Бишкек шаары
2009-жылдын 31-июлу № 256
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары
3-глава. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандыруу жана жүзөгө
ашыруу
4-глава. Корутунду жоболор
Ушул Мыйзам жаш жарандардын, жаштар уюмдарынын укуктарын жана кы-
зыкчылыктарын, алардын дараметин мамлекеттин жана коомдун мүдөөсүндө
жүзөгө ашырууга багытталган укуктук, экономикалык, социалдык жана башка
шарттарды түзүүнүн укуктук негиздерин аныктайт.
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети деп мамлекеттик жаштар саяса-
тынын максаттарын, принциптерин, негизги багыттарын жана жүзөгө ашыруу
чараларын аныктоо эсептелет.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттин
кызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары);
волонтердик иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай формада ык-
тыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчы-
лыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жеке
жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү, анын жүрүшүндө алар би-
лим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө
алат;
мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ийгиликтүү өз ор-
дун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүү
үчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгө
багытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы;
жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14 жаштан 28 жашка
чейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар;
жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тењ же болбосо бирөөсү 28 жаш ку-
рагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келип
чыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жаш
жарандардын чөйрөсү;
жаш адис - 28 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек стажы 3 жыл-
дан ашпаган жаран;
жаштар уюму - катышуучуларынын (мүчөлөрүнүн) кеминде 75 пайызы жаш
жарандар болгон, иш-аракети жаштардын өнүгүшүнө, өз жолун табуусуна,
укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле рухий жана башка
керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган коммерциялык эмес уюм;
уюмдашпаган жаштар - коомдук пайдалуу эмгекке тартылбаган,
өздөрүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумуш иштөө, билимин жогорулатуу жана
жарандык катышуунун башка формаларын жүзөгө ашыруу аркылуу ишке киргиз-
беген жаш жарандар;
жаштардын бейформал бирикмелери - жалпы кызыкчылыктары аркылуу би-
риккен, мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жак катары каттал-
баган жаш жарандар тобу;
жаштар үчүн социалдык кызматтар - оор турмуштук кырдаалга тушуккан
жаш жарандарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө
ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну юридика-
лык жакты түзбөстөн туруп жүргүзүүчү жарандар;
талаптуу жаштар - чыгармачылык, интеллектуалдык жана маданий жо-
горку дараметке ээ болгон жана мындай дарамети коомдун жана мамлекеттин
өнүгүү дењгээлин жогорулатуу үчүн пайдаланыла ала турган жаш жарандар;
оор турмуштук кырдаал - жаш жарандардын жашоо-турмушун объективдүү
түрдө бузуучу жана жаш жаран төмөнкүдөй себептер боюнча өз алдынча чече
албаган жагдай:
1) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелгенден улам өзүн өзү тейлөөгө
жарамсыз болсо;
2) ата-эненин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкордугусуз калса же
өзүнүн багуусунда, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды кошуп
алганда, жакын туугандары бар болсо;
3) аз камсыз болгон адам болуп саналса;
4) куралдуу жана улуттар аралык чыр-чатактардан, экологиялык жана
техногендик алааматтардан, жаратылыш кырсыктарынан запкы тарткан адам
болуп саналат;
5) качкын жана аргасыз көчкүн адам болуп саналса;
6) атайын окуу-тарбия мекемелеринде турса;
7) зордук-зомбулуктан запкы тарткан субъект болуп саналса;
8) жазык жазасын өтөгөндөн кийин социалдык адаптацияланууга
мүмкүнчүлүгү жок болсо.
Жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым
укуктуу орган - белгиленген тартипте өзүнө берилгем ыйгарым укуктардын
чектеринде мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик ор-
ган.
3-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын жүзөгө ашыруунун
принциптери
Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын жеке жана юридикалык жактар менен өз ара аракет-
тенишүүсү, иш-аракеттерин координациялоосу;
2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) максаттуу финансылык кол-
доого алуусу;
3) жаш жарандардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар
маселелер боюнча мамлекеттик жана башка программаларды иштеп чыгуу про-
цессине жаш жарандарды (жаштар уюмдарын) тартуу;
4) жаштардын турмушта өз ордун табуусу үчүн бирдей
мүмкүнчүлүктөрдү жана шарттарды түзүү, ошондой эле аял жана эркек жыны-
сындагы жаштарды коомдун социалдык-экономикалык, саясый жана маданий
турмушуна тартуу аркылуу коомдук пайдалуу демилгелерге дем берүү;
5) жаштарды (жаштар уюмдарын) мамлекеттик эмес колдоого алууну иш-
ке ашырууда жеке жана юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарына, жеке жана юридикалык жактарга мониторинг жүргүзүү жана баа
берүү.
4-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын максаттары жана милдеттери
Мамлекеттик жаштар саясатынын максаттары деп жаштарда өлкөнүн ту-
руктуу жањычыл өнүгүшүн, аймактык бүтүмдүгүн жана Кыргызстан элинин ма-
даний иденттүүлүгүн камсыз кылуучу активдүү жарандык позицияны жана ба-
алуулук багыттарын калыптандыруу эсептелет.
Коюлган максатка жетишүү төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашыруу ар-
кылуу жүзөгө ашырылат:
1) социалдашуу үчүн шарттарды түзүү;
2) руханий-адептик баалуулуктарды жана маданиятты калыптандыруу;
3) ден соолукту чыњдоо жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн жет-
киликтүүлүгүн камсыз кылуу;
4) билим алуу, кесиптик даярдыктан өтүү үчүн шарттарды түзүү:
5) жумуштуулукка көмөк көрсөтүү жана социалдык коргоону камсыз кы-
луу;
6) сунушталып жаткан коомдук пайдалуу демилгелерди жүзөгө ашыруу;
7) бош убакытты өткөрүү жана чыгармачылык дараметти өнүктүрүү үчүн
шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
8) коомдун жана мамлекеттин жашоо-турмуш процесстерине тартуу, жа-
рандык жоопкерчиликке тарбиялоо.
5-берене. Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери
Мамлекеттик жаштар саясатынын субъекттери болуп төмөнкүлөр сана-
лат:
1) өз компетенциясынын чектеринде бирдиктүү мамлекеттик жаштар са-
ясатын калыптандырууну жана жүзөгө ашырууну камсыз кылуучу мамлекеттик
органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
2) жаш жарандар (жаштар уюмдары);
3) мамлекеттик жаштар саясатынын максаттарын жана милдеттерин
жүзөгө ашырууга тартылган жаш жарандарга (жаштар уюмдарына) колдоо
көрсөтүүчү юридикалык жактар, ошондой эле жарандар.
6-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар
1. Мамлекеттик жаштар саясаты жөнүндө мыйзамдар Конституцияга не-
гизденет жана ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана аларга ылайык ка-
был алынуучу башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Рес-
публикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте
күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Эгерде мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык
келишимде ушул Мыйзамда камтылган эрежелерден башкача эрежелер белги-
ленсе, эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
2-глава
Мамлекеттик жаштар саясатынын негизги багыттары
7-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдарынын иш-аракеттеринин багыттары
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген алкакта мамле-
кеттик аткаруу бийлик органдарынын иш-аракетинин негизги багыттары бо-
луп төмөнкүлөр эсептелет:
1) активдүү жана таланттуу жаштарга, жаш адистерге колдоого
көрсөтүүгө жана алардын чыгармачылык жана жањычылдык дараметин коомдун
жана мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүүгө жана жүзөгө ашырууга ба-
гытталган максаттуу мамлекеттик программаларды жаштардын катышуусу ме-
нен иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
2) аталган программаларды жүзөгө ашырууга катышуучу мамлекеттик
органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка
жеке жана юридикалык жактардын өз ара аракеттенишүүсүн, алардын иш-ара-
кетин координациялоону жана мониторингин камсыз кылуу;
3) жаштар (жаштар уюмдары) менен иштөө, жаштар программаларын да-
ярдоо, жүзөгө ашыруу жана ага мониторинг жүргүзүү жана баа берүү масе-
лелеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методологиялык
көмөк көрсөтүү;
4) жаш жарандардын (жаштар уюмдарынын) демилгелерин мамлекеттик
бюджетте каралган каражаттардын эсебинен финансылоонун тартибин жөнгө
салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте
бекитүү;
5) жаштардын (жаштар уюмдарынын) укуктарын жана кызыкчылыктарын
камсыз кылуу маселелеринде эл аралык байланыштарды жөндөө жана кармап
туруу жана эл аралык жана мамлекеттер аралык уюмдарда Кыргыз Республи-
касынын жаш жарандарынын кызыкчылыктарына өкүлдүк кылууну камсыз кылуу;
6) Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюн-
ча отчетторду даярдоо жана мониторинг жүргүзүү;
7) жаш жарандарга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кепилденген
дењгээлин камсыз кылуу жана алардын ден соолугун коргоо жана чыњдоо бо-
юнча чараларды жүзөгө ашыруу;
8) экстремизди жана диний фанатизмди кошуп алганда, жаштарды мый-
замга каршы иш-аракетке тартуунун алдын алууга жана бөгөт коюуга багыт-
талган профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү;
9) уюмдашпаган жаштарды жана жаштардын бейформал бирикмелерин ко-
шуп алганда жаштарды (жаштар уюмдарын) мамлекеттик жаштар саясатынын
милдеттерин жүзөгө ашырууга тартуу;
10) кесипке багыттоону, кесиптик даярдоону (кайра даярдоону) жана
квалификацияны жогорулатууну уюштуруу, жумуштуулукка көмөк берүүчү
программаларды даярдоо;
11) жаштар маселелери боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз
кылуу, ошондой эле мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы программалардын
долбоорлорун экспертизалоонун адистештирилген түрлөрүн жүзөгө ашыруу;
12) волонтердик иш-аракетти жүзөгө ашырган жаш жарандарга колдоо
көрсөтүүнү камсыз кылуу.
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген компетенциясы-
на жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракетинин
негизги багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жаштар саясаты жагында жүзөгө ашырылуучу программаларды ти-
йиштүү администрациялык-аймактык бирдиктердин чегинде маалыматтык жак-
тан коштоону камсыз кылуу;
2) максаттуу мамлекеттик жаштар программаларынын негизинде жерги-
ликтүү дењгээлдеги программаларды уюмдашпаган жаштарды жана жаштардын
бейформал бирикмелерин кошуп алганда жаштардын (жаштар уюмдарынын) ка-
тышуусу менен иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу;
3) таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш
үй-бүлөлөргө жана турмуштук оор кырдаалга тушуккан жаш жарандарга кол-
доо көрсөтүүнүн тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп
чыгуу жана белгиленген тартипте бекитүү;
4) дене тарбияны жана спортту өнүктүрүү, жергиликтүү дењгээлдеги
жаштар программаларын жүзөгө ашыруу үчүн орун-жайларды берүүнү кошуп
алганда бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
5) оор турмуштук жагдайга тушуккан жаш жарандарды жана жаш
үй-бүлөлөрдү табуу жана эсепке алуу;
6) волонтердук иш-аракетти жүзөгө ашырып жаткан жаш жарандарды
колдоону камсыз кылуу.
8-берене. Жаштардын (жаштар уюмдарынын) жана жаштарга (жаштар
уюмдарына) колдоо көрсөтүп жаткан башка жеке жана
юридикалык жактардын демилгелерине дем берүү
1. Жаштардын (жаштар уюмдарынын) жана мамлекеттик жаштар саясатын
жүзөгө ашырууга тартылган жаштарга (жаштар уюмдарына) колдоо көрсөтүп
жаткан башка жеке жана юридикалык жактардын (мындан ары - мамлекеттик
колдоо субъекттеринин) демилгелерине дем берүү иши мамлекеттик финансы-
лык колдоо көрсөтүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик колдоо субъекттерине мамлекеттик финансылык колдоо
көрсөтүү максаттуу мамлекеттик программаларга жана жергиликтүү дењгээл-
деги программаларга ылайык, конкурстук негизде ишке ашырылат.
Мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү боюнча конкурс ачык болуп
саналат.
3. Мамлекеттик финансылык колдоо алууну көздөгөн жаштар демилгеле-
ри төмөнкүдөй талаптарга туура келиши керек:
1) тийиштүү түрдө мамлекеттик программалардын жана жергиликтүү
дењгээлдеги программалардын максаттарына ылайык келүүсү;
2) жаштар демилгесинин сыпаттамасын, бюджетин жана жүзөгө ашыруу
планын берүүсү.
4. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүүгө конкурсту өткөрүүдө
төмөндөгүлөргө милдеттүү:
1) мамлекеттик финансылык колдоонун бардык субъекттерине конкурска
катышуунун бирдей жеткиликтүү болушун кепилдөөгө;
2) конкурстун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга, анын ичинде аны
өткөрүү тууралу маалыматты республикалык жана жергиликтүү маанидеги
жалпыга маалымдоо каражаттарында милдеттүү түрдө жарыялоо жолу менен
камсыз кылууга;
3) конкурстук комиссиянын курамына төмөнкүлөрдү тартууга:
конкурстун жыйынтыгына кандайдыр бир тикелей же кыйыр кызыкдарлыгы
болбогон адамдарды;
жаштардын (жаштар уюмдарынын) өкүлдөрүн.
5. Конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, мамлекеттик фи-
нансылык колдоо алуу субъекттери ылайык келүүгө тийиш болгон талаптар-
дын толук тизмеги Өкмөт тарабынан, ушул беренеде аныкталган талаптарды
эсепке алуу менен белгиленет.
6. Жаш жарандардын (жаштар уюмдарынын) демилгелерине мамлекеттик
колдоону жүзөгө ашыруунун алкагында алынган мамлекеттик каражаттарды
максатка ылайыксыз пайдалануу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бел-
гиленген жоопкерчиликке алып келет.
9-берене. Таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү
1. Коомдун интеллектуалдык жана чыгармачылык дараметин сактоо жана
өнүктүрүү, Кыргыз Республикасындагы илимий жана маданий салттуулуктар-
дын улануучулугун камсыз кылуу максаттарында таланттуу жаштарды колдоо-
го алуу боюнча чаралардын системасы жүзөгө ашырылат.
2. Таланттуу жаштарды мамлекеттик колдоого алуу төмөнкүлөр аркылуу
жүзөгө ашырылат:
1) мамлекеттик, муниципалдык жана энчиленген стипендияларды, сый
төлөмдөрдү белгилөө, билим берүү гранттарын ыйгаруу;
2) илимдин, маданияттын, көркөм өнөрдүн жана спорттун көрүнүктүү
ишмерлеринин билимдеринин, тажрыйбаларынын жолун жолдоочулукту камсыз
кылуучу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү; чыгармачылык өнөрканаларды,
мектептерди жана башка мекемелерди уюштуруу;
3) борборлорду, билим берүү уюмдарын, спорттук мектептерди жана
клубдарды түзүү жана өнүктүрүү;
4) олимпиадаларды, конкурстарды, көргөзмөлөрдү, фестивалдарды, ка-
роолорду, симпозиумдарды, конференцияларды жана башка коомдук иш-чара-
ларды уюштуруу жана өткөрүү;
5) окутуунун, кайра даярдоонун жана стажировкадан өтүүнүн улуттук
жана эл аралык программаларынын жеткиликтүүлүгүн конкурстук негизде
камсыз кылуу.
3-глава
Мамлекеттик жаштар саясатын
калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу
10-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун
механизмдери
Кыргыз Республикасында жаштар саясатынын субъекттеринин укуктарын
жана кызыкчылыктарын милдеттүү түрдө билдирүү аткаруу бийлигинин мамле-
кеттик органдар системасында атайын ыйгарым укуктуу органдын иштөөсү
аркылуу камсыз кылынат.
11-берене. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу
мамлекеттик программалар жана жергиликтүү дењгээлдеги
программалар
1. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик
программалар жана жергиликтүү дењгээлдеги программалар төмөнкүдөй та-
лаптарга жооп берүүгө тийиш:
- демократиялык, укуктук, диний эмес жана социалдык мамлекеттик
конституциялык принцибин жүзөгө ашыруу;
- жаштардын бардык катмарларын мамлекеттин жана коомдун кызыкчы-
лыктарында коомдук пайдалуу иш-аракетке тартуу;
- жаштар үчүн инфраструктуранын иштөөсүн жогорулатуу;
- жаштарды укуктук маданиятка тарбиялоого жана алардын арасында
кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралардын
болушу.
2. Мамлекеттик жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик
программалар Өкмөт тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарын эсепке алуу ме-
нен иштелип чыгат жана Жогорку Кењештин бекитүүсүнө киргизилет.
3. Жергиликтүү дењгээлдеги программалар жергиликтүү өз алдынча
башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органдары тарабынан мамлекеттик максат-
туу программалардын негизинде иштелип чыгат жана жергиликтүү башкаруу-
нун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.
4. Мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандары жаштар саясаты жагындагы максаттуу мамлекеттик программаларды
жана жергиликтүү дењгээлдеги программаларды иштеп чыгууда эркек жана
аял жынысындагы жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын эсепке алышы
керек. Иштелип чыккан программаларды белгиленген тартипте кабыл алганга
чейин алар көз карандысыз экспертизадан өткөрүлүшү керек.
12-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык-аналитикалык
камсыз кылуу
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры мамлекеттик жаштар саясатын маалыматтык-аналитикалык камсыз кылууну
ишке ашырат.
13-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын финансылык камсыз кылуу
1. Мамлекеттик жаштар саясаты төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
1) мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашырууга катышуу үчүн карал-
ган республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой эле жергиликтүү
бюджеттердин каражаттарынын;
2) жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу салымдарынын;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка бу-
лактардын.
2. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруунун алкагында жаштар
демилгелерин финансылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган
тартипте мамлекеттик социалдык заказ түрүндө жүргүзүлүшү мүмкүн.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жаштар
саясатын жүзөгө ашыруу боюнча өздөрүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укук-
тар боюнча республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте каражат менен камсыз кылынат.
14-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашыруу жөнүндө
Жогорку Кењешке маалымдоо
1. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндөгү ар жылдык отчетун берүү-
нүн алкагында Жогорку Кењешке мамлекеттик жаштар саясатын жүзөгө ашы-
руунун жыйынтыктары жөнүндө маалымдайт.
2. Премьер-министрдин ар жылдык отчетун угуунун жана мамлекеттик
органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жаштар
маселелери боюнча түшкөн сунуштарды иликтөөнүн жыйынтыгында жүргүзүлүп
жаткан мамлекеттик жаштар саясатына түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.
15-берене. Жаштар иши боюнча консультативдик кењештер
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда-
ры жаштар уюмдарынын жана башка кызыкдар тараптардын катышуусу менен,
жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар маселелер боюнча
биргелешин талкуу жүргүзүү жана сунуштама мүнөзүндөгү чечимдерди иштеп
чыгуу үчүн консультативдик кењештерди түзө алат.
16-берене. Жаштар демилгелерин колдоонун республикалык фонду
1. Жаштар демилгелерине, активдүү жана таланттуу жаштарга мамле-
кеттик финансылык колдоо көрсөтүү максатында Жаштар демилгелерин колдо-
онун республикалык фонду (мындан ары - Фонд) түзүлөт. Фондду түзүүнүн
жана анын иштөөсүнүн тартибин Өкмөт аныктайт.
2. Республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттердин каражат-
тары, ыктыярдуу салымдар, кайрымдуулук каражаттары, ошондой эле Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар Фондду ка-
лыптандыруу булактары болушу мүмкүн.
17-берене. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө
ашырууга жаштардын катышуусу
1. Мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана жүзөгө ашыруу-
га жаштар (жаштар уюмдары) төмөнкүлөр аркылуу катышат:
1) сунуштарды киргизүү жана мамлекеттик органдарга жана жерги-
ликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенишүү;
2) максаттуу мамлекеттик программалардын жана жергиликтүү дењгээл-
деги программалардын долбоорлорун жана жаштардын укуктарын жана кызык-
чылыктарын жүзөгө ашыруунун башка маселелерин коомдук талкуулоого, угу-
уга катышуу;
3) жаштар демилгелерин жүзөгө ашыруу;
4) жаштардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда маалыматтык колдоо
көрсөтүү жана сунуштарды берүү;
5) жаштар маселелери менен иштеген консультативдик кењештердин, эл
аралык, мамлекеттер аралык жана башка уюмдардын ишине катышуу;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка фор-
малар.
2. Жаш жарандарды мамлекеттик жаштар саясатын калыптандырууга жана
жүзөгө ашырууга тартуу максатында эки жылда бир жолу Кыргызстан жашта-
рынын республикалык конгресси өткөрүлөт. Кыргызстан, жаштарынын респуб-
ликалык конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби, региондордон
жаштардын кызыкчылыктарын билдирүүчү делегаттарды шайлоонун жол-жоболо-
ру Өкмөт тарабынан белгиленет. Кыргызстан жаштарынын республикалык
конгрессин уюштуруунун жана өткөрүүнүн, ошондой эле делегаттарды шайло-
онун жол-жоболорун жөнгө салуучу Өкмөттүн ченемдик укуктук актысынын
долбоору милдеттүү түрдө коомдук талкууга алынууга жана консультативдик
кењеште каралууга жатат.
3) Кыргызстан жаштарынын республикалык конгрессинин негизги мил-
деттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) талкуулоо;
2) сунуштамаларды иштеп чыгуу;
3) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-
дарына жана башка уюмдарга карата мамлекеттик жаштар саясатынын маселе-
лери боюнча кайрылууларды кабыл алуу.
18-берене. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдар
1. Жаштар менен иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдарга төмөнкүлөр
кирет:
1) тарбиялоочу мекемелер (жаштар, өспүрүмдөр клубдары, жаштар
үйлөрү жана аксарайлары, дене тарбия-спорттук бирикмелер, жаштар бор-
борлору жана башка уюмдар);
2) жаштар үчүн социалдык кызматтар, жаштардын ишке орношуусуна
көмөктөшүү боюнча уюмдарды (жаштардын эмгек биржалары, жаштарды ишке
орноштуруу борборлору жана башка уюмдар) кошуп алганда;
3) кошумча билим берүүчү мекемелер;
4) ден соолук чыњдоочу балдар жана жаштар борборлору жана лагерле-
ри;
5) жаштар уюмдары, жаштардын укуктарын жана кызыкчылыктарын корго-
ого багытталган демилгелерди жүзөгө ашыруучу башка уюмдар.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адистештирилген уюмдар
оор турмуштук кырдаалга тушуккан жаш жарандарга социалдык колдоо
көрсөтүү, турмуш-тиричиликтик, социалдык-медициналык, психологиялык-пе-
дагогикалык, укуктук кызматтарды көрсөтүү, аларды социалдык, психологи-
ялык адаптациялоого жана социалдык реабилитациялоого көмөк көрсөтүү бо-
юнча иш-чараларды конкурстун, мамлекеттик социалдык заказдын жыйынтык-
тары боюнча жүзөгө ашырат.
4-глава
Корутунду жоболор
19-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" Кыргыз Рес-
публикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,
2000-ж., № 6, 291-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
1) ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;
2) ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашырууга багытталган ченемдик
укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, кабыл алуу боюнча иш-чара-
ларды жүзөгө ашырсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2009-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган