Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 12-майы № 155

 

Кыргыз Республикасынын
Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

1-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөндөкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

 

1. Кодекстин бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү "коммуналдык" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдө "муниципалдык" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

2. 223-статьянын:

1-пункту "жеке" деген сөздөн кийин ", муниципалдык" деген сөз менен толукталсын.

2-пункттагы "же мамлекеттин менчигинде" деген сөздөр ", муниципалдык же мамлекеттин менчигинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3. 227-статьянын 2-пунктунун биринчи абзацы "ошондой эле" деген сөздөн кийин "жергиликтүү коомчулук" деген сөздөр менен толукталсын.

 

4. 233-1-статянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"жер участогу мамлекеттик муниципалдык, ошондой эле граждандык жана юридикалык жактардын менчигинде болушу мүмкүн.".

 

5. 233-2-статьянын 1-пункту "мамлекеттик органдар" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өз алдьшча башкаруу органдары" деген сөздөр менен толукталсын.

 

6. 233-13-статьяда:

1-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;

2-пункту "мамлекеттик орган" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы" деген сөздөр менен толукталсын;

3-пункту "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин ", жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

 

7. 250-статьяда:

1-пункту "тиешелүү" деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкарууда" деген сөздөр менен толукталсын жана "органда" деген сөз "органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2-пункту "тиешелүү" деген сөздөн кийин "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун" деген сөздөр менен толукталсын жана "органдын" деген сөз "органынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

8. 254-1-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөн кийин "же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын.

 

9. 257-статьянын З-пунктунда:

биринчи абзацы "мамлекеттик органдын" деген сөздөрдөн кийин "же жергиликтүу өз алдынча башкаруу органынын" деген сөздөр менен толукталсын;

экинчи абзацы "мамлекеттик мүлктү" жана "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "же муниципалдык", "же муниципалдык" деген сөздөр менен толукталсын;

үчүнчү абзацы "мамлекеттик" деген сөздөн кийин "же муниципалдьж" деген сөздөр менен толукталсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыялаган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

3-берене.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

К. Бакиев