Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 25-январы № 9

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жана "Кыргыз Республикасынын баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп табуу тууралуу

 

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 7-статьяда:

1-бөлүктөгү "өздүк" деген сөз "катардагы жана башкаруучу кылуучу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Башка мамлекеттин жараны болбогон, соттуулугу алынганына же жоюлгандыгына карабастан кылмыш иши үчүн соттолбогон, 19 жашка толгон (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында билим алган жана башка мамлекеттердин ушуга теңдеш окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо), ички иштер органдарындагы кызматка жарактуу, ички иштер органдарынын кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык билимдерге ээ Кыргыз Республикасынын жараны ички иштер органдарынын кызматкери боло алат.";

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3- жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:

"Ички иштер органдарынын кызматкерине коюлуучу квалификациялык талаптар Кыргыз Республикасынын Президенти бекиткен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндө Жобо менен аныкталат.

Ички иштер органдарында кызмат өтөөгө адамдын жарактуулугу аскер кызматы үчүн белгиленген эрежелер боюнча өткөрүлүүчү медициналык текшерүүлөрдүн негизинде аныкталат.".

2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 7-1- жана 7-2-статьялар менен толукталсын:

"7-1-статья. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин атайын

наамдары

 

Ички иштер органдарынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:

- катардагы курамга: катардагы милиционер; ички кызматтын катардагы кызматчысы;

- кенже башкаруучу курамга: милициянын кенже сержанты, ички кызматтын кенже сержанты, милициянын сержанты, ички кызматтын сержанты, милициянын улук сержанты, ички кызматтын улук сержанты, милициянын старшинасы, ички кызматтын старшинасы, милициянын прапорщиги, ички кызматтын прапорщиги, милициянын улук прапорщиги, ички кызматтын улук прапорщиги;

- орто башкаруучу курамга: милициянын кенже лейтенанты, ички кызматтын кенже лейтенанты, милициянын лейтенанты, ички кызматтын лейтенанты, милициянын улук лейтенанты, ички кызматтын улук лейтенанты, милициянын капитаны, ички кызматтын капитаны;

- улук башкаруучу курамга: милициянын майору, ички кызматтын майору, милициянын подполковниги, ички кызматтын подполковниги, милициянын полковниги, ички кызматтын полковниги;

- жогорку башкаруучу курамга: милициянын генерал-майору, ички кызматтын генерал-майору, милициянын генерал-лейтенанты, ички кызматтын генерал-лейтенанты, милициянын генерал-полковниги, ички кызматтын генерал-полковниги.

 

7-2-статья. Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын жеткен

чеги

 

1. Ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарында төмөндөгү куракка чейин кызмат өтөй алышат:

1) катардагы жана кенже башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 50 жашында отставкага бошотулат;

- 45 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

2) орто жана улук башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 55 жашында отставкага бошотулат;

- 50 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

3) жогорку башкаруучу курамдагы атайын наамдары барлар:

- 60 жашында отставкага бошотулат;

- 55 жашында запаска бошотулууга укуктуу;

4) ички иштер органдарынын окуу жайларында окутуучулук кызматта болгондор:

- 65 жашында отставкага бошотулат;

- 60 жашында запаска бошотулууга укуктуу.

Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ички иштер органдарында кызмат өтөө мөөнөтүнүн жеткен чеги Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөөсү жөнүндөгү Жобосунда белгиленген тартипте 5 жылга узартылышы мүмкүн.

Ички иштер органдарынын штаттык саны кыскарганда же түзүмдөрү жоюлганда кыскарып же жоюлуп жаткан кызматты ээлеген ички иштер органдарынын кызматкерлери ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында 4 айдан ашпаган мөөнөткө калтырылуу менен кызматтарынан бошотулат.

Ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдарга Кыргыз Республикасынын Президенти белгилеген тартипте жана өлчөмдө 4 ай бою акча төлөмдөрү төлөнөт.

Бош штаттык кызмат орду пайда болгондо дайындоо ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылган адамдардын ичинен алардын мурдагы кызмат ордун жана атайын наамын эске алуу менен жүзөгө ашырылат. Мындай учурда ротация жолу менен да кызматка дайындаса болот.

Ички иштер органдарында кызмат өтөө курагынын чегине жеткен кызматкерлер, ички иштер органдарынын кадрларынын карамагында калтырылгандарды кошкондо, ички иштер органдарынын кызматынан бошотулууга тийиш.".

3. 10-статьянын 7- жана 8-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.

 

2-берене.

Төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

2004-жылдын 28-мартындагы № 53 "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 7, 315-ст.);

2008-жылдын 21-июлундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 7, 625-ст.).

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана эгер ушул статьянын экинчи абзацында башкасы каралбаса, ушул Мыйзам күчүнө киргенден баштап келип чыгуучу укуктук мамилелерге жайылтылат.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын катардагы жана башкаруучу курамынын кызмат өтөө жөнүндө Жобосуна негизденген ички иштер органдарынын кызматкерлерин бошотуу тууралуу чечимдердин юридикалык күчү сакталсын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К. Бакиев