Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\2b3eb27c-c797-40a2-bb02-cec5b16fe3cd\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛАКСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 24-июлу № 248

Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө

(КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171,
2016-жылдын 6-июлундагы № 99 ,
2019-жылдын 29-мартындагы N 40 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 53 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам коомдук саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу аркылуу калктын ден соолугун жакшыртуу, бүтүндөй алганда коомдун ден соолугун коргоо жана чыңдоо маселелерин илгерилетүүгө багытталган.

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары

Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башкача эрежелер белгиленсе, эл аралык келишимдердин эрежелери колдонулат.

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр жана аныктамалар

Адаптация - организмдин функциялык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүсүн, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн артуусун жана сырткы таасирлерге болгон каршылыгынын жогорулоосун чагылдырган жандуу организмдин өзгөрүлмө сырткы чөйрөнүн шарттарына карата ыңгайланышуу процесстери.

Адаптациялык жөндөмдүүлүгү - мүмкүн болгон зыянды азайтуу, ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү пайдалануу же кесепеттерди жоюу максатында системанын климаттын өзгөрүшүнө (климаттын өзгөрмөлүгүн жана экстрим кубулуштарды кошуп алганда) ыңгайлашууга жөндөмдүүлүгү.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл - калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо максатында калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, айкындоо, аларга бөгөт коюу боюнча иш-аракет.

Адамдын ден соолугу - тышкы чөйрө менен толук тең салмактуулугун жана ооруга байланышкан кандайдыр бир байкаларлык өзгөрүүлөрдүн жоктугун мүнөздөгөн жандуу система катарындагы адам организминин ал-абалы. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аныктамасы боюнча ден соолук - бул оорунун же дене-күчтүк дефекттердин болбогондугунун ал-абалы гана эмес, дене-күчтүк, руханий жана социалдык толук бейгамчылык ал-абалы болуп саналат.

Коомдук ден соолук - калктын же анын географиялык, социалдык же башка белгилер боюнча белгилүү бир топторунун жана жамааттарынын ден соолугу, ал демографиялык көрсөткүчтөр, дене-күчтүк өнүгүүнүн, оорунун жана майыптуулуктун мүнөздөмөсү менен бааланат.

Коомдук саламаттык сактоо - бардык кызыкдар болгон тараптардын уюмдашкан күч-аракеттери, калкка, мамлекеттик жана жеке менчик уюмдарга, жамааттарга жана жеке жактарга маалымат берүү аркылуу коомдук саламаттыкты сактоого, оорулардын алдын алууга, адамдын өмүрүн узартууга жана ден соолугун чыңдоого багытталган иш-чаралардын системасы.

Чектөө иш-чаралары - чарбалык же башка иш-аракеттин өзгөчө режимин караган, жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын жана чукул кырдаалдардын жайылып кетүүсүнүн алдын алууга, ошондой эле калктын, транспорттук каражаттардын жүрүүсүн, жүктөрдүн, товарлардын жана жаныбарлардын ташылуусун чектөөгө багытталган администрациялык, медициналык-санитардык, ветеринардык иш-чаралар.

Калктын ден соолугун коргоо - калктын учурдагы жана келечек муундарынын ден соолугун сактоого жана чыңдоого багытталган саясий, экономикалык, укуктук, социалдык, маданий, илимий, экологиялык, медициналык мүнөздөгү чаралардын жыйындысы.

Ден соолукка таасир этүүнү баалоо - калктын ден соолугунун абалынын, саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн жана бүтүндөй алганда социалдык-экономикалык өнүгүүнүн көз карашынан алгандагы белгилүү бир саясатты же программаны жүргүзүүнүн же болбосо конкреттүү кызматтардын же мекемелердин иш-аракетинин тикелей жана кыйыр натыйжаларына комплекстүү баа берүү.

Ооруларды профилактикалоо - оорунун пайда болуу жана тарап кетүү коркунучун алдын алууга же төмөндөтүүгө же болбосо анын агымын токтотууга, рецидив жана өтүшүп кетүүнү болтурбоого багытталган иш-чаралар.

Профилактикалык иш-чаралар - жашоо чөйрөсүнүн, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнүн факторлорунун калкка тийгизген зыяндуу кесепеттерин жоюуга же азайтууга, жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын, өзгөчө кырдаалдардын пайда болуусунун, жайылып кетишинин алдын алууга же аларды жоюуга багытталган уюштуруучулук, администрациялык, инженердик-техникалык, медициналык-санитардык, ветеринардык, адаптациялык жана башка чаралар.

Психикалык ден соолук - индивидди чөйрөгө адаптациялоого мүмкүндүк берүүчү орнотуктардын, сапаттардын жана функциялык жарамдуулуктардын жыйындысы.

Санитардык-карантиндик контроль - адамдын ден соолугу үчүн потенциалдуу коркунуч келтирген продукцияларды (товарларды) ташып келүүнүн, жугуштуу жана жапырт жугуштуу эмес ооруларды (ууланууларды) алып келүүнүн, пайда болуусунун жана жайылып кетишинин алдын алуу максатында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) контроль алдындагы мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрмө пункттарындагы, мамлекеттер аралык өткөрүүчү темир жол станцияларындагы же кошулган станциялардагы продукцияларга (товарларга) карата мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн (контролдун) түрү.

Санитардык-эпидемиологиялык кырдаал - белгилүү бир аймакта белгилүү бир убакта калктын ооруп калуусунун деңгээли жана жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы.

Социалдык мобилизация - коомдун бардык негизги секторлору жалпы максатка жетишүү үчүн чогуу аракеттенген пландаштырылган процесс.

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы - жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасири болбогон жана анын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шарттары камсыз кылынганда калктын саламаттыгынын, адамдын жашоо чөйрөсүнүн абалы.

Ден соолукту чыңдоо - адамдарга жана жамааттарга ден соолукка социалдык, экономикалык, экологиялык факторлордун, жашоо чөйрөсүнүн жана жашоо мүнөзүнүн таасирин сезүүгө мүмкүндүк берүүчү жана ден соолукту жакшыртуу максатында аларга контролдукту күчөтүүчү процесс.

Ушул Мыйзамда колдонулуучу башка терминдердин мазмуну ушул Мыйзамдын өзүнчө беренелеринде аныкталат.

(КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-берене. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери

Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- калктын ден соолугун сактоо;

- Кыргыз Республикасында жарандардын сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу;

- жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу.

4-берене. Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери

Кыргыз Республикасынын коомдук саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- саламаттык сактоонун профилактикалык багыттангандыгы жана калктын сергек жашоо мүнөзүнө карата табитин калыптандыруу;

- медициналык тейлөө кызматтарынын жеткиликтүүлүгүнүн жана теңдигинин негизинде адамдардын саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн шарттарды түзүү;

- бүтүндөй калктын жашоосунун сапатын жана психосоматикалык бейгамдык абалынын деңгээлин жогорулатуучу фактор катарында психикалык жана дене-күчтүк ден соолукту чыңдоо;

- саламаттыкты сактоо жана чыңдоо жагында калктын керектөөлөрүнө ылайык коомдук саламаттыкты сактоону өнүктүрүү, коомдук саламаттык сактоо уюмдарынын иштөөсү үчүн бирдей шарттарды түзүү;

- жарандарды оорулардын алдын алуу, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча объективдүү жана туура маалымат менен камсыздоо;

- коомдук саламаттыкты сактоо жагындагы мамлекеттик башкаруу органдарынын иш-аракеттерин координациялоо;

- калктын активдүү катышуусу менен калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелерин чечүүдө коомдук жана башка уюмдардын кызматташтыгы жана өз ара аракеттешүүсү;

- мамлекеттик органдардын жана берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын калктын ден соолугунун ал-абалы жана коомдук саламаттык сактоо жагында көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты үчүн жоопкерчилиги;

- жарандардын өзүнүн жана башка адамдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо үчүн болгон жоопкерчилиги;

- калктын ден соолугун сактоодо жана чыңдоодо юридикалык жана жеке жактардын экономикалык кызыкдардыгы;

- профилактикалык иш-чаралардын илимий негиздүүлүгү.

Коомдук саламаттык сактоо кызматынын структурасы, башкаруу принциптери жана финансылануусу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171, 2016-жылдын 6-июлундагы № 99 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

5-берене. Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо

Коомдук саламаттык сактоо адистерин даярдоо жана аларды даярдоонун сапатын башкаруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Жеке жана юридикалык жактардын коомдук саламаттык сактоо жагындагы укуктары жана милдеттери

 

6-берене. Жеке жактардын коомдук саламаттык сактоо жагында укуктары жана милдеттери

Жарандар төмөнкүлөргө укуктуу:

- факторлору адамга зыяндуу таасир этпеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө;

- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалыматты алууга;

- калктын саламаттыгын сактоо жагында техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контроль жүргүзүүгө;

- мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарына калктын ден соолугун сактоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун натыйжасында ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыянды толук көлөмүндө төлөтүп алууга;

- объекттердин канааттандырбаган ал-абалынын, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын маселелери боюнча коомдук саламаттык сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга.

Жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;

- өздөрүнүн ден соолугу, ошондой эле өз балдарынын ден соолугу, аларга гигиеналык тарбия берүү жана окутуу жөнүндө кам көрүүгө;

- башка жарандардын ден соолукту сактоого жана жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого.

7-берене. Юридикалык жактардын коомдук саламаттык сактоо жагындагы укуктары жана милдеттери

Юридикалык жактар төмөнкүлөргө укуктуу:

- санитардык-эпидемиологиялык жагдай, жашоо чөйрөсүнүн ал-абалы жөнүндө жана коомдук саламаттык сактоо маселелерин жөнгө салуучу колдонуудагы актылар тууралу маалымат алууга;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамдыгын камсыздоо боюнча сунуш киргизүүгө;

- башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан санитардык мыйзамдарды бузуунун натыйжасында ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды, ошондой эле профилактикалык иш-чараларды аткарууда келтирилген зыянды толук көлөмүндө төлөтүп алууга.

Юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

- ушул Мыйзамдын талаптарын, ошондой эле аны ишке ашыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды аткарууга;

- аткарылуучу жумуштардын, продукциялардын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын адамдын ден соолугу үчүн коопсуздугун камсыздоого жана өндүрүштүк контроль жүргүзүүгө;

- продукциялардын жаңы түрлөрүнүн жана аларды жасоонун технологиясынын адамдын саламаттыгына коопсуздугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте негиздеме берүүгө;

- авариялык жагдайлар, өндүрүштүн токтошу, технологиялык процесстердин калктын саламаттыгына коркунуч келтирүүчү бузулушу, алааматтуу жаратылыштык-климаттык абалдар жөнүндө калкка, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коомдук саламаттык сактоо органдарына жана уюмдарына өз учурунда маалымат берүүгө;

- иш-аракеттери азык-түлүк продуктыларын жана ичилүүчү сууну чыгаруу, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналык жана турмуш-тиричилик жактан камсыз кылуу менен байланышкан кызматкерлердин медициналык кароодон өтүшүн жана аларды гигиеналык окутууну камсыз кылууга.

(КР 2013-жылдын 16-майындагы № 72 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-глава
Коомдук саламаттык сактоо жагындагы мамлекеттик көзөмөл

 

8-берене. Өнөр жай жана турмуш-тиричилик багытындагы продукциянын жана аны жасоо технологиясынын коопсуздугу

Өнөр жайлык жана тиричилик багытындагы продукциялар аларды жасап чыгарууда, ташууда, сактоодо, колдонууда жана утилдештирүүдө адамга жана анын жашоо чөйрөсүнө терс таасир көрсөтпөөгө тийиш. Колдонуудагы техникалык регламенттерге, Кыргыз Республикасынын жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин тастыктаган документтер болгондо гана өнөр жайлык жана тиричилик багытындагы продукцияны калкка сатууга жол берилет.

9-берене. Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу

Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошумчаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланыштагы материалдарды жана буюмдарды жасоо, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна терс таасир көрсөтпөөгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин талаптарына туура келиши керек.

Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактануу уюмдары адамдардын ден соолугуна коопсуз болууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек.

10-берене. Ичилүүчү суунун жана суу объекттеринин коопсуздугу

Ичилүүчү суу коопсуз болууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин талаптарына туура келиши керек.

Суу объекттери эпидемиологиялык, радиациялык жана физикалык-химиялык жагынан коопсуз болууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек.

11-берене. Адамдын ден соолугуна коркунуч келтире турган заттарга жана факторлорго карата талаптар

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтире турган физикалык, химиялык, биологиялык заттарды жана иондоштуруучу нурландыруунун булактарын жасоого, ташууга, сатып алууга, сактоого, сатууга жана колдонууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.

Сымап камтылган медициналык буюмдар менен иштөө жана колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

12-берене. Аба чөйрөсүнүн коопсуздугу

Өндүрүштүк жайларда жана өнөр жай аянттарында, турак жайлык жана коомдук имараттарда, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлерде жумушчу зонасынын аба чөйрөсү адамга зыяндуу таасир көрсөтпөөгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек.

Калк жайгашкан жерлердеги атмосфералык абанын, адам туруктуу же убактылуу болуучу жерлердеги абанын булганышын болтурбоо жана азайтуу боюнча чараларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар өздөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген ыйгарым укуктарга жараша ишке ашырат.

13-берене. Жер кыртыштын коопсуздугу, калдыктарды чогултуу жана утилдештирүү

Калктуу конуштардагы жер кыртышы, өнөр жай аянттары жана айыл чарба жерлери адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жагымсыз таасир тийгизбөөгө тийиш жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына туура келиши керек.

Калктуу конуштардын аймактарын, курортторду жана рекреациялык зоналарды карап-күтүү, өндүрүш калдыктарын чогултуу, ташуу, утилдештирүү жана керектөө Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

Медициналык калдыктарды колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги N 53 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

14-берене. Өндүрүштүк, коомдук, турак жайлык орун-жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту пайдалануунун коопсуздугу

Өндүрүштүк, коомдук, турак жайлык орун-жайларды, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды жана транспортту пайдаланууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык, адам үчүн коопсуз эмгектик, турмуш-тиричиликтик жана эс алуу шарттары камсыз кылынышы керек.

15-берене. Эмгек шарттарынын коопсуздугу

Өндүрүштүк жайлардын санитардык-техникалык жана гигиеналык ал-абалы, жумуш орундарын жабдуу, эмгек процессин уюштуруу адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир көрсөтпөөгө тийиш жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына туура келиши керек.

Иондоштуруучу нурландыруунун, физикалык, химиялык жана биологиялык факторлордун булактары менен иштөөдө эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан уюмдардагы жумуш берүүчүгө жүктөлөт.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

16-берене. Билим берүү уюмдарындагы шарттардын коопсуздугу

Уюмдашуу-укуктук формаларына карабастан мектепке чейинки жана башка билим берүүчү уюмдар балдардын болуусунун, аларды окутуунун коопсуз шарттарын, ошондой эле алардын тамактануусун уюштурууну калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык камсыз кылууга тийиш.

Балдардын болуусунун, аларды окутуунун коопсуз шарттарын жана алардын тамактануусун уюштурууну камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жүктөлөт.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

17-берене. Милдеттүү медициналык кароолор

Жугуштуу жана кесиптик оорулардын келип чыгышынын жана жайылышынын алдын алуу максатында иши тамак-аш азыктарын жана ичилүүчү сууну жасоо, сактоо, ташуу жана сатуу, балдарды тарбиялоо жана окутуу, калкты коммуналдык жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө менен байланышкан, эмгек шарттары ден соолукка зыяндуу иштерде иштеген кызматкерлер жумушка орношордо алдын ала жана андан кийин мезгил-мезгили менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипке ылайык профилактикалык медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү.

Милдеттүү медициналык кароодон өтүүгө жаткан кесиптердин тизмеги, текшерүүнүн көлөмү жана милдеттүү медициналык кароодон өткөрүүнүн, эсепке алуунун, отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Кызматкерлерди өз убагында медициналык кароодон өткөрүү жана алардын иштөөсүнө уруксат берүү үчүн жоопкерчилик жумуш берүүчүлөргө жүктөлөт.

Балдарды, өспүрүмдөрдү жана эресеге жеткен адамдарды профилактикалык медициналык кароодон үзгүлтүксүз өткөрүп туруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жүргүзүлөт.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

18-берене. Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу

Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө төмөнкү каражаттар аркылуу камсыз кылынат:

- Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таралышына эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык жагдайдын татаалданышына таасир кылуу системасынын ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте ылайык жүзөгө ашыруу;

- жугуштуу оору менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар;

- эмдөөлөрдүн Улуттук календары боюнча милдеттүү профилактикалык эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын божомолдонгон начарлашындагы эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эмдөөлөрдү жүргүзүү;

- жугуштуу оорулардын профилактикасы боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;

- малдан жугуучу ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын биргелешип аракеттенүүсү;

- жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-берене. Жугуштуу оорулардын киришинен жана жайылышынан аймактарды санитардык коргоо

Аймакты санитардык коргоо калктын ден соолугу үчүн коркунуч келтирүүчү жугуштуу оорулардын киришинин жана жайылышынын алдын алууга багытталган жана калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылуучу жугуштуу (өзгөчө коркунучтуу) оорулардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрмө пункттарда санитардык-карантиндик контроль киргизилет.

Кыргыз Республикасынын аймагына коркунучтуу жүктөрдү жана товарларды алып келүү атайын жабдылган жана бул максаттар үчүн арналган өткөрмө пункттарда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындай өткөрмө пункттардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Кыргыз Республикасынын аймагын санитардык коргоону жүзөгө ашыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

19-1-берене. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор

Санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар, териштирүүлөр, текшерүүлөр, изилдөөлөр, сыноолор мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары тарабынан, төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

- жашоо чөйрөсүнүн факторлорунун адамга зыяндуу таасирин белгилөө жана алдын алуу;

- жугуштуу оорулардын жана жапырт жугуштуу эмес оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин себептерин жана шарттарын белгилөө жана мындай оорулардын (уулануулардын) пайда болушунун жана жайылып кетишинин кесепеттерин баалоо.

Санитардык-эпидемиологиялык экспертизаларды, териштирүүлөрдү, текшерүүлөрдү, изилдөөлөрдү, сыноолорду өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

20-берене. Жугуштуу оору менен ооругандарга карата чаралар

Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипке ылайык алар айкындалган жер боюнча, менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө катталууга, мамлекеттик эсепке алынууга жана алар боюнча отчеттуулук жүргүзүлүүгө тийиш.

Эпидемиологиялык териштирүү жүргүзүлүүчү жугуштуу оорулардын тизмеги, териштирүү жүргүзүүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

Жугуштуу оору менен ооругандар, мындай оору менен ооруйт деп шек саналган адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу ооруларды козгогучтарды алып жүрүүчү болуп эсептелген адамдар эгерде алар айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн өзгөчө коркунуч келтирсе, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык мажбурлап ооруканага жаткырылууга жана (же) өзүнчө бөлүнүүгө жатат.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

21-берене. Чектөө иш-чаралары (карантин)

Жугуштуу оорулардын пайда болуу жана жайылып кетүү коркунучу болгондо чектөө иш-чаралары (карантин) киргизилет.

Чектөө иш-чараларын (карантинди) киргизүүнүн жана жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 171 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

22-берене. Жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу

Калк арасында жугуштуу эмес оорулардын жана жаракаттардын алдын алуу төмөнкү каражаттар аркылуу камсыз кылынат:

- калк арасында жугуштуу эмес оорулар менен ооругандыктын, жаракат алуунун ал-абалына аларды азайтуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу менен мониторинг жана анализ жүргүзүү;

- калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча координацияланган көп сектордуу иш-чараларды жүргүзүү;

- жугуштуу эмес оорулардын, күтүлбөгөн кырсыктардын жана жаракаттардын алдын алуу боюнча мамлекеттик, улуттук, максаттуу жана башк программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

22-1-берене. Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы

Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат:

- санитардык-эпидемиологиялык абалга жана анын өзгөрүү болжолуна ылайык оорулардын алдын алуу;

- санитардык-эпидемияларга каршы (алдын алуу) иш-чараларды аткаруу;

- жеке, юридикалык жактардын жана кызмат адамдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген техникалык регламенттерди, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди жана гигиеналык ченемдерди сактоосун контролдоо;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылууну мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө;

- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана жана өндүрүштүк чөйрө объекттеринин техникалык регламенттерге, анын ичинде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жаткан товарларга карата Евразия экономикалык бирлигинин жана Бирдиктүү санитардык-эпидемиологияпык жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугу же ылайыксыздыгы боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалар;

- адам үчүн коркунуч келтире турган химиялык жана биологиялык заттарды, продукциялардын айрым түрлөрүн, радиоактивдүү заттарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагына биринчи ирет анын келинүүчү продукциялардын айрым түрлөрүнүн мамлекеттик каттоо;

- социалдык-гигиеналык мониторингди камсыз кылуу;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгын камсыз кылуу жагындагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

- жугуштуу оорулардын, жапырт уулануулардын жана жугуштуу эмес оорулардын пайда болуусу, жашоо чөйрөсүнүн абалы жана алдын ала жүргүзүлүүчү санитардык-эпидемияга каршы иш-чаралар жөнүндө калкка өз убагында маалымдоо;

- жугуштуу оорулардын, эпидемиялардын тез башталып кетишин, адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучтуу авариялардын, табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын, кыйроолордун кесепеттерин жоюу үчүн эпидфонд резервдерин түзүү;

- калкты гигиеналык окутуу жана тарбиялоо жана сергек жашоо ыңгайын пропагандалоо боюнча иштерди жүргүзүү;

- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейгамчылыгы жагындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу.

(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы N 171, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

4-глава
Калктын ден соолугун чыңдоо

 

23-берене. Сергек жашоо ыңгайы

Сергек жашоо ыңгайы - адамдын ден соолукту сактоого жана чыңдоого багытталган жүрүм-турум көндүмдөрүнүн жыйындысы.

Адамдардын, жергиликтүү жамааттардын оңчулуктуу, жашоо ыңгайын дурус жагына өзгөртүүгө багытталган умтулууларын калыптандыруу жана колдоого алуу, ден соолукту сактоого, чыңдоого жана тобокелдик факторлорунун таасирин азайтууга көмөк берүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- сергек жашоо ыңгайын сактоонун жүйөлөрүн, шарттарын түзүүнү, тийиштүү билгичтиктерди жана көндүмдөрдү иштеп чыгууну, дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнү;

- ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча программаларды билим берүү системасына киргизүүнү;

- калктын ден соолугун чыңдоо боюнча программаларды ишке ашырууга катышууну;

- психикалык ден соолукту чыңдоону жана психикалык ден соолукка, психикалык жактан оорулууларга карата коомдун мамилесин түздөөнү.

Сергек жашоо ыңгайын киргизүү жана ден соолукту чыңдоо боюнча иш-чаралар менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат, коомдук саламаттык сактоо кызматы тарабынан координацияланат.

24-берене. Социалдык мобилизациялоо жана маалыматтык камсыз кылуу

Калктын ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча социалдык мобилизациялоо Кыргыз Республикасынын калкынын арасында сергек жашоо ыңгайынын маселелери боюнча маалыматтуулукту көбөйтүү жана билимдерди берүү жана жугуштуу, жугуштуу эмес оорулардын тобокелдик факторлорун кыскартуу максаттарында жүргүзүлөт.

25-берене. Калктын ден соолугун сактоого жана чыңдоого жергиликтүү жамааттардын, коомдук уюмдардын катышуусу

Жергиликтүү жамааттар, коомдук саламаттык сактоо жагындагы ассоциациялар, медициналык, ветеринардык, фармацевтик, кесиптик бирликтер, экологиялык жана башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына ылайык калктын ден соолугун сактоонун, чыңдоонун жана коопсуз жашоо чөйрөсүнүн маселелерин чечүүгө катыша алат.

26-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттары менен биргелешип аракеттенүү

Телерадиокомпаниялар, басма сөз каражаттары ден соолукту сактоо жана чыңдоо проблемаларын келишимдердин негизинде чагылдырат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык программаларды, роликтерди жана ар кандай материалдарды жайгаштыруу үчүн эфирдик убакыт берет.

5-глава
Коомдук саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

 

27-берене. Коомдук саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарды бузгандык үчүн жоопкерчилик

Коомдук саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6-глава
Корутунду жоболор

 

28-берене. Коомдук саламаттык сактоо тармагындагы эл аралык кызматташтык

Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен коомдук саламаттык сактоо жагындагы кызматташтыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте эл аралык келишимдердин, макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.

Эл аралык кызматташтыктын алкагында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы түзгөн макулдашуулар жалпы кабыл алынган принциптерге, эл аралык укуктун ченемдерине, ушул Мыйзамдын жоболоруна жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жарандардын ден соолугун сактоого жана чыңдоого, коопсуз айлана-чөйрөгө болгон укуктарын чектөөгө тийиш эмес.

29-берене. Корутунду жоболор

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылат:

"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 6, 195-ст.);

"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 10, 461-ст.);

"Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2009-жылдын 28-апрели., № 29-30).

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев