Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\Work\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\fa93c4e3-ec57-4bfc-9a15-d69a62d25a4e\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 8-декабры № 307

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

1-берене.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы № 140 конституциялык Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

2-берене.

"Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 2, 5-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1. 7-статьянын 2-пунктундагы "орус" деген сөз "расмий" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. 9-статьяда:

1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

"Товарлар (жумуштар, тейлөө кызматтары) жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдеринде, ал эми зарыл учурларда - ошондой эле чет тилдеринде баяндалышы керек.";

3-пункттун экинчи абзацындагы "кыргыз жана/же орус тилиндеги" деген сөздөр "мамлекеттик жана расмий тилиндеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

К. Бакиев