КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2010-жылдын 19-январы № 7
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Мыйзамда каралгандан башка учурларда мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу маселелерин башка мыйзамдарга киргизүүгө тыюу салынат.".
2. 13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Конституциялык мыйзам менен ушул статьяда каралгандан башка кошумча акылар каралышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |