Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\43dfd62b-3483-4f9b-aab5-890fc1b29996\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 3-майы № 18

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132, 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Ушул Мыйзам эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объектилерин, кооз жаратылыш түзүлүштөрүн, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун сактоо, биочөйрөдөгү табигый процесстерди иликтөө жана анын абалынын өзгөрүүлөрүн контролдоо максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, башкаруу, коргоо жана пайдалануу, ошондой эле контролдоо жаатындагы мамилелерди жөнгө салат.

1-глава
Жалпы жоболор

 

1-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө мыйзамдар

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден жана макулдашуулардан турат.

2. Жер, суу, токой ресурстарын, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоого жана пайдаланууга, атмосфералык абаны, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого байланыштуу мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынат.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүү жана алардын туруктуу иштетилиши жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2-берене. Негизги түшүнүктөр

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:

акватория - табигый, жасалма же элестетилген (шарттуу) чек ара менен чектелген суу мейкиндиги;

биологиялык ар түрдүүлүк (био ар түрдүүлүк) - өздөрү бөлүк болуп эсептелген жер үстүндөгү, деңиздеги жана башка суу каптаган эко түзүмдөрдү жана экологиялык компоненттерди камтыган бардык тирүү организмдердин булактарынын окшоштугу. Бул эко түзүмдөрдүн ортосундагы түрлөрдүн жана ар түрдүүлүктүн чектериндеги өз алдынчалуу ар түрдүүлүктү камтыган түшүнүк;

биочөйрөлүк аймактар - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, алар биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн туруктуу балансын, экономикалык өнүгүүнү жана тийиштүү маданий дөөлөттөрдүн сакталышын камсыз кылуучу жер үстүндөгү жана суудагы экологиялык системалардын участокторунан же алардын комбинацияларынан турат;

буфердик зона - аймактын адатта негизги зонасын курчап турган же аны менен чектешкен жана илимий изилдөөлөр, айыл чарбалык жерлерди регламенттүү пайдалануу үчүн арналган аймактын участогу;

Суу-саз жерлер - сейрек учуроочу жана жоголуп кетүү коркунучунда тургандарын кошуп алганда, канаттуулардын, сойлоп жүрүүчүлөрдүн жана башка суу боюнда жашаган жаныбарлардын башка түрлөрүнүн массалык түрдө байырлоочу, уялоочу жана көбөйүүчү жерлери болуп саналган табигый жана жасалма акваториялар, анын ичинде көлмөлөр, тайыз суулар жайгашкан жер участоктору, ошондой эле суулуу бети адатта жер үстүндө турган аймактын ашкере нымдуу участоктору;

мамлекеттик өзгөчө коруктар - табыштама же чарбалык иштин жөнгө салынуучу режиминдеги, мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун бир же бир нече объекттерин сактоо жана көбөйтүү үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

мамлекеттик ботаникалык бактар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, өсүмдүктөр дүйнөсүн, анын ичинде өсүмдүктөрдүн сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн коргоо, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү жана илимий иштеп чыгууларды жүргүзүүгө арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

мамлекеттик дендрологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, бак-дарак жана бадал түрлөрүн коргоо, сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу үчүн арналган, зоналары боюнча коргоо режимдери белгиленген өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

мамлекеттик зоологиялык парктар - жаратылышты коргоочу жана илимий уюмдун статусу бар, маданий-агартуучу, илимий, окуулук жана жаратылышты коргоо, жаныбарлардын типтүү, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган түрлөрүнүн генофондун жасалма чөйрөнүн шартында сактоо жана өстүрүү иштери үчүн арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

мамлекеттик жаратылыш парктары - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоого, мамлекеттик жаратылыш-корук фонддун өзгөчө экологиялык, илимий, тарыхый-маданий жана рекреациялык баалуу уникалдуу табигый комплекстерин жана объекттерин жаратылышты коргоочу, экологиялык-агартуучу, илимий, туристтик жана рекреациялык максаттарда пайдаланууга арналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери - экологиялык, илимий, маданий жана эстетикалык жактардан баалуу, уникалдуу, орду толбочу өзүнчө жаратылыштык комплекстерди камтыган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, ошондой эле мамлекеттик жаратылыш-корук фонддун объекттерине киргизилген табигый жана жасалма объекттер;

мамлекеттик жаратылыш коруктары - жаратылышты коргоочу жана илимий мекеменин статусу бар, ишинин максаты табигый процесстерди жана кубулуштарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын айрым түрлөрүн, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды сактоо жана изилдөө болуп саналган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы;

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын статусу, орду, сандык жана сапаттык касиеттери, алардын экологиялык, илимий, агартуучу, тарыхый, маданий жана башка баалуулуктары жөнүндө маалыматтардын жыйнагы;

өзөк зонасы - мамлекеттик жаратылыштык коруктун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмесин түзгөн, экосистеманын көбөйүшү үчүн зарыл болгон аймактын участогу, анда бүткүл жаратылыш комплекси корголот, экологиялык системалардын абалына мониторинг, илимий изилдөөлөр жана жаратылыш процесстеринин табигый өнүгүүсүн бузбоочу башка иш-чаралар жүргүзүлөт. Өзөк зонасы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусу боюнча аныкталат жана айлана-чөйрөнү коргоонун республикалык органы тарабынан бекитилет;

ландшафттык ар түрдүүлүк - экологиялык жана социалдык функцияларды аткаруу үчүн табигый чөйрөнүн мүнөзүн жана түзүмдүк уюштурууну чагылдырган көрсөткүч:

жаратылыш летописи - бардык корголуучу абиотикалык жана биотикалык компоненттерден турган чөйрөнүн динамикалуулугун, ошондой эле өткөрүлүүчү жаратылышты коргоо иш-чараларынын узактыгынын (кыскалыгынын) натыйжасында келип чыккан өзгөрүүнү чагылдыруучу, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын субъекттери тарабынан түзүлүүчү, белгилүү үлгүдөгү жыл сайын чыгуучу бюллетень;

жаратылышты коргоонун эл аралык союзу - ааламдын биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо проблемаларын чагылдыруу менен иш жүргүзгөн, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясына караштуу байкоочулук статусуна ээ жана ааламдын ар түрдүү региондорундагы өзгөчө коргоого муктаж флоралардын жана фауналардын түрлөрүнүн тизмесин берүүчү эл аралык коммерциялык эмес уюм;

микрокоруктар - био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү максатындагы чарбалык иштер жүргүзүлбөгөн, салыштырмалуу анча чоң эмес, анын ичинде айыл чарба жерлеринин ичиндеги участоктор;

жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен чарбалык пайдалануудан толук же жарым-жартылай алып коюлган, жаратылышты коргоо, илимий, маданий, рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо жагында өзгөчө мааниси бар жаратылыш комплекстери жана объектилери жайгашкан жердин, суу бетинин жана алардын үстүндөгү аба мейкиндигинин участоктору;

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - жалпы улуттук байлык болуп эсептелген жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык жана тарыхый жактардан артыкчылыктуу мааниге ээ, чарбалык жана туристтик-рекреациялык пайдалануудан толук же айрым бөлүгү туруктуу же убактылуу алып коюлган аймактардын жана/же суунун бетинин участоктору, алар үчүн коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленет;

корголуучу зона - чарбалык иштин жөнгө салынуучу режими бар аймак, ал жакын жашаган жергиликтүү жамааттардын чарбалык иштеринин натыйжасынын бүткүл жаратылыш комплексине болуучу таасирин азайтуу максатында түзүлөт;

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын паспорту - функциялык зоналарын, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын түзүлүшү, аталышы, турган жери жөнүндө маалыматты, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү жана сактоо режими менен аларда болгон мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун объекттеринин тизмесин камтыган документ;

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ар кыл категорияларынын бири-бири менен региондогу жаратылыш, тарыхый-маданий жана социалдык-экономикалык өзгөчөлүктөрдү эске алып уюштурулган өз ара экологиялык коридорлор менен байланышкан комплекс;

трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары - өз ишин мамлекеттер аралык жана эки тараптуу эл аралык келишимдердин негизинде жүзөгө ашыруучу мамлекеттер аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

функциялык зоналарга бөлүштүрүү - зоналардын чектеринде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык системаларынын жана алардагы мамлекеттик жаратылыш-корук фондунун объекттеринин абалдарына, алардын калыбына келүүсүнө терс таасир этүүчү ар кандай иштерге тыюу салууну жана (же) чектөөнү караган өзүнчө зоналарды белгилөө;

экологиялык коридор - жандуу жаратылыштын объекттеринин табигый миграциясын (жайылтылышын) жана биологиялык ар түрдүүлүктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын бири-бири менен байланыштырып туруучу жерлердин жана суу объекттердин корголуучу участоктору катары көрсөтүлгөн экологиялык тармактын бөлүгү.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

3-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы негизги принциптер

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы негизги принциптер болуп төмөндөгүлөр эсептелет:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын системасын биологиялык ар түрдүүлүктү, уникалдуу жана типтүү ландшафттарды сактоону жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуучу экологиялык системанын негизги компоненти катары өнүктүрүү;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу жана контроль;

өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу менен аныкталуучу жаратылыш коомдоштуктарынын жагымдуу туруктуу иштөөсүнүн чегинде, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын илимди, маданиятты, агартууну, билим берүүнү өнүктүрүү максаттарында пайдалануу, туристтик-рекреациялык максаттарда пайдаланууга берүү. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу ар бир өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагы үчүн өз-өзүнчө аныкталат жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын негизги жаратылыш объектилерин жана табигый экосистемаларын калыбына келбөөчү деградациялык процесстерге алып келбей турган өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына боло турган антропогендик чектүү жүктөм эсепке алынат. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын туристтик-рекреациялык сыйымдуулугу токой түзүү иштерин жүргүзүүнүн жүрүшүндө илимий мекемелер менен бирдикте аныкталат;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчилик;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы милдеттерди чечүүгө жеке жана юридикалык жактардын катышуусу;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы эл аралык кызматташтык.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

4-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы

1. Жаратылыш процесстеринин табигый жүрүшүн жана айлана-чөйрөнүн шарттарынын балансын, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү, табигый-маданий чөйрөнү сактоо, коргоо, жаңыртуу, калыбына келтирүү жана колдоо, туруктуу жаратылыш пайдаланууну камсыз кылуу жана биочөйрөгө туруктуу мониторингди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илимий корутундусун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагы түзүлөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын өнүктүрүүнүн негизги багыты өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ар түрдүү категорияларынын бир бүтүн жана функциялык жактан байланыштуу айкаштыгын түзүү болуп эсептелет.

4-1-берене. Экологиялык коридорлор

1. Экологиялык коридорлор өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында байыр алган жаныбарлардын жана өсүп жаткан өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, жаныбарлардын миграциясынын жана өсүмдүктөрдүн таралышынын табигый жолдорун коргоо максатында, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ортосундагы мейкиндик байланышын камсыз кылуу үчүн жер участокторун менчик ээлеринен жана жерди пайдалануучулардан алып койбостон, бардык категориялардагы жер участокторунда түзүлөт.

2. Экологиялык коридорлордун участокторунда жапайы жаныбарларды алардын убактылуу байыр алган жерлеринде сактоону, миграция мезгилинде өтүп туруусун, жапайы өсүмдүктөр өскөн жерлерди сактоону камсыз кылуучу бул жерлерди пайдалануунун жөнгө салынуучу режими белгиленет.

3. Экологиялык коридор түзүү жөнүндө чечим илимий негиздеменин негизинде айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча областтардын, шаарлардын жергиликтүү аткаруу бийлиги органдары тарабынан кабыл алынат.

4. Экологиялык коридорлордун чек аралары табигый географиялык чектер боюнча белгиленет жана жер-жерлерде атайын белгилер менен көрсөтүлөт.

Сакталып калган жаратылыш объектилеринин болбогону менен шартталган экологиялык тармактын элементтеринин ортосунда экологиялык коридорлорду түзүү мүмкүн болбогон учурларда, жасалма экологиялык коридорлор түзүлүшү мүмкүн.

5. Экологиялык коридорлорду коргоо жана башкаруу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Экологиялык коридорлорду уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категориясы жана статусу

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына табигый жана/же жасалма жаратылган жаратылыш комплекстери жана жаратылыш объекттери кирет.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары айлана-чөйрөнүн туруктуулугунун жөнгө салуучусу болгон табигый экосистемалардын сакталышына, кайта өндүрүлүшүнө жана/же кайра калыбына келишине негиз болуп эсептелишет.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары максаттык арналышына, жаратылыш ресурстарын жана объекттерин коргоонун режимине жараша Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу кабыл алган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык келген төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:

- мамлекеттик жаратылыш коруктары;

- мамлекеттик жаратылыш парктары;

- мамлекеттик өзгөчө коруктар;

- жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери;

- мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар;

- биочөйрөлүк аймактар жана/же резерваттар;

- трансчегаралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары;

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар;

- микрокоруктар.

4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун тиешелүү режимин камсыз кылуу максатында аларда төмөнкүдөй зоналар түзүлөт: негизги же корук (өзөк зона), буфердик, корголуучу жана башкалар.

Зоналарды аныктоо маселеси илимий негизделген сунуштамалардын негизинде өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тиешелүү категориясын түзүү менен бир убакта чечилет.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

6-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына менчик

1. Мамлекеттик жаратылыш коруктары, мамлекеттик жаратылыш парктары, ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, өзгөчө коруктар, жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери, трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары, биочөйрөлүк аймактар жана/же резерваттар жана алардын жерлери Кыргыз Республикасынын менчигинде гана болот жана Кыргыз Республикасынын улуттук байлыгы болуп эсептелет.

2. Мамлекеттик өзгөчө коруктардын, жаратылыш эстеликтеринин, биочөйрөлүк аймактардын жана/же резерваттардын табигый ресурстары мамлекеттин коргоосунда болот.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринде табигый ресурстардын жана объекттердин сапатын начарлатууга жана аларды түгөтүүгө багытталган, ошондой эле көрсөтүлгөн жерлерди мамлекеттик коргоо режимин бузган иштерди жасоого тыюу салынат.

4. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары Кыргыз Республикасынын жер фондунун курамдык бөлүгү болуп эсептелген бирдиктүү фондду түзөт.

(КР 2012-жылдын 25-июлундагы № 132 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

7-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруунун, пайдалануунун, категориясын өзгөртүүнүн жана жоюунун тартиби, ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектеринин бекитилиши Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контроль жана мамлекеттик мониторинг Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык жана экономикалык негиздемени эске алуу менен, ошондой эле илимий жана тарыхый маалыматтардын негизинде алардын тарыхый-маданий баалуулуктарын эске алуу менен уюштурулат.

Жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактардын жана микрокоруктардын аймагында контроль жана мониторинг жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен тыгыз өз ара аракетте жүзөгө ашырылат.

4. Экологиялык негиздеменин негизи болуп аймактын экологиялык абалына жана аларды коргоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу боюнча сунуштарды баалоо менен өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын категориясын белгилөө менен жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин уникалдуулугун жана маанисин аныктоо эсептелет.

5. Төмөнкүлөрдү аныктоо экономикалык негиздеменин негизи болот:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын курамына өткөрүп берилүүчү жерлердин чектери жана аянттары;

- жер участкаларын менчик ээлеринен же аларды пайдалануучулардан алып коюуга байланыштуу компенсациялоочу чыгымдарды;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын функциялык зоналарга бөлүнүшүн;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын коргоо режимин;

- экологиялык-туристтик жана тарыхый-маданий баалуулугун;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагын уюштуруу, кармоо жана өнүктүрүү боюнча иш-чараларды жана чыгымдарды.

6. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштурууда жерлерди алып койгондуктан юридикалык жана жеке жактардын иши чектелгенине жана токтотулганына байланыштуу чыгымдардын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толтурулат.

7. Жерлердин, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо максаты үчүн арналган жолдорду курууну кошпогондо, максаттык арналышын өзгөртүүгө мамлекеттик экологиялык экспертизанын уруксат корутундусу болгондо гана жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол берилет.

8. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын ишин уюштуруу, коргоо жана иштеши боюнча иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык республикалык бюджеттин жана башка каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

8-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын туристтик максаттарда пайдалануу

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары экологиялык туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү калкты туристтик инфраструктураны түзүүгө жана алардын туруктуу иштешин камсыз кылууга тартуу, жаратылыш жана тарыхый-маданий кооз жерлер менен тааныштыруу максатында пайдаланылышы мүмкүн.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында белгиленген зонанын режимине жараша атайын бөлүнгөн участоктордо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана аялдамаларды уюштурууга жана ачууга, туризм объекттерин, музейлерди жана ачык асман алдындагы экспозицияларды жайгаштырууга жол берилет.

9-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген шартта:

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын максаттуу багыт боюнча коргоонун жана пайдалануунун белгиленген режиминин сакталышын камсыз кылышат;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча жаратылышты коргоо иш-чараларын жүргүзүшөт;

- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймагында экосистемаларды сактоо үчүн жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды жана микрокоруктарды уюштурат;

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды уюштурууга, иштетүүгө жана коргоого бюджетти бекитет;

- жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактардын жана микрокоруктардын иштөөсүнө контроль жана мониторинг жүргүзөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо жана пайдалануу жагындагы ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

 (КР 2015-жылдын 2-июлундагы № 142, 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

10-берене. Жеке жана юридикалык жактардын укуктары жана милдеттери

1. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, коргоо жана иштеши боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү укугуна ээ.

2. Жеке жана юридикалык жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдардан өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын уюштуруу, иштеши, коргоонун жана максаттык арналышы боюнча пайдалануунун белгиленген режимин сактоо маселелери боюнча толук, туура жана өз убагында маалымат алууга укуктуу.

3. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын режиминин сакталышына жана максаттык арналышы боюнча пайдаланылышына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук контролду жүзөгө ашырууга укуктуу.

4. Жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамдын талаптарын бузган кызмат адамдарынын, мекемелердин жана уюмдардын ишине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте администрациялык жана же соттук тартипте даттанууга укуктуу.

5. Жеке жана юридикалык жактар өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоонун жана пайдалануунун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген режимдерин сактоого милдеттүү.

6. Жеке жана юридикалык жактар өрт коопсуздугунун эрежелерин бекем сактоого милдеттүү.

11-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры жаратылыш-корук фонддун абалын баалоо, ал аймактардын тармагын өнүктүрүүнүн келечегин аныктоо, белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролдун натыйжалуулугун арттыруу, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү пландоодо ал аймактарды эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастры өзүнө алардын категориясы, максаттык арналышы, географиялык абалы, чек аралары, коргоо режими, биологиялык, экологиялык-агартуучу, илимий, экономикалык, тарыхый, маданий жана улуттук баалуулугу жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

12-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын паспорту

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагына белгиленген үлгүдөгү паспорт жасалат.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын паспортун толтуруу айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагынын максаттык арналышы өзгөргөн, кайрадан уюшулган, кеңейген учурда паспортту кайра каттоо жүргүзүлөт.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-глава
Мамлекеттик жаратылыш коруктары

 

13-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын максаттары жана милдеттери

1. Мамлекеттик жаратылыш коругу юридикалык жак болуп эсептелет жана өзү караштуулугунда турган орган тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

2. Жер жана/же суу (суунун бети) участоктору алардын чектеринде турган бардык жаратылыш ресурстары жана объекттери менен мамлекеттик жаратылыш коруктарын уюштуруу үчүн туруктуу пайдаланууга берилет.

3. Мамлекеттик жаратылыштык коруктары жаратылышты коргоочу, илимий-изилдөөчү жана экологиялык-агартуучу уюмдар болуп эсептелет, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн генетикалык фондун, типтүү жана уникалдуу экологиялык системаларды жана ландшафттарды сактоо жана изилдөө, жаратылыштагы процесстердин табигый агымын камсыз кылуу, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө шарттарды түзүү максатында уюштурулат.

4. Мамлекеттик жаратылыш коруктарына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- аймактын бүткүл жаратылыш комплексин табигый абалда сактоо;

- Кызыл китепке киргизилген сейрек жана жок болуп бараткан жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн сактоо жана санын экологиялык туруктуу деңгээлге чейин калыбына келтирүү, биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоо;

- биологиялык ар түрдүүлүккө илимий изилдөөлөрдү, узак мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү, жаратылыш ресурстарын коргоону жана пайдаланууну өркүндөтүү боюнча негизделген сунуштарды даярдоо, анын ичинде Жаратылыштын жылнаамасын жүргүзүү;

- жаратылышты коргоо жана коргоо иши жаатындагы илимий кадрларды жана адистерди даярдоого жардам көрсөтүү;

- экологиялык билимдерди жайылтуу жана экологиялык-агартуучулук ишти жүзөгө ашыруу.

14-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарын иштөө зоналарына бөлүү

Мамлекеттик жаратылыш коруктарын иштөө зоналарына бөлүү төмөнкүдөй зоналарды бөлүү жолу менен жүзөгө ашырылат:

- өзөк зонасы (негизги зона);

- буфердик зона;

- корголуучу зона.

15-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын өзөк зонасын пайдалануу режими

1. Өзөк зонада төмөндөгүлөргө багытталган иш-чараларды жүргүзүүдөн тышкары бардык чарбалык жана башка иштерге тыюу салынат:

- жаратылыш комплекстерин табигый абалда кармоого, жаратылыш комплекстеринин жана алардын компоненттеринин антропогендик таасирдин натыйжасынан өзгөрүүлөрүн калыбына келтирүүгө жана болтурбоого;

- санитардык жана өрткө каршы коопсуздукту камсыз кылуучу шарттарды сактоого;

- экологиялык мониторингди жүзөгө ашырууга;

- илимий-изилдөө иштерин аткарууга;

- белгиленген режимдин сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууга.

2. Жарандардын мамлекеттик жаратылыш коруктарынын аймагында болуусуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте жол берилет.

16-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасын пайдалануунун режими

Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын буфердик зонасында биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктүн абалына терс таасирди болтурбоо үчүн төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- жаңы конуштарды түзүүгө;

- аймакты аңчылык кылуу, аңчылык чарбаларды уюштуруу жана аңчылык базаларды жайгаштыруу үчүн берүүгө;

- өндүрүштүк объекттерди курууга, жайгаштырууга жана эксплуатациялоого;

- пайдалуу кендерди чалгындоого жана казууга;

- илимий мекемелер менен макулдашуу боюнча иргелме-санитардык кыюудан тышкары кыюулардын бардык түрлөрүнө;

- өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жана жаныбарлардын жаңы түрлөрүн кое берүүгө (климатташтырууга);

- коруктун гидрологиялык режимин өзгөртүүчү аракеттерге жана жалпы экосистемага таасир этиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин абалына коркунуч келтирген чарбалык жана башка иштерге.

17-берене. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасын пайдалануунун режими

1. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасында жаратылыш ресурстарынын абалына зыян келтирбөөчү чарбалык иштин негизги түрлөрүнө уруксат берилет.

2. Мамлекеттик жаратылыш коругунун корголуучу зонасында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:

- дары сырьену, жемиштерди, мөмөлөрдү жана гүлдөрдү, ошондой эле өсүмдүктөрдүн Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн жыйноого;

- аңчылыкка, жаныбарларды кармоого, уяларды, жапайы жаныбарлардын ийиндерин жана башка жашынган жерлерин жана жатактарын бузууга, ошондой эле канаттуулардын жана сойлоочулардын жумурткаларын алууга;

- жапайы жаныбарларды климатташтырууга;

- мамлекеттик жаратылыш коругунун жаратылыштык, илимий, маданий жана эстетикалык маанисин төмөндөтүүчү иштердин башка түрлөрүнө.

18-берене. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштери

1. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөө иштеринин негизги милдети экологиялык абалды баалоону жана болжолдоону, жаратылышты коргоонун илимий негиздерин иштеп чыгууну, биосферанын биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүгүн сактоону, жаратылыш ресурстарын өндүрүүнү жана сарамжалдуу пайдаланууну көздөйт.

2. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий-изилдөөчү иш жаратылыш комплекстерине, жаратылыштын айрым объекттерине, жаратылыш процесстеринин динамикасына жыл бою стационардык байкоолорду жана изилдөөлөрдү уюштуруу жолу менен жүргүзүлөт.

3. Мамлекеттик жаратылыш коруктарында мамлекеттик бюджеттин каражатынын жана инвестицияларды тартуунун эсебинен жүргүзүлгөн илимий-изилдөөчү иштин жыйынтыктары мамлекеттин менчиги болуп эсептелет.

4. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы жаратылыш объекттеринин жана комплекстеринин абалы жөнүндө маалымат ачык болот.

5. Мамлекеттик жаратылыш коруктарынын илимий фонддору мөөнөтсүз сакталууга тийиш.

6. Мамлекеттик жаратылыш коруктарындагы илимий изилдөөлөрдү координациялоо Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3-глава
Мамлекеттик жаратылыш парктары

 

19-берене. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын милдеттери

Мамлекеттик жаратылыш парктарына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:

- жаратылыш комплекстерин, уникалдуу жана эталондук жаратылыш участокторун жана объекттерин сактоо;

- ландшафттарды, тарыхый-маданий объекттерди сактоо;

- калктын экологиялык билиминин жана түшүнүгүнүн деңгээлин жогорулатуу;

- жөнгө салынуучу туризм жана эс алуу үчүн шарттарды түзүү;

- биологиялык жана ландшафттык ар түрдүүлүктү сактоонун илимий методдорун иштеп чыгуу;

- экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү жүзөгө ашыруу;

- бузулган жаратылыштык жана тарыхый-маданий комплекстерди жана объекттерди калыбына келтирүү.

20-берене. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын иштеши

1. Мамлекеттик жаратылыш паркы юридикалык жак болуп эсептелет жана өзү караштуулугунда турган орган тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

2. Жер жана/же суу (суунун бети) участоктору алардын чектеринде турган бардык жаратылыш ресурстары жана объекттери менен мамлекеттик жаратылыш коруктарын уюштуруу үчүн туруктуу пайдаланууга берилет.

21-берене. Мамлекеттик жаратылыш парктарын пайдалануунун режими

1. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймактарында алардын жаратылыштык, тарыхый-маданий жана башка өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен коргоонун дифференцияланган өзгөчө режими белгиленет.

2. Мамлекеттик жаратылыш парктары төмөнкүдөй зоналарга бөлүнөт:

- корук режиминдеги;

- экологиялык турукташтыруу;

- туристтик жана рекреациялык иш;

- чектелген чарбалык иштин.

3. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын корук режиминдеги зоналарында мамлекеттик коруктар үчүн каралган режим белгиленет.

4. Экологиялык турукташтыруу зонасында жөнгө салынуучу экологиялык туризмден жана бузулган жаратылыш комплекстерин жана объекттерин калыбына келтирүү боюнча иштерди кошпогондо, чарбалык жана рекреациялык иштерге тыюу салуу менен коруу режими белгиленет.

5. Туристтик жана рекреациялык иш зонасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаратылыш комплекстеринин жана объекттеринин сакталышын камсыз кылуучу коргоо режими белгиленет, алардын аймактарында рекреациялык күч келүү ченемдерин эске алып жөнгө салынуучу туристтик жана рекреациялык ишке, анын ичинде туристтик маршруттарды, жолдорду, конуштарды жана кароочу аянттарды уюштурууга жол берилет.

6. Чектелген чарбалык иш зонасында администрациялык-чарбалык арналыштагы объекттер жайгаштырылат, мамлекеттик жаратылыш паркын коргоону жана иштетилишин, ага келгендерди тейлөөнү камсыз кылуу үчүн керектүү чарбалык иш жүргүзүлөт, мейманканаларды, кемпингдерди, музейлерди жана туристтерди тейлөөчү башка объекттерди куруу жана эксплуатациялоо жүзөгө ашырылат.

7. Мамлекеттик жаратылыш парктарынын аймагында корукка алынган жаратылыш комплекстерине жана башка объекттерге зыяндуу таасир этүүчү ишкердиктин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- гидрологиялык режимдин өзгөрүшүнө алып келүүчү аракеттерге;

- мамлекеттик жаратылыш парктарынын ишине байланышы жок өндүрүштүк жана башка объекттерди курууга жана эксплуатациялоого;

- геологиялык чалгындоо жумуштарына жана пайдалуу кендерди иштетүүгө;

- негизги пайдалануу катары токойду кыюуга;

- жапайы жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн жаңы түрлөрүн киргизүүгө (климатташтырууга);

- мамлекеттик жаратылыш парктарынын жаратылыштык, илимий, маданий жана эстетикалык маанилерин төмөндөтүүчү иштин башка түрлөрүнө.

21-1-берене. Суу-саз жерлер

Суу-саз жерлерди түзүү, пайдалануу жана аныктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жөнгө салынат.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

4-глава
Мамлекеттик өзгөчө коруктар

 

22-берене. Мамлекеттик өзгөчө коруктардын максаттары жана милдеттери

1. Мамлекеттик өзгөчө коруктар айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карамагында болот жана өзү бекиткен жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

2. Өзгөчө коруктар илимий негиздеменин негизинде жаратылыш комплекстерин жана алардын айрым компоненттерин сактоо, кайта өндүрүү, калыбына келтирүү максатында белгилүү бир убакытка түзүлөт.

3. Өзгөчө коруктарга төмөнкүдөй негизги милдеттер жүктөлөт:

- өзгөчө коруктун жаратылыш комплексин же айрым компонентин сактоо;

- флоранын жана фаунанын пайдалуу жана баалуу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген сейрек же жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн сактап калуу;

- токойдун типтүү участокторун жана айрым өзгөчө баалуу же сейрек бак-бадал түрлөрдү сактоо;

- уникалдуу жана типтүү биологиялык жамааттарды сактоо;

- эстетикалык баалуу ландшафттарды сактоо;

- геологиялык сейрек түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды ж.б.) сактоо.

4. Комплекстүүдөн башка өзгөчө корукту түзүүдө тиешелүү жер участогу (суу объектиси) негизги жер пайдалануучудан алып коюлбайт. Жер пайдалануучулар чарбалык иш жүргүзүүдө өзгөчө коруктун режимин сактоого милдеттүү.

5. Өзгөчө коруктар максаттык арналыштары боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- комплекстүү өзгөчө коруктарга, аларда бүткүл жаратылыш комплекси коргоодо болот;

- зоологиялык жана ботаникалык өзгөчө коруктарга, алар өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын баалуу, сейрек жана жок болуу коркунучунда турган түрлөрүн сактоого арналат;

- токойлук өзгөчө коруктарга, алар токойдун типтүү участокторун жана/же айрым өзгөчө баалуу жана/же сейрек бак-бадал түрлөрдү сактоо максатында түзүлөт;

- геологиялык өзгөчө коруктарга, алар сейрек геологиялык түзүлүштөрдү (үңкүрлөрдү, аскаларды, көлмөлөрдү, шаркыратмаларды, булактарды, палеонтологиялык объекттерди ж.б.) сактоо максатында түзүлөт;

- сезондук өзгөчө коруктар, алар миграция же кыштоо мезгилинде айрым бир аймакта (суунун бетинде) канаттуулардын жана жаныбарлардын түрлөрүнүн чогулуучу жерлерин коргоо максатында түзүлөт.

23-берене. Мамлекеттик өзгөчө коруктарды пайдалануу режими

Мамлекеттик өзгөчө коруктардын аймагында айрым жаратылыш объекттерине жана комплекстерге зыян тийгизиши мүмкүн болгон иштин бардык түрлөрүнө тыюу салынат, атап айтканда:

- комплекстүү өзгөчө коруктарда - жаратылыш комплекстеринин сакталышына коркунуч туудурган чарбалык иштерге;

- зоологиялык өзгөчө коруктарда - аңчылыкка, жапайы жаныбарларды ар кандай жолдор менен алууга, жапайы жаныбарлардын уяларын жана жатактарын бузууга, жумурткаларын алууга, ошондой эле жаныбарлардын жабыркашына же өлүшүнө алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- ботаникалык өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, гүлдөрдү терүүгө, өсүмдүктөрдүн тамырларын, түптөрүн жана чанактарын казып алууга, от жагууга, транспорт каражаттарынын киришине, ошондой эле өсүмдүктөр дүйнөсүн жабыркоого же куурашына алып келиши мүмкүн болгон башка иштерге;

- токойлук өзгөчө коруктарда - мал жаюуга, чөп чабууга, кыюунун бардык түрлөрүнө (санитардык кыюудан тышкары), ал райондо табигый өспөгөн бак-дарактын түрлөрүн себүүгө жана тигүүгө. Токойлук өзгөчө коруктарда санитардык кыюулар илимий мекемелерге макулдашуу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча жүргүзүлөт;

- геологиялык өзгөчө коруктарда - таш, шагыл, кум жана башка пайдалуу кендерди казып алууга, үңкүрлөрдү бузууга, өзгөчө коруктун жаратылыш комплексин өзгөртүүгө же бузууга байланышкан, ошондой эле табигый гидрологиялык режимди өзгөртүшү мүмкүн болгон жер иштетүү жумуштарын жана башка аракеттерди жүргүзүүгө;

- сезондук өзгөчө коруктарда - жер которуп же кыштап жаткан куштардын жана сүт эмүүчүлөрдүн болушунун салыштырмалуу чектелген мезгилинде адамдардын барышына же чарбалык иштерди жүргүзүүгө.

23-1-берене. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар

1. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар төмөнкү максатта түзүлөт:

- био ар түрдүүлүктү жана экосистемаларды сактоонун жана көбөйтүүнүн көп сандаган очокторун түзүү;

- ресурстарды жана генофондду сактоону жана көбөйтүүнү камсыз кылуу, экосистемалардагы бузулууларды компенсациялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана адам үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөнү сактоону колдоо;

- жергиликтүү коомчулукту экологиялык жактан агартуу жана тарбиялоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо ишине жарандарды жана жергиликтүү коомчулукту тартуу.

2. Микрокоруктар жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен түзүлөт.

3. Микрокоруктарды жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу аймактарды түзүү жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

(КР 2018-жылдын 2-июнундагы N 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

 

5-глава
Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери

 

24-берене. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтерин уюштуруунун жана алардын иштешинин тартиби

1. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тартипте уюштурулат.

2. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери алар караштуулугунда турган орган тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

3. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери мамлекеттик жана эл аралык мааниде болушу мүмкүн.

4. Жаратылыштын мамлекеттик эстелигине мамлекеттик маанидеги статус берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, ал эми эл аралык маанидеги - эл аралык ченемдерге жана эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат.

25-берене. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтерин коргоонун режими

1. Жаратылыш объекттерин жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери деп жарыялоо тиешелүү жер участокторду (суу объекттерин) алардын ээлеринен жана пайдалануучулардан алып коюуга дуушарлантпайт.

2. Жаратылыштын мамлекеттик эстеликтери жайгашкан аймакта жана алардын коргоо зоналарында алардын сакталышын бузуучу бардык иштерге тыюу салынат.

6-глава
Мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар

 

26-берене. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды уюштуруунун максаты

1. Мамлекеттик ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар жасалма жана жаратылыш шарттарында биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн байытуу максатында, илимий, билим берүүчү жана агартуучулук максаттарда түзүлөт жана өзү караштуулугунда турган орган тарабынан бекитилүүчү жобонун негизинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштейт.

2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймагы алардын тике милдеттерин аткаруу үчүн гана арналат. Мында жер участоктор ботаникалык бактар, дендрологиялык жана зоологиялык парктар караштуулугунда болуучу мамлекеттик илимий-изилдөөчү же билим берүүчү мекемелерге туруктуу пайдаланууга өткөрүп берилет.

27-берене. Мамлекеттик ботаникалык бактарды, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды пайдалануунун милдеттери жана режими

1. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп эсептелет:

- илимий жана маданий-агартуу жагынан чоң мааниге ээ жандуу өсүмдүктөрдүн, жапайы жаныбарлардын (айрыкча сейрек жана жок болуп бараткан түрлөрүн), ата мекендик жана чет өлкөлүк флоранын жана фаунанын коллекцияларын жасалма шарттарда сактоо;

- илимий-изилдөө жумуштарын жүргүзүү;

- дыйканчылык, зоология жана жаратылышты коргоо жаатында окутуучу-педагогикалык жана илимий-агартуучу иштерди жүргүзүү.

2. Мамлекеттик ботаникалык бактардын, дендрологиялык жана зоологиялык парктардын аймактарында алардын милдеттеринин аткарылышына байланышпаган жана өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн коллекцияларынын сакталышын бузуучу бардык иштерге тыюу салынат.

7-глава
Биочөйрөлүк аймактар же резерваттар

 

28-берене. Биочөйрөлүк аймактарды же резерваттарды түзүүнүн максаты

1. Биочөйрөлүк аймактар же резерваттар төмөндөгүдөй максатта түзүлөт:

- маданий жана жаратылыш мурастарына бай табигый аймактарды сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу;

- регионду узак мөөнөттүү, туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүгө, анын ичинде жаратылыш ресурстарынын сакталышын жана калыбына келишин эске алуу менен аларды рекреациялык максаттарда пайдаланууга колдоо көрсөтүү;

- узак мөөнөттүү экологиялык мониторинг жана илимий изилдөөлөрдү, ошондой эле экологиялык агартуу жана тарбиялоо жүргүзүү.

2. Биочөйрөлүк аймак же резерват тиешелүү илимий негиздеменин жана техникалык долбоордун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен уюштурулат.

3. Биочөйрөлүк аймактарды же резерваттарды уюштуруу жөнүндө сунуш биочөйрөлүк резерваттардын эл аралык тармагына киргизүү, ырастоо жана тиешелүү сертификатын берүү үчүн Бириккен улуттар уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча бөлүмүнө жиберилет.

4. Биочөйрөлүк аймакты же резерватты уюштуруунун жана анын иштешинин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталат.

8-глава
Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары

 

29-берене. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактарын уюштуруунун тартиби, максаты жана милдеттери

1. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде уюштурулат.

2. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары биочөйрөнүн жалпы экологиялык тең салмагын сактоо, флоранын жана фаунанын жок болуу коркунучунда турган жана Кыргыз Республикасынын жана коңшу өлкөлөрдүн Кызыл китебине киргизилген биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, Кыргыз Республикасы тарабы болгон эл аралык келишимдерден чыгуучу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу максатында уюштурулат.

3. Эл аралык маанидеги өзгөчө корголуучу трансчек аралык жаратылыш аймактары төмөнкүдөй маселелерди чечүүгө арналат, алар:

- көп тараптуу жана эки тараптуу эл аралык келишимдерге ылайык жаратылыш-корук фондунун аймактарын жана объекттерин коргоо жана пайдалануу жаатында эл аралык кызматташууну жүзөгө ашыруу;

- жаратылыш-корук фондун сактоого багытталган эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана турмушка ашыруу;

- алынган илимий маалымат менен алмашуу;

- чектеш аймактарда эл аралык стандарттарга ылайык келген ар кыл категориядагы өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын түзүү;

- илимий адистерди биргелешип даярдоону уюштуруу;

- экологиялык-агартуучу жана башка иштерди жүзөгө ашыруу.

30-берене. Трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо

Трансчек аралык өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоо Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирген эл аралык келишимде аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.

31-берене. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлердин укуктары

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын коргоону жүзөгө ашыруучу кызматкерлер төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

- ушул Мыйзамдын талаптарынын сакталышын текшерүү максатында өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында жана алардын коргоо зоналарында болгон бардык обьекттерге тоскоолдуксуз кирүүгө;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында болгон адамдардын бул аймактарга келүүгө жана аларды коргоо режимине ылайык келүүчү иштерди жүзөгө ашырууга укуктуу документтерин текшерүүгө;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жана алардын коргоо зоналарынын чектеринде транспорт каражаттарын жана жеке буюмдарын текшерүүнү жүргүзүүгө;

- юридикалык жана жеке жактар тарабынан милдеттүү аткаруу үчүн өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук бузууларын четтетүү жөнүндө көрсөтүү, ошондой эле мындай укук бузууларды жасоого көмөк болгон себептерди жана шарттарды четтетүү жөнүндө көрсөтүү чыгарууга;

- укук бузуучулардан мыйзамсыз тапкан продукцияларын, аны табуу предметин жана куралын алып коюуга;

- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жана алардын корголуучу зоналарын коргоо жана пайдалануу режимине ылайык келбеген чарбалык жана башка иштерди токтотуп турууга же тыюу салууга;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленген учурларда жана тартипте администрациялык укук бузуулар тууралуу протоколдорду түзүүгө;

- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

9-глава
Корутунду жоболор

 

32-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик

1. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жаатындагы мыйзамдардын талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын чектериндеги жаратылыш объекттерине жана комплекстерге келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте толтурулууга жатат.

33-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөндөгүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- 1994-жылдын 28-майындагы № 1561-XII "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 234-ст.);

- 1994-жылдын 28-майындагы № 1562-ХII "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1994-ж., № 7, 235-ст.).

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

Р. Отунбаева