КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 18-январы № 3
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
167-берененин 35-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"35) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик күзөт кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин жана органдарынын, өрткө каршы кызматынын, жарандык коргонуу аскерлеринин кызматчыларынын азык-түлүк паегунун ордуна акчалай үлүш жана компенсациялар түрүндөгү кирешелери;".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |