Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ

 

2010-жылдын 27-июлу УӨ № 110

 

"Күрөө жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

 

1-берене.

 

"Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 6, 377-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

21-берененин 6-пунктундагы "Юстиция министрлиги" деген сөздөр "Өкмөтү" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Бул Декрет расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

 

     Кыргыз Республикасынын

Убактылуу Өкмөтүнүн төрагасы

 

Р. Отунбаева