КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУКТУК МААЛЫМАТТАРДЫН БОРБОРЛОШТУРУЛГАН БАНКЫ | |
Документ | Маалым дарек | Шилтеме документтер |
![]() |
Редакция: кыргызча | на русском |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2009-жылдын 12-октябры № 264
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
1-берене.
"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 11-статьянын 4-пунктунун биринчи абзацындагы экинчи сүйлөм алып салынсын.
2. 18-статьяда:
2-пунктта:
- биринчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;
- экинчи абзац "жоюу комиссиясын" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучуну)" деген сөз менен толукталсын;
3-пункт "Жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.
3. 19-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацы "жоюу комиссиясы" деген сөздөрдөн кийин "(жоюучу)" деген сөз менен толукталсын.
4. 20-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-статья. Коомду жоюуну аяктоо
Каттоочу орган тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып коомду жоюу аяктады, ал эми коом - өзүнүн ишин токтотту деп эсептелет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |