Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КР 2014-жылдын 30-декабрындагы № 173 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ

Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\3ccd667d-8e42-4bfb-940c-420354a1f4ef\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 19-майы № 27

 

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 3, 279-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7 жана 8-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"7-статья. Кыргыз Республикасынын бажы тарифин колдонуу

 

Кыргыз Республикасынын бажы тарифи Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата алып кирүүдөгү (импорттук) бажы алымдарынын ставкалары түрүндө колдонулат.

Айрым учурларда Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан алынып чыгуучу товарларга алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдары колдонулушу мүмкүн.

Ушул Мыйзамда каралгандан тышкаркы учурларда бажы алымдарынын ставкалары товарларды Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүчү адамдарга, бүтүмдүн түрлөрүнө жана башка факторлорго карата бирдей болот жана өзгөртүүгө жатпайт.

Кыргыз Республикасынын бажы тарифи Кыргыз Республикасынын ДСУнун мүчөсү катары милдеттенмелеринин алкактарына байланыштуу.

 

8-статья. Бажы алымдарынын ставкалары жана аларды белгилөө тартиби

 

Алып кирүүдөгү (импорттук) жана алып чыгуудагы (экспорттук) бажы алымдарынын ставкалары ДСУнун алкагындагы тарифтерге байланышкан чектерде жыл сайын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилет. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бажы алымдарынын ставкалары бекитилбегенде мурунку жылдагы ставкалар колдонулат.".

2. 1-тиркемедеги 10, 11, 15-товардык топтордо:

- "Бажы нарктан % же АКШ долл. менен алымдардын ставкасы" деген графадагы 1006 10 100 0, 1006 10 210 0, 1006 10 230 0, 1006 10 250 0, 1006 10 270 0, 1006 10 920 0, 1006 10 940 0, 1006 10 960 0, 1006 10 980 0, 1006 20 110 0, 1006 20 130 0, 1006 20 150 0, 1006 20 170 0, 1006 20 920 0, 1006 20 940 0, 1006 20 960 0, 1006 20 980 0, 1006 30 210 0, 1006 30 230 0, 1006 30 250 0, 1006 30 270 0, 1006 30 420 0, 1006 30 440 0, 1006 30 460 0,1006 30 480 0,1006 30 610 0, 1006 30 630 0, 1006 30 650 0,1006 30 670 0, 1006 30 920 0, 1006 30 940 0,1006 30 960 0, 1006 30 980 0, 1101 00 110 0, 1101 00 150 0, 1512 11 910 1, 1512 11 910 9, 1512 11 990 1, 1512 11 990 9, 1512 19 900 1, 1512 19 900 9, 1512 21 900 0, 1512 29 900 0 товардык позициялардагы "10" деген сан "0" деген санга алмаштырылсын.

3. 1-тиркеменин 17-товардык тобунда:

- "Бажы нарктан % же АКШ долл. менен алымдардын ставкасы" деген графадагы 1701 99 100 1, 1701 99 100 9 товардык позициялардагы "30" деген сан "0" деген санга алмаштырылсын;

- "Бажы нарктан % же АКШ долл. менен алымдардын ставкасы" деген графадагы 1701 99 900 1, 1701 99 900 9 товардык позициялардагы "20" деген сан "0" деген санга алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине жана Евразия Экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин Катчылыгына ушул Мыйзамдын кабыл алынганы жөнүндө белгиленген тартипте билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн отуз күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева