Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-апрели № 141

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

            Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө
               Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү
                           киргизүү тууралуу
 
   2009-жылдын 12-мартында             Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     "Кыргыз Республикасындагы  инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына  (Кыргыз  Республикасынын  Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2003-ж., № 7, 252-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
     8-статьянын 4-пунктундагы  "акчанын  изин  жашыруу"  деген  сөздөр
"террорчулукту каржылоо  жана  кылмыштуу  жол менен алынган кирешелерди
легализациялоо (адалдоо)" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 

     2-берене.

     Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев