Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\38d98cec-45f3-4b68-9ba5-91f91efcf23f\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2009-жылдын 30-декабры № 319

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46, 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 76-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 10-статьянын 7-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 16-статьяда:

2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын;

3-бөлүктөгү "жеңилдиктердин" деген сөз "социалдык гарантиялардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 18-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.".

 

2-берене.

 

(КР 2015-жылдын 3-мартындагы № 46 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

3-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 3, 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

19-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктер белгиленет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

4-берене.

 

"Өрт коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 89-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

21-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана жеңилдиктер" деген сөздөр алып салынсын.

 

5-берене.

 

(КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

 

6-берене.

 

"Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 12, 554-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 24-статьянын 5-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр алып салынсын.

2. 33-статьянын 2-бөлүгүндөгү экинчи сүйлөм төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Курман болгон (өлгөн) кызматкердин үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө ай сайын компенсация төлөнөт.".

3. 34-статьянын 8- жана 9-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.

 

7-берене.

 

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 4, 320-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-берененин бешинчи абзацындагы "жеңилдиктерди" деген сөз "жөлөкпулдарды, компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 6-берененин 1-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "жөлөкпулдарды, компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 7-берененин экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын.

4. 8-берене төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8-берене. Социалдык гарантиялар

 

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;

- протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.".

5. 14-беренедеги "жеңилдиктерди жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

 

8-берене.

 

"Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 7-9, 665-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 6-статьянын 2-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "артыкчылыктарды" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. II главанын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 9-статьяда:

3-бөлүктө:

- бөлүк "жана жарандыгы жок" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган" деген сөздөр менен толукталсын;

- "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

4. 11-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 13-статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 14-статьянын аталышындагы жана 2-бөлүгүндөгү "жеңилдиктер" жана "жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" жана "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 15-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүктө:

- бөлүк "донорлор" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген," деген сөздөр менен толукталсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";

- 4-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияга.";

2-бөлүктөгү "жеңилдиктерден" деген сөз "укуктардан жана гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

9-берене.

 

"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1996-ж., № 5, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. Преамбуланын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Мыйзам Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жарактуу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган адамдарга таркатылат.".

2. 2-статьядагы "жеңилдиктерди" деген сөз "компенсацияларды" деген сөзгө алмаштырылсын.

3. 4-статьянын 1-пунктунун жетинчи жана сегизинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- алган пенсиясынын түрүнө карабастан, экинчи ирет никеге турбаган, курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын аялы (күйөөсү);

- курман болгон (дайынсыз жоголгон) адамдын ата-энеси.".

4. 8-статьяда:

1-бөлүктөгү "жеңилдиктер менен гарантияларды" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүктөгү "жеңилдиктер жана гарантиялар" жана "нормалардын чектеринде" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Социалдык гарантиялар жана компенсациялар" жана "өлчөмдөрдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 9-статьядагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 13-статьяда:

үчүнчү абзацтагы ", санаторийлик-курорттук дарылоо, дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар менен камсыз кылуу боюнча" деген сөздөр алып салынсын;

бешинчи абзацтагы "коммуналдык-турмуш-тиричилик жана" деген сөздөр алып салынсын;

алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;

тогузунчу абзацтагы "кошумча жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 14-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";

9, 13, 19, 20, 21, 22- жана 26-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

25-пункттагы "25 процент жеңилдик берүү менен" деген сөздөр алып салынсын.

8. 15-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

7-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"7. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

8-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";

10, 12, 13, 14, 15, 16, 17, 18, 19, 20, 21, 22, 23, 24, 25, 26, 27, 28, 29, 30, 31- жана 36-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

35-пункттагы "акысыз" деген сөз алып салынсын.

9. 16-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктерден жана гарантиялардан" деген сөздөр "социалдык гарантиялардан жана компенсациялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

10. 17-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

I бөлүмдө:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар - 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат.";

- экинчи абзацтагы "жеңилдиктерден жана" жана "жеңилдиктер жана" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "социалдык" жана "социалдык" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

II бөлүмдө:

- "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";

III бөлүмдөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

11. 18-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"3. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

6, 8, 10- жана 11-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

14-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"14. Жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка себептерден улам майып деп таанылган оруктун эмгекчилерине компенсацияларды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө жүзөгө ашырылат.".

12. 19-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

5, 8, 10, 12, 14, 15- жана 16-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

6-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.".

13. 20-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

2, 6, 8- жана 9-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

14. 21-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

15. 22-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктерден жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

16. 23-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

17. 24-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1. Протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.";

5-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

18. 25-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацтагы "жеңилдиктер" деген сөз "компенсациялар" деген сөзгө алмаштырылсын;

статья төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.";

4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"4. Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө.";

11, 12, 14, 17, 18, 19- жана 20-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.

19. 26-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"26-статья. Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын

жана катышуучуларынын аялдарына (күйөөлөрүнө),

Кыргыз Республикасынын Баатырларына, Советтер Союзунун

Баатырларына жана бардык үч даражадагы Даңк ордени

менен сыйланган адамдарга, ошондой эле каза болгон

партизандардын аялдарына (күйөөлөрүнө) жана жашыруун

уюмдардын мүчөлөрүнө, 1941-жылдын 8-сентябрынан

1944-жылдын 27-январына чейин курчоо мезгилинде

Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана

уюмдарында иштеген адамдарга жана "Ленинградды

коргогондугу үчүн" медалы жана "Курчоодо калган

Ленинграддын жашоочусу" төш белгиси менен сыйланган,

жалпы оорудан, эмгектен мертинген жана башка

себептерден улам (башка укукка каршы аракеттердин

натыйжасында майыптыкка дуушар болгон адамдардан

башкалар) майыптар деп табылган жана башка никеге

турбаган адамдарга социалдык гарантиялар жана

компенсациялар

 

Жогоруда көрсөтүлгөн категориядагы адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген өлчөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө белгиленет.".

20. 27-статья күчүн жоготту деп табылсын.

21. 30-статьяда:

1-бөлүктөгү "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

2-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.

22. 32-статьядагы "жеңилдиктерин жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын.

23. 33-статьяда:

1-бөлүктөгү "жеңилдик укугу берилгендиги жөнүндө" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүктөгү "жеңилдиктерин жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын катышуусу менен согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана мезгилдердин тизмеси" деген Мыйзамга тиркемеде:

I бөлүмдүн он экинчи абзацы алып салынсын;

III бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Венгриядагы согуш аракеттери: 1956-жыл.".

 

10-берене.

 

"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 220-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

11-статьяда:

3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Эгерде реабилитацияланган адам репрессиянын натыйжасында майыптыкка дуушар болгон болсо же пенсионер болуп эсептелсе, ага төмөнкүлөргө да укуктар берилет:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация алууга;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейленүүгө;

- телефонду биринчи кезекте орнотууга;

- карылар жана майыптар үчүн жатак үйлөргө биринчи кезекте кабыл алынууга, дайындалган пенсиясынын 25 проценттен кем эмесин сактоо менен мамлекеттин толук камсыздоосунда жашоого.";

5-бөлүктөгү "жеңилдиктерге" деген сөз "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын;

7-бөлүктөгү "жеңилдиктерди" деген сөз "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

11-берене.

 

"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Свободные горы" гезитине тиркеме, № 1, август, 1992-ж.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 2-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

2. 12-статьянын 9-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. 20-статьяда:

3-бөлүктөгү "жеңилдиктерден" деген сөз "социалдык гарантиялардан" деген сөздөргө алмаштырылсын;

4-бөлүктөгү "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 21-статьянын 4-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

 

12-берене.

 

"Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 6, 154-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1. 3-статьяда:

статьянын аталышы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен жарандардын тарткан зыяндарынын ордун толтурууга, социалдык гарантияларды жана компенсацияларды алууга болгон укугу";

1-бөлүктөгү "акчалай жана башка материалдык компенсацияларды, жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана акчалай компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2-бөлүктө:

- бөлүк "жашаган" деген сөздөн мурда "туруктуу" деген сөз менен толукталсын:

- "башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. 4-статьяда:

статьянын аталышындагы "Компенсацияны жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүктөгү "жана жеңилдиктердин" деген сөздөр алып салынсын;

2-бөлүктө:

"айкын өлчөмдөрү" деген сөздөрдөн мурда "тартиби жана" деген сөздөр менен толукталсын;

"жана жеңилдиктердин" деген сөздөр алып салынсын.

3. 6-статьяда:

статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүктө:

- 1-1-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;";

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу;";

- 6, 11, 12- жана 26-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ушул статьянын 1-1, 14, 16, 17, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын натыйжасында курман болгон жарандардын, келип чыккан майыптыгынын себеби Чернобылдагы кыйроонун натыйжасына байланыштуу экендиги аныкталган, нурлануу оорусуна чалдыккан жана аны баштан кечирген адамдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө таркатылат.".

4. 7-статьяда:

статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-бөлүктө:

- биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Ушул Мыйзамдын 5-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 3, 7, 13, 14, 16, 19, 20, 22-24-пункттарында каралган социалдык гарантияларга жана компенсацияларга, ошондой эле төмөнкүлөргө укуктуу болушат:";

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;";

- 2- жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2) Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөөгө;

3) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";

- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"6-статьянын 7-пунктунда жана ушул статьянын 1-1 жана 4-пункттарында каралган социалдык гарантиялар жана компенсациялар Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун курман болгон катышуучуларынын үй-бүлөлөрүнө колдонулат.";

3-бөлүктө:

- "1- жана 5-пункттарында" деген сөздөр "1-пунктунда" деген сөздөргө, "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды жана компенсацияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

"1-1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөөгө;";

- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"2) протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылууга;";

- 5-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

4-бөлүктөгү "компенсациялар менен жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга жана компенсацияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 8-статьяда:

статьянын аталышындагы "компенсациялар жана жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

биринчи абзацындагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 9-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацындагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 10-статьяда:

статьянын аталышындагы "жеңилдиктер жана" деген сөздөр "социалдык" деген сөзгө алмаштырылсын;

биринчи абзацындагы "компенсацияларга жана жеңилдиктерге" деген сөздөр "социалдык гарантияларга" деген сөздөргө алмаштырылсын.

8. 12-статьяда:

1-бөлүктө:

биринчи абзацта:

- абзац "кийинки" деген сөздөн кийин "эки" деген сөз менен толукталсын;

- "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;

1-пунктта:

- экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө;

- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;";

- төртүнчү, бешинчи жана жетинчи абзацтар күчүн жоготту деп табылсын;

3-бөлүктөгү "ыйгарым укук берилген органдар тарабынан" деген сөздөр алып салынсын.

9. 13-статьянын аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар" деген сөздөргө алмаштырылсын.

10. "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында ден соолугуна зыян келтирген адамдарга берилүүчү компенсациялар" деген III бөлүм күчүн жоготту деп табылсын.

11. "Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында колдонулган терминдер жана түшүнүктөр" тиркемесинде:

2-пункттагы "компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3-пункттагы "көчүүгө байланыштуу жоголгон мүлкү үчүн жана ушул Мыйзамда белгиленген жана башка компенсацияларды жана жеңилдиктерди" деген сөздөр "ушул Мыйзамда белгиленген социалдык гарантияларды" деген сөздөргө алмаштырылсын.

 

13-берене.

 

Ушул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев