлордун ыйгарым укуктары

Райондордун (шаарлардын) жана аларга теңештирилген прокуратуралардын прокурорлору тийиштүү прокуратуралардын ишин жетектешет; жогору турган прокурорлорго өздөрүнүн аппараттарынын штаттык санын өзгөртүү жөнүндө, кадрдык өзгөртүүлөр жөнүндө сунуш киргизишет; прокуратуранын прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундарын ээлебеген кызматкерлерин кызмат ордуна дайындашат жана кызмат орундарынан бошотушат.

18-берене. Прокуратура органдарындагы коллегиялар

1. Прокуратура органдарындагы коллегия - Башкы прокурордун, Аскер прокурорунун, ошондой эле областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын прокурорлорунун алдында түзүлүүчү кеңешүүчү орган.

2. Коллегиянын курамына тийиштүү прокуратуранын прокурору (төрага), анын орун басарлары (кызмат орду боюнча) жана башка прокурорлор кирет.

3. Башкы прокуратуранын коллегиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

4. Баш ийген прокуратуралардын коллегияларынын курамы тийиштүү прокурорлордун сунуштары боюнча Башкы прокурор тарабынан бекитилет.

5. Коллегия мыйзамдуулуктун абалы, Башкы прокурордун буйруктары менен көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы, кадрларды тандоо, жайгаштыруу жөнүндө маселелерди карайт, прокурорлордун, түзүмдүк бөлүктөрдүн жетекчилеринин отчетторун, прокуратура органдарынын уюштуруу жана алардын ишинин башка маселелерин угат.

6. Коллегиянын чечими анын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

7. Коллегиялардын чечимдери тийиштүү прокурордун буйруктары жана башка укуктук актылар менен ишке ашырылат.

8. Коллегиялардын иш тартиби Башкы прокурор, тийиштүү прокурорлордун бекиткен иш регламенти менен аныкталат.

19-берене. Прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү

1. Башкы прокурордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 7 жыл, областтардын, шаарлардын, райондордун прокурорлорунуку жана аларга теңештирилген прокурорлордуку - 5 жыл.

2. Областтардын, шаарлардын жана райондордун прокурорлору администрациялык-аймактык бир региондо өзүнүн кызмат ордун катары менен эки мөөнөттөн ашык ээлей алышпайт.

3. Прокурорлор өздөрүнүн каалоосу боюнча, башка ишке которулганына байланыштуу же ден-соолугунун абалы боюнча милдеттерин аткара албай калганда, аттестациянын натыйжасы боюнча, жасаган кылмышы үчүн соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка негиздер боюнча ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

III бөлүм
Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актылары

 

20-берене. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актыларынын системасы

1. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын укуктук актыларынын системасын ушул Мыйзамдын 3-беренесине ылайык прокуратурага жүктөлгөн көзөмөлдүк жана башка ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча актылардын жыйындысы түзөт.

2. Көзөмөлдүк ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда прокурор төмөндөгү прокурордук чара көрүү актыларын колдонот: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык каршылык билдирүүнү, сунуштаманы, талап кылууну, эскертүүнү, токтомду, доо арызын, көрсөтмөнү колдонот.

3. Соттордун иштерди кароосуна катышуу менен прокурор апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк тартипте киргизилген билдирүү жасоону, сунушту, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке сунушту колдонот.

4. Мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, башка укук коргоо органдары жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүдө маалымат, кызматташтык жөнүндө макулдашуу, макулдашылган иш аракет программалары, сунуштар, рекомендациялар, башка актылар пайдаланылат.

5. Эл аралык-укуктук кызматташтык процессинде прокуратура Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзам менен белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган укуктук жардам көрсөтүү жөнүндө тапшырманы, экстрадициялоо жөнүндө өтүнүчтү, макулдашууну жана башка актыларды колдонот.

6. Прокуратура органдарындагы буйруктар, көрсөтмөлөр, тескемелер, регламент, жоболор, нускамалар уюштуруучулук-тескөөчүлүк актылар болуп саналат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Прокурордун каршылык билдирүүсү

1. Прокурор чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга карама-каршы келген, укуктук актыга карата мындай актыны чыгарган органга же кызмат адамына же болбосо жогору турган органга же жогору турган кызмат адамына, андан чоң юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү же болбосо аны жокко чыгаруу үчүн каршылыгын билдирет.

2. Каршылык билдирүү четке кагылган учурда прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

3. Каршылык билдирүү ал келип түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Анын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Мыйзамды бузууну токтоосуз түрдө четтетүүнү талап кылган өзгөчө жагдайларга прокурор каршылык билдирүүнү кароонун кыскартылган мөөнөтүн белгилөөгө укуктуу. Каршылык билдирүүнү караган учурда жана ага чейин каршылык билдирилген аткарылбаган актынын иш аракети токтотула турат.

4. Коллегиялык орган тарабынан каршылык билдирүүнү кароодо каршылык билдирген, аны кароодо катышууга укуктуу болгон прокурорго жыйналыш болуучу күн жөнүндө кабар берилет. Прокурор сотко кайрылган учурда ал сөзсүз түрдө катышуусу керек.

5. Каршылык негизсиз киргизилген учурда каршылык билдирүү ал каралганга чейин аны келтирген прокурор, же болбосо жогору турган прокурор тарабынан кайра чакыртылып алынышы мүмкүн.

22-берене. Прокурордун сунушу

1. Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуш прокурор тарабынан жол берилген укук бузууларды четтетүүгө ыйгарым укуктуу органга же кызмат адамына киргизилет жана милдеттүү каралууга тийиш.

2. Сунуш киргизилген күндөн тартын бир айдын ичиңде ченемдик укуктук актыларынын жол берилген бузулушун, аларды бузууга көмөк берген себептерди жана шарттарды четтетүү, күнөөлүү адамдарды дисциплинардык жоопкерчиликке тартуу боюнча ачык-айкын иш чаралар көрүлүүгө тийиш. Көрүлгөн иш чаралардын натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилүүгө тийиш.

3. Сунушту коллегиялык орган тарабынан кароодо прокурорго ал катышууга укугу болгон жыйналыш күнү жөнүндө билдирилет.

23-берене. Прокурордун талап кылуусу

1. Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жөнүндө талап кылуу бузуу ачыктан-ачык мүнөзгө ээ болгондо жана эгерде ал дароо четтетилбесе, жарандардын, мамлекеттин, ишкананын, мекеменин, уюмдун укугуна жана таламына олуттуу зыян келтирилиши мүмкүн болгон учурларда прокурор тарабынан киргизилет.

2. Талап кылуу укуктук ченемдик актынын бузулушуна жол берген органга же кызмат адамына, ошондой эле жаранга же болбосо баш ийүү тартибинде ченемдик укуктук актынын бузулушун четтетүүгө укуктуу жогору турган органга, же кызмат адамына берилет.

3. Талап кылууда бузулган ченемдик укуктук акт, укук бузуунун мүнөзү жана аны четтетүү боюнча чаралар тууралуу конкреттүү сунуштар көрсөтүлөт.

4. Талап кылуу 10 күндүк мөөнөттө аткарылууга тийиш. Анын аткарылгандыгы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет.

24-берене. Прокурордун токтому

1. Прокурор ченемдик укуктук актысынын бузулушунун мүнөзүнө жараша, укук бузуу боюнча жазык ишин же администрациялык, тартиптик өндүрүшүн козгоо жөнүндө жүйөлүү токтом чыгарат.

2. Прокурордун администрациялык же тартиптик укук бузуулар жөнүндө өндүрүштү козгоо жөнүндө токтому ага ыйгарым укук берилген орган же кызмат адамы тарабынан токтом кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Кароонун натыйжасы жөнүндө прокурорго жазуу жүзүндө билдирилет. Токтомго карата андан ары даттануу анын аткарылышын токтотот.

25-берене. Мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү

1. Укук бузуулардын алдын алуу максатында жана укукка жат жосундардын даярдалып жаткандыгы жөнүндө маалыматтар болсо прокурор кызмат адамдарына, уюмдардын жетекчилерине жана жарандарга мыйзамды бузууга жол берилбестик жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүсүн жөнөтөт.

2. Көрсөтүлгөн эскертүүдө баяндалган талаптар аткарылбаган учурда, андай эскертүү жөнөтүлгөн адам мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

26-берене. Сот органдарына кайрылуу

1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана жарандардын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо үчүн сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

2. Прокурордук чара көрүү актылары четке кагылган же болбосо алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралбаган учурларда прокурор органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын жараксыз деп табуу жөнүндө, ошондой эле мыйзамды бузууларды четтетүү жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.

3. Прокурордун жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттин же коомдун кызыкчылыктарын коргоо боюнча доо арызына мамлекеттик алым алынбайт.

27-берене. Прокурордун көрсөтмөсү

Прокурор өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда жазуу жүзүндө төмөндөгүдөй көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу:

1) алгачкы текшерүү жана тергөө органдарына кылмыш жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү текшерүүгө, жазык ишин козгоого жана тергөөгө байланыштуу;

2) жазаны жана сот дайындаган мажбурлоочу мүнөздөгү чараларды аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрацияларына, ошондой эле кармалгандарды жана камакка алынгандарды кармоо жайларынын администрацияларына алардагы адамдарды кармоонун мыйзамда белгиленген тартибин жана шарттарын сактоо жөнүндө;

3) мыйзамда каралган башка учурларда.

28-берене. Апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк тартиптеги сунуштар. Прокурордун жеке сунушу

Прокурор өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте жогору турган сотко апелляциялык, кассациялык, көзөмөлдүк тартипте мыйзамсыз же негизсиз чечимге, өкүмгө сунуш жана соттун токтомуна, аныктамасына карата жеке сунуш киргизет.

29-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын мажбурлап аткаруу чаралары

1. Прокурордук чара көрүү актылары ыктыярдуу түрдө аткарылбаган учурда, мүлкүнөн мажбурлап ажыратууну караган башка учурларды кошпогондо, прокурордун талаптарын мажбурлоо менен аткартуу жөнүндө прокурор токтомун чыгарууга жана аны аткаруу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүүгө укуктуу.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар прокурордун тийиштүү токтомун алгандан кийин аны аткаруу үчүн токтоосуз түрдө чара көрүүгө милдеттүү.

3. Кызмат адамдары, жарандар түшүндүрмөлөр жана көрсөтмөлөр берүү үчүн прокуратура органдарына келүүдөн баш тарткан учурда прокурор мындай адамды прокуратура органына мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом чыгарууга укуктуу, ал ички иштер органдары тарабынан алынган күндөн тартып 3 сутканын ичинде аткарылат.

30-берене. Прокурордук чара көрүү актыларын жарыялоо

Өзүнүн ишинин айкын ачыктыгын камсыз кылуу үчүн прокуратура органдары жалпыга маалымдоо каражаттарыңда адамдын жана жарандын конституциялык жана мыйзам менен корголгон башка укуктарын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын бузган органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттерине карата прокурордук чара көрүү актыларын жарыялай алышат.

 

IV бөлүм
Прокурордук көзөмөл

 

1-глава
Мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук
актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөө

 

31-берене. Көзөмөлдүн предмети

1. Төмөнкүлөр көзөмөлдүн предмети болуп саналат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, кызматтар жана аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана бир түрдүү аткаруу;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу өкүлчүлүктүү органдары тарабынан чыгарылган ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле ушул беренеде көрсөтүлгөн органдар жана алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган укуктук актылардын мыйзамдарга ылайык келүүсү.

2. Мыйзамдардын аткарылышына, ченемдик укуктук актылардын мыйзамдуулугуна жана адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда прокуратура органдары башка мамлекеттик органдарды, мамлекеттик жана ведомстволук көзөмөлдүк жана контролдук органдарды алмаштыра алышпайт, текшерүү объекттеринин оперативдүү-чарбалык ишине жана жарандардын жеке турмушуна кийлигишпейт.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

32-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөлдүктү жүзөгө ашырууда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) кызматтык күбөлүгүн көрсөтүү менен ушул мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын аймагына жана жайларына тоскоолдуксуз кирүүгө, алар чыгарган укуктук актыларды, ошондой эле аларды кабыл алууга негиз болгон документтер менен материалдарды алууга;

2) көрсөтүлгөн органдардын жетекчилеринен жана башка кызмат адамдарынан зарыл болгон документтерди, материалдарды, статистикалык жана башка маалыматтарды; келип чыккан маселелерди аныктоо үчүн адистерди бөлүп берүүнү; алардын контролундагы жана ведомствого караштуу ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын өздөрүнө баш ийген адамдарынын ишин текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүүнү; прокуратурага келип түшкөн материалдарды, маалыматтарды, кайрылууларды текшерүүнү талап кылууга жана алардын натыйжалары жөнүндө маалымат берүүнү милдеттендирүүгө;

3) аталган органдардын кызмат адамдарын жана башка адамдарды, ошондой эле мыйзамдарды бузуу боюнча түшүндүрмөлөр берүү үчүн жарандарды чакырууга.;

4) (КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Прокурор ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн органдар жана кызмат адамдары тарабынан мыйзамды бузуу фактыларын аныктаган учурда төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) администрациялык кармоого мыйзамсыз дуушар болгон адамдарды өзүнүн токтому менен бошотууга;

2) чоң юридикалык күчкө ээ болгон, мыйзамга карама-каршы келген ченемдик укуктук актыларга каршылык берүүгө, мындай актылардын жараксыздыгын таануу жөнүндө талап менен сотко кайрылууга;

3) мыйзамды бузууну жоюу тууралу көрсөтмө жана эскертме берүүгө, мыйзамды бузууга жол бербөө жөнүндө эскертүүгө;

4) жарандардын, коомдун жана мамлекеттин укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоодо сотко арыз менен кайрылууга;

5) кылмыш ишин же администрациялык укук тартибин бузуулар тууралу өндүрүштү козгоого, мыйзамды бузган адамдарды мыйзамда белгиленген башка жоопкерчиликке тартууга талап коюуга.

3. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөн органдардын кызмат адамдарын текшерүү, ревизия жана экспертизаларды жүргүзүү жөнүндө прокурордун талабы түшкөн учурдан тартып прокурордун талабын токтоосуз аткарууга милдеттүү.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

2-глава
Адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин
сакталышын көзөмөлдөө

 

33-берене. Көзөмөлдүн предмети

1. Көзөмөлдүн предмети болуп министрликтер, мамлекеттик комитеттер, мамлекеттик агенттиктер, аткаруу бийлигинин кызматтары жана башка органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, аскердик башкаруу органдары; контролдоо органдары, алардын кызматтык адамдары адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана бир түрдүү аткарышы эсептелет.

2. Прокуратура органдары адамдын жана жараңдын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого контролду жүзөгө ашырган башка мамлекеттик органдардын жана кызматтык адамдардын ишин алмаштыра алышпайт, уюмдардын оперативдик-чарбалык иштерине кийлигишпейт.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

34-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Өзүнө жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашырууда прокурор:

1) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу жөнүндө арыздарды жана даттанууларды жана башка маалыматтарды карайт жана текшерет;

2) жарандарга алардын укуктарынын жана эркиндиктеринин корголушунун тартибин түшүндүрөт;

3) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуунун алдын алуу жана бөгөт коюу, мыйзамды бузган адамдарды жоопко тартуу жана келтирилген чыгымдын ордун толтуруу боюнча чараларды кабыл алат;

4) ушул Мыйзамдын 32-беренесинде каралган ыйгарым укуктарды пайдаланат.

2. Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузган кылмыш мүнөзүндөгү негиздер бар экендиги жөнүндө кооптонуу туулса, прокурор кылмыш ишин козгойт жана аны жасаган адамдарды мыйзамга ылайык кылмыштык куугунтуктоо чараларын көрөт.

3. Адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушу администрациялык укук бузуу мүнөзүндө болсо прокурор администрациялык укук бузуу тууралуу иш өндүрүшүн козгойт же администрациялык укук бузуулар тууралуу иштерди кароого ыйгарым укуктуу органга же кызматтык адамга тез арада укук бузуу жөнүндө билдирүүнү жана текшерүүнүн материалдарын жөнөтөт.

4. Жарандык сот өндүрүшү тартибинде корголгон адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери бузулган учурда, жабырлануучу ден соолугу, жаш курагы же башка себеп боюнча жеке өзү сотто өз укуктарын же эркиндиктерин коргой албаса же кыйла сандагы жарандардын укуктары жана эркиндиктери бузулса же болбосо башка кырдаалдарга байланыштуу укук бузуу өзгөчө коомдук мааниге ээ болсо прокурор сотто жабырлануучулардын таламында доо арызын коет жана колдойт.

 

3-глава
Изин-суутпай издөө ишин, алгачкы текшерүүнү жана тергөөнү жүзөгө ашырган органдардын
мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткарышын көзөмөлдөө

 

35-берене. Көзөмөлдүн предмети

Көзөмөлдүн предмети болуп адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, кармалгандардын, шектенгендердин, айыпталгандардын укуктарын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды так жана бир түрдүү аткаруу, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жөнүндө арыздарды жана билдирүүлөрдү чечүүнүн белгиленген тартибин сактоо, изин-суутпай издөө иш-чараларын аткаруу жана тергөө жүргүзүүчү, ошондой эле изин-суутпай издөө ишин, алгачкы текшерүүнү жана алдын-ала тергөө жүргүзүүнү жүзөгө ашырган органдардын чечимдеринин мыйзамдуулугу эсептелет.

36-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Изин-суутпай издөө ишин, алдын ала текшерүү жана алдын ала тергөө жүргүзүүчү органдардын мыйзамдарды аткарышын көзөмөлдөө боюнча прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жазык-процесс мыйзамдары жана башка мыйзам актылары аркылуу белгиленет.

2. Башкы прокурордун тергөө жана алдын ала текшерүү маселеси боюнча көрсөтмөлөрү аткарууга милдеттүү болуп эсептелет.

3. Прокурор кандай гана кылмыш болбосун өзүнүн өндүрүшүнө алууга же ага баш ийген прокурорго же тергөөчүгө тапшырууга укуктуу.

4. Кылмышты териштирүү өндүрүшүндө турган прокурор же тергөөчү жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди "Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алууга укуктуу.

 

4-глава
Жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын жана
башка ченемдик укуктук актылардын жана сот тарабынан белгиленген башка мажбурлоо мүнөзүндөгү
чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө

 

37-берене. Көзөмөлдүн предмети

Көзөмөлдүн предмети болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

1) кармалгандар, камакка алынгандар аларды кармоочу жерлерде тургандыгынын, ошондой эле сот аныктаган мажбурлоо мүнөзүндөгү жазалоо чараларынын, жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде соттолгондугунун мыйзамдуулугу;

2) жазык-аткаруу системасынын органдарында жана мекемелеринде соттолгондордун, камакка алынган адамдардын, ошондой эле мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга дуушар болгон адамдардын аларды кармоонун тартибинин жана шарттарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарын сактоо;

3) эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, жазаларды аткаруунун мыйзамдуулугу.

38-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары

1. Прокурор мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөөдө төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) ушул Мыйзамдын 37-беренесинде көрсөтүлгөн органдарды жана мекемелерди кайсы учурда болбосун кыдырууга;

2) кармалган, соттолгон жана камакка алынган адамдарды суроого;

3) ушул адамдар кармалганга, камакка алынганга, соттолгонго же мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга негиз болгон документтер, оперативдүү материалдар менен таанышууга;

4) кармалгандардын, камакка алынгандардын, соттолгондордун жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга кабылгандардын укуктарын камсыз кылган шарттарды түзүүгө администрациядан талап кылууга; ушул Мыйзамдын 37-беренесинде көрсөтүлгөн органдардын жана мекемелердин администрацияларынын буйруктары, буйрутмалары жана токтомдору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келишин текшерүүгө; кызматтык адамдардан түшүнүктөрдү талап кылууга; каршылык билдирүүлөрдү жана сунуштарды берүүгө; кылмыш-жазык иштерин же администрациялык укук бузуулар тууралу өндүрүш ишин козгоого. Каршылык билдирүү каралганга чейин каршылык берген актынын аракети мекеменин администрациясы тарабынан токтотулуп турат;

5) камакка алынган, соттолгон адамдарга мыйзамдарды бузуу менен салынган тартиптик жаза чараларын жокко чыгарат; штрафтык изолятордон, камералык типтеги жайлардан, карцерден, тартип изоляторунан өз токтому менен тез арада бошотот.

2. Прокурор же анын орун басары мыйзамсыз негизде жаза аткаруучу мекемелеринде кармалган жана мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларды аткарып жаткандардын же болбосо мыйзамды бузуу менен кармалган, камакка алынган же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандардын ар бирин өз токтому менен бошотот.

39-берене. Прокурордун токтомдорунун жана талаптарынын аткарылышынын милдеттүүлүгү

Кармалгандарды, камакка алынгандарды, соттолгон адамдарды, мажбурлоо мүнөзүндөгү чараларга кабылгандарды же соттук-психиатриялык мекемелерге жайгаштырылгандарды мыйзамда белгиленген тартипте жана шарттарда кармоону аткаруу боюнча прокурордун токтому жана талаптары администрациялар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган, жазалоого соттолгон адамдарга карата соттун өкүмүн аткарып жаткан органдар милдеттүү түрдө аткарышат.

 

V бөлүм
Cоттор ишти караганда прокурордун катышуусу

 

40-берене. Соттор ишти караганда прокурордун катышуусу

1. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында жана башка мыйзамдарда каралган учурларда сотто иштерди кароого катышат.

2. Сотто кылмыштык куугунтуктоону жүзөгө ашырууда прокурор мамлекеттик айыптоочу катары чыгат. Сотто айыпкердин күнөөсүн далилдөө милдети мамлекеттик айыптоочуга жүктөлөт.

3. Прокурор Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык сотко арыз менен кайрылууга же жарандардын жана коомдун же мамлекеттин кызыкчылыгы мыйзамдуу корголгон учурда процесстин кандай гана стадиясы болбосун катышууга укуктуу.

4. Ишти сотто кароого катышкан прокурордун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдары менен аныкталат.

41-берене. Прокурорлордун сот актыларына сунуш киргизүүсү

1. Прокурор же анын орун басары өз компетенциясынын чегинде жогорку турган сотко сот актыларына апелляциялык, кассациялык, көзөмөлдүк иретинде жана жеке сунуш киргизет. Прокурордун жардамчысы, башкарманын прокурору, бөлүмдүн прокурору өзү катышкан иштер боюнча гана сунуш киргизет.

2. Прокурор же анын орун басары соттук териштирүүгө катышканына карабастан өз компетенциясынын чегинде мыйзамдуу күчүнө кирген аныктама же токтом, чечим, айып категориясы боюнча түрдүү иштерди же ишти сурап алууга укуктуу. Соттун чечими, өкүмү, аныктамасы же токтому мыйзамсыз же негизсиз деп эсептеген прокурор көзөмөл иретинде сунуш берет же сунуш менен жогору турган прокурорго кайрылат.

3. Администрациялык укук бузуу тууралу иш боюнча судьянын чечимине сунушту шаардын, райондун прокурорлору, жогору турган прокурорлор жана алардын орун басарлары киргизет.

42-берене. Сунушту чакыртып алуу

Соттун чечимине, өкүмүнө, аныктамасына жана токтомуна карата сунуш сотто каралганга чейин сунуш киргизген прокурор же жогору турган прокурор тарабынан кайта чакыртып алынышы мүмкүн.

43-берене. Сотторго түшүндүрмө берүү жөнүндө сунуш

Башкы прокурор Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Пленумунун кароосуна жарандык, экономикалык, кылмыш-жазык, администрациялык жана башка иштер боюнча сот тажрыйбасы маселелери боюнча сотторго түшүндүрүү жөнүндө сунуш киргизүүгө жана аларды талкуулоого катышууга укуктуу.

 

VI бөлүм
Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө. Прокуратура
органдарынын жана мекемелеринин кадрлары

 

44-берене. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө

1. Прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызмат мамлекеттик кызматтын түрү болуп эсептелет. Прокурордук кызматкерлер ушул Мыйзамдын талаптарын эске алган мамлекеттик кызмат боюнча милдеттерди аткарган мамлекеттик кызматкерлер болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилүүчү прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнүн тартиби жөнүндө Жобо менен аныкталат.

3. Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлеринин эмгектик карым-катнашы ушул Мыйзамда каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө тартибин регламеттөөчү ченемдик укуктук актыларда жөнгө салынат. Кызматкерлер кызмат өтөө маселеси боюнча прокуратура органдарынын жана мекемелеринин жетекчилеринин чечимдерине жогору турган жетекчиге жана (же) сотко даттанууга укуктуу.

4. Прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн прокуратура органдарында кызмат өтөө жашынын эң жогорку чеги болуп 65 жаш эсептелет.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 , 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

45-берене. Прокурорлор, прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери. Прокурордун жана тергөөчүнүн кызмат ордуна дайындала турган адамдарга коюлуучу талаптар

1. Ушул Мыйзамдагы төмөндөгү терминдер менен төмөндөгүлөр түшүндүрүлөт:

1) «прокурор» - өз компетенциясынын чегинде иш алып барган Башкы прокурор, анын орун басарлары, Башкы прокурордун улук жардамчысы жана жардамчысы, башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктери жана алардын орун басарлары, бөлүмдөрдүн улук прокурорлору жана прокурорлору, бардык төмөн турган прокурорлор, алардын орун басарлары, прокуратура органдарынын башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, прокурор-криминалисттери, райондордун, шаарлардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары, ошондой эле аскердик жана башка адистештирилген прокурорлор, алардын орун басарлары, улук жардамчылары жана жардамчылары;

2) «прокурордук кызматкерлер» - прокурорлор жана тергөөчүлөр, ошондой эле атайын класстык ченге (аскердик наамдар) же класстык ченге ээ прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери.

2. Жогорку кесиптик билим берүү мекемесинде алган жогорку юридикалык билимге жана зарыл кесиптик жана моралдык сапаттарга ээ, ден соолугу боюнча прокуратура органдарында кызмат өтөй ала турган Кыргыз Республикасынын жарандары прокурорлор жана тергөөчүлөр боло алышат.

3. Төмөндөгү адамдар прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка кабыл алынбайт жана көрсөтүлгөн кызматты ээлей албайт:

1) эгерде чет мамлекеттин жарандыгы бар болсо;

2) эгерде соттун чечими менен аракеттенүүгө жөндөмсүз же аракетке чектелүү жөндөмсүз деп табылса;

3) эгерде соттун чечими менен мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кызмат абалын ээлөөгө белгилүү мөөнөткө ажыратылса;

4) эгерде соттуулугу жоюлганына же алынып салынганына карабастан, мурдагы кылмыштары боюнча соттолгон же соттуулугу бар болсо;

5) эгерде медициналык корутундуга ылайык кызматтык милдеттерин аткарууга бөгөт болуучу кесел менен ооруса;

6) эгерде алардын кызматы түздөн-түз баш ийүүдө же бири-бирине контролдо турган прокуратура органдарынын же мекемелеринин кызматкери менен жакын туугандык байланышта болсо (ата-энелер, жубайлар, бир туугандар, эже-сиңдилер, балдар, ошондой эле жубайынын туугандары, эже-сиңдилери, ата-энелери же жубайлардын балдары);

7) эгерде мамлекеттик купуяны түзгөн маалыматтарга уруксатты тариздөө жолжобосунан баш тарткан, эгерде кызматтык абалы боюнча кызматтарды аткаруу ушундай маалыматтарды пайдаланууга байланыштуу болгон учурларда алынышы мүмкүн эмес.

8) эгерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында аскердик кызматты өтөбөгөн, же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдоодон өтпөгөн, же үй-бүлөлүк абалдан жана ден соолугунун жагдайынан келип чыккан негиздер боюнча альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөбөгөн учурларда алынышы мүмкүн эмес.

4. Прокуратура органдарына жана мекемелерине кызматка адамдар мыйзамдар менен белгиленген тартипте кабыл алынат.

5. Башкы прокурордун кызмат ордуна курагы 35 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалык жогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде 10 жылдан кем эмес иш стажы бар адамдар дайындалат.

6. Башкы прокурордун орун басарлык кызмат ордуна, Аскер прокуроруна 35 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 10 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

7. Областтын прокурору жана ага теңештирилген прокурорлук кызмат орундарына 30 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 7 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

8. Райондун, шаардын прокурорлорунун, аларга теңештирилген прокурорлордун кызмат ордуна 30 жаштан төмөн эмес, прокуратура органдарында 5 жылдан кем эмес прокурорлук же тергөөчүлүк иш стажысы бар адамдар дайындалат.

9. Прокуратура органдарына биринчи жолу кызматка алынгандар ант беришет.

10. Кызматкерлер 3 жылда бирден кем эмес аттестациядан өтүүлөрү керек. Аттестациянын тартиби Башкы прокурор тарабынан бекитилген «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин аттестациялоо жөнүндө» Жобого ылайык аныкталат.

Караңыз:

КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 18-февралындагы N 2-р чечими

(КР 2009-жылдын 20-ноябрындагы № 302, 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2013-жылдын 3-августундагы № 182, 2015-жылдын 28-июлундагы № 201 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

46-берене. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөгө байланыштуу чектөөлөр

1. Прокурордук органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаты, мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлгөн комиссиялардын жана башка шайлоо органдарынын мүчөсү боло алышпайт.

2. Прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү саясый максатты көздөгөн саясый партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин мүчөсү боло алышпайт, кандайдыр бир колдоолорду көрсөтө же алардын ишине катыша алышпайт.

Прокурордук кызматкерлер өзүлөрүнүн кызматтык ишинде саясый партиялардын жана башка коомдук, коммерциялык эмес бирикмелердин чечимдери менен байланыштуу эмес.

3. Прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү өздөрүнүн негизги ишин, окутуучулук, илимий жана чыгармачылыкты кошпогондо, акы төлөнүүчү же төлөнбөөчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз.

4. Прокурордук кызматкерлерге "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 48579} белгиленген чектөөлөр жайылтылат.

47-берене. Прокурордук кызматкерлердин атайын класстык чендери, класстык чендери жана аскердик наамдары

1. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө, алардын ээлеген кызмат ордуна жана иш стажысына ылайык "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар берилет.

2. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жана мекемелеринин прокурорлору жана тергөөчүлөрү үчүн ээлеген кызмат орду боюнча төмөнкүдөй чектүү атайын класстык чендер жана аскердик наамдар берилет:

 

Класстык чендер

Кызмат орду

Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурор

Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурордун биринчи орун басары

Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

Башкы прокурордун орун басарлары, Бишкек шаарынын прокурору, Чүй жана Жалал-Абад областтарынын прокурорлору

Юстициянын генерал-майору

Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору - Башкы прокурордун орун басары

Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси

Областтардын, Ош шаарынын прокурорлору, областтардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокурорлорунун орун басарлары. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь,Свердлов райондорунун прокурорлору, Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын, тиешелүү областтардын Кара-Суу,Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун прокурорлору. Башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн начальниктерижана начальниктердин орун басарлары, өзгөчө тапшырмалар боюнча Башкы прокурордун улук жардамчысы, Башкы прокуратуранын прокурор-криминалисти, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү

Юстициянын полковниги

Аскер прокурорунун орун басары. Гарнизондордун аскер прокурорлору

Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси

Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктери. Областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн начальниктери, областтардын, Бишкек шаарынынжана Ош шаарынын прокурорлорунун улук жардамчылары. Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи май, Октябрь, Свердлов райондорунун прокурорлорунун орун басарлары. Жалал-Абад, Талас, Каракол, Нарын, Токмок шаарларынын прокурорлорунун орун басарлары. Тиешелүү областтардын Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат, Сузак, Базар-Коргон, Баткен, Кадамжай, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл жана Ысык-Ата райондорунун жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары. Шаарлардын, райондордун прокурорлору. Башкы прокурордун жардамчысы, Башкы прокуратуранын башкармалыктарынын, бөлүмдөрүнүн, прокурордук-тергөөчүлүк кызматкерлерди кесиптик даярдоо борборунун улук прокурорлору жана прокурорлору, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү жана областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөрү

Юстициянын подполковниги

Аскер прокурорунун улук жардамчысы, аскер прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги, аскерпрокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, гарнизондордун аскерпрокурорлорунун орун басарлары

Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси

Шаарлардын, райондордун прокурорлорунун орунбасарлары. Областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынынжана Ош шаарынын прокуратураларынын бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, областтык прокуратуралардын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрү, областтык прокуратуралардын, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын прокуратураларынын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү

Юстициянын майору

Аскер прокуратурасынын бөлүмдөрүнүн улук прокурорлору жана прокурорлору, аскер прокуратурасынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү. Бишкек гарнизонунун улук тергөөчүсү. Баткен гарнизонунун тергөөчүсү

1, 2, 3-класстагы юрист, кенже юрист

Шаарлардын, райондордун жана адистештирилгенпрокуратуралардын прокурорлорунун улук жардамчылары жана жардамчылары. Шаардык, райондук жана адистештирилген прокуратуралардын улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү

Юстициянын капитаны, юстициянын улук лейтенанты, юстициянын кенже лейтенанты

Гарнизондун аскер прокурорунун улук жардамчылары, гарнизондун аскер прокурорунунжардамчылары. Гарнизондун аскер прокуратурасынын улук тергөөчүсү, гарнизондун аскер прокуратурасынын тергөөчүсү

3. Атайын класстык ченде болуунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) кенже юристтин - 1 жыл;

2) 3-класстагы юристтин - 2 жыл;

3) 2-класстагы юристтин - 3 жыл;

4) 1-класстагы юристтин - 4 жыл;

5) юстициянын 3-класстагы кеңешчисинин - 5 жыл;

6) юстициянын 2-класстагы кеңешчисинин - 6 жыл.

Юстициянын 1-класстагы кеңешчисинин ченинде болуунун мөөнөттөрү ушул берененин 3-бөлүгүнүн тогузунчу абзацында каралган учурлардан тышкары белгиленбейт.

"Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" - жогорку атайын класстык чени Башкы прокурордун кызматын ээлеген адамга 6 айдан эрте эмес, ал эми жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган башка кызматтарды үзгүлтүксүз ээлеген адамдарга, - алар дайындалган күндөн тартып 2 жылдан эрте эмес ыйгарылат.

"Юстициянын 1-класстагы кеңешчиси" атайын класстык ченине ээ болгон жана штаттык категориялары жогорку атайын класстык чени бар адамдардын ээлөөсүн караган кызмат орундарына дайындоого чейин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлегендердин саясий жана жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мөөнөтү "юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" жогорку атайын класстык ченин ыйгарууга каралган мөөнөткө эсептелинет.

Класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөттөрү мыйзамдар менен белгиленген тартипте аныкталат.

Прокурордук кызматкерлерге атайын класстык чендер, класстык чендер жана аскердик наамдар ээлеген кызмат ордун, атайын класстык ченде, класстык ченде жана аскердик наамда болуунун мөөнөтүн, аттестациянын натыйжаларын эске алуу менен ушул Мыйзам менен аныкталган тартипте ыйгарылат.

4. Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин, юстициянын генерал-майорунун аскердик наамын ыйгаруу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.

Юстициянын 3, 2, 1-класстардагы кеңешчисинин, 3, 2, 1-класстардагы юристтин, кенже юристтин атайын класстык чендерин, ошондой эле прокуратура органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлерине юстициянын кенже лейтенанты, лейтенанты, улук лейтенанты, капитаны, майору, подполковниги, полковниги аскердик наамдарын ыйгаруу Башкы прокурор тарабынан жүргүзүлөт.

5. Эгерде акыркы класстык ченде (аскердик наамда) болуунун мөөнөтү кезектеги класстык ченди (аскердик наамды) ыйгаруу үчүн зарыл мөөнөттүн кеминде 3/2син түзсө, кезектеги атайын класстык чен (аскердик наам) мөөнөтүнөн мурда кызматтык милдетти үлгүлүү аткаргандыгы жана иште өзгөчө айырмалангандыгы үчүн прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында бир жолу гана өзгөчө учурларда сыйлоо тартибинде ыйгарылат.

Мында юстициянын 3, 2, 1-класстардагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чендерин албаганда, прокуратура органдарында жана мекемелеринде иштеген убагында ээлеген кызмат орду боюнча прокуратура органдарындагы узак жана кынтыксыз кызматы үчүн кезектеги атайын класстык чен жана аскердик наам тиешелүүлүгүнөн жогору (бирок бир атайын класстык ченден же аскердик наамдан жогору эмес) бир жолу гана ыйгарылышы мүмкүн.

6. Ушул берененин 2-бөлүгү менен белгиленген ырааттуулукту сактабастан атайын класстык чендерди (аскердик наамдарды) ыйгарууга жол берилбейт.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2014-жылдын 11-январындагы № 2 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

48-берене. Прокуратура кызматкерлерин укуктук жактан коргоо

1. Прокуратура органдарынын кызматкерлери мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү болуп эсептелишет жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда болушат.

2. Прокурорду жана тергөөчүнү, кылмыш үстүндө кармалган учурлардан тышкары, алар кызматтык милдеттерин аткарууда кармоого, айдап келүүгө, алып келүүгө, жекече карап чыгууга, ошондой эле алардын буюмдарын жана алар пайдаланган транспортту карап чыгууга жол берилбейт.

3. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу жеке коопсуздукту камсыз кылуу максатында жана кылмыш аракеттерине бөгөт коюу үчүн прокурор жана тергөөчү табелдик куралды сактоого, алып жүрүүгө жана мыйзамда белгиленген тартипте колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-берене. Сыйлоо жана тартип жоопкерчилиги

Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлерин сыйлоо жана тартип жоопкерчилигине тартуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен менен белгиленет.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

49-1-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартуунун тартиби

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

50-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу

1. Эмгекке төлөөнүн шарттары - прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы (акчалай маянасы) алардын кызматтык милдеттеринин жоопкерчиликтүүлүгүнүн даражасына, кызматтык милдеттеринин татаалдыгына, кызмат ордунун категориясына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.

Прокуратура кызматкерлеринин эмгек акысы (акчалай маянасы) кызмат орду боюнча айлык акыдан, чен даражасы жана кызмат өтөгөн жылдары үчүн кошулган башка төлөмдөрдөн турат.

Эмгек акыга (акчалай маянага) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен каралган башка төлөмдөр кошулушу мүмкүн.

2. Жумуш ордунда убактылуу жок кызматкердин милдетин аткарган прокурорлорго жана тергөөчүлөргө кошумча иш боюнча кызматтык маянадан 30% кем эмес кошумча төлөм жүргүзүлөт.

3. Атайын класстык чен жана аскердик наам берилген прокурорлор жана тергөөчүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жана ченемдерде акысыз формалык кийим менен камсыз болушат.

4. Прокурорлорго жана тергөөчүлөргө 30 жумуш күнүнө созулган акысы төлөнүүчү жыл сайынкы өргүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө ден соолугун чындоо үчүн жөлөкпул берилет.

Прокурор жана тергөөчү катары иштеген стажы үчүн акысы төлөнүүчү жыл сайынкы кошумча өргүүсү 5,10,15 жана 20 жыл иштеген убактысына ылайык 2, 5, 10 жана 15 календардык күнгө көбөйөт.

Бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган жана иштеген прокурорлорго жана тергөөчүлөргө жылдык төлөнгөн эмгектик өргүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдер менен жүргүзүлөт.

5. Прокуратура органдарынын өздөрүнүн турак жайлары жок прокурорлору жана тергөөчүлөрү, прокуратура органдарынын балансында турган кызматтык квартиралар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик администрациялар тарабынан убактылуу пайдаланууга берилген башка турак жайлар менен камсыз болушат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

51-берене. Прокурордук кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылуу

1. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген шарттарга, ченемдерге жана тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

2. Башка прокурордук кызматкерлерди пенсия менен камсыз кылуу мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

52-берене. Прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү укуктук жана социалдык жактан коргоо чаралары

1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын кызматкерлеринин өмүрү жана ден соолугу мамлекеттин коргоосунда турат жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен милдеттүү мамлекеттик камсыздандырылат.

2. Мамлекеттик камсыздандыруу органдары төмөндөгү учурларда камсыздоо суммасын төлөшөт:

1) прокурор же тергөөчү кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан учурда курман болсо. Курман болгондун үй-бүлөсүнө, анын акыркы ээлеген кызмат ордундагы бир жылдык эмгек акысынын орто эсебинен 20 жылдык эмгек акы өлчөмүндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул төлөнөт. Кызматкер курман болгон учурдагы шарттарда жана негиздерде ыңгайлуу турак жай алуу укугу курман болгондун үй-бүлөсүнө сакталат;

2) прокурор жана тергөөчү кызматтык милдеттерди аткарууда кесиптик иш менен андан ары алектенүүгө жол бербеген жаракат же майыптык алса. Ага ай сайын эмгек акынын жана дайындалган пенсиянын ортосундагы айырма түрүндөгү компенсация төлөнөт, мында милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу боюнча алынган төлөмдөр кошуп эсептелбейт.

3) прокурорго жана тергөөчүгө кызматтык милдеттерди аткарууда денесине жаракат же ден соолугуна зыян келтирилсе, ал эмгекке жарамдуулугун толук жоготпосо жана андан аркы кесиптик иште эмгекке жарамдуулукка таасирин тийгизбесе - анын 5 айлык эмгек акысынын өлчөмү бир ирет төлөнөт.

3. Прокурорго жана тергөөчүгө тийиштүү мүлкүнө ал кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу жоготуу же сындыруу аркылуу зыян келтирилсе, анын орду ага же анын үй-бүлөсүнө толук өлчөмдө кайтарылат.

4. Зыянды толтуруу боюнча төлөмдөр республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мында прокуратура органдарынын кызматкерлерине зыянды төлөп берүүгө чыгымдалган каражаттар зыян келтирген күнөөкөрдөн өндүрүлүшү мүмкүн.

5. Ошондой эле социалдык коргоо боюнча чаралар, кызматчыларды сыйлоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо, прокуратура органдарындагы жана мекемелериндеги кызматтык функциясын камсыз кылууга, өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө байланышкан чараларды каржылоо ушул Мыйзамдын 63-беренесинин 3-бөлүгү менен каралган каражаттарынан жүзөгө ашырылат.

6. Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын өздүк коопсуздук кызматы болот.

521-берене. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөөнү токтотуунун негиздери

1. Прокуратура органдарында жана мекемелеринде кызмат өтөө прокурордук кызматкер иштен бошогондо токтотулат.

2. "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен каралган негиздерден тышкары, прокурордук кызматкер отставкага чыккандыгына байланыштуу жана прокуратура органынын жетекчисинин демилгеси боюнча төмөнкүдөй учурларда иштен бошотулушу мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;

2) прокурордун (тергөөчүнүн) антын бузганда, ошондой эле прокурордук кызматкердин ар намысын жаманатты кылган жосундарды жасаганда;

3) ушул Мыйзамдын 46-беренесинде каралган кызматка байланыштуу чектөөлөрдү сактабаганда.

4) прокуратура органдарында кызматта туруунун эң жогорку чектик жашына жеткенде.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

522-берене. Прокурордук кызматкердин отставкасы

1. Кызматка Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалуучу прокурордук кызматкердин өзүнүн жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кызматтык милдеттерин аткаруусун токтотуусу отставка болуп саналат.

2. Төмөнкүлөр отставка үчүн негиздер болуп саналат:

1) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын чечимине принципиалдуу макул эместик, ошондой эле прокуратура органдарында кызматта болуусу үчүн этикалык тоскоолдуктар;

2) мамлекеттик органдын же кызмат адамынын мамлекетке, юридикалык жана жеке жактарга бир кыйла материалдык же болбосо моралдык зыян келтириши мүмкүн болгон, колдонуудагы мыйзамга карама-каршы келген чечимдерин аткарууга кызматкерди аргасыз кылуу:

3) кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоол болгон ден соолугунун абалы (медициналык корутундусу болгон учурда).

3. Отставкада жүргөн прокурордук кызматкерге пенсиялык куракка жеткендиги боюнча пенсия дайындалат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

VII бөлүм
Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасынын органдарынын ишин
 уюштуруунун жана камсыз кылуунун өзгөчөлүктөрү

 

53-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын түзүмү жана уюштурулушу

1. Аскер прокуратурасы Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына кирет, ага Аскер прокурору жетекчилик кылат, мында республиканын Аскер прокуроруна төмөн турган гарнизондун аскер прокурорлору баш ийет. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна гана баш ийет.

2. Аскер прокуратурасы өзүнүн курамында борбордук аппаратка жана гарнизондордун аскер прокуратураларына ээ.

3. Аскер прокуратурасынын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штаттарын белгилөөнү Башкы прокурор жүзөгө ашырат.

4. Кыргыз Республикасынын Аскер прокурору:

1) өзүнүн компетенциясы жайылтылган укук колдонуу субъекттери мыйзамдарды жана укуктук актыларды аткаруусуна көзөмөлдү жүзөгө ашырат; ушул Мыйзам бекиткен тартипте өз компетенциясынын чегинде прокуратуранын башка функцияларын жүзөгө ашырат;

2) Аскер прокуратурасынын органдарынын ишин жетектейт;

3) кадрларды тандоо, жайгаштыруу жана тарбиялоону камсыз кылат, прокурорлордун жардамчыларын, улук прокурорлорду жана бөлүмдөрдүн (бөлүкчөлөрдүн) прокурорлорун, прокурор-криминалисттерди, улук тергөөчүлөрдү жана тергөөчүлөрдү, ошондой эле башкы адистерди кызматка дайындайт жана бошотот; аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрдү аттестациядан өткөрөт;

4) баш ийген кызматкерлер милдеттүү аткара турган буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат;

5) Башкы прокурор бекиткен санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде өз аппараттарынын, баш ийген прокуратуралардын штаттык расписаниесине өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

54-берене. Аскер прокуратурасынын борбордук аппараты

1. Аскер прокурорунун орун басарлары жана улук жардамчысы болот.

2. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын түзүмүн бөлүмдөр жана кызматтар түзөт. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө Жобону Аскер прокурору бекитет.

3. Бөлүмдөрдө бөлүмдөрдүн начальниктери, улук прокурорлор жана прокурорлор, прокурор-криминалисттер, ошондой эле өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүлөр жана өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрдүн кызмат орундары белгиленет.

4. Аскер прокуратурасынын борбордук аппаратында, курамында Аскер прокурору (төрага), орун басарлары (кызмат орду боюнча), Аскер прокурору дайындаган башка прокурорлор кирген коллегия түзүлөт. Коллегиянын өздүк курамын Аскер прокурорунун сунушу боюнча Башкы прокурор бекитет.

55-берене. Аскер прокурорлорунун ыйгарым укуктары

1. Кыргыз Республиканын Аскер прокурору жана ага баш ийген прокурорлор ушул Мыйзамда аныкталган өз компетенциясынын чегинде ыйгарым укуктарга ээ болушат жана аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик башкаруу органдарынын командованиесине жана органдарына көз карандысыз жүзөгө ашырат.

2. Аскер прокурорлору ошондой эле төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

1) аскер башкармалыгынын органдарынын коллегия жыйналыштарына, кызматтык кеңешмелерине катышат;

2) ведомстводон тышкары ревизияларды жана текшерүүлөрдү дайындайт;

3) кызматтык күбөлүктү көрсөтүү боюнча белгиленген режимге карабастан аскердик бөлүктөрдүн, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана штабдардын аймактарына жана жайларына кире алат, алардын документтерин жана материалдарын карай алышат;

4) соттолгон, камакка алынган жана кармалган аскер кызматчыларын гауптвахталарда, тартипке салуу бөлүктөрүндө жана башка жайларда кармоонун мыйзамдуулугун текшерет, аларда мыйзамсыз кармалган адамдарды тез арада бошотот;

5) аскердик жана гарнизондук гауптвахталарда, башка жайларда кармалган жана камакка алынган адамдарды күтүү жана коштоо менен жеткирүүнү, коопсуздугун камсыз кылууну тийиштүү аскердик бөлүктөрдөн, аскер коменданттарынан, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин коштоо боюнча караулдарынан, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан жана мекемелеринен талап кылат.

56-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кадрлары

1. Аскер прокурорлору жана тергөөчүлөр болуп аскер кызматына кирген, ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуу, офицердик наамы бар жана ушул Мыйзамдын 45-беренесинин талаптарына жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары дайындалышат.

2. Аскер прокурору кызмат орду боюнча Башкы прокурордун орун басары болуп эсептелет, аны кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу тартиби ушул Мыйзамдын 11-беренесинин 2-бөлүгү менен аныкталат.

3. Аскер прокуратурасынын башка прокурорлору жана тергөөчүлөрү кызмат ордуна Аскер прокурору тарабынан дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

4. Аскер прокуратурасынын органдарынын офицерлери аскер кызматкери статусуна ээ, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөшөт жана "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда белгиленген укуктарга жана жеңилдиктерге ээ.

5. Аскер прокуратурасынын органдарына аскердик кызматка офицерлерди аныктоону жана запаска (отставка) чыгарууну Аскер прокурорунун сунуштамасы боюнча Башкы прокурор жүргүзөт.

6. Жогорку офицердик курамдагы адамдарды запаска (отставка) чыгарууну Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жүргүзөт.

7. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн кызмат орду жана аларга тийиштүү аскердик наамдар аскер кызмат орундарынын тизмесине киргизилет.

8. Аскер прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө аскердик наамдарды берүү "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тийиштүү аскер прокурорунун сунуштамасы боюнча жүргүзүлөт. Жогорку офицердик курамдын жогорку аскердик наамдары Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан берилет.

9. Аскердик прокуратура органдарынын офицерлеринин аскердик наамдары прокуратуранын аймактык органдарынын прокуратура кызматкерлеринин класстык чендерине ылайык келет.

10. Аскер прокуратура органдарынын офицерлерин аскердик кызматтан бошотууда (полковникке чейин кошулат) жана прокуратура органдарынын аймактык же адистештирилген кызматтарына орношкондо аларга аскердик наамына ылайык класстык чендер берилет.

11. Аскер прокурорлорун жана тергөөчүлөрүн аттестациялоо Башкы прокурор бардык прокуратура кызматкерлери үчүн аскердик кызматты өтөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгилеген тартипте жүргүзүлөт.

12. Аскердик прокурорлор жана тергөөчүлөр ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык сыйланышат жана тартип жоопкерчилигине тартылышат. Сыйлоо жана тартип жоопкерчилигине тартуу укугуна жогору турган

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2014-жылдын 14-ноябрындагы 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

57-берене. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматкерлерин жана аскер кызматкерлерин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарынын аскер кызматкерлерине укуктук жана социалдык кепилдиктерди, аскер кызматчыларын пенсиялык, медициналык жана башка түрлөр менен камсыз кылууну белгилеген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жайылтылат.

2. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрүнүн акчалай акылары кызматы боюнча кошумча акчалай үлүш айлык акыдан (аскердик наамдан, кызматтык айлык акыдан), төлөмдөрдөн жана жол үлүштөн турат. Аскер прокурорлорунун жана тергөөчүлөрдүн кызматтык айлык акылары ушул мыйзамдын 50-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык белгиленет.

58-берене. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Аскер прокуратурасынын органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, аларга кызматтык жайларды, транспортту, байланыш каражаттарын жана камсыз кылуунун жана акынын башка түрлөрүн бөлүп берүү республикалык бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматтык жайларын күзөтүү баш ийүүсүндө турган аскер бөлүктөрүнүн ведомстволорунун жетекчилигинин макулдашуусу боюнча аскердик бөлүктөр тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Аскер прокуратурасынын органдарынын граждандык персоналынын укуктук абалы жана материалдык жактан камсыздандыруусу прокуратуранын аймактык органдарынын кызматкерлери үчүн каралган эрежелер боюнча аныкталат.

 

VIII бөлүм
Адистештирилген прокуратураларды уюштуруунун жана
 ишинин өзгөчөлүктөрү

 

59-берене. Адистештирилген прокуратуралардын түзүмү жана уюштуруу

1. Адистештирилген прокуратуралар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын бирдиктүү системасына киришет, аларды адистештирилген прокуратуралардын прокурорлору жетектешет. Адистештирилген прокуратуранын прокурорлору Башкы прокурорго баш ийишет.

2. Адистештирилген прокуратуралар эксаймактык принципте Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында иш алып барышат.

3. Адистештирилген прокуратураларды кайрадан уюштурууну же жоюуну, алардын статусун, компетенциясын, түзүмүн жана штатын аныктоону Башкы прокурор жүзөгө ашырат.

4. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорун Башкы прокурор кызмат ордуна дайындайт жана бошотот.

5. Адистештирилген прокуратуранын прокурору:

1) өзүнүн компетенциясы жайылтылган укук колдонуу субъекттери мыйзамдарды жана укуктук актыларды аткарышына көзөмөлдү жүзөгө ашырат, ушул Мыйзамда белгилеген тартипте өз компетенциясынын чегинде прокуратуранын башка функцияларын жүзөгө ашырат;

2) тийиштүү адистештирилген прокуратуранын ишин жетектейт;

3) баш ийген кызматкерлер милдеттүү түрдө аткаруу үчүн буйруктарды, көрсөтмөлөрдү жана тескемелерди чыгарат.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

60-берене. Адистештирилген прокуратуралардын аппараты

1. Адистештирилген прокуратуранын прокурорлорунун Башкы прокурор дайындаган жана бошото турган прокурордун орун басарлары, прокурордун улук жардамчылары, прокурордун жардамчылары, улук тергөөчүлөрү жана тергөөчүлөрү болот.

2. Адистештирилген прокуратураларда башкы, жетектөөчү адистин жана адистин кызмат орду түзүлөт, аларды адистештирилген прокуратуранын прокурорлору дайындайт жана бошотот.

61-берене. Адистештирилген прокуратуралардын ишинин негизги багыттары

1. Адистештирилген прокуратуралар өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү негизги маселелер боюнча аракеттенишет:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик укуктук актыларын транспортто жарандар жана кызмат адамдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө;

2) сот дайындаган мажбурлоо мүнөзүндөгү жазаларды аткарган орган жана мекемелердин администрацияларынын, кармалган жана камакка алынгандарды кармоо жайларындагы администрациялардын мыйзамдарды сакташын көзөмөлдөө;

3) ушул пункттагы көрсөтүлгөн чөйрөлөрдөгү органдардын жана мекемелердин, кызматтык адамдардын укуктук актыларынын чоң юридикалык күчкө ээ болгон укуктук ченемдик актыларына ылайык келишин көзөмөлдөө.

2. Адистештирилген прокуратуралар мыйзамдарда белгиленген тартипте жана учурларда кылмыш жасаган адамдарды кылмыштык куугунтукка алышат, сотто иштерди кароого катышат.

62-берене. Адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун ыйгарым укуктары

Адистештирилген прокуратуранын прокурорлору жана аларга баш ийген прокурорлор өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамда, тийиштүү адистештирилген прокуратуралар жөнүндө Жоболордо белгиленген ыйгарым укуктарга ээ.

 

IX бөлүм
Прокуратура органдарын уюштуруунун жана ишинин башка
 маселелери

63-берене. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу

1. Прокуратура органдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу борборлоштурулган тартипте республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алардын аймагында жайгашкан прокуратура органдарын тийиштүү кызматтык жайлар менен акысыз камсыз кылууга милдеттүү.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте, прокуратура органдарына: а) кылмыш иштер боюнча соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өндүрүлүп, сатылган мүлк жана башка баалуулуктардан; б) мамлекетке келтирилген зыяндын жана ордун толтурган суммадан алынган акча каражаттарынын 30 %, анын ичинде чет элдик валютада алуу укугу берилет:

- кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө;

- прокурордун укуктук актылары боюнча;

- соттун чечими менен прокурордун доо арызы боюнча.

64-берене. Статистикалык отчеттуулук

Башкы прокуратура кызыкдар министрликтер жана ведомстволор менен бирге кылмыштуулуктун, кылмышты ачуунун, тергөө иштери жана прокурордук көзөмөлдүн абалы жөнүндө статистикалык отчеттун жана бирдиктүү эсеп-кысаптын системасын жана методикасын иштеп чыгат, ошондой эле прокуратура органдарындагы отчет түзүүнүн жана берүүнүн бирдиктүү тартибин белгилейт.

65-берене. Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин мөөрү

Прокуратура органдарынын жана мекемелеринин Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби тартылган жана аталышы толук жазылган мөөрү болот.

66-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

1. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү пенсия менен камсыз кылуу бөлүгүндө колдонулушу ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пенсияга кеткен бардык прокурорлорго жана тергөөчүлөргө да жайылтылат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:

1) 2010-жылга жана андан аркы жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууга зарыл чыгымдарды кароо;

2) эки айлык мөөнөттүн ичиңде ушул Мыйзамдан келип чыгуучу мыйзамдардын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү;

3) эки айлык мөөнөттүн ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү.

4. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартын төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1994-ж., № 3, 74-ст.);

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынганына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-статьясынын 2-пункту (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 12, 573-ст.);

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 10, 632-ст.);

"Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 512-ст.);

"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө", "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө", "Мунапыс берүүнүн жана ырайым кылуунун жалпы принциптери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 6, 526-ст.);

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 607-ст.).

"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 625-ст.);

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" газетасы, 2008-жылдын 30-декабры, № 97);

"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 1993-жылдын 18-декабрындагы № 1342-ХII токтому.

(КР 2012-жылдын 29-февралындагы № 9, 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев