Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Кыргыз Республикасынын
2023-жылдын 17-июлундагы 140
конституциялык Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Описание: Описание: Описание: Описание: Описание: C:\Users\Work\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\7992af7c-cd9c-4e87-ad93-1115fb6ca6be\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 21-январы № 8

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

1. 12-статья күчүн жоготту деп табылсын.

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-глава менен толукталсын:

"7-1-глава

Мамлекеттик тилди чет мамлекеттер жана эл аралык

уюмдар менен болгон мамилелерде пайдалануу

 

29-1-статья.

Эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн, консулдук мекемелеринин жана өкүлчүлүктөрүнүн иши мамлекеттик тилде, ал эми зарыл учурларда расмий тилде ишке ашырылат.

Чет мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен болгон расмий мамилелерде Кыргыз Республикасы тарабынан мамлекеттик тил, зарыл учурларда расмий тил, ошондой эле чет мамлекеттин мамлекеттик тили же эл аралык уюмдардын жумушчу тили колдонулат.".

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев