Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: C:\Users\user\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\db5ad77e-8016-489e-b93d-d87e6cee1446\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 15-июлу № 208

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 1992-жылдын 4-августу, № 99) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Мыйзамдын расмий тилдеги аталышындагы "Кыргызстан Республикасындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; Мыйзамдын расмий тилдеги бардык тексти боюнча "Кыргызстан Республикасындагы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

2. 1-статьяда:

1-бөлүктө:

- "дүң" деген сөз алып салынсын;

- "соода" деген сөз "(ачык жана /же жабык), селектордук жана электрондук соода (аукциондор)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- "белгилүү бир жерде" деген сөз алып салынсын;

3-бөлүктүн экинчи абзацындагы "юридикалык жактарга" деген сөздөр "юридикалык жактардын уюштуруучуларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 4-статьянын 1-бөлүгүндө:

 

3-пункт "товар биржасынын мүчөлөрү үчүн" деген сөздөрдөн кийин "брокердик жана дилердик орундарга акыларды," деген сөздөр менен толукталсын;

бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7 жана 8-пункттар менен толукталсын:

"7) мыйзамда белгиленген тартипте брокердик контораларды түзүүгө;

8) товардык биржага караштуу эсеп-кысап (клирингдик) борборлорду түзүүгө.".

 

4. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин жалпы башталыштары жөнүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасында тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

5. 7-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"Эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, биржалык бүтүмдөр, анын ичинде кыймылсыз мүлктөр менен, милдеттүү түрдөгү нотариалдык күбөлөндүрүүдөн өтпөйт.".

 

6. 10-статьяда:

статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

"Биржа юридикалык жана жеке жактарга акы төлөө негизинде брокердик же дилердик орундарды берет. Брокердик орундар жана дилердик орундар-бул биржа соодаларына катышуу укугу менен товардык биржага мүчө болуу.";

4-бөлүктө "андан тышкары да келишим түзүүдө" деген сөздөрдөн кийин "уюштуруучунун," деген сөз менен толукталсын.

 

7. 11-статьяда:

1-бөлүктөгү "же мүчөсүнүн" деген сөз алып салынсын;

2-бөлүктө:

- "уюштура албайт" деген сөздөр "уюштура алат" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

- ", ошондой эле алардын жетекчи кызматкерлери жана адистери" деген сөздөр алып салынсын.

 

8. 12-статья "келишимдерди жана опциондорду" деген сөздөрдөн кийин "уюштуруучулар," деген сөз менен толукталсын.

 

9. 13-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"13-статья. Товардык биржанын мүчөлөрү

 

Юридикалык жактар жана биржа мүчөлүгүнө кабыл алынган, кирүү мүчөлүк акысын төлөгөн жана товардык биржанын уставын сактаган жарандар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар товар биржасынын мүчөлөрү боло алышат.

Товар биржасынын мүчөлөрү ошол же башка товар биржасынын кызматкерлери же ошол товар биржасына мамилеси боюнча аффилирленген жактар боло алышпайт.

Товар биржасынын мүчөлөрү анын уставына жана ички биржалык ченемдик актыларына ылайык биржа соодасына катышууга укугу бар.

Товар биржасынын мүчөлөрү өзүнүн биржа соодасына катышуу укугун убактылуу пайдалануу үчүн бир юридикалык жакка же жаранга үчүнчү жакка берүү укугусуз, келишим боюнча берүүгө укуктуу. Биржа соодасына катышуу укугун ижаралоо келишими товар биржасында катталууга тийиш. Биржа соодасына катышуу укугун субарендага берүүгө тыюу салынат.

Товар биржасынын мүчөлүгүнөн ыктыярдуу чыкканда, чыгарылганда же биржа жоюлганда товар биржасына мүчөлүк токтотулат.".

 

10. 16-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мүчөлөрүнүн" деген сөз "уюштуруучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

11. 18-статьянын 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү "мүчөлөрүнүн" деген сөз "уюштуруучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

12. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "мүчөлөрүнүн" деген сөз "уюштуруучуларынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

 

13. 21-статья күчүн жоготту деп табылсын.

 

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К.  Бакиев