Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 23-январы № 15

                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

        "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө"
                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
                       толуктоо киргизүү тууралу

    2008-жылдын 25-декабрында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     "Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик  символдору  жөнүндө"  Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын  Жогорку  Кењешинин
Жарчысы, 2004-ж., № 11, 498-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо киргизилсин:
     21-берененин 1-бөлүгү "туруп угушат" деген  сөздөн  кийин  ",  бул
учурда Кыргыз Республикасынын жарандары оњ колун көкүрөгүнүн сол жагына
коюп турушат" деген сөздөр менен толукталсын.

     2-берене.

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

     3-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев