Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 30-марты № 96

 

Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин I бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 327-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эгер келишимде башкача каралбаса, күрөө укугу күрөөгө коюлган мүлктү пайдалануудан алынган натыйжаларга, продукцияга жана кирешелерге таркалат.".

2. 328-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Күрөө жөнүндө келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

- келишимдин тараптары;

- күрөө менен камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы, ал милдеттенменин максималдуу суммасы аркылуу чагылдырылышы мүмкүн;

- күрөөнүн предметинин аны идентификациялоо үчүн жетиштүү жалпы сыпаттамасы;

- кыймылсыз мүлктү же катталууга тийиш болгон мүлктү күрөөгө койгон учурда - мындай мүлктү күрөө коюучуга таандык кылуучу укук, укукту белгилөөчү документтердин реквизиттерин, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда аныкталчу башка шарттарды көрсөтүү менен.

Тараптар күрөөгө коюлган мүлк тараптардын кайсынысында жайгаша тургандыгы тууралу көрсөтмөнү күрөө жөнүндө келишимде кароосу керек.

Эгерде күрөө кармоочунун укугу күрөө кагазы менен ырасталса, бул күрөө жөнүндө келишимде көрсөтүлүүгө тийиш.".

3. 331-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацындагы "өткөрүп берип жатканда тараптар макулдашкан акчалай наркына салыштырганда" жана "ал эми мындай макулдашуу болбогондо -" деген сөздөр алып салынсын.

4. 332-статьянын 1-пункту "киреше алууга укуктуу" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, аларга карата да күрөө укугу колдонулат." деген сөздөр менен толукталсын.

5. 334-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев