КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 15-июлу № 214
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен бекитилген мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ар бир адамдын кайрылуу укугун жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди, ошондой эле мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына жарандардын кайрылууларын кароо тартибин укуктук жактан жөнгө салууга багытталган.".
2. 7-статьянын 7-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Кабыл албай коюуга жол берилбейт.".
3. 8-статьянын 1-бөлүгүндөгү "үч күндүн" деген сөздөр "бир күндүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 14-статьяда:
1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1) кайрылуунун катталган күнү жана номери тууралу оозеки же жазуу жүзүндө маалымат алууга;";
1-6-пункттар тиешелүүлүгүнө жараша 2-7-пункттар деп эсептелсин.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |