Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 15-январы № 2

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 1-статьянын он үчүнчү абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"балдарга кошумча билим берүү - жалпы билим берүү жана башка билим берүү уюмдарында окуудан бош мезгилинде базалык билим берүүдөн тышкары кошумча программаларды өздөштүрүү аркылуу балдардын, өспүрүмдөрдүн жана жаштардын кесипти эркин тандоосуна жана алардын кызыкчылыктарын, руханий талаптарын жана муктаждыктарын толугураак канааттандырууга негизделген мектепке чейинки, мектептик жана кесиптик билим берүү тутумунун өзгөчө бөлүгү;".

2. 15-статьяда:

2-бөлүктөгү "баланын жаш кезинен баштап анын" деген сөздөр "мектеп жашына чейинки балдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3-бөлүктөгү "баланын жаш кезинен баштап" деген сөздөр "мектеп жашына чейинки балдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев