Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2011-жылдын 26-июлу № 128

 

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-статьяда:

2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пенсиянын базалык бөлүгү - ушул Мыйзамда белгиленген камсыздандыруу стажы бар жана ушул Мыйзамда каралган башка шарттарга жооп берген адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам менен пенсиялык камсыздандыруу иши бардык түрлөрү үчүн бирдей өлчөмдө белгиленет.";

4-пункттун экинчи абзацындагы "Президентинин" деген сөз "Өкмөтүнүн" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 13-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларга эсептешүү көрсөткүчүнө карата пайыз менен алынган төмөндөгүдөй кошумча төлөөлөр белгиленет:

а) согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга:

I топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 175 пайызы өлчөмүндө;

II топтогуларга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө:

III топтогуларга жана согуштун катышуучуларына - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө;

б) 1930-1950-жылдарда саясий жүйөөлөр боюнча куугунтукка алынган, негизсиз түрдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана кийин акталган жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 150 пайызы өлчөмүндө;

в) азиз болуп калган I топтогу майыптарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;

г) 1986-1989-жылдарда Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюу боюнча жумуштарга калк көчүрүлгөн зонанын чектеринде катышкан (анын ичинде убактылуу жиберилгендерге же иш сапарына жиберилгендерге) же ушул мезгилде Чернобыль АЭСин иштетүүдө жарандык жана аскердик багыттагы башка атомдук объектилерде жабыр тарткан же башка жумуштарда иштеген адамдарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн 50 пайызы өлчөмүндө;

д) курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсия алган 80 жашка толгон пенсионерлерге; "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донору" же "СССРдин Ардактуу донору" деген төш белгиси менен сыйланган адамдарга; 1 топтогу майыптарга, ошондой эле бирөөнүн жардамына муктаж болгон II топтогу жалгыз бой пенсионерлерге - эсептешүү көрсөткүчүнүн 100 пайызы өлчөмүндө;

е) экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундарга эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө;

ж) 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдарга - эсептик көрсөткүчтүн 200 пайызы өлчөмүндө.".

3. 22-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Пенсиянын базалык бөлүгү (өткөн жыл үчүн республикада иш жүзүндө түзүлгөн) орточо айлык акынын 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалып турат.".

4. 23-статьянын 6-бөлүгүндөгү "23" деген сан "50" деген санга алмаштырылсын.

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева