Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Көңүл буруңуздар!
КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр,
берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин күчүнө кирет

Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\05c0250f-435a-4f9e-8058-c1d8aef335f7\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 8-майы № 151

Кыргыз Республикасында
экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 11, 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул жалпы техникалык регламенттин колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам (мындан ары - техникалык регламент) "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстери үчүн чарбалык жана башка иштин объекттеринде ишти долбоорлоодо жана жүргүзүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоого карата жалпы талаптарды белгилейт.

Ушул жалпы техникалык регламенттин талаптары Кыргыз Республикасынын аймагында продукцияны өндүрүүнүн, сактоонун, ташуунун жана утилдештирүүнүн процесстерине карата колдонулат жана продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстерин жүргүзүүчү бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул жалпы техникалык регламенттин максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик экологиялык контроль - изилдөө, өлчөө жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынын жыйынтыктарын жол-жоболоштуруунун жардамы менен жүзөгө ашырылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптарына шайкештикти баалоо формасы;

булгоочу зат - белгилүү концентрацияда айлана-чөйрөгө тараса адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч келтирүүчү зат;

чарбалык жана башка иштин объектинин таасир этүү зонасы - жер жана/же суу бетинин, ошондой эле атмосферанын, ошонун чектеринде айлана-чөйрөнүн жана/же анын компоненттеринин чарбалык же башка иштин объектинин ишинин сапаттык нормативдери өзгөргөнү байкалган участогу;

коркунучтун категориясы - чарбалык жана башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалына терс таасирдин даражасынын рангдарга бөлүнгөн баа берилиши.

табигый чөйрөнүн компоненттери - жер, жер казынасы, кыртыш, жер үстүндөгү жана жер алдындагы суулар, атмосфералык аба, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү жана башка жандуу организмдер, ошондой эле атмосферанын озон катмары жана баары чогуусу менен Жерде жашоонун болушуна ыңгайлуу шарттарды камсыздоочу жерге жакын космостук мейкиндик;

айлана-чөйрөгө терс таасир - чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөнүн булганышына, табигый экосистемалардын деградацияланышына, жаратылыштык ресурстардын азайышына алып келүүчү таасири;

экологиялык коопсуздукту камсыздоо - айлана-чөйрөгө, жарандардын ден соолугуна жана мүлкүнө зыян келтирүү тобокелчилигин четтетүүгө арналган иш-чаралардын жана иштердин системасы;

чарбалык жана башка иштин объекти - продукция жасоо, сактоо, ташуу, продукцияны, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын утилдештирүү боюнча иштин бир же бир нече түрү жүргүзүлүүчү, ошол объектте жүргүзүлүүчү иш менен техникалык жактан бириктирилген техникалык объект;

айлана-чөйрө - адамдан жана башка жандуу организмдин жашоосунун шарты, каражаты жана орду болуп саналган адам байырлаган чөйрө, биосфера; жаратылышты табигый экологиялык системалардын системасы катары жана адамдын ишинин натыйжасында кайра жаралган табигый чөйрөнүн ошол бөлүгүн камтыйт;

табигый ландшафт - чарбалык жана башка иштин натыйжасында өзгөрбөгөн жана аймактагы жер бетинин, жер кыртышынын, өсүмдүктөрдүн бирдей климаттык шартта калыптанган рельефинин тийиштүү түрлөрүнүн айкалышуусу менен мүнөздөлгөн аймак;

табигый ресурстар - чарбалык жана башка иштин процессинде пайдаланылган же пайдаланылышы мүмкүн болгон табигый чөйрөнүн компоненттери, жаратылыштык объекттер жана жаратылыштык-аптропогендик объекттер;

чарбалык жана башка иштин субъекти - объектти эксплуатациялаган же башкарган жеке адам же юридикалык жак, же объекттин техникалык иштеши жактан чечүүчү экономикалык ыйгарым укуктар өткөрүп берилген жак;

экологиялык коопсуздуктун талаптары - чарбалык же башка иштин процессинде болуучу тобокелчиликтен сактануу максатында белгиленүүчү, аткарууга милдеттүү талаптар, ошондой эле айлана-чөйрөгө же адамдын ден соолугуна зыянды болтурбоо максатында белгиленүүчү, аткарылышы милдеттүү талаптар жана жол-жоболор.

технология - даяр продукцияны алуу үчүн өндүрүштүк процессте колдонулуучу, сырьену, материалдарды же полуфабрикаттарды иштетүү, жасоо, касиеттерин өзгөртүү ыкмаларынын жыйындысы;

чарбалык жана башка иш - жасоо, сактоо, ташуу, реализациялоо, эксплуатациялоо жана утилдештирүү процесстери, жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр;

экологиялык көзөмөл - айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык регламенттердин талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иши;

экологиялык натыйжалар - чарбалык же башка иштин натыйжасында айлана-чөйрөнүн абалынын же адамдын ден соолугунун өзгөрүшү;

экологиялык система - жандуу организмдердин жансыз айлана-чөйрө менен өз ара таасир этишүүсүнүн жана өз ара байланышынын системасы.

3-берене. Экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасы тарабы болуп эсептелген эл аралык макулдашуулар, Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдары, "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул жалпы техникалык регламент экологиялык коопсуздук жаатында техникалык жөнгө салуунун укуктук негизи болуп эсептелет.

2. Ушул техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүнө тиешелүү экологиялык коопсуздуктун талаптарынын аткарылышын сактоо менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдык жана башка нормативдик укуктук актыларынын жоболору ушул техникалык регламентке каршы келбеген бөлүктөрүндө колдонулат.

4-берене. Экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык жөнгө салуу

Экологиялык коопсуздук жаатындагы техникалык жөнгө салуу ушул техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарынан турат.

5-берене. Жөнгө салуунун объекттери

Ушул техникалык регламенттин жөнгө салуу объекттери болуп чарбалык жана башка иштин объекттеринде колдонулган же колдонулуучу, алар үчүн кооптуулук категориясы белгиленген же алардын пландалган иштеши үчүн айлана-чөйрөгө таасирин баалоо талап кылынган бардык өндүрүштүк процесстер, ошондой эле продукцияны сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстери эсептелет.

6-берене. Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу принциптери

Экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө техникалык жөнгө салуу төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:

1) чарбалык жана башка ишти жүргүзүү боюнча чечим чыгарылганга чейин мамлекеттик экологиялык экспертизанын жана айлана-чөйрөгө таасирди баалоонун милдеттүү жүргүзүлүшү;

2) ушул жана башка техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга жараша чарбалык жана башка иштин айлана-чөйрөгө таасиринин белгиленген деңгээлинин жол берилиши;

3) экономикалык жана социалдык факторлорду, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну эсепке алуу менен колдо болгон мыкты технологияларды пайдалануу аркылуу чарбалык жана башка иштин өндүрүштүк процесстеринин айлана-чөйрөгө терс таасирин төмөндөтүүнү камсыз кылуу;

4) айлана-чөйрө үчүн натыйжасын болжолдоого мүмкүн болбогон чарбалык жана башка иштин процесстеринин жүргүзүлүшүнө, ошондой эле айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүгө алып келиши мүмкүн болгон долбоорлордун ишке ашырылышына тыюу салуу;

5) табигый экологиялык системаларды сактоо артыкчылыгы;

6) ачыктык принциби: экологиялык натыйжалар болуучу чарбалык жана башка иш процесстерин пландоодогу, ишке киргизүүдөгү ачык-айкындык, коомдук уюмдар жана калк менен тыгыз байланыш, жаратылыш ресурстарын сактоого жана сарамжалдуу пайдаланууга багытталган иштерди сүрөмөлөө жана түрткү берүү.

2-глава. Экологиялык коопсуздукту камсыздоонун негиздери

7-берене. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо каражаттары

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугун камсыздоо төмөнкүдөй жолдор аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) айлана-чөйрөгө терс таасирдин азайышын, персоналдын коопсуздугун камсыздоочу жана авариялык кырдаалдын чыгышын болтурбоочу конструкциялык сапаттары бар машиналарды жана жабдууларды колдонуу, ошондой эле технологиялык процесстерди колдонуу;

2) саркындыларды, чыккан булгоочу заттарды тазалоонун айлана-чөйрөгө терс таасиринин деңгээлин минималдаштырууга мүмкүндүк берүүчү натыйжалуу ыкмаларын жана технологияларын, пайда болгон калдыктарды утилдештирүүнүн технологияларын колдонуу;

3) ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу менен чарбалык жана башка иштин пландалып жаткан объектинин айлана-чөйрөгө таасирин көрсөтүлгөн ишти жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин баалоо.

8-берене. Чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо ыкмалары

1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткарышы айлана-чөйрөнү жана калкты көрсөтүлгөн ишти жүргүзүүдө болуучу терс таасирден коргоонун зарыл ыкмаларынын баарын колдонуу жолу менен жетишилет, ал ыкмаларды чарбалык жана башка иштин субъекти айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча аныктайт.

2. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздугу төмөнкүдөй камсыздалат:

1) экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуу имараттарды, курулмаларды, өндүрүштүк аянттарды жана башка чечимдерди жайгаштыруучу орунду тандоо менен;

2) технологиялык жана жаратылышты коргоочу жабдуулардын эксплуатациялык документтерде белгиленген иштөө режимин аткаруу менен;

3) опурталдуу сырьену, материалдарды жана аларды камтыган продукцияны чыгарууда (иштетүүдө) айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоочу талаптарды аткаруу менен;

4) сырьенун, материалдардын, өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын опурталдуу түрлөрүн коопсуз сактоонун, ташуунун алар айлана-чөйрөгө уруксатсыз чыгарылышын болтурбоочу шарттарын камсыздоо менен;

5) айлана-чөйрөгө терс таасир этүүгө байланыштуу процесстер менен операцияларды андай таасир эң аз болуучу жана терс таасирдин уруксат берилген деңгээлдеринен ашпоочу процесстерге жана операцияларга алмаштыруу менен;

6) калдыгы аз технологияларды жана өндүрүштүк цикл жабылуучу технологияларды колдонуу, эгер ал мүмкүн болбосо өндүрүштүн айлана-чөйрөгө терс таасирдин булагы болуучу калдыктарын өз убагында утилдештирүүчү (жок кылуучу, зыянсыздандыруучу; көмүүчү ж.б.) технологияларды колдонуу менен; суунун айланма камсыздоочу системаларын пайдалануу; пайдаланууга мүмкүн болгон мыкты технологияларды эске алып экологиялык коопсуздуктун талаптарын аткаруунун башка чараларын жана ыкмаларын колдонуу менен;

7) айлана-чөйрөгө терс таасирин минималдаштыруу максатында технологиялык процесстерди жана операцияларды өркүндөтүү менен;

8) ишенимдүү иштөөчү жана такай текшерилип туруучу контролдоочу-өлчөөчү приборлорду, авариядан сактануучу түзүлүштөрдү, маалыматты алуунун, иштетүүнүн жана берүүнүн каражаттарын пайдалануу менен.

3-глава. Чарбалык жана башка ишке карата экологиялык коопсуздуктун талаптары

9-берене. Ишке ашырылуучу жана пландалуучу чарбалык жана башка иштин экологиялык коопсуздугун камсыздоо боюнча жалпы талаптар

1. Айлана-чөйрөнүн абалын турукташтырууга жана жакшыртууга айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизип жаткан чарбалык жана башка иштин объекттери терс таасирдин деңгээлин этаптуу азайтуунун талаптарын аткарышы менен жетишилет.

2. Өндүрүштүн жайгаштырылуучу калдыктарынын көлөмү (калдыктарды жайгаштырууга лимиттер) кайрадан иштетилүүчү, сатылуучу же башка ишканаларга утилдештирүү үчүн өткөрүп берилүүчү калдыктарды уюшкандыкта жайгаштыруу объекттеринин ведомствого таандык аймактарындагы кубаттуулуктан ашпоого тийиш.

3. Чарбалык жана башка иштин иштеп жаткан жана пландалган объектеринин айлана-чөйрөгө уруксат берилген терс таасиринин деңгээлин аныктоо айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдарда белгиленген тартипте аныктоочу тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Чарбалык жана башка иштин объекттери өз иштерин айлана-чөйрөгө терс таасирдин көрсөткүчтөрүн чагылдыруучу бекитилген уруксаттарга, зарыл учурда терс таасирдин көлөмүн азайтуунун сандык көрсөткүчтөрү жана саркындылардын, булгоочу заттардын чыгарылуу жана калдыктардын жаралуу көлөмдөрүн азайтуу боюнча пландаштырылып жаткан иш-чаралардын баяндамасы берилген терс таасирди азайтуу планына ылайык жүргүзүшөт.

5. Уруксат берилген терс таасирдин деңгээлин (жол берилген саркындылар, булгоочу заттардын жол берилген чыгарылышы, калдыктарды жайгаштыруу лимиттери) аныктоо жол-жобосу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.

6. Чарбалык жана башка иштин объекттери жыл сайын саркындылардын, булгоочу заттарды чыгаруунун, калдыктар боюнча иштөөнүн курамы жана иш жүзүндөгү көлөмдөрү жөнүндө расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органга, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана мамлекеттик администрацияларга айлана-чөйрөгө терс таасирдин эсебин алуу үчүн отчет беришет.

7. Чарбалык жана башка иштин объекттери субъекттин жетекчилиги бекиткен регламентке ылайык өндүрүштүк, ведомстволук экологиялык контроль жүргүзүшөт.

8. Булгоочу заттар айлана-чөйрөгө терс таасирдин уруксат берилген деңгээлинен ашык, анын ичинде авариянын натыйжасында чыгарылган учурда чарбалык жана башка иштин субъект айлана-чөйрөгө жана калктын ден соолугуна келтирилген зыянды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык компенсациялоого милдеттүү.

9. Пландалып жаткан, айлана-чөйрөгө түз же кыйыр таасир этиши мүмкүн болгон чарбалык жана башка иш боюнча мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүлөт. Милдеттүү мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлүүчү экономикалык иштин түрлөрү ушул Мыйзамдын N 1 тиркемесинде берилди.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

10-берене. Атмосфералык абанын корголушун камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Атмосфералык абаны коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) саркындыларды тазалоочу жана контролдоочу каражаттар менен жабдылбаган, ошондой эле аз калдыктуу технологияларды пайдаланбагандыктын натыйжасында атмосфералык абага булгоочу заттарды чыгаруунун нормативдери аткарылбоочу чарбалык жана башка иштин станционардык объекттерин пайдаланууга жана эксплуатацияга киргизүүгө;

2) атмосферага булгоочу заттарды чыгарышынын курамы жана көлөмү жана үнүнүн деңгээли боюнча атайын техникалык регламенттердин талаптарына жооп бербеген автотранспорт каражаттарды эксплуатациялоого;

3) чарбакер субъекттердин жана калктуу конуштардын аймактарында өндүрүштүн жана керектөөнүн айлана-чөйрөнү булгоочу калдыктарын көмүүгө, зыянсыздандырууга жана өрттөөгө.

2. Стационардык жана көчмө булактардагы булгоочу заттардын көлөмү атайын техникалык регламенттерде белгиленүүчү талаптарга ылайык чектелет.

3. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин санитардык-коргоочу зоналары белгиленет жана алардын режими сакталат.

4. Жердин озон катмарын сактоо максатында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган озонду бузуучу заттарды жана алар камтылган продукцияны өндүрүүнү жана керектөөнү, алып келүүнү жана алып чыгууну мамлекеттик жөнгө салууну ишке ашырат.

5. Объектиде атмосферага булгоочу заттарды жана парник газдарды чыгаруучу стационардык жана көчмө булактары бар чарбакер субъекттер:

1) булгоочу заттарды атмосферага чыгаруунун жол берилүүчү белгиленген нормативдери сакталышын жана булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лимиттерин азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын ишке ашырылышын камсыздашат;

2) өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде булгоочу заттарга, парник газдарга жана озонду бузуучу заттарга ар бир булак боюнча инвентаризация жана эсеп жүргүзүшөт;

3) саркындыларды, парник газдарды жана озонду бузуучу заттарды тазалоого жана атмосфералык абага чыгарылышын контролдоого арналган жабдууларды жана курулмаларды эксплуатациялоо эрежелерин жана режимдерин сакташат.

6. Бардык булактардан саркындылардын, парник газдардын жана озонду бузуучу заттардын чыгарылышын мамлекеттик контролдоо менчиктин формасына карабастан айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

11-берене. Суу объекттеринин корголушун камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Өндүрүштүк саркынды суулар чарбалык жана башка иштин объекттерин айланма суу системалары менен камсыздоодо болушунча толук пайдаланылууга тийиш.

2. Суу объекттерин коргоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) суу коргоо зоналарынын жана коргоочу суу тилкелеринин чектеринде опурталдуу объекттерди жайгаштырууга;

2) чарбалык-ичүүчү, коммуналдык-тиричиликтик жана балык чарбалык арналыштагы, айыл чарбалык, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоочу максаттардагы суу объекттерине, ошондой эле жер астындагы горизонтко жана сугат талааларга тазаланбаган, зыянсыздандырылбаган жана илдеттерден арылтылбаган сууларды төгүүгө;

3) шаардык жана поселоктук канализациялардын системаларына аларды канализациялык системага кабыл алуунун талаптарына жооп бербеген, локалдуу тазалагыч курулмаларда тазаланбаган сууларды куюуга;

4) аныктоо методу белгиленбеген заттары бар өндүрүштүк саркынды сууларды канализация системаларына куюуга;

5) чарбалык жана башка иштин саркынды сууларды тазалоочу жана алардын иштешин контролдоочу түзүлүштөр менен жабдылбаган стационардык объекттерин ишке киргизүүгө жана эксплуатациялоого;

6) суу объекттеринин үстүндө жүрүүчү, ал кемелерде жана объекттерде топтолуучу калдыктарды жана саркындыларды топтогуч курулмалары жок өзү жүрүүчү жана өзү жүрбөөчү кемелерди, ошондой эле башка объекттерди эксплуатациялоого;

7) өндүрүштүк, тиричиликтик жана башка калдыктарды суу объекттерге төгүүгө жана көмүүгө, анын ичинде суу объекттерди жана алардын жээктерин калдыктар менен булгоого;

8) саркынды суулардын тунмаларын жайгаштыруу жана сактоо үчүн санкцияланбаган жерлерге төгүүгө;

9) рельефтин жапыз жерлерине тазаланбаган саркынды сууларды төгүүгө, ошондой эле нөшөрдүн тазаланбаган сууларын бурууга;

10) саркынды сууларды суу объекттерге жапырт кое берүүгө.

3. Ишинин натыйжасында саркынды суулар пайда болуучу чарбалык жана башка иш жүргүзүүчү субъекттер:

1) суу объекттерине булгоочу заттарды чыгаруунун белгиленген лимити сакталышын жана аларды азайтуу боюнча пландалган иш-чаралардын аткарылышын камсыздашат;

2) жер үстүнөн жана жер астынан алынуучу суулардын эсебин жүргүзүшөт;

3) суу системаларына жана канализация системаларына булгоочу заттардын чыгарылышын инвентаризациялашат, ошондой эле өндүрүштүк экологиялык контролдун маалыматтарынын негизинде жана/же технологиялык жана тазалоочу жабдуунун иштеген убактысына жана режимине, отундун, сырьенун жана материалдардын сарпталышына, чыгарылган продукциянын көлөмүнө жараша башка уюмдарга өткөрүп берилген саркынды суулардын эсебин алышат;

4) саркынды сууларды суу объекттерине жана канализация системаларына чыгаруу үчүн тазалоого арналган жабдууларды жана курулмаларды эксплуатациялоонун эрежелерин жана режимин сакташат.

12-берене. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоону камсыздоочу экологиялык коопсуздуктун талаптары

Чарбалык жана башка иштин объекттерин долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери ылаңга чалдыгышын жана өлүшүн, алардын жашоо чөйрөсүнүн начарлашын болтурбоону гарантиялоочу чараларды жүргүзбөстөн өсүмдүктөрдү өрттөөгө, пестициддерди, жер семирткичтерди, химиялык реагенттерди, күйүүчү-майлоочу материалдарды жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери (зыянкечтерден башкалары) жана алардын жашоо чөйрөсү үчүн коркунучтуу башка материалдарды, сырьену жана калдыктарды сактоого жана колдонууга;

2) жаныбарлардын жапырт миграциясынын жолдорунда атайын өткөөлдөрү жок туташ тосмолорду жана курулмаларды орнотууга;

3) жаныбарлар төлдөп жаткан учурда чарбалык жана башка иштин объекттерин куруу үчүн дарак-бадал өсүмдүктөрдү кыйып орун бошотууга;

4) суудагы жана суу жанындагы жаныбарлар урук таштоочу, кыштоочу жана көп топтолгон жерлерге ар кандай саркынды сууларды жана таштандыларды төгүүгө;

5) айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу органдын уруксатысыз жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алууга;

6) Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин мыйзамдарда каралгандан башка максаттарда алууга;

7) балык чарбалык маанидеги суу объекттеринен сууну балыктардын кирип кетишин болтурбоочу түзүлүштөрсүз (балыкты тосуучу жабдыктарсыз) алууга;

8) сыйымдуулуктарды жана резервуарларды аларга жаныбарлар түшүп калышын болтурбоочу натыйжалуу системаларсыз пайдаланууга;

9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү наркотиктүү өсүмдүктөрдүн тизмегине киргизилген жапайы өскөн өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн, продуктуларын жана оргондон кийинки калдыктарын, ошондой эле табигый наркотиктүү сырьенун калдыктарын өзү пайдалануу, сатуу же иштетүү максатында жыйноого;

10) жаратылышты коргоо, ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана тарыхый-маданий багыттагы жерлерде жайгашкан өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иши алардын максаттык арналышына жана белгиленген режимге ылайык келбеген жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга же ижарага берүүгө.

2. Төмөнкүдөй чектөөлөр коюлат:

1) колдонууга уруксат берилген шаймандар жана ыкмалар менен жаныбарлар дүйнөсүнүн өнөр жайлык түрлөрүн жана дары чөптөрдү алууга эрежелер, мөөнөттөр жана тизмектер менен;

2) жапырт миграция, төлдөө жана түлөө, төлдү багуу, балыктын урук таштоо, семирүү учурунда жумуштарды жүргүзүүгө;

3) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин жапырт жер которгон жана топтолгон жерлерде транспорттун жүрүү ылдамдыгына, ал үчүн атайын белгилер орнотулат.

3. Чарбалык жана башка иштин объекттерин долбоорлоодо жана курууда жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруу чаралары, анын ичинде жапырт жер которуу учурунда, төлдөө жана түлөө, төлдү багуу, балыктын урук таштоо, семирүү учурунда жумуштардын жүргүзүлүшүн чектөө камсыздалууга тийиш.

4. Өткөргүч түтүктөр көмүлүүгө (жерге тийиштүү тереңдикке жаткырылууга) тийиш. Өткөргүч түтүктөрдү курууда жаныбарлардын жашоо чөйрөсүнүн түтүктөрдү жерге көмүү мүмкүн болбогон опурталдуу жерлеринде жер которгон жаныбарлар үчүн өткөөлдөрдү караштырып, өткөргүч түтүктөрдүн айрым участокторун 3 метрден кем эмес бийиктикке көтөрүү зарыл. Дарыядан өткөрүлгөн учурда өткөргүч түтүк тереңдетип жаткырылат жана бекитилет (калкып чыгышын болтурбоо үчүн). Өткөргүч түтүк дарыялардын башталышынан жана өзөндөрдөн өткөн учурда эстакада орнотулат. Өткөргүч түтүктөр балык урук таштоочу жерлерден жана кыштоочу чуңкурлардан өтпөөгө тийиш.

5. Суу объектинен, кургактагы жаныбарлар топтолгон же алар жер которуучу жолдордон өткөн учурда өткөргүч түтүк анын авариянын натыйжасында бузулган участогу өчүрүлүшүн камсыздоочу техникалык түзүлүштөр менен камсыздалууга тийиш.

6. Өткөргүч түтүктү куруу, реконструкциялоо же оңдоо бүткөндөн кийин конструкцияларды, жабдууларды жыйнабай жана траншеяларды көмбөстөн калтырууга тыюу салынат.

7. Өнөр жайлык жана суу чарбалык процесстер ал аянттарга жапайы жаныбарлар киришин болтурбоочу атайын тосмосу бар өндүрүштүк аянттарда жүргүзүлүүгө тийиш.

8. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери өндүрүштүк аянттагы коркунучтуу заттардын жана сырьенун таасиринен өлүмгө учурашын болтурбоо үчүн төмөнкүлөр зарыл:

1) материалдарды, сырьену жана калдыктарды туюк канализация системасы бар бетондолгон же жал кылып үйүлгөн тосмолуу жерлерде гана сактоо;

2) чарбалык жана өндүрүштүк саркынды сууларды өндүрүштүк аянтта иштетүү же утилдештирүү үчүн атайын полигондорго ташуу үчүн өзүндөгү идишке куюу;

3) алынуучу суюк жана газ түрүндөгү сырьену топтогуч, сактагыч жана ташуучу системалардын толук жылчыксыз бүтөлүшүн камсыз кылуу;

4) идиштерди жана резервуарларды аларга жаныбарлар түшүп кетишин болтурбоо максатында коруу системасы менен камсыздоо.

9. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо жана курууда аларды ландшафттардын ар түрлүү типтеринин чектери боюнча, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери жер которуучу жана топтолуучу жерлерден өтүшүн чектөө зарыл.

10. Транспорт каражаттардын ээлери жана транспорттук магистралдарды эксплуатациялоочу уюмдар жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келишин болтурбоочу чараларды көрүүгө милдеттүү. Транспорттук магистралдарда атайын эскертүүчү белгилерди жана транспорттук каражаттын ылдамдыгын чектөөчү белгилерди орнотуу зарыл.

11. Транспорттук магистралдардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери топтолгон жерлердеги жана алардын жер которуу жолдорундагы опурталдуу участоктору атайын өткөөлдөрү бар түзүлүштөр менен тосулат.

12. Транспорттук магистралдар майда суулардан жана өзөндөрдөн (жер үстүндөгү суулардан) өткөндө балыктардын жана кургактагы жаныбарлардын эркин миграциясы камсыздалууга тийиш.

13. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине жүрүп бараткан транспорттун үнүнүн таасирин азайтуу үчүн санитардык-коргоочу зоналар белгиленүүгө тийиш.

14. Жаңы байланыш жана электр өткөргүч линияларды долбоорлоодо жана курууда ток жүргөн зымдар түркүктөрдүн конструкцияларына бекитилген участоктордо куштардын өлүмгө учуроо опурталын болтурбоо жана азайтуу боюнча чаралар каралууга тийиш. Электр өткөрүүчү линиялар, түркүктөр жана изоляторлор куштарды коргоочу атайын түзүлүштөр, анын ичинде куштардын ток жүргөн зымдарга тийиши мүмкүн болгон жерлерге уя салышына тоскоол болуучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш. Куштарды коргоочу атайын түзүлүш катары изоляцияланбаган металл конструкцияларды колдонууга тыюу салынат.

15. Транспорттук магистралдарды долбоорлоодо, курууда жана эксплуатациялоодо жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери топтолуучу жана жер которуучу жолдорундагы транспорттук магистралдардын опурталдуу участокторун атайын өткөөлдөрү бар тосмолор менен камсыздоо, балыктардын жана кургактагы жаныбарлардын майда суулардын жана өзөндөрдүн транспорттук магистралдарынын кесилишинен (жер үстүндөгү суулардан) эркин өтүшүн камсыз кылуу зарыл.

16. Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин электр өткөргүч линиялардын электрмагниттик талаасынын таасиринен өлүмгө учурашын болтурбоо үчүн ал линиялардын боюна санитардык-коргоочу тилкелер орнотулат.

17. Электр өткөргүч линиялардагы трансформатордук подстанциялар, алардын түйүндөрү жана иштөөчү механизмдери жаныбарлардын подстанциянын аймагына кирүү жана аталган түйүндөргө жана механизмдерге кабылышын болтурбоочу түзүлүштөр (тосмолор, каптар жана башкалар) менен жабдылууга тийиш. Куштар массалык байырлаган жерлерде алар байланыш линияларына урунуп өлүшүн болтурбоо үчүн асма зым системаны жер астындагы кабель же радиорелелик системага алмаштыруу сунушталат.

18. Көлмөлөрдөн жана дарыялардан суу алууда суу алуучу жерди тандоонун эсебинен суудагы жана суу жанындагы жаныбарлардын өлүшүн болтурбоо боюнча чаралар, балыктарды коргоочу түзүлүштөр, суунун көлөмү сыяктуу жана башка чаралар каралууга тийиш.

19. Жөнгө салынуучу суу объекттеринде балыктар урук таштоочу мезгилде балыктын төлдөшү үчүн оптималдуу шарттарды түзүүчү балык чарбалык суу кое берүүлөр камсыз кылынууга тийиш.

20. Жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо жөнүндө Конвенциянын таасирине кирген жапайы жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү, алардын бөлүктөрүн же дериваттарын алын келүүнүн жана алын чыгуунун талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу зарыл.

21. Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана башка организмдердин түрлөрүнүн жашоо чөйрөлөрүн сактоо зарыл.

22. Жаратылышты пайдалануучулардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин өнөр жайлык түрлөрүн алуунун жана дары чөптөрүн чогултуунун куралдары менен ыкмаларын колдонууга уруксат берилген эрежени, мөөнөттү жана тизмектерин сактоосу зарыл;

23. Жаратылышты пайдалануучулардын жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мажбурлап алуу жана кармоо шарттарын, эрежесин сактоосу зарыл.

13-берене. Жер кыртышын жана жаратылыш ландшафттарын коргоону камсыз кылуучу экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Жер кыртышын бузууга байланыштуу иш өндүрүшүндө рекультивациялоо үчүн кыртыштын асылдуулук катмарын алууга, сактоого жана кийин пайдаланууга болот.

2. Убактылуу кирүү жолдорунун трассаларын төшөө жергиликтүү жаратылыш шарттарын эске алуу менен колдонуудагы жол тармагын максималдуу пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Транспорттун жана атайын техникалардын кыймылы коопсуз кыймылды камсыздоочу, өсүмдүк жана жер кыртышынын катмарын бузууга алып келбеген атайын курулган жолдор боюнча гана жүзөгө ашырылат.

4. Пайдалуу кендерди иштетүүдө чарбакер субъект төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) жер кыртышынын суу жана шамал эрозиясын, жердин шор басып кетишин, саздакка айланышын же асылдуулугун төмөндөтүүчү башка түрлөрүн болтурбоочу же тоскоолдук кылуучу иш-чараларды жүргүзүүгө;

2) жумушту аяктагандан кийин жабдууларды демонтаждоо, аянттардын гидроизоляциялык катмарларын, бетон пайдубалдарын бузуу, иш жүргүзгөн жерлерде жана жанаша аймактарда аны металл калдыктарынан, курулуш таштандыларынан тазалоо, булганган катмарды алуу боюнча иштерди жүргүзүүгө;

3) техникалык рекультивациялоону (жер үстүн планировкалоо, эгер ал алынган болсо, асылдуулук катмарын ташуу жана бөлүү), ошондой эле биологиялык рекультивациялоону жүргүзүүгө, анын ыкмалары жаратылыштык-климаттык шарттар жана жерди максаттуу пайдалануу менен аныкталат. Техникалык рекультивация субъектинин чарбалык жана башка иштин күчү менен аткарылат.

5. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы чарбалык жана башка иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектелет.

14-берене. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы экологиялык коопсуздуктун талаптарын сактоо максатында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) ушул техникалык регламентте жана атайын техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык техникалык каражаттар менен жабдылбаган жана технологиялык жактан зыянсыздандырылбаган, өндүрүш жана керектөө калдыктарын коопсуз жайгаштырбаган чарбалык жана башка иштин объекттерин колдонууга киргизүүгө;

2) курчап турган жаратылыш чөйрө үчүн кооптуулуктун аныкталбаган классындагы калдыктарды өндүрүүгө жана колдонууга;

3) калдыктарды көмүү жана зыянсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүүгө;

4) өндүрүш жана керектөө калдыктарын калк жашаган аймактарга, токойлуу паркка, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык жана суу коргоо зоналарына, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык-тиричилик суу колдонуу максатында пайдаланылган жер алдындагы суу объекттеринин суу топтоочу аянттарында көмүүгө;

5) калдыктарды айлана-чөйрөгө өз алдынча жайгаштырууга;

6) калдыктарды өз алдынча өрттөөгө;

7) көмүлгөн таштандыларды уруксатсыз казууга.

2. Айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна тийгизүүчү терс таасирине жараша өндүрүш жана керектөө калдыктары курчап турган жаратылыш чөйрөсүнө жана адамдын ден соолугуна тийгизген терс таасиринин даражасына жараша ушул чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген критерийлерге ылайык кооптуулук класстарына бөлүнөт.

3. Калдыктарды жайгаштыруу объекттери айлана-чөйрөгө терс таасир этүүчү объекттерди мамлекеттик эсепке алуунун бөлүгү болуп саналуучу калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин Мамлекеттик реестрине киргизилет.

4. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгилеген форма боюнча коркунучтуу калдыктарга паспорт түзүшү керек. Коркунучтуу калдыктардын паспорту алардын составы жана түзүлүшү жөнүндө маалыматтардын, алардын коркунучтуулугуна баа берүүнүн негизинде түзүлөт. Паспорттоштуруу тартиби айлана-чөйрөнү коргоо боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Калдыктарды (сырье) колдонуу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына алып келүү мыйзамдарда белгиленген тартипте берилген уруксаттын негизинде жүргүзүлөт. Калдыктарды трансчегаралык ташууда аларды жөнгө салууга тийиш болгон тартип, эреже жана тизмек эл аралык талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат.

6. Чарбалык жана башка иштин объекттерин долбоорлоодо, курууда, пайдаланууга берүүдө, реконструкциялоодо, консервациялоодо жана жоюуда атайын техникалык регламентте белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, калдыктарды чогултуу жана/же топтоо үчүн аянтчалар каралууга тийиш.

7. Коркунучтуу калдыктарды топтоочу жерлерге ташуу, сактоо, утилдештирүү, көмүү жана/же жок кылуу төмөнкүдөй шарттарды аткарган учурда жүргүзүлөт:

1) коркунучтуу калдыктардын паспорту болгондо;

2) атайын жабдылган жана атайын белгилер коюлган транспорт каражаттары болгондо;

3) ташылуучу коркунучтуу калдыктардын санын, аларды ташуу максатын жана бара турган жерин көрсөтүү менен коркунучтуу калдыктарды ташуу жана берүү үчүн документтер болгондо.

8. Калдыктарды жайгаштыруу объекттеринде калдыктарды сактоодо (көмүүдө) аларды кийин иштетүү, жүктөө, ташуу, түшүрүү, утилдештирүү жана жок кылуу максатында өзүнчө жана ресурсту үнөмдөп кармоо талаптары камсыз кылынууга тийиш.

9. Терс таасиринин деңгээлине ылайык чарбалык жана башка иштин объекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) колдонулуучу сырьелор менен материалдардын составын эске алуучу калдыктардын чогулушунун нормативдеринин долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

2) топтолгон, колдонулган, зыянсыздандырылган, башка адамдарга берилген же башка адамдардан алынган, ошондой эле жайгаштырылуучу калдыктардын эсебин алууга;

3) калдыктарды жана аларды жайгаштыруу объекттерин инвентаризация жүргүзүүгө;

4) калдыктарды жайгаштыруу объекттеринин аймактарындагы айлана-чөйрөнүн абалына мониторинг жүргүзүүгө;

5) бузулган жерлерди тийиштүү түрдө максаттуу пайдалануу абалына чейин калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;

6) калдыктарды жайгаштырууга жана аларды кыскартуу боюнча пландаштырылган иш-чараларды жүзөгө ашырууга белгиленген лимиттерди сактоону камсыз кылууга.

15-берене. Жаратылыш ресурстарын пайдаланууда экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) калктуу конуштарда атмосфералык абаны булгоочу чаң, зыяндуу газ, жаман жыттануучу заттардын булагы болуп саналган калдык сактоочу жайларды жана калдыктарды жайгаштырууга;

2) жер казынасын уруксатсыз пайдаланууга;

3) мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун алганга чейин жердин үстүн жана анын жер байлыгынын бүтүндүгүн бузуучу иштерди аткарууга;

4) жер байлыгы жаткан аянтка уруксатсыз курулуш курууга жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдаланууга.

2. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө төмөнкүлөр камсыздалат:

1) пайдалуу кен байлыктарын суу каптоодон, суу ташкынынан, өрттөн жана пайдалуу кендердин, өнөр жайлык баалуу кендердин сапатын төмөндөтүүчү же аларды иштеп чыгууну татаалдатуучу башка факторлордон коргоо;

2) жер казынасын пайдаланууга байланыштуу, айрыкча мунайзатты же башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоого байланыштуу иштерди жүргүзүүдө, жер казынасын булганышын, коркунучтуу заттарды жана өндүрүш калдыктарын көмүүнү, булганыч сууларды чыгарууну болтурбоону;

3) газдардын капилет чыгышын, суунун жарып чыгышын болжолдоо жана алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды жүзөгө ашырууну;

4) пайдаланууга болбогон кен иштеп чыгууларды жана бургулоо скважиналарын жоюуну же консервациялоону;

5) уруксат берүүчү документтер менен аныкталган кен пайдалануунун башка шарттарын аткарууну.

3. Токойду пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) кыртыштын эрозиясын күчөтүүгө жана токойлордун абалына, аларды көбөйтүүгө нормадан ашыкча терс таасир тийгизүүчү, ошондой эле суунун жана башка жаратылыш объекттеринин бузулушуна алып келүүчү ыкмалар менен иш жүргүзүүгө;

2) токойдун коргоо түзүлүштөрүнүн, өрткө каршы, экологиялык жана санитардык абалынын, ошондой эле аларды көбөйтүү шарттарынын начарлашына алып келүүчү иштерди жүргүзүүгө;

3) экосистеманын жана токойлорду көбөйтүү абалына зыяндуу таасир этүүнү четтетүүчү түзүлүштөр менен камсыздалбаган жаңы жана реконструкцияланган объекттерди пайдаланууга берүүгө;

4) жыгач тактайлардын жоголушуна, ишке жарактуу жыгач тактайларды отун кылууга жана аны багытынан тышкары чыгымдоого;

5) токойлорду кыюунун бардык түрлөрүнө жана илимий-изилдөө максаттарынан тышкары корук токойлорунда башка токойлорду пайдаланууга;

6) экинчи кезектеги токой материалдарын даярдоого, мал жаюуга, улуттук жаратылыш нарктарынын токойлорунда, токой заказниктеринде токой продуктуларын өнөр жайлык даярдоого, жаратылыш эстеликтерин илимий жана тарыхый мааниси бар токойлордо, токой парктарында, шаардагы токойлордо, калктуу конуштардын жана өнөр жайлык борборлордун айланасындагы жашыл зоналардын токой парк бөлүктөрүндө, мамлекеттик токой тилкелеринде эрозияга каршы жана субальп токойлорунда, дарыялардын, көлдөрдүн жээктериндеги жана башка суу объекттериндеги тыюу салынган токой тилкелеринде токой продуктуларын даярдоого;

7) чала кыйылган жана даярдалган жыгач тактайларды аны даярдоо жапа ташып кетүү мөөнөтү бүткөндө ошол жерде калтырууга.

4. Жер казынасын пайдаланууга байланыштуу иштерди жүргүзүүдө жаратылышты пайдалануучулар тарабынан төмөнкүлөр камсыз кылынат:

1) токойлордо өрт коопсуздугунун талаптарын пайдаланууга берилген участоктордо сактоо жана өрткө каршы иш-чараларды жүргүзүү, ал эми токойдо өрт келип чыкса - аны өчүрүү;

2) кыюу иштеринин натыйжасында жаш көчөттөр жок кылынып же бак дарак-бадал өсүмдүктөрү жоголгон аянттарда токой өстүрүү иш-чараларын жүргүзүү;

3) токойлордо санитардык эрежелерди сактоо;

4) мамлекеттик токой фондуна кирбеген жерлердин жана мамлекеттик токой фондунун абалына туруктуу көз салуу, токой зыянкечтеринин жана ооруларынын очокторун аныктоо, көрсөтүлгөн очоктордун келип чыгышынын алдын алуу, аларды легализациялоо жана жок кылуу боюнча чараларды көрүү;

5) токойду пайдалануу жана мамлекеттик токой фондунун участокторун колдонуу жаатындагы уруксат берүүчү документтердин башка шарттарын сактоо.

16-берене. Калктуу конуштардын аймактарында жүргүзүлүүчү чарбалык жана башка ишке карата экологиялык коопсуздуктун талаптары

1. Шаар жана башка калктуу конуштардын чектеринде атмосфералык абалын сапатына терс таасир этүүчү чарбалык жана башка иштин объекттеринин долбоорлоодо жана жайгаштырууда атмосфералык абаны булгоонун фондук деңгээли жана көрсөтүлгөн иштерди жүргүзүүдө анын сапатынын өзгөрүш божомолу эске алынууга тийиш.

2. Атмосфералык абага булгоочу заттардын авариялык чыгышынан пайда болгон атмосфералык абанын абалы өзгөргөндө жана муну менен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирилгенде чарбалык жана башка иштин субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкты коргоо боюнча шашылыш чараларды көрөт.

3. Жашыл зоналардын топтому, анын ичинде өсүмдүктөрдүн бак дарак-бадал менен капталган жана ушул чөп өсүмдүктөрү өскөн шаарларды жана калктуу конуштарды жашылдандыруу объекттери сакталууга жана өнүктүрүлүүгө тийиш. Жашылдандыруу объекттеринин аймактарында аларга терс таасир тийгизүүчү жана экологиялык, санитардык-гигиеналык жана рекреациялык багыттагы функцияларды аткарууга тоскоолдук кылуучу чарбалык жана башка ишке тыюу салынат.

4. Өндүрүштүк булганган сууларды өткөрүүчү канализациялык тармактарды калктуу конуштардын канализациялык тармагына кошууда контролдук кудуктар курулушу керек.

5. Шаар жана башка калктуу конуштардын аймактарында, токой паркынын, курорттук, дарылоо-ден соолукту чыңдоо, рекреациялык зоналарда, ошондой эле суу коргоочу зоналарда, ичүү жана чарбалык-тиричиликтик суу менен жабдуу максатында колдонулуучу жер алдындагы суу объекттеринин суу топтоочу аянттарында калдыктарды көмүүгө тыюу салынат.

17-берене. Экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо жол-жоболорун белгилөө үчүн продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу, утилдештирүү боюнча иштин колдонуудагы объекттеринин классификациясы

1. Экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында айлана-чөйрөгө терс таасир этүү даражасы - кооптуулук категориясы боюнча чарбалык иштин колдонуудагы объекттерин классификациялоо жүргүзүлөт (ушул Мыйзамга карата 2-тиркеме).

2. Продукциялар менен калдыктарды өндүрүү, сактоо, ташуу, утилдештирүү боюнча иштин айлана-чөйрөгө терс таасир этүү даражасы чарбакер субъекттердин ишинин натыйжасында айлана-чөйрөгө таркоочу булгоочу заттардын жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен айлана-чөйрөнү мүмкүн болуучу булгоонун көлөмү жана составы менен аныкталат.

3. Ар бир ишкана үчүн коркунучтуулук категориясы ушул Мыйзамга 2-тиркемеге ылайык чыгындыларды, саркындыларды жана калдыктарды жайгаштыруу боюнча өзүнчө аныкталат. Мында КК көрсөткүчү отчеттуулуктун жана контролдун мезгилдүүлүгүн белгилөө максатында коркунучтуулуктун эң жогорку категориясы боюнча аныкталат.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-глава. Чарбалык жана башка иш процесстеринин экологиялык коопсуздуктун талаптарына ылайык келишин баалоо

18-берене. Ылайык келүүнү баалоо жана ылайык келүүгө баа берүү формалары

1. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишин баалоо продукцияларды өндүрүү, ташуу, сактоо жана утилдештирүү боюнча пландаштырылуучу жана жүргүзүлүүчү иштердин ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык келишин аныктоо максатында белгиленет.

2. Чарбалык жана башка иш процесстеринин ылайык келишине баа берүү мамлекеттик экологиялык көзөмөлдөө формасында ишке ашырылат.

3. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келүүгө баа берүү ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык чарбалык жана башка иштердин пландаштырылган объекттери үчүн жана ушул Мыйзамга карата 2-тиркемеге ылайык кооптуулук категориясы бар чарбалык жана башка иштин колдонуудагы объекттери үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.

5. Кыргыз Республикасынын аймагында экологиялык коопсуздук талаптарына ылайык келишин тастыктоо ыктыярдуу мүнөзгө ээ.

6. Мамлекеттик экологиялык көзөмөл колдонуудагы объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык контроль формасында, пландаштырылуучу объекттер үчүн мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында жүзөгө ашырылат.

19-берене. Мамлекеттик экологиялык контроль

1. Чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздук талаптарына шайкеш келишин мамлекеттик экологиялык контролдоо чарбалык жана башка иштин объекттери чарбалык жана башка иштин процессине карата ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүүчү иш-чаралар формасында жүзөгө ашырылат.

2. Ушул техникалык регламент жана башка техникалык регламенттер тарабынан коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарууну мамлекеттик экологиялык контроль жүргүзүүдө изилдөөлөрдүн жана өлчөөлөрдүн эрежелери менен методдору, ошондой эле изилдөөлөр менен өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн мыйзам тартибинде белгиленген, ушул техникалык регламентти колдонуу үчүн зарыл болгон башка техникалык регламенттердин үлгүлөрүн тандоо эрежеси колдонулат.

3. Чарбалык жана башка иштин объектиси ушул техникалык регламентте коюлган экологиялык коопсуздук талаптарын аткарышын текшерүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жаагындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:

1) текшерүүнүн жыйынтыктарын жол-жоболоштуруу;

2) текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чараларды көрүү.

4. Ушул техникалык регламент менен экологиялык коопсуздук талаптарына объекттердин ылайыктыгын жөнгө салууну контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) визуалдуу контроль;

2) инструменталдык контроль;

3) документтердин болушуна контроль.

Визуалдуу контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча атайын жабдууларды (приборлорду) колдонбостон көрүү органдарынын жардамы менен жүргүзүлүүчү иш-чаралар.

Инструменталдык контроль - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча приборлордун же атайын жабдуулардын же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринде же болбосо продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү жерлеринен тышкары тийиштүү изилдөөлөрдү жана өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү тандоо аркылуу өлчөө бирдиктерин камсыздоо жаатындагы колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүчү иш-чара.

Документтердин болушун контролдоо - продукцияларды жана өндүрүш калдыктарын чыгаруу, сактоо, ташуу жана утилдештирүү процесстеринин экологиялык коопсуздуктун ушул техникалык регламент менен коюлуучу талаптарын юридикалык же жеке жактардын аткарышын текшерүү боюнча көрсөтүлгөн процесстердин документтерин көрсөтүү үчүн милдеттүү болгон иш-чара (ушул Мыйзамга карата 3-тиркеме).

20-берене. Мамлекеттик экологиялык экспертиза

1. Мамлекеттик экологиялык экспертиза формасында чарбалык жана башка иштин объекттеринин экологиялык коопсуздукка дал келишине баа берүү айлана-чөйрөнү жана калкты пландаштырылуучу иштердин потенциалдуу терс таасиринен коргоо максатында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда жүргүзүлөт.

2. Чарбалык иштин демилгечиси мамлекеттик экспертизага берүүчү документтердин курамында эң мыкты жеткиликтүү технологияларды колдонуу жөнүндө далил материалдар болууга тийиш.

3. Мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусунун болушу ушул Мыйзамга карата 1-тиркемеге ылайык айлана-чөйрөгө таасир этүүчү чарбалык жана башка ишти баштоо үчүн негиз болуп саналат.

21-берене. Ылайыктуулугун ырастоо

1. Экологиялык коопсуздуктун ылайыктуулугун ырастоо чарбалык жана башка иштин субъекттери тарабынан жүргүзүлөт.

2. Чарбалык жана башка иштин объектисинин ушул регламенттин талаптарына ылайыктуулугун ырастоо сертификатты алган күндөн тартып 5 жыл бою жарактуу.

5-глава. Корутунду жана өтмө жоболор

22-берене. Өтмө жоболор

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып зыян келтирүү тобокелдигинин деңгээли ушул техникалык регламентте эске алынган зыян келтирүү тобокелдигинин деңгээлинен жогору болгон экологиялык коопсуздук маселелери боюнча атайын техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин чарбалык жана башка иштин процесстери ушул техникалык регламенттин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.

2. Ушул Мыйзамдын жоболорун колдонууга киргизүү үчүн ал расмий жарыяланган күндөн тартып 12 айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди мамлекеттик эсепке алуу үчүн айлана-чөйрөгө терс таасир тийгизүүчү чарбалык объекттердин жана башка иштин реестрлери түзүлөт.

23-берене. Ушул техникалык регламенттин талаптарын бузуу үчүн жоопкерчилик

1. Чарбалык жана башка иштин субъекти ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздуктун талаптарын бузгандыгы үчүн ушул техникалык регламентте аныкталган учурларда жана тартипте жарандык, администрациялык, кылмыш-жаза жана дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат.

2. Ушул техникалык регламентте белгиленген экологиялык коопсуздук талаптарына чарбалык жана башка иш процесстеринин шайкештигине баа берүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы техникалык регламенттин объекттерди жөнгө салуу боюнча шайкештигине баа берүү эрежелерин жана формаларын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негиздерде жана тартипте администрациялык, дисциплинардык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.

24-берене. Нормативдик укуктук актыларды ушул техникалык регламентке ылайык келтирүү

1. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып ушул техникалык регламентти колдонуу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары колдонулбайт.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 12 айдын ичинде ушул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл болгон нормативдик укуктук документтерди иштеп чыксын жана бекитсин.

25-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 12 айдан кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2009-жылдын 12-мартында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

 

 

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
1-тиркемеси

Экономикалык иштин милдеттүү экологиялык экспертизадан өтүүчү
ТҮРЛӨРҮ

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Энергетика объекттери:

1) жылуулук электроцентралдар, жылуулук электр станциялары, гидроэлектр станциялар;

2) электр энергиясын, буу, ысык суу өндүрүү боюнча өнөр жайлык түзүлүштөр;

3) газ, нефти жана нефти продуктуларын, жылуулук өткөрүүчү өткөргүч түтүктөр линиялары;

4) жогорку вольттогу электр өткөрүүчү линиялар;

5) нефти продуктуларды, газ, катуу отун сактоочу кампалар;

6) кул, таштанды сактагычтар.

2. Суу сактагычтар.

3. Нефтини, нефти продуктуларды, газды казып алуу жана иштетүү боюнча ишканалар.

4. Курулуш материалдарды өндүрүү (цемент, асфальт, шифер, асбест-цемент түтүктөр жана башкалар).

5. Айыл чарба жана токой чарба:

1) айыл чарбасын ургаалдаштыруу долбоорлору;

2) айыл чарбалык жер ээликтерин уюштуруу жана өзгөртүп уюштуруу боюнча долбоорлор;

3) суу ресурстарын айыл чарба максаттарында башкаруу долбоорлору;

4) жер пайдалануунун тибин өзгөртүү максатында жерди рекультивациялоо долбоорлору;

5) канаттуулар, мал, балык чарба комплекстери;

6) мелиорация долбоорлору.

6. Кен казуу өнөр жайы:

1) издөөчү-чалгындоочу, тажрыйбалык-эксплуатациялык жумуштар;

2) минералдык сырьену казып алуу (мрамор, базальт, туз, кум, шагыл, чопо жана башкалар);

3) көмүр казуу;

4) рудаларды казуу;

5) рудаларды иштетүү;

6) түстүү, сейрек, кымбат металлдарды өндүрүү;

7) калдыктарды, анын ичинде коркунучтуу жана уулуу калдыктарды утилдештирүү жана көмүү.

7. Металл иштетүүчү өнөр жайы:

1) машина-станок жасоо өндүрүшү;

2) жарым өткөргүч материалдарды өндүрүү;

3) авиация, темир жол транспортторун оңдоо боюнча ишканалар;

4) радио жана телеаппаратураларды жасоо;

5) куюу жана металл прокат өндүрүшү.

8. Айнек өндүрүү.

9. Фармацевттик, биологиялык, белок препараттарды өндүрүү.

10. Химия өндүрүшү.

11. Тамак-аш өнөр жайы:

1) майларды чыгаруу;

2) эт-сүт продуктуларды өндүрүү;

3) кант өндүрүү;

4) тамеки өндүрүү;

5) арак-шарап продукцияларын өндүрүү;

6) спирт өндүрүү;

7) пиво өндүрүү;

8) консерва өндүрүү.

12. Текстиль, булгаары, кагаз өнөр жайы:

1) жүндү жана терини алгачкы иштетүү;

2) жыгач-таарынды такталарды, картон, жыгач-була такталарды жасоо;

3) булгаары өндүрүшү;

4) кагаз өндүрүү;

5) боек өндүрүшү;

6) желим-техника өндүрүшү.

13. Уулуу, коркунучтуу радиоактивдүү заттардын кампалары.

14. Саркынды сууларды, түтүндүү газдарды тазалоо боюнча курулмалар.

15. Жер астынан суу чыгаргычтар.

16. Калктуу конуштарды суу менен камсыздоо системалары, гидромелиорациялык системалар.

17. Автомобилдик жана темир жолдорду куруу.

18. Аэропорттор, аэродромдор, сыноолор үчүн полигондор, ички кемелер үчүн порттор, автодромдор.

19. Рекреациялык жана туристтик багыттагы объекттерди куруу.

20. Өнөр жайлык тармактарды уюштуруу.

21. Канализациялык тармактар.

22. Кен көтөргүчтөр жана аркан жолдор.

23. Өнөр жайдын жана тиричиликтин калдыктарын утилдештирүү, иштетүү жана көмүү.

24. Май куюучу станциялар.

25.Техникалык тейлөө жана автотранспортту сатуунун алдында даярдоочу станциялар.

 

 

 

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
2-тиркемеси

Коркунучтуулук категориясы

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Жалпы жоболор

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясы табигый айлана-чөйрөнү булгоонун көлөмүнө, атмосферага, чөлкөмдөгү рельефке же суу объекттерине чыгарылуучу зыяндуу заттардын, ошондой эле жайгаштырылуучу калдыктардын санына жана түрлүк курамына жараша аныкталат.

Коркунучтуулук категориясына жараша жаратылышты пайдалануу долбоорлорунун көлөмү жана мазмуну, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын жана белгиленген нормалардын аткарылышын мамлекеттик контролдоодо текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү аныкталат.

2. Коркунучтуулук категориясын аныктоонун тартиби

Чарбалык жана башка иштин объекттери коркунучтуулук категориясын айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чарбалык жана башка иштин субъект берүүчү маалыматтын негизинде аныктайт.

Чарбалык жана башка иштин субъекти айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан суроо келгенден кийин 1 айдын ичинде коркунучтуулук категориясын эсептеп чыгаруу үчүн керектүү маалыматты берүүгө милдеттүү. Суроо белгиленген мөөнөттө аткарылбаган же туура эмес маалыматтар берилген учурда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чарбалык жана башка иштин субъектинин ишине тыюу салуу же токтотуп туруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу.

Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдын ичинде эсептөөлөрдү жүргүзүүгө жана аны бекитүү үчүн чарбалык жана башка иштин субъектине берүүгө милдеттүү. Коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыктарын берүү мөөнөтү аткарылбаган учурда айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

Чарбалык жана башка иштин субъекти коркунучтуулук категориясын эсептөөнүн жыйынтыгына макул болбогон учурда пикир келишпестиктер колдонуудагы мыйзамдарга ылайык чечилет.

3. Чарбалык жана башка иштин атмосферага саркындыларды чыгаруучу субъекттеринин коркунучтуулук категориясын аныктоо

Чарбалык жана башка иштин субъектинин коркунучтуулук категориясын аныктоо үчүн атмосферага булгоочу заттардын чыгарылышы жөнүндө статистика органдарына же жаратылышты коргоо органдарына берилүүчү маалыматтар пайдаланылат.

Чарбалык жана башка иштин субъектинин коркунучтуулук категориясы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\TOKTOM\d1937ed6-e667-479c-ab0d-5d05b946a918\document.files\image000.gif

 

n - чарбалык жана башка иштин субъекти атмосферага чыгаруучу булгоочу заттардын саны;

Mi - чыгарылган конкреттүү заттын массасы, т/жыл;

ЭЧЖБКcci - калктуу конуштарда конкреттүү булгоочу заттын атмосфералык абада орточо суткалык эң чоң жол берилген концентрациясы топтолушу, мг/куб.м;

ai - өлчөмсүз константа.

Өлчөмсүз константанын чоңдугу 3.1-таблица боюнча аныкталат.

3.1-таблица.

ai константанын булгоочу заттын коркунучтуулук классына жараша чоңдугу

Константа

Заттын коркунучтуулук классы

 

1

2 же 3

4

ai

1.7

1.0

0.8

ККнын санмааниси Mi / ЭЧЖБКcci > 1.0 болгон шартта эсептелет.

Mi / ЭЧЖБКcci <= 1.0 болсо КК чоңдугу эсептелбейт жана 0гө теңештирилет.

Маалыматтык адабияттарда калктуу конуштардагы атмосфералык абанын жол берилүүчү суткалык орточо эң жогорку концентрацияларынын чоңдуктары жок болсо максимум бир жолку жол берилүүчү эң жогорку концентрация же калктуу конуштардын атмосфералык абасы үчүн таасирдин болжолдуу коркунучсуз деңгээлинин (ТБКД) чоңдуктары же жумушчу зонанын абасынын 10 эсе азайтылган ошого барабар чоңдуктары пайдаланылат.

Маалыматтык адабияттарда калктуу конуштардын атмосфералык абасы үчүн булгоочу заттын коркунучтуулук классы жок болсо жумушчу зонанын абасы үчүн чоңдуктары пайдаланылат, эки санмаани тең жок болсо коркунучтуулук классы үчүн 3-чоңдук пайдаланылат.

ЭЧЖБК же ТБКД жөнүндө информация жок булгоочу заттар үчүн коркунучтуулук классынын чоңдугу ал заттардын чыгарылыш массасына теңештирилет, б.а. ЭЧЖБК 1.0гө барабар, ал эми коркунучтуулук классы - 3.

Озон катмарын бузуучу заттар жөнүндө Монреаль протоколу менен жөнгө салынуучу озонду бузуучу булгоочу заттар үчүн ЭЧЖБК = 1 / (ОБЖ х 1000), ал эми коркунучтуулук классы 1 ге барабар, мында ОБЖ - Монреаль протоколу боюнча заттын озонду бузуу жөндөмү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Киото протоколу менен жөнгө салынуучу парник газдар болуп эсептелген булгоочу заттар үчүн жол ЭЧЖБК = 1 / ГЫП, ал эми коркунучтуулук классы 1ге барабар, мында ГЫП - Киото протоколу боюнча глобалдык ысуу потенциалы.

КК боюнча 3.2-таблицада чарбалык жана башка иш объектинин коркунучтуулук категориясы аныкталат. Чарбалык жана башка иш объектинин коркунучтуулук классына ылайык анын отчет беришинин жана контролдонушунун мезгилдүүлүгү аныкталат (3.3-таблица).

3.2-таблица

Чарбалык жана башка иштин субъектинин ишинин КК чоңдугуна жараша эсептелген коркунучтуулук
КАТЕГОРИЯСЫ

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясы

КК чоңдугу

I

КК >= 1000

II

1000 > КК >= 100

III

КК < 100

3.3-таблица

Чарбалык жана башка иштин субъекттеринин коркунучтуулук категориясына жараша отчет беришинин жана контролдонушунун мезгилдүүлүгү

N

Иштин түрү

Чыгындылар боюнча коркунучтуулук категориясы

 

 

I

II

III

1

Атмосферага чыгынды заттарды чыгаруу булактарын инвентаризациялоо (5 жылда 1 жолу)

+

+

+

2

ЭЧЖБЧ нормаларын кайра кароо (5 жылда 1 жолу)

+

+

-

3

2 ТП-аба формасы боюнча статистикалык отчет (жыл сайын)

+

+

-

4

Атмосфералык абаны коргоо боюнча план (5 жылда 1 жолу)

+

+

-

5

ЭЧЖБЧ нормаларын иштеп чыгуу

+

+

-

6

Ишти контролдоонун мезгилдүүлүгү: жыл сайын 3 жылда 1 жолу 5 жылда 1 жолу

+

+

+

4. Саркынды сууларды чыгаруучу чарбалык жана башка иштин субъекттери үчүн коркунучтуулук категориясын аныктоо

1. Чарбалык жана башка иштин субъекттеринин саркындыларды чыгаруу боюнча коркунучтуулугунун категориясы саркынды сууларга карата мамилесинин мүнөзүнүн негизинде, ошондой эле анын көлөмүнө жараша бир нече критерий боюнча аныкталат. Чарбалык жана башка иштин саркынды боюнча I категориядагы коркунучтуу объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бир же бир нечесин аткарган объекттер кирет:

1) суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же рельефке (жалдарга, жарларга, котловандарга, кургак сайларга жана б.у.с.) же коллектордук-дренаждык системаларга шарттуу таза суудан башка саркынды сууларды тазалагыч түзүлүштөрдөн өткөрбөстөн чыгаруучу чарбалык жана башка иштин объекттери;

2) балансында колдонуудагы калдык сактагычтар, шлам сактагычтар жана б.у.с. бар чарбалык жана башка иштин объекттери;

3) тазаланган булганыч сууларынын көлөмү чакан шаарлардагы тазалоочу курулмалардан агызылып чыгарылуучу булганыч суулардын жылына куб.м менен ортого алгандагы көлөмүнө барабар же андан көп болгон чарбалык жана башка иштин объекттери.

2. Чарбалык жана башка иштин саркынды боюнча II категориядагы коркунучтуу объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бир же бир нечесин аткарган объекттер кирет:

1) суу объекттерине, суу чарба курулмаларына же рельефке (жалдарга, жарларга, котловандарга, кургак сайларга жана б.у.с.) же коллектордук-дренаждык системаларга шарттуу таза суудан башка саркынды сууларды тазалагыч түзүлүштөрдөн өткөндөн кийин чакан шаарлардын тазалагыч курулмаларынын орточо чыгарылуучу саркынды сууларынын көлөмүнөн аз көлөмдө чыгаруучу чарбалык жана башка иштин объекттери;

2) саркынды сууларды топтогучтарга, аңдарга, септиктерге жана у.с. төгүп, кийин тазалагыч түзүлүштөргө алып чыгуучу чарбалык жана башка иштин объекттери.

3. Чарбалык жана башка иштин саркынды боюнча III категориядагы коркунучтуу объекттерине саркынды суулары бар, бирок аларды чарбалык жана башка иштин башка объекттерине өткөрүп берүүчү чарбалык жана башка иштин объекттери кирет.

4.1-таблица

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясына жараша отчет беришинин жана контролдонушунун мезгилдүүлүгү

N

Иштин түрү

Саркындылар боюнча коркунучтуулук категориясы

 

 

I

II

III

1

ГП Суу чарба 2 формасы боюнча статистикалык отчет (жыл сайын)

+

+

-

2

Саркындыларды азайтуу планы боюнча (5 жылда 1 жолу)

+

+

-

3

ЭЧЖБЧ нормаларын иштеп чыгуу (5 жылда 1 жолу)

+

+

-

4

Ишти контролдоонун мезгилдүүлүгү: жыл сайын 3 жылда 1 жолу 5 жылда 1 жолу

+

+

+

5. Чарбалык жана башка иштин калдыктардын жаралышына алып келүүчү объекттеринин коркунучтуулук категориясын аныктоо

1. Чарбалык жана башка иштин калдыктар боюнча коркунучтуулук категориясын аныктоо бир нече критерий боюнча иштин мүнөзүнө жараша аныкталат.

2. Калдыктар боюнча 1 коркунучтуулук категориясына төмөнкүдөй шарттардын бир же бир нечесин аткарган чарбалык жана башка иштин объекттери кирет:

1) негизги иши башка уюмдардын калдыктарын топтоо, кабыл алуу жана/же кайра иштетүү;

2) калдыктарды көмүүчү же узакка сактоочу объекттер балансында бар же эксплуатацияланат (полигондор, шлам жана калдык сактагычтар, кен калдыктары, жакыр рудалардын калдыктары, күл жана б.у.с);

3) түзүлүүчү калдыктардын саны айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн жылына 5 миң т, жана башка ишканалар үчүн - 300 т;

4) өндүрүштүк иштин натыйжасында 3-класстан жогорку коркунучтагы калдыктар жаралат.

3. Калдыктар боюнча коркунучтуулуктун II категориясындагы чарбалык жана башка иштин объекттерине төмөнкүдөй шарттардын бир же бир нечесин аткарган объекттер кирет:

1) жаралуучу калдыктардын саны жылына 1000 т ашат, бирок айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн 5 миң т барабар, башкалары үчүн 60 т ашат, бирок жылына 300 т аз же барабар;

2) өндүрүштүк иштин натыйжасында башкалар менен кошо 3-класстан жогорку коркунучтагы калдыктар жаралат.

4. Коркунучтуулуктун III категориясындагы чарбалык жана башка иштин субъекттерине төмөнкүдөй шарттардын бир же бир нечесин аткарган субъекттер кирет:

1) жаралуучу калдыктардын саны жылына 100 т ашат, бирок айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын ишканалары үчүн 1000 миң т аз же барабар, башкалары үчүн 10 т ашат, бирок жылына 60 т аз же барабар;

2) өндүрүштүк иштин натыйжасында башкалар менен кошо 4-класстан төмөн коркунучтагы калдыктар жаралат.

5.1-таблица

Чарбалык жана башка иштин объекттеринин коркунучтуулук категориясына жараша отчет беришинин жана контролдоонун мезгилдүүлүгү

N

Иштин түрү

Калдыктар боюнча коркунучтуулук категориясы

 

 

I

II

III

1

N 1 калдыктар N 2 калдыктар формасы боюнча статистикалык отчет (жыл сайын)

+

+

+

2

Калдыктарды азайтуу планы боюнча (5 жылда 1 жолу)

+

+

-

3

Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын жайгаштыруу нормативдерин иштеп чыгуу (5 жылда 1 жолу)

+

-

-

4

Ишти контролдоонун мезгилдүүлүгү: жыл сайын 3 жылда 1 жолу 5 жылда 1 жолу

+

+

+

6. Кабыл алынган кыскартуулар:

КК - чарбалык жана башка иштин субъектинин коркунучтуулук категориясы; ЭЧЖБК - эң чоң жол берилүүчү концентрация; ТБКД - таасирдин болжолдуу коркунучсуз деңгээли;

ОБЖ - озондук катмарын бузуу заттары боюнча Монреаль протоколу менен жөнгө салынуучу заттын озонду бузуу жөндөмү (2000-ж., 15-январындагы N 16 "Озондук катмарды коргоо тууралуу Вена Конвенциясын жана озондук катмарды бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколун ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);

ГЫП - БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы менен жөнгө салынуучу заттардын глобалдык ысуу потенциалы (2000-ж., 14-январындагы N 11 БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясына жана чоң аралыкка абаны трансчекаралык булгоо боюнча БУУнун ЕЭК Конвенциясына Кыргыз Республикасынын кошулушу тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы);

ЭЧЖБЧ - эң чоң жол берилүүчү чыгаруулардын тому;

ЭЧЖБЧ - эң чоң жол берилүүчү чыгаруу.

 

 

 

"Кыргыз Республикасында экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча жалпы техникалык регламент" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
3-тиркемеси

Документтердин толуктугун контролдоо үчүн зарыл болгон чарбалык жана башка иштин иштеп жаткан объекттери үчүн милдеттүү документтердин
ТИЗМЕГИ

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы N 11 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

N

Аталышы

Чыгындылар\саркындылар\калдыктар боюнча коопсуздук категориясы

 

 

I

II

III

1

Атмосферага чыгындылар

 

 

 

1.1

Чыгындылардын жол берилген чектеринин эсеби

+

+

 

1.2

Экологиялык паспорт

+

+

+

1.3

Чыгындыларга уруксат

+

+

+

2

Саркындылар

 

 

 

2.1

Саркындылардын жол берилген чегинин эсеби

+

+

 

2.2

Саркындыларга уруксат

+

+

 

2.3

Экологиялык паспорт

+

+

 

2.4

Тазалоочу жайдын мүнөзү

 

 

+

2.5

Башка уюмдарга булганыч сууларды өткөрүп берүү жөнүндө маалымат

 

 

+

3

Калдыктар

 

 

 

3.1

Өндүрүш жана керектөө калдыктарын түзүүнүн нормативдик эсеби

+

 

 

3.2

Калдыктарды жайгаштырууга уруксат

+

+

 

3.3

Экологиялык паспорт

+

+

 

3.4

Башка уюмдарга калдыктарды өткөрүп берүүгө документ

 

 

+

3.5

Курамы боюнча көлөмдөр тууралуу маалымат

 

 

+

(+) - милдеттүү документтердин болуусу