Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

Описание: Описание: Описание: C:\Users\User\AppData\Local\Temp\CdbDocEditor\a17c9839-a2c9-4f4e-8c79-595d32e96a95\document.files\image001.jpg

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 

2011-жылдын 13-июлу № 95

 

Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө

(КР 2013-жылдын 24-майындагы №77 , 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 

1-глава
Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамдын предмети

Ушул Мыйзам шаар куруу ишинин жалпы негиздерин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын жашоо-турмушунун ыңгайлуу чөйрөсүн, жаратылышты пайдаланууну жана өндүрүш күчтөрдү жайгаштырууну сарамжалдуу түзүүнү эске алуу менен администрациялык-аймактык бирдиктерди отурукташтыруунун аймактык системаларын өнүктүрүүнү камсыз кылууга багытталган.

1-1-берене. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлик органдарынын тутуму

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө мамлекеттик башкарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жүзөгө ашырат.

Архитектура-курулуш ишинин, ошондой эле көрсөтүлгөн жааттагы контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулуш жаатындагы мамилелерди жөнгө салууну жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.

Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - архитектура-курулушту көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин органы.

(КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

2-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын компетенциясы

1. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) архитектура-курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууну;

2) өндүрүштүк күчтөрдүн жайгашуусун аныктоочу отурукташтыруу тутумун божомолдоону, долбоорлоону жана жөнгө салууну, курчап турган чөйрөнүн экологиялык абалын эске алуу менен инженердик, транспорттук, социалдык инфраструктураларды түзүүнү;

3) курчап турган чөйрө менен өз ара аракетте административдик-аймактык бирдиктердин иштөөсүнүн концепцияларын иштеп чыгууну жана негизги шарттарын аныктоону;

4) административдик-аймактык бирдиктерди пландаштыруу, куруу, реконструкциялоо жана көрктөндүрүү боюнча шаар куруу чечимдерин иштеп чыгууну;

5) тарыхый-маданий мурастарды, шаар куруу, архитектура жана монументтик искусство эстеликтерин, ландшафттарды жана башка корголуучу аймактарды сактоону жана калыбына келтирүүнү;

6) шаар курулушу жаатында кесипкөй кадрларды комплекстүү даярдоо тутумун түзүүнү;

7) инженердик-транспорттук инфраструктураны алгалатып өнүктүрүүдө турак жай, коомдук жана өндүрүштүк фондду өз ара байланыштырып өнүктүрүүнү;

8) Кыргыз Республикасында шаар куруунун бардык багыттарын өнүктүрүүнүн негиз болуучу илимий-изилдөө жана колдонмо базасын түзүүнү;

9) кыймылсыз мүлк объекттерин куруу жана башка курулуштук өзгөртүү үчүн долбоордук-сметалык документтерге Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте экспертизаларды жасоо;

10) шаар куруу-архитектура процессинин бардык түрлөрүн башкарууну.

2. Архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) курулуш процесстеринин сапатын көзөмөлдөөнү;

2) архитектура-курулуш процесси жаатындагы белгиленген ченемдердин, эрежелердин, программалардын, схемалардын, пландардын жана долбоорлордун сакталышын көзөмөлдөөнү;

3) калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коркунучтуу (зыяндуу) табигый жана техногендик, антропогендик кубулуштар менен процесстерден коопсуздугу боюнча талаптардын курулуш ишинин субъекттери тарабынан камсыз кылынышын көзөмөлдөөнү;

4) пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттин ылайыктуулугун баалоо.

(КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77, 2019-жылдын 18-майындагы N 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

3-берене. Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу жөнүндө мыйзамдары

Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу жөнүндө мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.

4-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жарандыгы жок адамдарга жана шаар куруу ишин жүргүзгөн жана анын натыйжаларын пайдаланган юридикалык жактарга жайылтылат.

2. Долбоорлоочулардын, куруучулардын, экплуатациялоочулардын жана шаар куруу ишине башка катышуучулардын мамилелери тийиштүү ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынат.

2-глава
Шаар куруунун укуктук мамилелери

5-берене. Шаар куруудагы укуктук мамилелердин предмети

Шаар куруунун укуктук мамилелеринин предмети шаар куруу ишинин бардык түрлөрүнүн натыйжасында адамдын жашоосун жана жашоо-турмуш чөйрөсүн пландаштыруу, иштөөсү, башкаруу жана башка өзгөртүүлөр болуп саналат.

6-берене. Шаар куруу ишинин объекттери

Шаар куруу ишинин объекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) отурукташтырууну аймактык уюштуруу тутумдары;

2) аймактык-өндүрүштүк (агроөнөржайлык, гидротехникалык, өнөр жайлык) комплексттерди, рекреациялык, жаратылышты коргоо жана башка зоналарды жайгаштыруу тутумдары;

3) администрациялык-аймактык бирдиктер жана алардын тутумдары;

4) шаар куруу, архитектуралык, ландшафттык комплексттер, ансамблдер, имараттар, курулмалар, тарыхый жана маданий эстеликтер;

5) инфраструктура, инженердик жана жол-транспорт курулмалары менен коммуникациялар.

7-берене. Шаар куруунун укуктук мамилелеринин субъекттери

1. Кыргыз Республикасында шаар куруунун укуктук мамилелеринин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жарандар жана алардын бирикмелери;

2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

3) уюштуруу түрүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, шаар куруу документтерин иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар.

2. Чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар архитектура жана шаар куруу иш чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары белгилеген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды (кызмат көрсөтүүнү) аткаруу укуктарына ээ болушу мүмкүн.

8-берене. Шаар куруу ишинин принциптери

Шаар куруу ишинин принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) мыйзамдуулук;

2) шаар куруу процессине катышуучулардын ар биринин укуктарын жана милдеттерин ишке ашырууну камсыз кылуу;

3) администрациялык-аймактык бирдиктерди жана алардын тутумдарын түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн экологиялык жана социалдык шарттарынын артыкчылыктуулугу;

4) шаар куруу иш процессинде чечимдерди кабыл алуудагы айкындуулук жана коомдук пикирди эске алуу;

5) жашоо-турмуш чөйрөсүн түзүүдө улуттук жана маданий салттарды, архитектуралык жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана көбөйтүү.

3-глава
Шаар куруу ишинин субъекттеринин укуктары жана милдеттери

9-берене. Жарандардын ыңгайлуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктары

1. Шаар куруу иши жарандын өмүрү жана саламаттыгы үчүн ыңгайлуу жаратылыш чөйрөсүнө, жашаган жерин, эмгектенүүсүн жана эс алуусун тандап алууга конституциялык укуктарын камсыз кылуучу зарыл болгон шарттарды түзүүгө багытталган.

2. Жашаган жери жашоо-турмуштун, жаратылыш чөйрөсүн коргоонун жана коопсуздугунун сапатына жана жашоо шарттарына карата талаптарды камтыган ченемдик укуктук актыларга ылайык келүүгө тийиш.

3. Мамлекеттик кызыкчылыктар менен шартталган айрым учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө режимди белгилөө менен экологиялык жагымсыз аймактарда калктын убактылуу жашоосуна жана чарбалык ишти жүзөгө ашыруусуна жол берилет.

10-берене. Жарандар жана алардын бирикмелеринин шаар куруу чечимдерин кабыл алууга катышуу укуктары

1. Жарандар жана алардын бирикмелери төмөнкүлөргө укуктуу:

1) аймактардын, калктуу конуштардын экологиялык, шаар куруу, социалдык-экономикалык абалы жөнүндө, аймактарды уюштурууда өзгөртүүлөргө байланышкан программаларды, долбоорлорду иштеп чыгуу жана алардын абалы жөнүндө так, толук жана өз убагында маалыматтарды алууга;

2) жарандардын жана алардын бирикмелеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын козгогон шаар куруу программаларын жана долбоорлорун кароого жана талкууга катышууга;

3) жашоо-турмуш чөйрөсүн жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;

4) шаар куруу долбоорлорунун көз карандысыз экспертизасына катышууга;

5) шаар куруу чөйрөсүндө мүлктүк жана башка укуктарды бузган адамдардын аракеттерин сот органдары аркылуу талашууга.

2. Шаар куруу жаатындагы укуктарды алардын багытына карама-каршы же башка жарандардын жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан корголгон кызыкчылыктарын бузуу менен жүзөгө ашырууга жол берилбейт.

11-берене. Жарандар менен юридикалык жактардын шаар куруу жаатындагы милдеттери

1. Жарандар, юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) бекитилген шаар куруу программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүүгө жана катышууга;

2) жашоо-турмуш чөйрөсүн начарлатууга, тарыхый-маданий баалуулуктарды, архитектура эстеликтерин жана табигый ландшафттарды бузууга багытталган аракеттерге жол бербөөгө;

3) курчап турган чөйрөнүн абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзү билип жасалган аракеттерге жол бербөөгө;

4) алардын менчигинде турган (ээлик кылуусунда, пайдалануусунда турган пайдалануудагы объектилерди тийиштүү абалда, жарандар үчүн алардын коопсуздугун камсыз кылуу абалында кармоо;

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жарандардын жана юридикалык жактардын башка милдеттери белгилениши мүмкүн.

12-берене. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн жашоо чөйрөсүн түзүүнү камсыз кылуу

1. Жашоо чөйрөсү ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын социалдык адаптациялануусуна көмөктөнүүсү зарыл.

Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак үйлөрдү жана батирлерди кошкондо, тоскоолдуксуз кыймыл-аракет кылууга, имаратка кирүүгө жана ушул объекттердин ичинде иштерин жүзөгө ашыруу үчүн шарттар түзүлүп берилүүгө тийиш.

2. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, алардын жаш-курагын жана ооруу-сыркоолорун эске алуу менен жашоо чөйрөсүн түзүүдө шаар куруу документацияларда атайын объекттер тармагынын түзүүсү алдын ала каралышы керек.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын кызыкчылыктарына тиешелүү шаар куруу документациясы жаатында чечимдерди даярдоого катышуу үчүн коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды тартууга тийиш.

13-берене. Жаратылыштык жана техногендик, антропогендик таасир этүүдөн коопсуздукту камсыз кылуу

1. Архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иштерин жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жаратылыштык жана техногендик, антропогендик кубулуштардын жана процесстердин коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүсүнөн калктын, аймактардын жана калктуу конуштардын коопсуздугу боюнча талаптарды камсыз кылуу шарттарынан келип чыгууга тийиш.

Мындай талаптарды аткаруу боюнча чаралар мамлекеттик ченемдик документтер менен жол-жоболоштурулган долбоордук документтерде чагылдырылууга тийиш.

2. Мамлекеттик ченемдик документтер жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын натыйжасында калкты, калктуу конуштарды коркунучтуу (зыяндуу) таасир этүүдөн коргоо боюнча чаралар жөнүндө бөлүктү шаар куруу документацияларга милдеттүү түрдө киргизүүнү алдын ала кароосу зарыл.

3. Техногендик мүнөздөгү, өзгөчө кырдаалдын натыйжасында коркунучтуу (зыяндуу) таасирге тушуккан калктуу конуштар менен аймактар көрсөтүлгөн таасир этүүдөн калкты жана аймактарды коргоо боюнча комплекстүү долбоордук документтер менен камсыз кылуусу зарыл.

4. Жаратылыштык, техногендик, антропогендик мүнөздөгү таасирге тушуккан, калктуу конуштарда болуп жаткан коркунучтуу (зыяндуу) кубулуштардын жана процесстердин мониторингинин натыйжалары базалык деңгээлде мамлекеттик шаар куруу кадастрында чагылдырылат.

4-глава
Шаар куруу документтери. Шаар куруу жаатындагы мамлекеттик контроль

14-берене. Шаар куруу документтеринин статусу

1. Шаар куруу объекттеринин курулушу, реконструкцияланышы шаар куруу документтерисиз жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес.

Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген шаар куруу программалары, схемалары, пландары жана долбоорлору ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан имараттарды жана курулмаларды долбоорлоону, курулушту, реконструкциялоону жүзөгө ашыруучу бардык юридикалык жана жеке жактардын аткаруусу үчүн милдеттүү.

Бекитилген шаар куруу документтери шаар куруу ишинин объекттерин пландаштыруу жана каржылоо үчүн негиз болуп саналат.

2. Шаар куруу документтери бекитилгенге чейин жеке жана юридикалык жактар сунуштарды киргизүүгө, шаар куруу иши жаатында чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга, шаар куруу документтерин өз каражаттарынын эсебинен кесипкөй көз карандысыз экспертизаны өткөрүүгө укуктуу.

15-берене. Шаар куруу ишиндеги мамлекеттик контроль

1. Шаар куруу жаатындагы мамлекеттик контролдун милдеттери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын камсыз кылууда турат.

2. Мамлекеттик контроль архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 24-майындагы N 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5-глава
Шаар куруу ишинин субъекттеринин мамлекеттик кепилдиктери, укуктарын сактоо жана жоопкерчилиги

16-берене. Шаар куруу субъекттеринин укуктарынын мамлекеттик кепилдиктери

1. Мамлекет шаар куруу ишинин бардык субъекттерине ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашыруу үчүн бирдей юридикалык укуктардын сакталышын кепилдикке алат.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар шаар куруу ишинин башка субъекттеринин укуктарын сактоого жана аларды ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүзөгө ашыруу үчүн көмөктөшүүгө милдеттүү.

17-берене. Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын шаар куруу иши жаатындагы жоболорун бузгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылышат.

18-берене. Талаш-тартыштарды жана кайчы пикирлерди кароо тартиби

1. Шаар куруу ишин жүзөгө ашыруу ишине байланыштуу талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык же сот тартибинде чечилет.

2. Шаар куруу укук мамилелеринин субъекттеринин ортосундагы чыгымдардын ордун толтурууга тиешелүү талаш-тартыштар сот тартибинде чечилет.

6-глава
Архитектура жана шаар куруу жаатындагы эл аралык кызматташтык

19-берене. Эл аралык кызматташтык

1. Шаар куруу субъекттери эл аралык кызматташтыкты Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашыра алышат.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандар, мамлекеттер жана эл аралык уюмдар жүзөгө ашыруучу шаар куруу иши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

3. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда бекитилген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимде Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарында камтылгандардан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.

 

7-глава
Корутунду жоболор

 

20-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

1) Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 687 XII "Кыргызстан Республикасынын шаар курулушу боюнча закондорунун негиздери жөнүндө" (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, № 1991, № 22, 698-ст.) Мыйзамы;

2) 2003-жылдын 11-июнундагы № 104 "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу боюнча закондордун негиздери жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 9, 364-ст.);

3) Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 21-декабрындагы № 688-ХII "Кыргызстан Республикасынын шаар курулушу боюнча закондордун негиздери жөнүндө" Кыргызстан Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" токтому (Кыргызстан Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 699-ст.).

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

Р. Отунбаева