Система Orphus
RTF Print OpenData
Документ Маалым дарек Шилтеме документтер
Редакция:      кыргызча  |  на русском

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2011-жылдын 5-октябры №  163

"Акционердик коомдор жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу

1-берене.

 

"Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 6, 240-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. 31-статьянын 1-пунктунун үчүнчү абзацы "тескөөсүндө калган" деген сөздөрдөн кийин "жыл ичиндеги иштердин жыйынтыгы боюнча" деген сөздөр менен толукталсын.

2. 58-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:

"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун аткаруу органына шайланган адамдар, алардын иштеген мезгилинде коомдун финансылык көрсөткүчтөрү начарлаган жана/же рентабелдүүлүк көрсөткүчтөрү боюнча терс тенденциялар сакталган учурда кайрадан шайланышы мүмкүн эмес.

Аны банкроттукка алып келген же канааттандырарлык эмес иши, кынтыктуу жүрүм-туруму же жумуш орду боюнча укук бузууларды жасагандыгы үчүн ээлеген кызматынан четтетилген коомдун кызмат адамдары акцияларынын мамлекеттик пакети бар коомдун башкаруу органдарына шайланышы мүмкүн эмес".

3. 62-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Акциялардын 50 пайызынан ашыгына мамлекет ээ болгон коомдун текшерүү комиссиясынын (текшерүүчүсүнүн) курамына шайланган адамдар катары менен үч жолудан ашык шайланышы мүмкүн эмес".

 

2-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти

 

Р. Отунбаева