Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 3-марты № 42

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

1-берене.

 

"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

33-берененин 2- жана 3-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Агенттик төмөнкүдөй баалуу кагаздарды инвестициялай алат:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылган жана/же сөзсүз түрдө кепилдикке алынган;

2) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чыгарылган;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган башка баалуу кагаздарды.

Инвестициялоонун тартиби жана параметрлери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

3. Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланышкан, аны күтүүгө операциялык чыгымдар жана башка сарптоолор ар бир финансы жылына төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:

1) Фонддун максаттуу өлчөмүнүн жылына 2 пайызынын, ал эми андан кийин - жылдын башталышына эсептелген Фонддун топтолгон каражаттарынын жана Фондго кайтарылып берүүгө тийиш болгон компенсациялык төлөмдөрдүн жалпы суммасынын жылына 2 пайызынын;

2) Фонддун бош турган каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынын;

3) башка каражаттардын.".

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан баалуу кагаздарды инвестициялоонун тартибин жана параметрлерин бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев