Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2010-жылдын 29-январы № 17

 

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу 

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 1, 24-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызмат органдарынын ишинин укуктук негиздерин аныктайт, мамлекеттик салык кызмат органдарынын кызматкерлеринин укуктук статусун жөнгө салат.".

2. 1-беренеде:

2-пунктта:

- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мамлекеттик салык кызматынын бирдиктүү системасын ыйгарым укуктуу салык органы жана ведомстволук салык органдары түзөт.";

- экинчи - алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

4-6-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

7-пунктта "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөр "Мамлекеттик салык кызматы" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 3-берене "ченемдик" деген сөздөрдөн кийин "укуктук" деген сөздөр менен толукталсын.

4. 5-беренеде:

1-пунктта:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Мамлекеттик салык кызмат органдарына финансылык, экономикалык жогорку же орто атайын финансылык, экономикалык билими жана квалификациялык талаптарга ылайык келген башка жогорку билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык конкурстук негизде кабыл алынат. Салык кызматында кесиптик иш-тажрыйбасы болбогон адамдар стажировкадан өтүшөт.";

- экинчи абзац "тарабынан" деген сөздөн кийин "бекитилүүчү жобо менен" деген сөздөр менен толукталсын.

5. 11-беренеде:

2-пунктта "берет" деген сөздөр "берүүгө укуктуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пунктта "Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы тарабынан" деген сөздөр "ыйгарым укуктуу салык органдарынын жетекчиси тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 5-берененин 2-пунктундагы, 6-берененин 4- жана 9-пункттарындагы, 3-главанын аталышындагы, 7-берененин аталышындагы жана 1- жана 2-пункттарындагы, 8-берененин аталышындагы жана 1 жана 2-пункттарындагы ар кайсы жөндөмөлөрдө жана сандык түрүндө турган "кызматчы" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө жана формаларда "кызматкер" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев