Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 20-январы № 10

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына
                    өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

     2008-жылдын 25-декабрында           Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган
     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Жарчысы,  2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
     378-статьянын 4-бөлүгүндөгү үчүнчү  сүйлөм  төмөнкүдөй  редакцияда
баяндалсын:  "Мамлекеттик  жогорку  окуу  жайларынын  жетекчилери билим
берүү жөнүндө мыйзам менен белгиленген тартипте жана  учурларда  кызмат
ордуна дайындалат жана бошотулат.".

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын  "Билим  берүү  жөнүндө"  мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку  Кењешинин  Жарчысы,  2003-ж.,  №  8,  323-ст.)
төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
     38-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "Улуттук" статусу  бар  жогорку окуу жайлардан тышкары мамлекеттик
жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоонун жана бо-
шотуунун  тартиби  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтү тарабынан аныкталат.
"Улуттук" статусу бар жогорку окуу жайларынын жетекчилери  Кыргыз  Рес-
публикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошоту-
лат.".

     3-берене.

     Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик
укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
     Ушул Мыйзам  күчүнө киргенге чейин "улуттук" статусу жок мамлекет-
тик  жогорку  окуу  жайларынын  жетекчилери  өздөрү  шайланган   мөөнөт
бүткөнгө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калышат.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев