Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском
                                                  Кыргыз Республикасынын 
                  2010-жылдын 21-апрелинин №17 Убактылуу Окмотунун Декретине ылайык



Бишкек шаары
2010-жылдын 12-марты № 48

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

                Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
                     өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

     2010-жылдын 4-февралында            Кыргыз Республикасынын Жогорку
                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

     1-берене.

     Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жо-
горку Кењешинин Жарчысы,  2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
     1. 240-берененин 1-бөлүгүндөгү "ысык жана" жана "жылуулук энергия-
ны, электр энергияны" деген сөздөр алып салынсын.
     2. 282-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
     "4. КНСтин эсеп-фактурасы төмөндөгүдөй учурларда ар бир айдын  ая-
гында салык салынуучу субьект тарабынан бир жолу жол-жоболоштурулат:
     1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык чекене сатуу пункттарынан нак-
талай  эсептешүү менен товарларды сатканда,  жумуштарды аткарганда жана
калкка кызмат көрсөткөндө;
     2) турмуш-тиричилик максаттар үчүн калкка ысык суу, жылуулук энер-
гиясын жана электр энергиясын сатканда.".

     2-берене.

     Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.


     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев